Кемпир-Абад: Парламенттик комитет суу сактагычты биргелешип башкаруу боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды

Кемпир-Абад боюнча парламенттик жыйын жабык өттү

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемпир-Абад боюнча парламенттик жыйын жабык өттү

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитет 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды. Жыйын жабык эшик эшик артында өттү.

“Акипресс” басылмасынын маалыматы боюнча, долбоорду жети депутат колдогон (жалпысынан комитетте 14 мүчө бар), алар:

  • Улан Примов (комитеттин төрагасы);
  • Чолпон Султанбекова (төрага орун басары);
  • Лейла Лурова (төрага орун басары);
  • Миргүл Темирбаева;
  • Ырысбек Атажанов;
  • Улан Бакасов;
  • Жылдыз Таалайбек кызы.

“Бул келишимде чындыгында эч кандай деле сыр жок, абдан так документ. Биз акыркы 70 жылдан бери биринчи жолу суу сактагычты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алып жатабыз”, - деди Султанбекова “Спутник” басылмасына.

Ошондой эле Султанбекова бул "кылдат каралчу маселе болгондуктан, туура эмес маалыматтар жайылып кетпеши үчүн" жыйын жабык өткөнүн кошумчалады. Анын айтымында, макулдашуунун ратификациясы ачык өтөт.

Депутат Ырысбек Атажанов макулдашууда Кемпир-Абадды башкарууда эки тараптан 12ден киши катышат деп билдирди.

Ал эми “Азаттык” комитеттин үч мүчөсү - депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин жабык каралышына каршы болуп, жыйындан чыгып кеткенин билдирди.

"Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы. Жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат", - деди Мадумаров “Азаттыкка”.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо

10-октябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдогон. 

Жабык жыйынга депутаттардан сырткары коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана делимитация боюнча адистер катышкан. Бирок телефон, ноутбук алып кирүүгө, видеого тартууга тыюу салынды.

Кемпир-Абад суу сактагычы
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абаддын 4 485 га Өзбекстанга калганын, ал эми сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1 миң 246 гектар жер бошоп, ал Кыргызстанга өтөөрүн кошумчалады. Анын ордуна Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарынан дээрлик 20 миң гектардан ашуун жер алына турганы белгилүү болду, алар:

  • Гавасай тилкеси - 12 949 га;
  • Көк-Серек айылы - 105 га;
  • Баястан айылы - 212 га;
  • Үнкүр-Тоо (Унгар-Тоо) тилкеси - 35 га;
  • Ак-Таш айылы (Ош) - 100 га;
  • Кара-Белес айылы (мурда Өзбекстанга караштуу болгон) - 25 га;
  • Шарихан-Сай каналынын тилкеси - 19,5 га;
  • Орто-Токой суу сактагычы – 1009,5 га;
  • Көк-Серек, Биринчи май айылдары - 1307 га;
  • “Аэропорт”, Жетиген, Кербен тилкелери - 571 га;
  • Шамалды-Сай айылы – 1088 га;
  • Көк-Талаа, Пылдырак тилкелери - 1013 га;
  • Араван району - 148 га;
  • Сузак районуна кошумча 500 га;
  • Өзгөн районуна кошумча 500 га.

Комитеттин ошол кездеги төрагасы Чыңгыз Айдарбеков долбоорду алты депутат колдоп, төртөө каршы чыкканын айткан.

“Мен бул маселе боюнча өз оюмду айттым. Документтерди депутаттар көргөн эмес. Мен кагаздарды көргөнгө чейин макул боло албасымды айттым. Ошон үчүн мен каршы добуш бердим”, - деген Айдарбеков “24.kg” басылмасына.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов депутатты сындап, аны “популизмге” айыптаган. Айдарбеков Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында жооп кайтарып, төрагалыкты тапшырууга даяр экенин билдирген.

“Өткөн күндөрдө сиздер менен акылдашып, "мамлекетибиз, элибиз үчүн талашпай тынч комитет төрагалыгынан өз ыктыярым менен кетем" деген чечимге келдим. Бирок кече бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады. Адилетсиз айыптады, жамандады. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт, урматтуу депутаттар. Калп сөз кара тумандай, чын сөз чыккан чынардай - бүт баары ачыкка чыгат. Аткаруу бийликтин өкүлү - ал дайындалган киши. Шайланган депутатка саясий баа берип жатат, муну кандай түшүнсө болот? Биз кайсы мамлекетте жашайбыз? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат. Бул мамлекет кызматкеринин сабатсыздыгы, ар бир бийлик бутагы өз милдетин аткарышы керек”, - деди Айдарбеков.

Айдарбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушканын да айтып, “тең салмактуу чечим кабыл алынат деп ишенемин” деп белгилеген.

“Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүнкү кошоматчылар, эртеңки саткындар [...] Убакыт бат эле өтөт - эл бизди шайлады, эл бизге баа берет. Төрт жыл эле калды. Эл тараза, эл сынчы. Саясаттагы эң кооптуу нерсе - бул кайдыргерлик”, - деген ал.

Анын эртеси күнү парламенттеги беш фракция - “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” (жарымы), “Элдик” (айрым депутаттар каршы) жана “Мекенчил” - Айдарбековду комитет башчылыгынан алууну чечкен. Анын себеби Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасын делимитация боюнча макулдашуунун долбооруна кол койбогону деп аталган. Айдарбековдун отставкасына 43 депутат “макул”, 16 “каршы” добуш берген.

Көп өтпөй депутаттар Айдарбековдун ордуна Улан Примовду шайлады. (ЕВ)