Кемпир-Абад талашы: Ташкент тарап эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, president.kg
23-октябрда күч органдары “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” бир катар мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, айрымдарын кармап кеткени белгилүү болду. Кыймылдын катарында болгон саясатчылар жана активисттер кыргыз-өзбек чек ара маселесин биротоло тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын негизги бөлүгү Өзбекстанга өткөрүлгөнүнө нааразы болушкан.
*Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 км түзөт, анын 1170 км (85%) такталган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев макулдашуунун долбоорунда Кемпир-Абаддын 4 485 га Өзбекстанга өткөрүлүп, суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүлүп бошотулган 1 246 гектар жер Кыргызстанга өтөт деп ишендирген. Ал эми Садыр Жапаров Кемпир-Абаддагы плотинаны иштете турган 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүлөөрүн айткан.
Президент Садыр Жапаров 20-октябрда түштүк региондорунун тургундары жана активисттер менен жолугушууда Кемпир-Абад боюнча түшүндүрмө бергени менен суу сактагычты өткөрүп берүү чечимине нааразылык маанайы басылбай жатат.
“Садыр Жапаров бүгүнкү жыйындан кийин эл макул болбой жатат деп Өзбекстандын президентине айтып, бул кадамдардан кайтат го деп ойлогом. Жок. Булар Кемпир-Абадды бергенге чекиндүү кадам таштап алган экен”, - деген жыйынга катышкан активист Тилекмат Күрөңов.
Ошондой эле, бир нече күн мурун Оштогу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өткөрүлүп, бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынган. Ага бир катар депутаттар, саясатчылар жана активисттер катышкан. Ошондой эле курултайда “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүү чечими кабыл алынган болчу.
Өзбек бийлиги маалыматты ачыктай элек
26-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол койгон.

Өзбекстандын бийлиги протоколдун мазмунун бүгүнкү күнгө чейин ачыктабай келет. Ал эми Камчыбек Ташиев Кыргызстанга 19 699 га талаштуу жер тилкелери өткөнүн билдирген. Алар:
- Гавасай тилкеси - 12 949 га;
- Көк-Серек айылы - 105 га;
- Баястан айылы - 212 га;
- Үнкүр-Тоо (Унгар-Тоо) тилкеси - 35 га;
- Ак-Таш айылы (Ош) - 100 га;
- Кара-Белес айылы (мурда Өзбекстанга караштуу болгон) - 25 га;
- Шарихан-Сай каналынын тилкеси - 19,5 га;
- Орто-Токой суу сактагычы – 1009,5 га;
- Көк-Серек, Биринчи май айылдары - 1307 га;
- “Аэропорт”, Жетиген, Кербен тилкелери - 571 га;
- Шамалды-Сай айылы – 1088 га;
- Көк-Талаа, Пылдырак тилкелери - 1013 га;
- Араван району - 148 га;
- Сузак районуна кошумча 500 га;
- Өзгөн районуна кошумча 500 га.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин өзбек кызматы Камчыбек Ташиев берген маалыматка таянып кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түшүндүрмө жарыялады. Видеодо өзбек бийлиги расмий маалымат жана түшүндүрмө бербей жаткандыктан божомолдор пайда болуп жатканы тууралуу айтылган.
“Кыргыз расмийлери талаштуу аймактар өз пайдасына чечилгенин айтышат. Бирок ал жерде канча эл жашайт? Алардын арасында Өзбекстандын паспорту бар адамдар жашайбы? Эгерде ушундай болсо бул адамдардын тагдыры эмне болот? Аймактарды чечүүдө жергиликтүү калктын пикири эске алындыбы? Бул суроолорго азырынча так жооп жок”, - деген Би-Би-Си өзбек кызматынын алып баруучусу Аваз Тохиров.
