"Сезимтал маселе". “Кемпир-Абаддын” кезеги келдиби?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кийин алынган посттордун ызы-чуусу күчөп турганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кемпир-Абад" суу сактагычындагы талаштуу тилкелердин маселеси да курчуп баштады. Анын тагдыры Жогорку Кеңеште дагы бир жолу көтөрүлдү. Чек арага жакын Өзгөн районундагы айыл тургундары талаштуу тилкелер боюнча кандай чечимдер кабыл алынганы жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда.

Сүрөттүн булагы, Акипресс
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында "Кемпир-Абад" суу сактагычы жөнүндө маселени көтөрдү.
"Азыр аябагандай катуу ызы-чуу. Кечээ областтык телевидениеден берди деп атат, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча. Кемпир-Абад кетиптир деген ызы-чуу аябай катуу кетип баратат. Беш айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушмайынча бул маселени токтотуп турсаңыздар деп айтылды эле. Макул болгон, өзү да отурган, президенти да отурган. Бирок жең ичинен барып кол коюп бергендиги, аны теледен айтып жибергендиги өлкөдө аябай катуу ызы-чуу чыгарып жиберди",-деди депутат.
Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы жакында эле Ташкентте болуп, тараптар тактала элек чек ара тилкелердин чийинин сызуу долбоору менен таанышып, такташып келишти.
Бирок талаштуу аймактар кантип чечилгени жатат дале белгисиз.
Мындан улам чек арага жакын жашаган тургундар бийликтен маалымат талап кылып, 27-августта жыйын куруп, ага депутат Адахан Мадумаров да келген.
“Бул жер төрт: Кызыл Октябрь, Кароол, Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө таандык маселе. Бирок анын тагдыры бүтүндөй Кыргызстанга тийиштүү. Биз уттук деп атышат, эгерде ошондой болсо сунуш киргизем. Президенттикпи же өкмөттүк тараптанбы сүйлөшүүлөргө төрт айыл өкмөтүнө барышып, чогуу иш өткөрөлү. Андай болбойт дешет. Кандай ойлосуздар, ушундан кийин жалгыз Мадумаровдо эле күмөн пайда болобу же силерде да болобу? 100% болот”.

Сүрөттүн булагы, Official
“22-30-августта Өзбекстанга барып келдик, анда кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу участоктор боюнча сүйлөшүүлөр уланды. Буга чейин беш-алты жолу жолуктук. Бул абдан сезимтал тема, ашыкча маалымат бере албайбыз. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерлерди тактап атабыз. Талаштуу аймактардын 15% боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, -деди Би-Би-Сиге министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.
2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Өзбекстан менен талаштуу жерлердин 85% такталганы кабарланган.
Учурда тараптар калган 15% тактап жатышат, анын 10% боюнча олуттуу деле талаш жок, бирок калган 5% боюнча тараптар мунаса табыша элек.
Учурда кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу эң таалылуу тогуз тилке бар. Өзгөндөгү советтер союзу маалында салынган Кемпир-Абад суу сактагычы алардын бири.
Былтыр президент Садыр Жапаров Ташкентке расмий иш-сапары менен барганда, чек ара талаштарга эми биротоло чекит коюлат деп күтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жапаровду улай эле Өзбекстанга УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы барып, бирок андан бери чек ара боюнча тактоо иштери созулуп кетип бара жаткандай.
Былтыр тараптар бул суу сактагычты бирдиктүү колдонуп, суунун 86% Өзбекстан тарапка кое берилип, калганы Кыргызстанга берилет деп макулдашкан.
Ташиев эки тараптуу келишүүдө кыргыз тарап көбүрөөк утушка жетишкенин, бул жерде сууну көлөмү эмес, ошол суу сактагычтагы суунун деңгээлин 900 метрден ашырбай кармап туруу маанилүүрөк деген жүйөө келтирген эле.
“910 деген чек бар экен, андан онду эле түшүрсө Кыргызстанга караштуу Өзгөн, Төрт-Күл, Куршаб, Кызыл-Октябрь айыл өкмөттөрүнө көп эле гектар айдоо жер бошойт экен. Андан тышкары, өзбектер бир миң гектар жер беришет экен. Бирок жергиликтүү эл буга каршы чыгып атат”, -дейт куршабдык аксакалдардын бири Кеңешбек Кантөрөев.
Кемпир-Абад суу сактагычынын курулуш иштери 1969-жылы башталып, 1983-жылы гидро түйүндөр толугу менен бүткөн.
Гидро объект Өзбекстандын суранычы менен Кыргызстандын аймагында курулуп, ал үчүн атайы шарттар да киргизилген.
“Бул Усубалиевден кезинде болгон иштер. Бул суу сактагыч Союз маалында курулган, аны куруу үчүн Өзбекстанга Кыргызстан жер бере турган болгондо атайы шарттар да коюлган. Мисалы ал курула туран аймак канча аймакты ээлесе, өзбек тарап ошончо жер бермек. Суу сактагыч 5 миң гектардан ашыгыраак аймакты ээлеп, Өзбекстан кенемте кылып 4 миң гектардай жерди берген. Буга кошумча Ноокатта Ленинское деген жерде канал да куруп беришмек. Бирок аны куруп бере албай калышкан. Дагы 1 миң гектардай жерди бериши керек эле, ал да берилбей, ошондуктан долбоор Өзбекстанга биротоло өттү деп толук жазылбай калган”, - деп эскерет Куршабдык Кеңешбек Кантөрөев.
Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик алгандан кийин суу сактагычтын плотинасынын көпчүлүк бөлүгү өзбек тарапта, бир бөлүгү кыргыз тарапта калып, эми аны бөлүү маселе жаратууда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барганда суу сактагычка жакын жерден өзбек тарапка 50 гектар берип, жер алмашууга ынап келгени чек арадагы кыргыз тургандарын катуу нааразы кылган.

