Индияда кутурган карышкырлар балдарга кол салууда

Соутик Бисвас, Би-Би-Синин Индиядагы кабарчысы

Сайед Мозиз Имам, Би-Би-Си, Бахрейн

Индияда бир нече штатта 31 миңден ашык карышкыр бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда бир нече штатта 31 миңден ашык карышкыр бар.

Индиянын Уттар-Прадеш штатында 17-августта түндө электр жарыгы өчүп, айылды көз байлаган көөдөй караңгылык басканда, төрт жаштагы Сандхья эч нерседен бейкапар уктап жаткан.

«Жарык өчкөндөн эки мүнөттөн кийин карышкырлар кол салды. Биз эмне болгонун түшүнгүчө, алар кызыбызды алып кетиптир»,-дейт апасы Сунита.

Сандхьянын сөөгү кийинки күнү кант тростнигинин плантациясынан, үйдөн 500 метр аралыктан табылды.

Ушул эле айдын башында коңшулаш айылда сегиз жаштагы Уткарш чиркейден коргогон торчонун алдында уктап жатканда, анын апасы короого кирип бараткан карышкырды көрүп калган.

«Карышкыр капыстан чыга калды. Мен: «Балама тийбе!» деп кыйкырып жибердим. Коңшулар жүгүрүп келгенде карышкыр качып кетти», — дейт.

Апрелдин ортосунан бери Непалдын чек арасынан алыс эмес жердеги Бахрайч аймагында кеминде 30 айыл карышкырлар кол салуусунан азап тартууда. Карышкырлар тогуз бала менен бир чоң кишини алып кетип өлтүрүштү. Эң жашы бирге чыгып калган бала болсо, эң улуусу – 45 жаштагы аял. Кеминде 34 адам карышкырлардын кол салуусуна кабылып, жаракат алды.

Бахрейч — карышкырлар кол салуусуна кабылган район

Сүрөттүн булагы, ANI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бахрейч — карышкырлардын кол салуусуна кабылган район
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Карышкырлардан кол салуусу бүт айылдардагы элдин жүрөгүнүн үшүн алды. Айылдагы көп үйлөрдүн эшиги бекибейт. Балдарды үйгө катышып, эркектер караңгыда көчөлөрдү кыдырып, кайгуулга чыгышты. Бийликтер дрон жана камерадан жардам берип, карышкырлардын жолуна капкандар коюлду. Кашабаларды коркутуу үчүн петардаларды да колдонушууда. Азыркы учурда үч карышкырды кармап, зоопаркка өткөрүштү.

Карышкыр адамга кол салышы сейрек болот, алар адатта кутурган карышкырлар болот, борбордук нерв системасын бузган вирустук илдетке чалдыккандар. Кутурган карышкыр адатта бир нече кол салуу жасайт, олжосун дайым эле жебейт.

Норвегиянын жаратылышты изилдөө институтунун отчетунда 21 өлкөдө 2002-жылдан 2020-жылга чейин карышкырлардын кол салган 489 «чыныгы такталган учурлары» кабарланат. Анын ичинде Индия да бар. Алардын 26 гана өлүм менен аяктаган. 380 адам «кутурган карышкырга» кабылган.

Соңку 50 жылда Түндүк Америкада адам карышкырдан өлгөн эки гана такталган учур катталган, дейт Би-Би-Сиге карышкырларды изилдеген америкалык биолог Дэйв Мех. Түндүк Америкада карышкыр көп, 70 миңдей бар экен.

Ал эми Бахрейчте карышкырлар эмнеге адамдарга кол салууда?

Дарыя менен токойдун ортосунда жайгашкан Бахрейч көп жылдар бою карышкырлардын салттуу турагы болуп келген. Гхара дарыясынын боюнда жашаган райондо 3,5 миллион адам жашайт, аларда сезондук суу ташкын көп болуп турат.

Кармалган карышкырлар зоопаркка өткөрүлдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кармалган карышкырлар зоопаркка өткөрүлдү

Катуу жаан менен суу ташкындар табияттын ландшафын кыйла өзгөрттү. Жээгинен ташыган дарыя токойду каптап, андан качып четке сүрүлгөн карышкырлар тамак издеп жаңы жерлерге аңчылык кыла баштады. Индиялык карышкырлар кара кийиктерге, чинкарга (индиялык газель) жана коендорго аңчылык кылат.

«Климаттын өзгөрүшү — акырындык менен жүргөн процесс, бирок суу ташкындар карышкырлардын турукту ужашоо чөйрөсүн бузуп салгандыктан, алар жем издеп адам жашаган жерлерге барууга аргасыз болууда», — дейт Амита Канауджиа, Лакхнау университетинин жапайы жаратылыш боюнча институтунун кызматкери.