Ошондой эле, Би-Би-Синин журналисти Кыргызстанга өтө турчу делген айрым аймактар (мисалы Баястан жана Көк-Серек) карталарда эчак эле Кыргызстандын аймагында болгонуна көңүл бурду. Мындан сырткары, Тохиров талаштуу аймактарда эки өлкөнүн тең жарандары жашап жатканынын ыктымалдыгы жогору болгонун белгиледи.
“Би-Би-Си аталган аймактардын биринде жашаган киши менен байланышып көрдү. Өзүн өзбекстандык деп атаган киши эгерде чынында ал жашаган аймак коңшу мамлекетке өтө турган болсо буга нааразы боло турганын айтты”, - деди журналист.
Ошол эле учурда Тохиров эгерде Фергана өрөөнүндөгү айдоо жерлерди сугарган Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлө турган болсо, бул “Ташкент дипломатиясынын чоң жетишкендиги деп айтылмакчы” деп жыйынтыктады.
Коңшу өлкөнүн айрым соцтармак колдонуучулары Өзбекстан Кемпир-Абаддын ордуна дээрлик 20 миң га жерди берүү чечимине нааразы болушту.
“Ата-бабаларыбыз байыртадан эле кан төгүп, жерибизди коргоп келген. Анан эмнеге жерибизди беребиз? Бир карыш жер да берилбесин”, - деп жазган Жонибек Рохимов аттуу колдонуучу.
“Кыргыздар “жер биздики” дейт, өзбектер “жер биздики” дейт! Жерди баарыңар эле меники дейсиңер!” - деген Камолиддин Абдуллажонов аттуу киши.
“Эмне болгондо да жерлерди берердин алдында элдин да пикирин алыш керек”, - деп жазган Интизор Давлетова.
“Казакстан Өзбекстанга Шымкент облусундай жер берип салды. Эң башкысы чек араны чечүү керек. Болбосо согуштар токтобойт. Мирзиёев дурус иштеп жатат, Өзбекстан Түркмөнстанга жер берген - эң башкысы коңшулар менен жакшы мамиледе болуу керек”, - деп жазган казакстандык колдонуучу Сапар Нурхобжаев.
Айрым колдонуучулар улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырышкан.
Кемпир-Абад суу сактагычы

Сүрөттүн булагы, Eurasianet
Кемпир-Абад суу сактагычы эки өлкөнүн чек арасындагы эң талаштуу он аймактын бири. Суу сактагычтын курулушу Кыргыз ССР менен Өзбек ССРинин Министрлер кеңешинин биргелешкен токтомунун негизинде башталган.
1960-жылдары расмий Ташкент кыргыз бийлигине суу сактагычты куруу өтүнүчү менен кайрылып, 1983-жылы анын курулушу аяктаган. Расмий документтерге ылайык, 5968 га жер суу сактагычтын алдында калган - анын 5022 га Кыргыз ССРине караштуу болгон. Анын ичинде Кыргыз ССРнин бир колхозу, үч совхозу жана бир тажрыйба чарбасынын курамына кирген 781 турак жай суунун астында калган.
Кыргызстан жана Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин эки өлкөнүн аймагында жайгашкан Кемпир-Абад талаштуу аймакка айланганы менен иш жүзүндө бул аймакты өзбек чек арачылар көзөмөлдөп келген.
Акыркы мезгилде Кемпир-Абад боюнча бир нече талаш-тартыштар болгон. Маселен, 2014-жылдын август айында Өзбекстан Ош облусунун Кара-Суу районунун талааларын Кемпир-Абад суусу менен камсыз кылган Савай каналын эч кандай эскертүүсүз он күнгө тоскон.
Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин эки өлкөнүн мамилеси жылып, талаштуу аймактар боюнча келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Учурда кыргыз өкмөтүнүн айтымында, коңшулар суу сактагычты бирдей пайдалануу боюнча макулдашууга жетишти, бирок келишим күчүнө кириши үчүн эки өлкөнүн парламенттери бекитип, президенттер кол коюшу керек. (ЕВ)














