Футбол легендасы Пеле дүйнө салды. “Футбол падышасынын” өмүр баяны

Пеле Мадридде, 1977-жыл

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле Мадридде, 1977-жыл

Бразилияда көпчүлүк тарыхтагы эң мыкты оюнчусу деп атаган футболчу Пеле (Эдсон Арантис до Насименту) каза болду. Ал 82 жашта болчу.

Пеле онкология дарты менен күрөшүп келген, дүйнө чемпионаты маалында анын абалы начарлаганы айтылган.

Англия курамасынын жана Манчестер Юнайтеддин мурдагы капитаны Бобби Чарлтон бир жолу “футбол Пеле үчүн ойлоп табылган” деп айткан.

Чынында эле, көптөгөн комментаторлор жана күйөрмандар үчүн улуу бразилиялык футболдун эң жандуу образы, тарыхтагы эң мыкты оюнчу.

Анын талаадагы чагылгандай ылдамдыгы дарбазага сокку урган тактыгы менен айкалышкан.

Пеле бир гана спортчу эмес, экология үчүн күрөшкөн, жакыр жашаган калктын турмушун жакшырткан коомдук ишмер болгон.

Футболчу мекенинде улуттук баатырга, ал эми дүйнөдөгү миллиондогон күйөрмандар үчүн спорттук кумирге айланды.

Жылдыздын төрөлүшү

Бразилия футболунун ийгилиги жалындаган түштүк темпераменти, өспүрүмдөргө жыл бою топ тебүүгө мүмкүндүк берген жылуу климат жана калктын көп бөлүгүнүн жакырчылыгы менен түшүндүрүлөт. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан ар бир бала жаш кезинен эле ийгиликке жетүүнүн эң ишенимдүү жолу - жакшы футболчу болуу экенин билген.

1940-жылы Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Трес-Коракоинс шаарында төрөлгөн Эдсон Арантис до Насименту дал ушул жолду басып өткөн.

Пеле 1960-жылы

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле 1960-жылы

Документерге ылайык, ал 21-октябрда төрөлгөн, бирок Пеле анын туулган күнү эки күндөн кийин болгонун баса белгилеген. "Бразилияда биз тактык менен убара эмеспиз" деген ал.

Анын ата-энеси уулун америкалык ойлоп чыгаруучу, "электр энергиясынын падышасы" Томас Эдисондун урматына аташкан, анткени ага аз убакыт мурун үйлөрүнө жарык туташтырылган. Бирок футболчунун ысымына эмне үчүн "и" тамгасы түшпөй калганы белгисиз.

Кийинчерээк Пеленин үй-бүлөсү Бауру шаарына көчүп барган. Ал бала кезинде кафеде иштечү. Жаш Эдсонду футбол ойногонду атасы үйрөткөн, бирок ата-энеси жакыр болгондуктан топ сатып алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес - келечектеги дүйнө чемпиону чүпүрөк толтурулган эски байпакты тээп машыккан.

Жөн эле Пеле

“Пеле” каймана атын ага мектептеги достору ыйгарышкан. Кызыгы алар да, Пеле өзү да анын маанисин айта алышкан эмес.

Эдсон лакап атты жактырчу эмес, анткени ал португал тилиндеги наристелердин кебин туураган сөзгө окшош.

Пеле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өспүрүм кезинде ал жергиликтүү командаларда ойной баштаган.

Ал кезде Бразилияда жабык футбол кеңири жайылтылган - жаш Пеле аны стадиондо ойногонго караганда көбүрөөк жактырган.

“Мен ал жерде суудагы балыктай элем, - деп эскерет ал.— [Ал жерде] тезирээк ойлонуш керек”.

Ал Минас-Жерайс штатынын үч чемпионатында шаардык “Атлетик” клубунун өспүрүмдөр курама командасынын капитаны болгон. Ошондо эле анын жаркын таланты баарына көрүнүп турган.

1956-жылы июнь айында машыктыруучу Вальдемар де Брито 15 жаштагы Пелени профессионалдык “Сантос” клубуна чакырып, клубдун директорлоруна “бул жигит дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу болорун” айткан.

Профессионалдык карьерасы

Бир жылдан кийин Пеле “Сантостун” негизги курамынын катарына кирген. Ал биринчи оюнда гол киргизип, сезондун аягында Бразилия футбол лигасынын эң мыкты бомбардири болгон.

Дагы 10 айдан кийин улуттук курама командага кошулду.

