“Шайлоого келбесең штраф төлө”, эмнеге шайлоочулар пассивдүү?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңешке Бишкектин №26 Ленин шайлоо округунда кезексиз өткөн шайлоого 124 миң 908 шайлоочу катышышы керек эле. Бирок алардын ичинен 14 пайызга дагы жетпегени шайлоого катышып, добуш берди. Бишкектеги бул саясий өнөктүк Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи туруна шайлоочулар агылып барып, өтө жигердүү катышып жаткан учурга туш келди. Ошол себептүү дагы ушул өңүтүнөн талкуу кызыды.
Добуш бергендердин саны 17 миң 423 болду. Алардын 35,83% добушун талапкер Дамира Ниязалиева алды.
Бардыгы болуп бул шайлоого 29 талапкер ат салышты. Алардын үчөө: Равшан Жээнбеков (2,30%), Акыл Айтбаев(5,82%) жана Илгиз Сарылдык уулу (0б27%) шайлоого абактан катышты.

“Округдук шайлоо комиссиясы үч күндүн ичинде арыз-даттанууларды кабыл алып, тиешелүү чечим кабыл алат. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссисиясы округдук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразылыктар болсо карап, анан соңку чечим кабыл алат. Бул үчүн конституциялык мыйзамда 14 календардык күн берилген”, - деп түшүндүрдү БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.
БШК соңку шайлоонун расмий жыйынтыгы 11-июнга чейин так белгилүү болуп калат деп жатат.
“Ыпылас ыкма, провокация”
Ал тапта шайлоодогу негизги фаворит Дамира Ниязалиеванын жеңиши талаш жаратышы мүмкүн деген жүйө айтыла баштады. Себеби коомдук сайттарда анын атынан делип акча таратылып жатканы тууралуу видео чыгып, азыр бул боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат.
Дамира Ниязалиева өзү 28-майда өзүнүн дарегине айтылып жаткан мындай дооматтарга жооп берди. Ал социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" деп сыпаттады:
"Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыпылас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, аталган талапкердин аракетине баа берип, мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул ишке укук коргоо органдары чекит коёт. Биздин алдын ала маалымат боюнча алардан өздөрүнүн акчасы гана табылган".
Дамира Ниязалиева шайлоого катышкан төрт талапкер аялдын бирөөсү.
Дамира Ниязалиева ким?
Экс-депутат Дамира Ниязалиева 63 жашта, Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Арал айылында туулган. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Кезинде Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясынын өкүлү эле.
Апрель окуяларынан 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн учурунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Медициналык билими бар, фармакология жаатында бизнес жүргүзүп келгени да белгилүү.
Учурда Элдик курултайдын төрагасынын орун басары экени маалым.
Буга чейинки Жогорку Кеңешке шайлоодо Кочкор шайлоо округунан чыгып, атаандашы Мирлан Самыйкожодон утулуп калган.
Ал эми 2020-жылы “Кыргызстандын” партиялык тизмеси менен парламенттик шайлоого катышып, бирок парламентке келе алган эмес. Дамира Ниязалиева кезинде вице-премьер-министр дагы болуп иштеген жайы бар.
“Шайлоого келбесең штраф төлө”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкектеги Ленин районунда өткөн шайлоо добуш берүүчүлөрдүн абдан пассивдүүлүгү менен мүнөздөлүп жатат. Бул жолку шайлоодо жеңүүчү 6 миң 242 адамдын добушу менен парламентке келиши мүмкүн.
Ушул шайлоо округунан шайлоочу, белгилүү ишкер Жодар Сайдилкан шайлоочулардын жоопкерчилигин көтөрүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу сунушун берип жатат:
“Мындай кайдыгерлик болбойт. Добуш бербегендер мамлекеттен кызмат күтүү укугуна ээ боло албайт. Бул өлкө келечегине болгон абдан чоң кайдыгерлик. Мен ушул учурдан пайдаланып Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылат элем. Кээ бир өлкөлөрдөгүдөй өз добушун колдонбогондорго акчалай жаза киргизилиши керек. Мисалы, Түркияны алалы, ал жакта да шайлоо болуп атат. Ал жерде шайлоого барбаса 300 лира же 1,5 миң сом айып пул салынат. Эгер аны төлөбөсөң мамлекеттик кызматтарды пайдалануудан кур каласың. Ушундай эле чара Австралияда бар. Эгер жаран биринчи жолу шайлоого барбаса 20 доллар, экинчи шайлоого барбаса 50 долларга чейин штраф салынат”.

