Баткендеги кол салуу: “үйлөрүбүз өрттөлүп, мүлктөрүбүз тонолду”
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуунун материалдык чыгымы болжол менен 1,5 миллиард сомду түздү. Бирок бул сумма дагы эселеп көбөйүшү мүмкүн.
Өкмөттүк комиссия чек арада өрттөлгөн турак-жай жана инфраструктураларды эсебин дагы деле тактоодо.

Сүрөттүн булагы, Official
“Он бир мүчөдөн турган жарандык коргоо комиссиясы Баткен облусундагы Баткен, Лейлек райондорундагы жана Баткен шаарындагы жабыркаган үйлөрдү түрө кыдырып жүрүшөт. Бул прокуратуранын көзөмөлүндө жүрүүдө. Азырынча материалдык чыгымдын так санын айта албайбыз, кийинки жума ишибизди жыйынтыктайбыз деп ойлойм” - деди Би-Би-Сиге өкмөттүк комисиянын жетекчисинин орун басары, өзгөчө кырдаал министринин орун басары Эдилбек Кулматов.
Буга чейинки эсеп боюнча чек арадагы кыргыз айылдарында 400дөн ашык үй-имараттары талкаланды, 300дөн ашык бизнес объектилери керектен чыкты.
Алты мектеп, алты бала бакча, мындан тышкары дүкөн, мечит өңдүү социалдык объекттер аткыланып, отуз чакты чакты унаалар күйүп кетти.
Эми алардын баарын калыбына келтирүү аракеттери башталды.

Сүрөттүн булагы, Official
“Быйыл чек арада жабыркоолор көп болду. Менин туугандарымдын, классташтарымдын үйлөрү тыптыйпыл болуп күйүп кетти. Ал аз келгенсип, үйлөрдөгү бүт мүлкүн тонолуптур. Магазин баары тонолуп, өрттөлгөн”, -деди Арка айылынан ата-энесин көчүрүп келген Аида.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууда Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 15 жаштагы өспүрүм кыз каза тапканы белгилүү. Түрдүү жаракат алгандардын саны 200гө чукулдады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Баткен облусун калыбына келтирүү тууралуу президенттин жарлыгына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан каза тапкандардын үй-бүлөлөрү жана жарадар болгондор мамлекет тарабынан акчалай жардам алышат.
“Жарлыкка ылайык, баткендиктерге кошумча социалдык жардамдарды берүү тапшырмасы берилди. Анын негизинде Социалдык өнүктүрүү министрлиги иш алып барып жатат. Чыгым, жоготуулар толук такталып бүтө элек. Каза болгон жана жабыр тарткандардын санына жараша жардам болот. Бир жолку андан башка кошумча акчалай жардамдар сөзсүз болот”, - деди Би-Би-Сиге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Мираида Нактаева.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чек арада эрдик көрсөтүп каза тапкан жоокерлерлерге жана согушчандар колунан каза тапкандардын кенемте акысы 1 миллион сом болушу мүмкүн. Ал эми жарадар болгондорго 50-100 миң сомго чейин берилет.
Бизнеси жабыр тарткандарга жана үй-жайсыз калгандарга дагы акчалай жардам көрсөтүлгөнү жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.
Жабыркаган Баткен облусуна элдин атынан жардам чогултуу жараяны дагы деле токтой элек.
Каржы министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 225 миллиондон сомдон ашык акча түшкөнүн тактады.
Буга чейин Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева элден чогулган каражат азырынча сарптала электигин билдирген.
Ал тапта чек арадагы кол салуудан кийин үй-жайын таштап качкан көп жарандар кайрадан үйүнө кайтууга ашыккан жок.
“Ата-энемди кайра чек арадагы Арка айылына жибербейбиз деп атабыз. Анткени, ал жактагы туруктуулукка ишенбей калдык. Буга чейин тынчтыкка келдик деп сөз беришкен. Ишенип ата-энебизди айылга жөнөтсөк, кайра эле кайталанып жатат. Бишкекке толук көчүп кетели, ал жактагы үйдү саталы десек да эми аны ким алат. Бишкекте батирде туруп атабыз”,- деди Аида.
Чек арадагы кол салуудан Баткен облусундагы 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которуга мажбур болду.
Тажик тараптан да расмий маалыматтар боюнча 41 адам каза тапканы маалым. Коңшу өлкөнүн расмийлери дагы чек арадагы айылдары өрттөлүп, тонолгонун айтышууда, бирок азырынча конкреттүү сандар атала элек.