Пеле “Сантос” клубунда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле “Сантос” клубунда

Пеленин биринчи эл аралык беттеши Рио-де-Жанейродогу Маракана стадионунда Аргентинага каршы болду. Анда бразилиялыктар 1:2 эсебинде утулган.

Бразилияктардын жалгыз голун Пеле киргизди - ал футбол тарыхында улуттук команданын матчында гол киргизген эң жаш оюнчу болуп калды.

Пеле тизесинен жаракат алгандан кийин спорт жетекчилери аны 1958-жылкы Дүйнө чемпионатына алып баргысы келген эмес, бирок футболчулар аларды көндүрүшкөн. Пеленин дуйнөлүк чемпионаттардагы биринчи матчы СССРдин курама командасына каршы болгон.

Дүйнөлүк триумф

Уэльс менен болгон чейрек финалдык беттеште Пеле атаандашынын дарбазасына гол киргизип, дагы бир рекорд койгон - ал дүйнө чемпионатында гол киргизген эң жаш оюнчу болуп калды.

Пеле өспүрүм кезинен улуттук курама командасында ойногон

Сүрөттүн булагы, KEYSTONE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле өспүрүм кезинен улуттук курама командасында ойногон
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жарым финалда бразилиялыктар Франция менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи голду Пеле киргизген.

Финалда Пеле Швециянын дарбазасына эки гол киргизди. Бразилиялыктар 5:2 эсебинде жеңишке жетип, биринчи жолу дүйнө чемпиону болушту. Кийинчерээк алар дүйнөлүк чемпионатты дагы төрт жолу утуп, тарыхтагы эң ийгиликтүү футбол командасына айланат.

Мекенине кайтып келген Пеле “Сантос” менен бирге Бразилия чемпионатын утуп, дагы бир жолу лиганын эң мыкты бомбардири болду - 58 гол. Бул бүгүнкү күнгө чейин Бразилия улуттук чемпионатынын рекорду.

1962-жылы "Сантос" португалиялык "Бенфика" менен тарыхый беттеште жеңишке жеткен. Пеле үч гол киргизди.

"Мен бул улуу инсанды токтотом деп үмүттөнгөм, бирок башка планетада төрөлгөн адам менден ашып түштү", - деди ошол кездеги дарбазачы Коста Перейра.

“Манчестер Юнайтед” жана “Реал Мадрид” баш болгон бай клубдар бири-бири менен жарышып, дүйнөнүн мыкты оюнчусу менен келишим түзүүгө аракет кылышкан. Бразилиянын өкмөтү атайын токтом менен Пелени улуттук байлык деп жарыялап, ага чет элдик клубдарда ойноого тыюу салган.

Dream team

1962 жана 1966-жылкы дүйнөлүк чемпионаттарда Пеле өзүн толук көрсөтө алган эмес. Ал бардык командалардын коргоочуларынын негизги бутасына айланган: аны катаал жана орой кайтарышкан. Жаракаттардан улам эки жолу тең чемпионатты аягына чейин ойной алган эмес.

Пеле 1958-жылкы финалда Швецияга эки гол киргизген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле 1958-жылкы финалда Швецияга эки гол киргизген

1970-жылы Мексикада өткөн дүйнөлүк чемпионат 30 жаштагы бомбардир үчүн чындап эле триумф болгон. Ал төрт гол киргизди - анын ичинде италиялыктарга каршы финалда.

Бразилия курама командасы Жюль Риме кубогуна үчүнчү жолу жетишип, аны түбөлүккө сактап калуу укугуна ээ болду.

Бул состав бразилиялык футбол тарыхындагы эң мыкты деп эсептелет. Анда Пеле менен бирге Жаирзиньо жана Ривелино сыяктуу дүйнөгө белгилүү жылдыздар ойногон.

Спутниктик телекөрсөтүүнүн өнүгүшүнүн аркасында Мексикадагы матчтар дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу түз эфирде көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө чейин Пеле улуттук курама менен үч жолу Дүйнө чемпиондугун уткан тарыхтагы жалгыз футболчу.

1969-жылы ал өзүнүн профессионалдык карьерасындагы 1000-голун киргизген - бирок кооз комбинациянын натыйжасында эмес, пенальтиден.

Тарыхтагы эң улуу спортчу

Пеле профессионалдык карьерасында 1363 матчта 1281 гол киргизген: анын ичинде “Сантос” үчүн 1116 оюнда 1091 гол жана улуттук курама команда үчүн 92 матчта 77 гол киргизген - жакында эле бул көрсөткүчкө бразилиялык Неймар жетишти.

