Эркеги эзүүчү, аялы армандуу коом өнүкпөйт

"Борбор-Азияда аялдардын укуктары начар корголгон бойдон калууда". Сүрөттүн көйгөйгө тиешеси жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Узаган аптада жеңил ойлуу кыздар, бузулган аялдар деген темада талкуу күчөп, кыз-келиндерди бир тараптуу айытоого болбойт деген чакырыктар менен коштолду. Адегенде эле бул мыйзамсыз иш экенин баса белгилендер кыздарга сес көрсөткүсү келгендердин укуктук жоопкерчилиги каралсын деген талаптарды коюп жатат. Бул көрүнүш аялдарга карата мамиле деген талылуу маселени козгоду.

Жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдардын укугу канчалык корголгон? Чөлкөмдө аялдар туш болгон негизги көйгөйлөр кайсылар? Гендердик теңчилик жана зомбулук менен күрөшүүдө кандай жумуштар жасалып жатат? Ушул жана башка маселелер боюнча “БУУ-Аялдар” уюмунун мурдагы кызматкери, казакстандык журналист Мади Мамбетов менен маектештик.

Мади Мамбетов: Борбор Азия аялдардын укуктары жана гендердик теңчилик жаатында олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Бул чөлкөмдө дүйнөнүн башка жерлериндей эле, кээ бир түндүк Европа өлкөлөрүн жана Канаданы кошпогондо, аялдардын укуктарын коргоо начар бойдон калууда. Казакстан менен Кыргызстандын алдында турган көйгөйлөр негизинен окшош экенин, аймактагы жалпы тенденциялар көрсөтүп турат. Айрыкча бул эки өлкөнүн айрым аймактарында никеге мажбурлоо үчүн кыз ала качуу көрүнүшү эң курч көйгөйлөрдүн бири.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө көп аял алуу, эрте никеге туруу же машбурлап күйөөгө берүү сыяктуу көрүнүштөр көп кездешет. Аялдар жумушчу күчүнүн негизги бөлүгүн түзгөнүнө карабастан, алардын билим алуу, кесиптик жана чыгармачылык жактан өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү дагы эле патриархалдык нормалар менен чектелген бойдон калууда.

Мади Мамбетов “БУУ-Аялдар” уюмунун мурдагы кызматкери, журналист, публицист

Сүрөттүн булагы, Madi Mambetov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мади Мамбетов

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактылары аймактагы беш өлкөгө тең тиешелүү болгон олуттуу көйгөй. Бирок, БУУ жана "БУУ-Аялдар" сыяктуу эл аралык уюмдар бул көйгөйлөр менен күрөшүүдө сезилерлик жылыштар бар экенин белгилешүүдө.

– Алар кайсы жылыштар, атай кетесизби?

Мади Мамбетов: Маселен, Казакстанда быйыл аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган административдик-укуктук кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.

Кыргызстан бул жаатта кандайдыр бир ийгиликтерди көрсөтүү менен алдыга озуп чыкты деп айтсак блот. Башка өлкөлөрдө жаңы гана башталып жаткан реформалар Кыргызстанда ишке ашууда. Бирок бул өлкөдө деле фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча чуулгандуу окуялар катталууда. Мунун өзү дагы да көптөгөн жумуштарды жасоо зарылдыгын көрсөтүп турат.

Кыргызстандык жана казакстандык активисттер HeForShe кыймылы менен бирге гендердик теңчилик боюнча өткөргөн тилектештик жүрүшү. Бишкек шаары, 2016-жылдын 7-марты

Сүрөттүн булагы, Meder Sadyraliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандык жана казакстандык активисттер HeForShe кыймылы менен бирге гендердик теңчилик боюнча өткөргөн тилектештик жүрүшү. Бишкек шаары, 2016-жылдын 7-марты

Жалпысынын Борбор Азияда абал начар болгону менен акырындык менен жакшырууга карай багыт алганы анык. Ошентсе да аялдарды коргоо гендердик теңдик боюнча дагы да ийгиликтерди көргүбүз келет. Ошондой эле мамлекеттик органдарда аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу зарыл.

– HeForShe кыймылы тууралуу айтып берсеңиз, эмне максатта түзүлгөн, кандай иштерди аткарат?

Мади Мамбетов: HeForShe "БУУ-Аялдар" уюму тарабынан түзүлгөн гендердик теңчилик үчүн глобалдык тилектештик кыймылы. Ал 2014-жылдын сентябрында БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде негизделген.

HeForShe кыймылы түзүлүп жатканда анын жүзү катары учурунда "Гарри Поттер" тасмасында Гермионанын ролу менен таанылган актриса Эмма Уотсон тандалган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, HeForShe кыймылы түзүлүп жатканда анын жүзү катары учурунда "Гарри Поттер" тасмасында Гермионанын ролу менен таанылган актриса Эмма Уотсон тандалган

Негизги идея – гендердик теңчилик үчүн аялдар эле күрөш жүргүзбөшү керек. Эгерде артта калган 150 жылдагыдай эле зомбулукту токтотуу жана тең укуктуулукка жетүү үчүн дагы эле аялдар гана күрөшүп, эркектер буга катышпаса анда дагы 150 жылга, керек болсо 300 жылга созулуп кетиши мүмкүн. Бул кабыл алынгыс. Ансыз да жыл сайын канчалаган кыз-келин корголбой, арабыздан кетип жатат. Көптөгөн тагдырлар талкаланып, кесепети коомчулукка тийүүдө.