Сүрөттүн булагы, Kloop
Былтыр мөөнөтсүз митингиге чыккан эл менен жолугушуп жатып Камчыбек Ташиев ал макулдашууга билбей барып алганын, жер берилбесин убадалаган.
“Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы биз үчүн эң жогорку талап. “Кемпир-Абадды” бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. “Кемпир-Абадды” азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз”, - деди Камчыбек Ташиев.
Ал тапта Өзбекстанда коомчулукка Кыргызстан менен чек арадагы талаштуу аймактар боюнча мунасалар табылып, сүйлөшүүлөр соңку стадияга келип калганы ачыкталууда.
Эл аралык мамилелер боюнча адис, өзбек саясат таанучусуФарход Мирзабаевал жактагы чек арага байланыштуу маанайдан Би-Би-Сиге сереп салып берди.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Боордош кыргыз элим менен чек ара тууралуу сүйлөшүүлөр соңку стадиясына келип калганынан кабарыбыз бар. Бардык талаштүү суроолор ич ара келишүүнүн негизинде бүтүп жатыптыр, бирок бизге деле анын чоо-жайы толук ачыктала элек. Бирок эки тарап тең өз кызыкчылыгын ойлоп жатканы турган иш да. Мында башкысы макулдашууга кол коюлгандан кийин, ал эки тараптан тең кынтыксыз аткарылышы керек.
Жергиликтүү эл да өкмөттүн чечимин кабыл алып, ага баш ийүүсү керек. Чечим кабыл алып коюп, андан кийин позициясын өзгөртүү бул сүйлөшүүлөрдү огобетер узартып ийиши мүмкүн. Азыр чек ара талашын чечип алуунун эң жакшы ыңгайы келип жатат. Кыргыз президенти Садыр Жапаров президенттик кызматта турганда эң башкы артыкчылыктуу багытым чек араны чечүү деп атпайбы. Өзбек бийлиги да мунасага келип, чек ара талаштарын бир жаңсыл чечип алуунун маанисин түшүнүп жатат”, -деди Фарход Мирзабаев.
Кыргызстанда президент Садыр Жапаров мындан эки ай мурун Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен жолугушуп, анда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча да учкай маалымат берген.
Президент менен жолугушууга барган депутат Акылбек Түмөнбаев буга чейин журналисттерге талаштуу тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп калганы тууралуу маалымат алышканын айтып берген. Анын сөзүнө караганда, Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун деңгээлин 700 метрге түшүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Мындай шартта суу сактагычка жакын дагы кошумча жер колдонууга чыкмак экени айтылууда. Бирок бул маалымат коомчулукка ачык айтыла элек.
Ал арада чек арага жакын Өзгөн районунан караштуу айыл тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кандай чечимдер кабыл алынганы жатат маалымат берүүнү талап кылышууда.
Алар буга чейин чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу талап кылып Жогорку Кеңешке 902 адамдын колу коюлган каттын жообун да күтүп жатышат.
Буга чейин кыргыз расмийлери кыргыз-өзбек чек арасы быйыл бир жаңсыл болуп чечилерин каңкуулашкан эле.