Пеле үч жолу дүйнө чемпиону болгон жалгыз футболчу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле үч жолу дүйнө чемпиону болгон жалгыз футболчу

1999-жылы ЭОК Пелени “тарыхтагы эң улуу спортчу” деп жарыялаган. Ал ошондой эле ФИФАнын версиясы боюнча 20-кылымдын эң мыкты футболчусу жана бардык убактагы символикалык дүйнөлүк команданын оюнчусу болуп эсептелет.

Пеле Бразилиянын курама командасы үчүн акыркы жолу 1971-жылдын 18-июлунда Рио-де-Жанейродо Югославиянын командасы менен ойногон. Ал эми “Сантос” үчүн акыркы беттеши 1974-жылы болгон.

Жашоодогу кыйынчылыктар

1960-жылдары Пеле акча жагынан олуттуу көйгөйлөргө туш болуп, карызга батып калган - анын айтымында, начар каржылык кеңешчилердин айынан.

1969-жылы Пеле 1000-голун киргизген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1969-жылы Пеле 1000-голун киргизген

Ошол кезде Бразилияны башкарып турган аскер командачылыгы “солчул маанайда болгон” спортчуга карата иликтөө жүргүзгөн.

1975-жылы Пеле күтүүсүздөн Нью-Йорктун "Космос" клубу менен келишим түзүп, ошол кездеги дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчу болгон. Ал муну өзүнүн каржылык абалын жакшыртуу жана АКШда "бул сонун оюнду популярдуу кылуу үчүн” жасаганын айткан. Пелеге чейин АКШда европалык футболго (америкалыктар аны “soccer” деп аташат) окшобогон “америкалык футбол” гана белгилүү болгон.

1976-жылы "Космос" Түндүк Америка футбол лигасынын чемпиону болуп, Пеленин келиши менен клубдун көрүүчүлөрүнүн саны он эсеге өскөн.

Акыркы жолу Пеле 1977-жылдын 1-октябрында "Космос" менен карьерасын баштаган “Сантос” ортосундагы жолдоштук беттеште оюн талаасына чыгып, биринчи таймды "Космос" үчүн, экинчи бөлүгүн "Сантос" үчүн ойногон.

Пеле 1970-жылы Дүйнө чемпионатын уткандан кийин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пеле 1970-жылы Дүйнө чемпионатын уткандан кийин

Министр, элчи жана дүйнөлүк бренд

Пеле деген ысымды футболго такыр кызыкпагандар да билет.

Спорттон кеткенден кийин ал каймана атын соода маркасына айлантып, бир жолу “дүйнөдө үч гана чыныгы улуу бренд бар: Иисус (Иса), Coca-Cola жана Пеле” деп тамашалаган.

1990-жылдары БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча элчиси жана 1995-1998-жылдары ЮНЕСКОнун ак ниет элчиси болгон. Бразилиянын спорт министри болуп иштеген кезинде футболдогу коррупция менен күрөшүүгө аракет кылган.

1981-жылы Голливуддун "Жеңишке качуу" тасмасында Сильвестр Сталлоне жана Майкл Кейн менен ойногон.

Рио-де-Жанейрого 2016-жылы Жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун берүү үчүн Пеленин коомдук ишмердиги маанилүү роль ойногон.

1998-жылы ханыша Елизавета II Букингем сарайында өткөн салтанатта ага Британ империясынын орденинин командору наамын берген, бирок ал британиялык болбогондуктан "сэр" префиксин колдоно албаган.

Пеле үч жолуүйлөңгөн, беш баласы бар. Анда никесиз төрөлгөн балдар бар болгон деген кептер көп болгон, бирок бул боюнча эч кандай далил жок.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Пеленин арткы буттун үстүнкү бөлүгүнө операция жасалып, майыптар коляскасында кыймылдап жүргөн.

Бирок адамзат аны башкача эскерет. Пеленин спорттук генийи миллиондогон адамдарга кубаныч тартуулады, ал күйөрмандарынын да, атаандаштарынын да терең урматына ээ болгон.

Пеле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Пеле жөн эле мыкты спортчу эмес, мындан да чоң болчу”, - деген венгриялык атактуу чабуулчу Ференц Пушкаш.

Балким, Нельсон Мандела Пеленин кайталангыс талантынын маңызын баарынан да мыкты ачып берген: “Анын ойноп жатканын көрүп, биз балалык энтузиазм менен жетилген эркектиктин айкалышын көрдүк”.