Сөз эркиндиги: журналист, блогерлерге сыйыртмак

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатат деген пикирлер айтылууда. Бул тууралуу ЕККУнун Варшавада өткөн жылдык жыйынында Кыргызстандын медиа-акыйкатчысы Акмат Алагушев жана укук коргоочу Динара Ошурахунова маселе көтөрүштү.

Сөз эркиндиги

Сүрөттүн булагы, EPA

Ал арада президент Садыр Жапаровдун администрациясы “Массалык маалымат каражаттары тууралуу” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Бул жаңы мыйзам дагы журналистттердин ишмердигин чектөөгө багытталган деп сындалууда.

“Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөдү”

Медиа-акыйкатчы Акмат Алагушев ЕККУнун жыйынында Кыргызстанда кармалып-камалган журналист, блогерлер тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап жатышына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бургубуз келет, өлкөнүн саясий модели катары авторитаризмдин белгилери күчөп жатат. Март айынан бери “Некст ТВ” телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев тергөө абагында болду. Буга анын Россиянын Украинага карата аскердик агрессиясы тууралуу коомдук сайттарга жазган эки посту себеп болду. Ал посттор ТВден деле кеткен эмес. Дүйшөмбиевге Кылмыш кодекси менен “улуттук кастыкты козутуу” айыбы коюлду. Мамлекеттик лингвист жана саясат тануучулардын бүтүмүнөн тышкары, анын күнөөсүн далилдеген бир да далил болгон жок. Бирок ал 21-сентябрда беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды”,- деди Алагушев.

Медиа-омбудсмен Кыргызстан Кылмыш кодексиндеги 330-беренени Эл аралык пакттын 19 жана 20-беренелери менен шайкеш келтирүү тууралуу БУУнун 2020-жылдагы сунушун аткарган жок деп да даттанды.

Кыргызстанда тартип сакчылары өз оюн эркин айткан блогерлерге Кылмыш кодексинин 278-беренесинин үчүнчү бөлүгүн да колдонуп жатышат. Ал массалык баш-аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырык катары жазага тиешелүү.

Мисалы, бул берене менен блогерлер Мыктыбек Адилет Али, Ырыс Жекшеналиев жана Мирлан Ураимов камакка алынып, тергөөсү жүрүүдө.

Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиев болгону 19 жашта

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиев болгону 19 жашта

“Аларды массалык баш-аламандык учурда айткандары үчүн эмес, коомдук сайттарга жазган посттору үчүн соттоп жатышат. Алардын посттору каршылык акцияларга же кандайдыр бир нааразылыкка да алып келген эмес. Андыктан биз бул жарандык активисттерди тезинен бошотуп, аларга карата кылмыш куугунтуктугун токтотууну талап кылабыз”,- деди Акмат Алагушев.

“Фейк жаңылыктар тууралуу” мыйзамын артка кайтаруу талабы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч келтирген фейк маалыматтар тууралуу мыйзамы дагы ЕККУ жыйынында көтөрүлдү.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга Садыр Жапаров былтыр 23-августунда кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна түшкөн эле.

Ага ылайык, Министрлер кабинети "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коё алат. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укуктуу. Бул чаралар маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда колдонулары айтылган, бирок укук коргоочулар аны бийлик өз пайдасына колдонот деп чочулап турушат.

Бирок коомдук сайттарда такыр башка эле ысым менен башка өлкөдө туруп аккаунт ачкандарды кантип бөгөттөйт деп суроо салгандар дагы жок эмес. Алардын жүйөсү боюнча интернет басылманы провайдер аркылуу токтотууга мүмкүн. Аккаунттарды бөгөттөгө андай техникалык мүмкүнчүлүк жок дешет.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова ЕККУдан кыргыз өкмөтүнүн бул мыйзамды жокко чыгаруусуна таасир этүүнү суранды.

“Бул иштелип чыккан механизм Кыргызстандагы журналистикага коркунуч жаратат. Жарандар кандай гана материал же сайт болбосун арыз жазып, анын негизинде контент блоктолот. Биз ЕККУну жана бардык эл аралык өнөктөштөрдү биздин өкмөттүн бул мыйзамды кайра артка чакыртып алуусун суранууга чакырабыз”,- деди Ошурахунова.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Динара Ошурахунова, укук коргоочу

Былтыр бул мыйзам кабыл алынып жатканда жергиликтүү жарандык активисттерден тышкары бир катар эл аралык уюмдар камтамасын билдирип, президентти ага кол койбоого чакырышкан. Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президентти Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга үндөгөн эле.

Бирок мыйзам долбоорунун авторлору сөз эркиндиги кысымга учурайт деген кооптонуулар орунсуз экенин, мыйзам адамдын кадыр-баркын коргоого гана багытталганын жүйө келтиришет.

"Кыргызстанда соңку эки жылда сөз эркиндигине басым жасалбай, тескерисинче, ага ашыгы менен шарттар түзүлүп жатат",- дейт "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Медер Шерметалиев. Анын пикиринде, Кыргызстандын эгемендик тарыхында сөз эркиндиги токтоосуз өнүгүп келе жатат:

"Соңку эки жылда деле сөз эркиндигин пайдалануу жагынан алдыга кетсек кеттик, бирок артка кеткен жокпуз. Азыр ким болбосун бийликке каалагандай сын айткан заман болуп калды. Бирок ошо менен кошо маалыматтык манипуляция, жоопкерсиздик, бейбаштык, ээн ооздук, адепсиздик дагы сөз экриндиги менен кошо бирдей өнүгүп жатат. Мисалы, Facebook, Instagram аркылуу тиркемелерден айрым өзүн блогер атагандар, мамлекетте бир күн иштеп, беш адамды башкарып көрбөгөндөр да өкмөткө акыл үйрөтүп, бийликке жөнсүз сын айтып, ал тургай президентке чейин жекеме-жеке дебатка чыгууга чакырык таштап, өздөрүн пиарлаган адамдар чыгып жатат",- деди Шерматалиев.

Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү президенттик администрациянын башчысы Дайырбеков Орунбеков да кечээ коомдук сайттардагы баракчасында жазды:

"Муну сөз эркиндигинин жетишкендиги эмес, ээн баштык, тарбиянын жоктугу, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласак болот. Мында эң эле өкүнүчтүүсү аларды айрым жаштар үлгү катары көрүп жатканы. Мамлекет башчысы ансыз деле маанилүү маселелерге эл менен жеринде жолугушууларда, соцтармакта токтолуп, түшүндүрүп берүүдө. Эми бардык иштерди жыйыштырып, ар бир өзүн акылдуу сезгени менен дебатка чыгуусу керекпи?".

ММК тууралуу жаңы мыйзам

Буга чейин президенттин администрациясы 28-сентябда ММК тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарген эле. Негиздемеде буга чейинки мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, моралдык жактан эскиргени көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынып, мындан ары блогерлер дагы ММК макамы берилет. ММК ээси институту киришизилип, журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызматты аркалайт деп айтылат. Андыктан ММК кожоюнунун редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ММКС уставында да бекитилет.

Чет элдик жарандар ММКларды негиздөө укугунан айрылат. Цензура болбойт, бирок гезит бетине, ТВ жана радиого эмнеге чыгып жатканына коомдук көзөмөл орношу керек.

2023-жылдын 1-июлуна дейре бардык ММКлар кайра каттоодон өтүп, бул эрежеге баш ийбегендер жоюлат.

Президенттик администрация Би-Би-Сиге жаңы мыйзам долбоору тууралуу комментарий бере элек.

Бирок "Медиа Полиси" институту президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө "элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин" баса белгилейт.