Баткен: 4 миңдей жаран үйүнө кайта элек
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кол салуудан кийин үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон 4 миңге чукул жаран кайра үйүнө кайтып бара элегин билдирди.
“Тактап айтканда 3 миң 781 адам убактылуу башка адамдардын үйлөрүндө баш калкалап жатышат. 161 жаран кабыл алуу жайларына жайгаштырылган. Булардын көбү бир сыйра кийими менен гана чыгып кетишкен, алар күнүгө кам көрүүгө муктаж”.

Сүрөттүн булагы, Official
Акылбек Жапаров чек арада талкаланган аймактарда үйүнө кайта элек ар бир тургунга даректүү жардам берүүнү тапшырды. Баткенде үй-жайы толугу менен күйүп кеткен же оңдоого муктаж болгон жарандарга буга чейин бюджеттен 149,6 миллион сом кенемте төлөндү. Жалпысынан 824 жаранга мамлекет тарабынан 100-200 миң сомго чейин каражат таратылган.
Эрнис: Курулуштан мурун тынчтык деп турабыз
Ушу тапта чек арадагы айылдардагы толук талкаланган 415 имарат кайрадан курулуп жатат. Бирок алардын кышка чейин бүтүп калбаганына, курулуш иштери жай жүрүп жатканына нааразылык бар.
“Баткендеги чек арадагы айрым айылдар толук, көбү жарым-жартылай талкаланып калган. Ошентсе деле мында курулуш иштери кечеңдеп жатат деген катуу наразылык деле жок. Бул жерде эң негизги маселе азыр тынчтык болуп турат. Себеби, мунун тагдыры таркай элек да азыр деле. Эгер сентябрда жанагындай окуя болбосо, балким, Баткенде “өкмөт антсе болмок, митсе болмок” деген капачылык чыкмак. Бирок азыр элдин ойлогону эле тынчтык”, - деди Би-Би-Сиге лейлектик Эрнис Маргун.
Ошентсе да өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында кышка чейин курулуш иштери бүтүп калбаганы үчүн айрым комиссия мүчөлөрүнө эскертүү, сөгүш берди.

Сүрөттүн булагы, Social media
Чек арадагы былтыр апрель-майда орун алган талап-тоноолордон кийин Түркия өкмөтү берген гранттын эсебинен Баткен облусунда кыйраган 140 турак жайдын ордуна жеңил конструкциядан үйлөр салынган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бийлик жаңы үйлөр “эки айда бүтөт” деп убадалаганы менен иш жүзүндө курулуш иштери 2021-жылдын октябрында аяктаган. Жергиликтүү активисттер жаңы салынган үйлөрдүн сапаты туууралуу маселе көтөрүшүп, “коопсуздук талаптарына жооп бербейт”, “абаны жакшы өткөрбөгөн” ОСП (жыгачтын таарындысынан) материал) жана пластиктен жасалган деп чыгышкан.
“Ар кимиси ар кандайды айтып атты, ал үйлөрдү мактаганы, сындаганы да болду. Жылуу деп, айрымдары аба өтпөйт дешти. Азыр болсо Лейлек, Жаңы-Жер айылдарында дубалдар көтөрүлүп калды. Бул жолу кыштан, сапаттуу салып жатышат. Жаңы жылга чейин терезе салып алышса, анан чатырын көтөрсө эле, ичин жылууда жасай беришет эле”, - деди Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Кенжекек Салымбеков Би-Би-Сиге.
Ал тапта чек арадагы кол салуудан кийин Баткенде үй-жайын таштап качкан көп жарандар кайрадан үйлөрүнө кайтууга ашыккан жери жок.
“Ата-энемди кайра чек арадагы Арка айылына жибербейбиз деп атабыз. Анткени, ал жактагы туруктуулукка ишенбей калдык. Буга чейин тынчтыкка келдик деп сөз беришкен. Ишенип ата-энебизди айылга жөнөтсөк, кайра эле кайталанып жатат. Бишкекке толук көчүп кетели, ал жактагы үйдү саталы десек да эми аны ким алат? Бишкекте батирде туруп атабыз”,- деди Аида.
Баткен жана Ош облустарынын чек арадагы кол салуудан жабыркаган тургундарына БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы аркылуу да учурда 1 миллион доллардык жардам көрсөтүлүп жаткан чагы. БУУнун эки агенттиги кышында чек арадагы 55 миңден ашуун аялуу кишиге жардам көрсөтмөкчү.
Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын ТИМи "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Расмий Душанбе, тескеричинче, бул үчүн кайра кыргыз тарапты күнөөлөп келет. Кандуу окуяларда 63 кыргыз жараны, 41 тажик жараны каза болду.
Кыргыз-тажик өкмөт аралык топографиялык жумушчу тобу чек арадагы буга чейин талашту уболуп келген 17 киометрден ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эки өлкө мунаса тапкан жерлердин көбү Баткендин Лейлек районуна туура келет. Бул чек арадагы соңку куралдуу кагылыштан кийинки эки өлкөнүн чек арадагы көйгөйдү чечүүдөгү ийгиликтүү жылыш катары бааланууда. Бирок азырынча анын деталдары тактала элек.












