Коронавирус: Жаңы жылдык корпоративдер ковидди күчөттү

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 5-январга карата коронавирустун жаңы 152 учуру катталды. Бул акыркы 4 айдын ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Коронавируска чалдыккандар көбөйдү

Сүрөттүн булагы, oficcial

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйдү

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын билдирүүсүндө бүгүн ооруга чалдыккандардын саны 152ге жетти. Көбү Бишкек шаарында катталган.

Акыркы жолу 154 жаңы учур катталган күн 2021-жылдын 4-сентябрына туура келет.

Жаңы жылдык корпоративдер ковидди күчөттү

Жаңы жылдык корпоративдерде элдин топтолушу ковиддин жайылышын күчөттү

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR SMIRNOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылдык корпоративдерде элдин топтолушу ковиддин жайылышын күчөттү

Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева жаңы учурлардын көбөйүшүн Би-Би-Сиге мындай түшүндүрдү:

"Буга негизги себеп жаңы жылдык корпоративдер болду. Майрамдык кечелерге ооруганы да, оорубаганы да барып жатты. Анан жабык жерде адамдардын топтолушу оорунун жайылышына себеп болот да. Ошондон улам ооругандардын саны дароо көбөйүп кетти",-деди Оторбаева.

Жаңы жылга бир жума калганда көпчүлүк ишканалар коллектив үчүн корпоратив уюштурары белгилүү. Мындан улам жыл сайын декабрдын акыркы жумасында шаардагы бардык кафе-ресторандар жаңы жылдык майрамдык кечелерге толуп калат. Бирок өкмөт тарабынан бул боюнча атайын чектөөлөр киргизилген эмес.

Эмдөө процесси жайладыбы?

Жакында эле Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус коронавирустун дельта жана омикрон варианттарынын айкалышы Ковид-19 учурларынын көбөйүшүнө алып келүүдө деп билдирген.

Жаңы жылдык корпоративдер ковиддин жайылуусун күчөттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы жылдык корпоративдер ковиддин жайылуусун күчөттү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан улам дүйнө жүзу боюнча эмдөө процессин күчөтүү маселеси козголгон. Ал баарын 2022-жылдын ортосуна чейин дүйнөнүн 70% эмдөөдөн өтүү боюнча кампаниясын колдогон жаңы жылдык чечим кабыл алууну суранган. ДССУнун айтымында, дээрлик 100 өлкө калкынын 40% эмдөө боюнча баштапкы максатына жете элек.

Өткөн суткада Кыргызстанда 2344 жаран вакцинанын биринчи, 2833 адам экинчи дозасын алды, ал эми жалпы эмделгендердин саны 1 млндон ашты.

Республикалык эмдөө борборунун директору Ишенапысова Гульбаранын айтымында, акыркы суткаларда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны кескин азайып кетти.

"Биз майрамдарга карабай, эмдөө пункттарын иштетип жаттык. Бирок 31-декабрь, 1-2-январь күндөрү эл эмдөөгө келген жок. Үчүнөн баштап келе башташты, бирок өтө аз. Мурун күнүнө беш-алты миң жаран вакцина алса, азыр эки миңден араң ашып жатат. Биз дагы да жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Себеби, омикрон штаммы качан кирип келери белгисиз, сак болуш керек. Ошондуктан биз бустерди (кошумча үчүнчү доза) дагы жасап жатабыз",-деди Ишенапысова Гульбара.

Буга чейин эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев Би-Би-Сиге эмдөөнүн темпи жайлап кетпесе, жамааттык иммунитетке Кыргызстан 2-3 айда жетиши мүмкүн деп билдирген эле.

Вирустун түрүнө жараша жамааттык иммунитетке жетүү дагы өзгөрүп турат. Маселен, кызамыкка жамааттык иммунитет пайда болуу үчүн калктын 95 пайызы вакцина алышы керек. Ал эми полиомиелит үчүн калктын 80 пайзы эмделиши шарт.

Covid-19 жаңы вирус болгондуктан, жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын канча пайызы эмделиши керек экени белгисиз. Бирок адистер 70 пайыздын тегери деп жоромолдошууда.

Пандемия эки жылдан бери уланып жаткандыктан, айрым адистер бул көрсөткүч 70 пайыздан 90 пайыздын ортосунда экенин айтышууда.