Сүрөттүн булагы, Social media
Сайдилкан Австралияда мындан тышкары жарандарга өлкөдөн чыгууга дагы чек коюларын кошумчалады. Ишкердин пикиринде, Кыргызстанда да ушундай ыкма киргизүү менен добуш берүүчүлөрдүн кайдыгерлигин жоюп, жарандык жоопкерчилигин көтөрсө болот.
Эмнеге кайрадан шайлоо дайындалды?
Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан буга чейин депутат болуп келген Жаныбек Абиров 27-мартта өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.
"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 6-беренесине ылайык бир мандаттуу президент тарабынан кайра шайлоо дайындалат.
"БШК депутаттык мандат бошогондон кийин эки ай ичинде шайлоо өткөрөт. Эгер Жогорку Кеңеш депутаты алар шайланып келген парламент мөөнөтү соңуна чыгарына бир жылдан кемирек убакыт калганда ордун бошотуп жаткан болсо, анда алардын ордуна кайрадан шайлоо дайындалбайт”,- деп айтылат мыйзамда.
Ленин району боюнча кайрадан өтүп жаткан бир мандаттуу шайлоонун чыгымы 18 миллион 300 миң сомду түзүп жатат. Мындан улам коомдук сайттарда кайрадан шайлоо өткөрбөй эле, өткөн шайлоодо Жаныбек Абировдон кийин маарага келген абактагы саясатчы Равшан Жээнбековду эле депутат кылып коюу сунуштары айтылып жаткан.
БШКнын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам ага жол бербесин айтты:
“Пропорционалдык система менен шайланган депутаттар эгер башка кызматка кете турган болсо же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотула турган болсо, алардын ордуна тизме боюнча кийинки турган талапкер келе берет. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунуна шайланган депутаттар үчүн мындай норма каралган эмес”.
Кыргызстанда шайлоо мыйзамдары соңку 2,6 жылда бир кыйла жаңыланды. Бирок ага дагы деле ичи чыкпагандар бар. Мисалы, БШКнын мурунку мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Кыргызстандагы азыркы шайлоо системасы реформага муктаж дейт:
“Жогорку Кеңеш бул - өкүлчүлүк бийлик. Демократиялык коомдо эл өз өкүлүн шайлашы керек эле. Өкүлчүлүк система иштебей атат. Аймактык бөлүштүрүү болгондо деле, партиялык тизме менен бөлгөндө Чүй өрөөнүнөн бир гана талапкер келип атпайбы, бул туура эмес да. Кабыл алынган мыйзамдар туура эмес болуп калган, өкүлдөр келе турганга шарт түзбөгөн шайлоо кодекс болуп атат”.
Абактагы талапкерлер
Кемпир-Абадга боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков (2,30%), Акыл Айтбаев (5,82%) жана Илгиз Сарылдык уулунун (0.25%) бул жолку шайлоодо топтогон добуштары маарага жакындаганга мүмкүнчүлүк берген жок.
Бирок алар үгүт маалында тең шарттарга ээ болбогонун айтышууда.
Равшан Жээнбеков 24-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө келген учурда журналисттерге кайрылып, теледебатка катышуу укугу бузулуп жатканын айтып чыккан.
"Мени жок дегенде теледебатка алып чыккыла деп сураныч берип жатабыз. Мыйзам боюнча мамлекет талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп бериши керек. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары мыйзамды бузуп, мени чыгарбай жатышат. Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү сактайбыз десе, анда мени жок дегенде теледебатка алып чыгышы керек".

Сүрөттүн булагы, Kaktus
Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жооп кылып, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей шарт түзүү маселеси укук коргоо органдары менен талкууланганып, сунуш берилгенин айткан. Бирок абактагылар оор берене менен айыпталып жатат деген негизде ал аткарылбаганын “Азаттыкка” айтып берген:
"Биз УТРКдан да талапкерлердин "Шайлоо мыйзамына" ылайык акысыз эфир убактысынан пайдалануу жолдорун караштырууну сурадык. УТРК өкүлдөрү талапкерлер өздөрүнө бөлүнгөн он мүнөттүк акысыз үгүт убактысын адвокаттын жардамы менен ролик тартып, кайрылуу жаздырып, пайдаланса болорун айтышты. Талапкер Акыл Айтбаев ошондой кылып, он мүнөттүк кайрылуусун даярдап келишкен экен, биз аны көрүп чыгып, эфирге жарыяланды. Шаменов менен Жээнбеков андай укуктан пайдаланышкан жок, аларга бөлүнгөн убакыттын мөөнөтү өтүп кетти".
Деген менен Илгиз Сарылдык уулу шайлоодон кийин добуш берүү таза өткөнүн белгилеп, коомдук сайтындагы өз баракчасында Дамира Низалиеваны жеңиши менен куттуктап өттү.
Шайлоолор Кыргызстандагы саясаттын эң талылуу жери катары мүнөздөлөт. Өлкөдө буга чейин орун алган 2005, 2010 жана 2020-жылдагы окуялардын негизги башаты шайлоолордон улам чыккан чырлардан тутанганы айтылып жүрөт.
Президент Садыр Жапаров мындай көрүнүштү жоюу үчүн шайлолорду блокчейин технологиясы менен өткөрүүнү да сунуштаган.
“Шайлоолор ачык-айкын, таза өтүшү керек. Буга чейин анын айынан үч революция болуп өттү. Мындан сабак алышыбыз керек. Эгерде административдик ресурс же добуштарды сатып алуу фактысы бар болсо, ал жалпыга маалымдоо каражаттарына же социалдык тармактарга жарыяланууга тийиш. Биз текшеребиз жана жазалайбыз. Эгер блокчейн системасы ийгиликтүү ишке ашса, анда кийинки парламенттик шайлоо ушул технологияны колдонуу менен өткөрүлөт. Мында добуштарды бурмалоого жол берилбейт”, - деген эле Садыр Жапаров Октябрь окуяларынан кийин.
Бирок андан бери үчүнчү жылга карап, убадаланган шайлоонун өткөрүүдөгү жаңы технологиялар дагы деле тажрыйбалана элек.










