Кемпир-Абад: камактагылардын бирөө-жарым чыгышы арсар
Массалык тополоң уюштуруп бийликти күч менен кулатууга камынган деген айыптоо менен кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы апелляциялык тартипте Бишкек шаардык сотунда карала баштады.
Биринчи инстанциядагы сот алардын баарын эки айга камаган.

Нурия Сооронкулова - массалык тополоң уюштурууга шектелип кармалган Клара Сооронкулованын бир тууган эжеси. Ал Конституциялык палатанын мурдагы судьясы болуп иштеген сиңдисине мындай оор айыптын коюлуп жатышын акылга сыйбайт деди:
“Менин сиңдиме бийлик керек эмес. Ага мыйзам иштеген өлкө, мамлекет керек. Ага кызмат сунуштап чакыруулар да болгон. Садыр Жапаров менен кудалык да байланыштарыбыз бар экен, ал өзү эки жолу сиңдимди чакырган. Бирок сиңдим “мыйзамсыз келдиңиз, сиз менен иштеше албайм” деп койду”.
Бишкек шаардык сотунда бүгүн Клара Сооронкулованын да баш коргоо чарасы каралганы жатат.
“Сиңдим дайым мыйзамдуулукту жактап келген. Ошол эле Садыр Жапаров Кордайда кармалганда да ошенткен. Мен ал күндү так билем. 2017-жылы 25-мартта менин туулган күнүмө келбей, Садыр Жапаровду колдошум керек деп ошол жакта жүргөн. Ал дайым мыйзам улук деп, адилетсиздик болгон жерде жүрчү”,- деди Нурия.

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкек шаардык соту Гүлнара Журабаеваны, Перизат Суранова, Кеңешбек Дуйшебаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбекти эки айга камоо тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат", - деди Атай Бейшенбек сот залында.
Бүгүн ошондой эле жапырт кармалып-камалгандардын ичинен Таалай Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Асанбековду иши каралары күтүлүүдө.
Укук коргоочулар Бишкек шаардык сотунда өткөн бүгүнкү соттук жараяндар мыйзамдуу болбой калганын айтып жатышат:
“Сот иштери мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Мисалы, Гулнара Журабаеванын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун караган соттук коллегия кайра эле Перизат Суранованын ишин карады. Баары бир кылмыш ишинин алкагында жана бир берене боюнча кармалып атат. Бирок бир эле судья баарынын ишин карабашы керек болчу. Булардын шаблону даяр болуп калды, эми ошо менен эле чечимдер чыга берет өңдүү” – деди укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Адвокаттардын бир да өтүнүчүн сот колдобой койду. Соттун жүрүшүн видеого тартууга да чектөө коюшту. Сотто адвокат, судья, ошол эле кармалган жарандардын бетин, кыймылдарын көрө албай калдык, коопсуздук кызматкерлери аларды тосуп туруп алышты,”- дейт Абдирасулова.
Алдын ала маалыматтарга караганда, эртең сот Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Рита Карасартова, Акыл Айтбаев, Бектур Асанов, Марат Баязов жана Эрлан Бекчороевдин ишин карайт.
Азат Жээнбеков Бириккен оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Равшан Жээнбековдун уулу. Ал кармалгандар арасында такыр эле саясатка тиешеси жок адамдар да кармалып калганын айтууда:
“Атам бул бийликке карата оппозицияда жүргөнүнө эки жыл болуп калды. Кемпир-Абад боюнча жыйында атамды эле эмес, досторун, ал тургай анын үйүнө келип ремонтун жасап берип жаткан жумушчусун Нурлан Асанбековду да кармап кетиптир. Ал жумушчу саясаттан такыр алыс адам болчу. Керек болсо коомдук сайттарда деле отурбайт эле. Жөн эле жүргөн адамды кармап коюшту. Ал киши эми ачкачылык жарыялап, СИЗОдо отурат, саламаттыгы начарлап, кан басымы да түшүп кетиптир”.
Кемпир-Абад маселесинен улам массалык тополоң уюштурууга шек саналып камалгандардын бири Нурлан Асанбеков абакта ачкачылык жарыялап, кан басымы төмөндөп кеткени кабарланган. Акыйкатчы Атыр Абрахматова анын абалы менен таанышып чыкты. Укук коргоочулар Асанбековдун саясатка тиешеси жок экенин белгилеп, турмуш-шартын эске алуу менен тез арада бошотууну суранышууда. Себеби, анын оорулуу кызы бар, үй-бүлөсүн жалгыз багат.
Бишкек шаардык соту жума күнү Айданбек Акматов, Жеңиш Молдакматов, Асия Сасыкбаевалардын ишин карайт деп күтүлүүдө. Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес.
Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Рита Карасартова, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.
Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган. Бүгүнкү күнгө кармалып-камалгандардын саны 26га жеткени айтылууда.
ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.
“Кармалгандардын баары кылмыш ишинин алкагында камалды. Ар бир жарандын кыймыл аракетине өзүнчө юридикалык баа берилет. Азыр тергөө иши жүрүп жатат. Ал аяктаганда дагы бир сыйра баа беребиз. Азыр терөө жүрүп жатканда маалымат бере албайбыз”- деген эле ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламентте.
Ал эми эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин кармалган саясатчы-активисттерди тез арада бошотууга чакырууда.
Өзгөндөгү жергиликтүү эл Кемпир-Абад суу сактагычы турган жер Өзбекстанга берилбесин деп талап кылып курултай өткөргөн. Андан кийин "Кемпир-Абадды коргоо комитети" да түзүлгөн. EK











