Жаныбек Абиров: байдын баласы, аспирант жана бизнесмен

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

мушташ

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопко тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизди.

“Жогорку Кеңеш депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат”,- деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүндө.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров мушташып жатканы тартылган видео тараган. Анда топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот. Бул окуя депутаттын этикасы жана жоопкерчилигине байланыштуу талаш-талкууга жем таштап, коомдук сайттарда башкы тема болууда.

Башкы прокуратура Абировдун аракетин Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышка (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттерге) шектеп жатат.

Спикер, депутат жана бизнесмен

Жаныбек Абиров, ЖК депутаты

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаныбек Абиров, ЖК депутаты

35 жаштагы Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин эң жаш депутаттарынын бири. Ал парламенттеги бийлик партиясы “Ата-Журт Кыргызстанга” ыктаган “Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөсү.

2021-жылы Бишкектен бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген. 2018-2021-жылдагы Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болгон. 29 жаштагы Абировдун спикерликке келиши үчүн шаардагы эки күчтүү саясий клан орун бошотуп бергени эсте. Конгантиевдер ушул эле кызматка көрсөтүлгөн Кубанычбек Конгантиевди, ал эми дагы бир таасирдүү клан Салымбековдор Жумабек Салымбековду артка чегиндирген.

Абиров 2016-жылдан тарта шаардык кеңеште депутат болуп, саясий карьерасын баштады десе болот, ага чейин ал “Восход жана К” ЖЧКУнун коммерциалык директору болгон.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Негизи Абиров жаштыгына карабай бир нече бизнестин ээси экени айтылат. Мисалы, “Лесной домик” ЖЧК, “Абиров” коомдук фонду, “Эрксай” коомдук фонду, “Акнур строй-сервис” (2016-жылы жабылган) жана башка бир катар бизнестерди ага тийиштүү дешет.

Абировдун атасы Болотбек Абиров да ири бизнесмен. Бишкек ЖЭБине көмүр сатып жылына 50 миллион доллар табарын буга чейин жергиликтүү медиада жазышкан. Анын “Прогресс” компаниясы кийин атын “Рассветке” өзгөрткөн. Бул компаниялардын аркасында “Граф” атка конгон, эки жыл мурда каза тапкан токмоктук айтылуу ишкер Алижан Ибрагимов деген да сөздөр айтылып келген.

“Электр станциялары” ишканасы көмүр алууга жарыялаган тендерлерде “Рассвет” дайым жеңип келген. Ал эми Жаныбек Абиров журналисттерге каратып туруп Болотбек Абиров анын атасы эмес экенин жана атасынын “Рассветке” тиешеси жоктугун да айткан жайы бар. Бирок Бишкек шаардык кеңешке спикер болгондо ал сөздөрүнөн кайтып, атасы Болотбек Абиров экенин ырастаган.

Расул Үмбеталиев, энергетика боюнча эксперт

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт

“Жаныбек Абиров Болотбек Абировдун баласы. 2014-жылдан 2018-жылга чейин атасынын компаниясында коммерциялык директор болуп иштеген. “Восход жана К” компаниясы тонналаган көмүр Казакстандан ТЭЦке ташып турган”- деди энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиев.

Ал арада бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасына байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу тармактык комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова парламенттин жалпы жыйында билдирди. Комитет комиссиянын чечимин парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмай болду.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар: Замирбек Мамасадыков ("Ыйман нуру"), Дастан Бекешов, Айгүл Айдарова ("Бүтүн Кыргызстан"), Бахридин Шабазов ("Ишеним"), Медет Саккараев ("Ата-журт Кыргызстан"), Жусупбек Коргонбай уулу ("Мекенчил" тобу), Фархад Алимжанов ("Альянс"), Мурадил Сыдыков ("Ынтымак"), Бактыбек Чойбеков ("Элдик" тобу).

Бүгүнкү парламент жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Абиров сабады делген жаран аны кечиргенин айтып, ишти ырбоотпого чакырды.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгон окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташкан жерде 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте өзү аралашкан мушташ боюнча шеймшембиде түшүндүрмө менен чыкты. Фейсбуктагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды.

Жаныбек Абиров коомдук сайттарда сергек жашоо образын пропагандалаган адам катары да белгилүү.

Президенттин көзөмөлүндө

Жаныбек Абировдун мушташкан окуясына президент Садыр Жапаровдун өзү дагы реакция жасап, ИИМге Жогорку Кеңештин депутаты катышкан мушташты ар тараптуу иликтөө жөнүндө тапшырма бергени кабарланды. “Мындай жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт”,-деген президент.

Ошол эле убакта юрист Таттыбүбү Эргешбаева президенттин кийлигишүүсү туура эмес болуп калды деген баасын берүүдө:

«Мен депутат Абировдун аракетин айыптайм, кандай болгон күндө да коомчулукта этият жана этикалык сакташ керек. Бирок кырдаал түзүлдү, мындан аркы аракеттерди карап чыгуу керек. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, болгон фактыны катташкан, демек, иш автоматтык түрдө тергөө тартибинде каралат. Биринчиден, президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп туруп, укук коргоо органдарынын ишин жалпы координациялоону жүргүзүүгө укуктуу, бирок тергөө процессине кийлигишүүгө жана анын жүрүшү тууралуу системалуу түрдө маалымат алууга укугу жок. Экинчиден, Жаныбек Абиров учурда депутат жана бийликтин өзүнчө бир бутагы болгон жана КР башчысына көз каранды болбогон парламент институтунун өкүлү»,-дейт Эргешбаева.