Эмне үчүн карышкырлардын бутасына балдар алынууда?

Уттар-Прадеш штатында карышкырлардын кол салуусунан балдардын көп өлгөн учурларын иликтегенде, 1996-жылы жапайы жаратылыш боюнча эксперттер балдарга жакшы көз салынбай турганын айтышкан.

Курмандыктардын көбү кедей, атасы жок, энеси эле караган жарым жетим балдар болгон.

Индиянын мындай жакыр айылдарында балдарга караганда, үйдөгү малды жакшы карашат. Ачка карышкыр малга кире албаганда, кайсалап барып кароосуз калган балдарга кол салат.

«Биз карышкырлар балдарга кутуруп кол салганын дүйнөдө башка жерден көргөн эмеспиз», — дейт мага индиялык окумуштуу жана жаратылыш коргоочусу Ядвендрадев Джхала.

Уттар-Прадештеги карышкырлардын кол салуусу кырк жылдын ичинде болуп жаткан төртүнчү толкун. 1981-82-жылдары Бихарда дагы 13 бала карышкырга жем болгон. 1993-1995-жылдары карышкырлардын беш үйүрү 80 балага кол салган.

Өлүм эң көп болгон эпизод 1996-жылы сегиз айда болгон, анда Уттар-Прадештеги 50 ашык айылда кеминде 76 балага карышкыр тийип, анын 38 өлгөн. 11 карышкырды атып жок кылгандан кийин кол салуулар токтогон. ЖМКлар бул карышкырларды киши жегичтер деп аташкан эле.

Карышкырлар Бахрейчтеги элдин жүрөгүнүн үшүн алды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карышкырлар Бахрейчтеги элдин жүрөгүнүн үшүн алды.

Джала менен анын кесиптеши Динеш Кумар Шарма 1996-жылдагы өлүмдөрдү кылдат иликтеп, карышкырдын жүнүн, айылдагы үйлөрдү, калктын жыштыгын, мал-салды, медициналык документтердин баарын изилдөөгө алышкан.

Уттар-Прадештеги азыркы кол салуулар 30 жыл мурдагы окуяларга аябай окшош болууда.

Эки учурда тең карышкыр тийген балдар өлтүрүлүп, жарым-жартылай жем болгон, алардын мойнунда карышкырдын тишинин издери бар, денесинин ар кай жери тешилген.

Кол салуулар көбүнчө караңгыда, балдар айылдын ортосундагы көчөдө уктап жатканда болгон. Курмандыктар негизинен ачык жерден, фермадан же жайыттан карышкырга кабылган.

Бахрейчтеги азыркы окуялардай эле, 1996-жылы дагы карышкыр тийген айылдар дарыя боюндагы күрүч жана кант фермаларында, саздак жерлерде болгон. Эки учурда тең калк жыш жашаган айылдар жана кедей дыйкан үй-бүлөлөрдө жакшы каралбаган балдар тууралуу сөз болууда.

Эгер кол салуулар улана турган болсо, бир карышкыр эле кол салабы же үйрү менен келеби деген дагы суроо бар. Өзүнүн 30 жылдык тажрыйбасына таянган Джхала 1996-жылдагыдай эле балдарга бир эле жалгыз жүргөн карышкыр кол салууда дейт.

Айылдагы жашоочулар беш-алты карышкырдан турган үйүрдү көргөнүн айтып жатканда, карышкырдан аман калган сегиз жаштагы Уткарштын апасы үйгө кирген карышкыр бирөө эле болгонун айтууда.

Индияда жүздөгөн жылдар бою адамдар менен карышкырлар малчылардын сабырдуу салтын улап, тынчтыкта жанаша жашап келишти. Ошондуктан карышкырлар малга көп тийсе дагы сакталып келди. Бирок мезгил өзгөрүүдө, жакында болгон кол салуулар кооптондурган ойго салууда.

Джхала сыяктуу жапайы жаратылыш боюнча эксперттер карышкырдан жабыркаган айылдарда балдарды уктаганда үйдүн ичине чоңдордун ортосуна жаткыргыла деп кеңеш берүүдө. Түн ичинде дааратканага чоңдор коштоп барышы керек. Карышкыр бар айылдарда балдарды көчөгө ээн-эркин чыгарып жибербей, көчөлөрдү түнкүсүн кароолго алуу керек дейт.

«Биз кол салуунун так себебин билмейинче, мындай сактануу чаралары адамдардын коопсуздугу үчүн абдан маанилүү», — дейт Джхала. (КС)