HeForShe бардык адамдарды жынысына карабастан теңдик үчүн жана зомбулукка каршы күрөштө биригүүгө чакырган кыймыл. Эркектер прогресстин душманы болбошу керек. Эркектер көбүнчө биз акылдуубуз же лидерлик сапаттар бизге гана таандык деген эскирген, илимий жактан далилденбеген идеяларды жакташат. Бул мифтер эбак эле жокко чыккан.

Аялдардын укугун коргоо жана гендерлик теңчиилк боюнча Алматыда өткөн жөө жүрүш. Ага катышкандар бирдей айлык акы жана зомбулук үчүн кылмыш жазасын талап кылышкан. 2021-жыл, март

Сүрөттүн булагы, Kushamanov Didar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аялдардын укугун коргоо жана гендерлик теңчиилк боюнча Алматыда өткөн жөө жүрүш. Ага катышкандар бирдей айлык акы жана зомбулук үчүн кылмыш жазасын талап кылышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

HeForShe кыймылынын алкагында дүйнө жүзү боюнча миллиондогон эркектер гендердик теңдик жана аялдарды зомбулуктан коргоо үчүн эркектер, аялдар, балдар жана кыздар баары биргеликте күрөшүүсү керек деген идеяны жакташууда. Бул коомдун гармонияга жетүүсүн тездетет.

– Сиздин бул кыймылга кошулуп калышыңызга эмне түрткү болду?

Мади Мамбетов: Мен кесибим боюнча журналистимин. Эмгек жолум 1995-жылы балдар журналистикасынан башталган. Азыр 42 жашта болсом анын 29 жылын журналистикага арнадым.

Феминизм темасына 2015-жылы көңүл буруп, көптөгөн адабияттарды окуп, бул тармакты изилдей баштадым. Маселенин маанилүүлүгүн түшүнгөндөн кийин, жашоо мени бул тармакка өзү алып келгенин түшүндүм.

Эжем экөбүз жалгыз бой эненин колунда тарбияландык. Эс тарткандан баштап аялдардын курчоосунда чоңойгондуктан, эркек менен аялдын абалынын айырмасын башынан эле аңдачуумун. Мурунку материалдарымды талдап көрсөм, феминизм жөнүндө атайын жазбасам да гендердик теңчилик темасы дайыма камтылчу экен.

32-33 жашымда эркектердин пайдасына канчалаган артыкчылыктар, укуктар, мүмкүнчүлүктөр берилгенин түшүнүп, өзүм да мындан пайда көргөнүмдү моюндадым. Анткени карьерамдагы көптөгөн ийгиликтерге эркек болгонум үчүн жеттим десем болот.

Мади Мамбетов: Карап турбашыбыз керек – аялдар күйөөлөрүнүн, аталарынын жана бейтааныш колунан ажал табууда

Сүрөттүн булагы, Madi Mambetov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мади Мамбетов: Карап турбашыбыз керек – аялдар күйөөлөрүнүн, аталарынын жана бейтааныш колунан ажал табууда

2022-жылы "БУУ-Аялдар" уюму Борбор Азиядагы HeForShe кыймылы үчүн маалымат кампаниясын жүргүзүү боюнча сынак жарыялаганда, Тбилисиден бир топ кесиптештер менен мен арыз бердик. Бул тема менин акыркы 9 жылдан бери жазып жүргөн нерселер менен толук шайкеч келди. Биз карап турбашыбыз керек – аялдар күйөөлөрүнүн, аталарынын жана бейтааныш эркектин колунан ажал тапкан мисалдар аз эмес. Бул тез арада чара көрүүнү талап кылган өтө сезимтал жана маанилүү тема.

– Феминизмде дени сак эркектик деген түшүнүк бар экен, чечмелеп бересизби?

Мади Мамбетов: Мен үчүн дени сак эркектик - биринчи кезекте адамкерчилик. Кайраттуулук, чынчылдык, боорукердик гендердик сапаттарды толук камтыбайт. Дени сак эркектик – бул агрессиясыз күчтүү болгон, башкаларга жардам берүүдө өзүн жогору койбогон, башкалардын сезимдерин түшүнө билген, компромисстерди таба алган адамдын образы. Мындай адамдар мартабалуу адамдардын алдында бөйпөктөбөйт, кызматы төмөн адамдарды эзбейт. Башкача айтканда иерархиялык принциптер менен жашабайт.

Эркектер мындай, тигиндей болушу керек деген таңууланган патриархалдык түшүнүктөр аялдарга эле эмес, эркектердин өздөрүнө да зыян. Бул алардын начар, сапатсыз жашоо образынын калыптанышына, эрте өлүшүнө себепчи болот. Анткени эркектер ар кандай ооруларга кабылып же көйгөйлөргө туш болгондо даттана беришпейт жана дарыгерлерге кайрылышпайт. Мунун кесепетинен алар убагында дарыланбай, карылыкты ден соолугунан ажырап тосуп алышат.

