Кемпир-Абад: бийликтин коммуникациясы кандай иштеп жатат?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Өзбек президентинин жакында Кыргызстанга мамлекеттик сапары белгиленди, бирок ал кайсы күнү келет, тактала элек. Маанилүүсү, Мирзеевдин бул сапарында Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюлганы жатат.
Бирок коңшу өлкө менен мунасалык келишимге кыргыз коомунда орток пикир жок. Өзгөчө Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры мында талуу маселе болуп, чоң нааразылыктын чордонунда турат.

Сүрөттүн булагы, Official
“Коркутуу манипуляциясы”
Кыргыз өкмөтү буга чейин бул маселени Өзгөндө жергиликтүү эл менен, парламентте депутаттар менен акылдашып, бардык деңгээлде талкуулап жаткандай таасир калтырды.
Мисалы, Бишкекте бүгүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн чогултуп, аларды бийлик кыргыз тарап кандай утушка ээ болгону жатканына ынандырууга аракет жасады.
“Тигилер угуп калса жаман болот”, “чүш акырынгыла” деп атат. “19 миң гектар жер менен 5 миң гектар жердин айырмасы бар” деп атышат. “Согуш чыгып калса биз өлдүк, кичине мамлекетпиз” деген коркутуп атышат. Аны коркутуу манипуляциясы дейт. Басып киргенди Рахмон менен эле Путин билет. Ал эми дүйнө жүзү дипломатияга өтүп атат”, -деди жарандык активист Рита Карасартова.
Саясий ишмер Турсунбек Акун жабык жыйынга эки жүзгө чукул эл катышканын, айрым оппозициялык саясатчылар чакырууга карабай келбей койгонун айтты. Алты саатка созулган жыйынды президент өзү алып барганына токтолду:
"Толук ынандырды деп айтуудан алысмын. Бирок президент Садыр Жапаров өзү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кандайдыр бир деңгээлде маалымат беришти. Мындай жыйын керек болчу. Мен деле жыйынга катышканга чейин көп маалымат билем дегем, бирок жаңы толук маалыматты уктум. Жыйынга келген элдин жарымы ынанды, бирок Өзгөндөн келген эл каршы болушту, алар районунун кызыкчылыгын карап атышат да".
Буга чейин президент Садыр Жапаров өзү Өзгөнгө барып, нааразы болуп жаткан жергиликтүү тургундарга жаңы келишимди түшүндүрүп келди. Андан кийин бул маселени Жогорку Кеңештин профилдик комитети жабык эшик артында карады. Башында келишим тууралуу маалымат гана берилет делген, соңунда комитет ал келишим боюнча добуш берип, көпчүлүк депутаттар колдоп чыгышты. Бирок эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков документтин өзүн көрбөгөндүктөн, чечимге кол койбой койгон.

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн болсо Жогорку Кеңештеги беш фракциянын кайрылуусунун негизинде Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан алынды.
Анын отставкасы үчүн 43 депутат макул болуп 16 каршы чыгышты.
Оппозициянын көзүрү
Ал арада өлкөдөгү оппозициялык күчтөр Кемпир-Абад маселесинде биригип, бийликке каршы аны башкы көзүрүнө айланткандай. Өткөн дем алышта Өзгөндө оппозиция курултай өткөрүп, анда Азимбек Бекназаров бул тууралуу резолюцияны өзбек президентине да жолдоо керектигин айткан.
Бекназаров кыргыз тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыздыкы болгон, ал эми жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жок дейт.

Сүрөттүн булагы, Спутник, Зульфия Турганова
Бүгүн УКМК төрагасы чек ара боюнча жабык жыйында Азимбек Бекназаров суракка чакыртылганын билдирди.
Ташиев Өзбекстан менен келишимге кол коюлгуча маалыматтарды толук ачыктаганга болбойт деп, парламентте, жарандык коом менен жолугушууда жабык маалымат берип жатат.
“Өз оозубуздан уккула”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коомдук сайттарда “чек ара тууралуу баары үндөбөшү керек, бул маселени пенсионер саясатчы сөрөйлөр эмес, бийлик чечет” таризинде сөзү наразылыкты күчөткөндөй болду.
Айрым саясат талдоочулар кыргыз өкмөтүнүн коммуникациялык саясаты чабал болуп жатканын айтып жатышат. Ошол эле убакта кыргыз бийлиги бардык деңгээлде эл менен кеңешип жатат деп, өкмөттүн маалыматтык саясатын кубаттагандар да бар.
Активист Тынчтыбек Алтымышев:
“Кеңешип кескен бармак оорубайт. Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп жаткан коомдук ишмер, активисттер, блогерлер менен бүгүн өкмөттүн жолугушуусу, архивдик, жашыруун маалыматтарды талкуулап, өз ара түшүнүшүп аткандары жакшы көрүнүш, жетишкендик. Жыйынтыгы кандай болот, башка тема. Эң башкысы маалымат берүүдө өкмөт качпай, тайсалдабай активисттерге микрофон берели деп атат. Маалыматты берүүдөн чабал болуп атсак, анда өз оозубуздан уккула деген ишарат деп түшүнүп атам”.
Келишимде эмне каралган?
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4 миң 485 гектар Өзбекстанга өттү. Анын ордуна Кыргызстан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер ала турганы белгилүү болду.
Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет. Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөйт. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1 миң 246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болот. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.
Ал эми суу сактагычтагы сууну эки тарап теңме-тең колдонууга макулдашып жатат.
“Эл башы болгуча, суу башы бол”
КСДП партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков “Кемпир-Абад”суу сактагычы Өзбекстан тарапка өтсө, Өзгөндө суу тартыш болот деген элдин тынчсыздануусу эмнеден келип чыкканын деп түшүндүрүп жатат:
“Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан эки миллионго жакын гектар жерин суу камсыздайт. Ал эми Кыргызстан жүз миң гектарына суу алат. Бул 50-50 эмес да. Кемпир-Абадды чечерден мурда кыргыз бийлиги Исфайрамсай дарыясынын суусун чечип көрбөйбү. Анын суу бөлүштүргүч жагынын көпчүлүк бөлүгү өзбек тарапта калгандыктан кыргыз айылдары суудан кыйналып келе жатышат. Ошол айылдарды бир-эки жыл суу менен камсыздап көрсүн, андан кийин эл Кемпир-Абад боюнча бийликке ишенип калышат”.
Исфайрам дарыясы Кыргызстан менен Өзбекстан аймагында агат, узундугу 122 километрге, ал эми көлөмү 2 миң 220 км2 жетет. Алай кыркаларынан аккан суу Чоң Фергана каналына кирет.
Буга чейин Кемпир-Абад боюнча жергиликтүү элдин маанайын чагылдырып келген блогер Каныкей Аранова кармалып, ага бийлик өкүлдөрүн каралоо жана шылдыңдоо айыптары коюлган. Блогер кызга 30 сааттык коомдук жумуш аткаруу административдик жаза катары чегирилип, кое берилген.