HeForShe кыймылы өткөргөн иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, HeForShe кыймылы өткөргөн иш-чаралардын биринде тартылган сүрөт

Ата-энелик милдет жана үй-бүлөлүк мамилелерде эркектер көбүнчө катаал жана тартиптүү болуш керек деп ойлошот, бул аларды балдар менен баарлашуу жана аларга кам көрүүдөгү кубанычын чектейт. Алар үй-тиричилик милдеттерин аялы менен бөлүшө беришпейт, бул алардын жашоосун жакырдантат. Биздин аймакта эркектердин психикалык саламаттыгына кам көрүшүн өөн кабыл алуу кошумча көйгөйлөрдү жаратат. Эркектер көбүнчө алсыз жактарын күчкө таянуу аркылуу жаап-жашырып, жардам сурай беришпейт. Бул психикалык жактан да физикалык жактан да алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Мади Мамбетов: Эркектер көбүнчө биз акылдуубуз же лидерлик сапаттар бизге гана таандык деген эскирген, илимий жактан далилденбеген идеяларды жакташат. Бул мифтер эбак эле жокко чыккан

Сүрөттүн булагы, eca.unwomen.org

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мади Мамбетов: Эркектер көбүнчө биз акылдуубуз же лидерлик сапаттар бизге гана таандык деген эскирген, илимий жактан далилденбеген идеяларды жакташат. Бул мифтер эбак эле жокко чыккан

– Эмне үчүн эркектердин гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө жигердүү катышуусу маанилүү?

Мади Мамбетов: Бул күрөшкө эркектердин катышуусу зордук-зомбулукту азайтууга гана эмес, гармониялуу коомду түзүүгө да жардам берет.

Заманбап эркек салттуу түрдө аялдарга таандык деп эсептелип калган сапаттарды, мисалы, макулдаша билүү, компромисске баруу жана эмоцияларды ачык билдирүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүшү керек. Бул зордук-зомбулукту азайтууга гана жардам бербестен, коомдун жалпы жыргалчылыгы үчүн да жакшы.

– Борбор Азия өлкөлөрү HeForShe кыймылынын алкагындагы демилгелердин үстүндө кандай иштеп жатат?

Мади Мамбетов: Борбор Азия өлкөлөрү HeForShe кыймылынын максаттарына шайкеш келген демилгелердин үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Маселен, Өзбекстан үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш катары таанып, аялдардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү боюнча Улуттук программаны ишке киргизди – бул өлкө үчүн маанилүү кадам.

Кыргызстанда зордук-зомбулуктун айрым учурларына карабастан, гендердик зомбулукка каршы жигердүү күрөш жүрүп жатат.

“Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” урааны менен Бишкекте өткөн Аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 2023-жылдын 8-марты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Эркиндик. Теңдик. Эже-сиңдилик” урааны менен Бишкекте өткөн Аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү. 2023-жылдын 8-марты

Казакстанда да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат: аялдарды жана кыздарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чаралар көрүлүп, алардын экономикалык, кесиптик жана билим деңгээлин жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Бул аракеттер чөлкөмдөгү өлкөлөр гендердик теңчилик маселелерине олуттуу мамиле жасап жаткандыгынын далили.

– Бул жаатта Эл аралык уюмдардын ролуна токтоло кетсеңиз?

Мади Мамбетов: Эл аралык уюмдар, өзгөчө БУУнун агенттиктери гендердик теңчиликти колдоодо жана илгерилетүүдө маанилүү роль ойнойт. Алар аймактагы өкмөттөргө БУУнун алдындагы милдеттенмелерин аткарууга жардам берүүдө. Борбордук Азиянын бардык мамлекеттери БУУга мүчө болгондуктан адам укуктарын, анын ичинде аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого боюнча милдеттемелерди аткарууга тийиш. Эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүү жана эл аралык стандарттарды сактоо менен аймактагы мамлекеттерге бул милдеттенмелерди аткарууга жардам беришет.

БУУнун өнөктөшү катары Европа Биримдиги тарабынан каржыланган ар кандай программалар, ошондой эле айрым өлкөлөр тарабынан каржыланган мамлекеттик программалар бар. Каржылык жардамдан тышкары эксперттик колдоо көрсөтүлүп, изилдөөлөр жүргүзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн маалымат чогултулат. Маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүү максатында консультациялар, жолугушуулар жана талкуулар өтүп турат. Ошондой эле активисттерге жана жарандык коом уюмдарына жолугушуп, маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берген билим берүү программалары бар.

Чынында профессионалдык жактан бир топ иштер жасалып жатат. БУУ өз агенттиктерине жана өнөктөштөрүнө жогорку талаптарды коёт. Балким, биздин амактагы мамлекеттердин ар бир жараны бул иштин масштабын биле бербейт чыгар, бирок аткарылып жаткан иштердин натыйжасы бардыгына сезилип жатат.

Маектешкен Жаңыл Ашырбекова,

атайын Би-Би-Си үчүн