"Массалык тополоң уюштурууга даярданган". Бишкекте бир нече активист кармалды

Рита Карасартова өзүн кармап кетүүгө милиция келгенин Инстраграммдагы баракчасынан билдирди

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рита Карасартова өзүн кармап кетүүгө милиция келгенин Инстаграммдагы баракчасынан билдирди

Бишкекте жекшембиде эртең менен бир катар жарандык активисттер менен саясатчылар "массалык тополоң уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалды. Алардын үйү тинтүүгө алынып, өздөрү сотко жеткирилип, бөгөт чарасы каралып жатканы тууралуу кабарлар таркап жатат.

Ички иштер министрлиги кармоолор "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында болуп жатканын түш оогондо кабарлады.

"Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Кармалгандардын арасында Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Айданбек Акматов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана башкалардын аттары аталууда. Кармалгандар баардыгы 18 адам экени кабарланды.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн кызматкерлери менен кармалган активисттердин укуктары кандай корголуп жатканына көз салып жатканын билдирди.

«Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен болгон жолугушууда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышкандардын колу-бутун сындырам деп коркутканын билебиз. Бул адамдардын маалыматка жетүү, өз пикирин билдирүү жана мамлекетти башкарууга катышуу укугун бузуу болуп саналат",-деп жазды акыйкатчы Фейсбуктагы баракчасына.

Өлкөдө соңку күндөрү жарандык активисттер, саясатчылар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү планына каршы чыгып жатышкан. Өзгөндө Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, митингилер, жүрүштөр өтүп жатат.

Ошол эле убакта Өзбекстан менен чек араны тактоодо элге тынчтык керек, бийликтин аракетине тоскоолдук кылбаш керек деген талаптар менен дагы чыккан жарандар, жамааттар болууда.

Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өздөрү Өзгөнгө барып эл менен жолугушуп, Бишкекте активисттерди өзүнчө чакырып сүйлөшүп, өздөрүнүн жүйөсүнө ынандырууга аракет кылышты.

Өзгөндө Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы адамдар курултай өткөрүшкөн

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзгөндө Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы адамдар курултай өткөрүшкөн

Президент менен соңку жабык өткөн жолугушууга катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Алты саатка созулган жыйынга келгендин жарымы ынанбай кеткенин Би-Би-Сиге билдирген болчу.

"Толук ынандырды деп айтуудан алысмын. Бирок президент Садыр Жапаров өзү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кандайдыр бир деңгээлде маалымат беришти. Мындай жыйын керек болчу. Мен деле жыйынга катышканга чейин көп маалымат билем дегем, бирок жаңы толук маалыматты уктум. Жыйынга келген элдин жарымы ынанды, бирок Өзгөндөн келген эл каршы болушту, алар районунун кызыкчылыгын карап атышат да".

Ошол эле убакта бийликтин эл менен болгон коммуникациясы кээ бир учурда түшүндүрүү эле болбой, коркутуп-үркүтүүгө чейин өсүп кетип жатканын социалдык тармакта көп сынга алышууда.

"Тигилер угуп калса жаман болот", "чүш акырынгыла" деп атат. "19 миң гектар жер менен 5 миң гектар жердин айырмасы бар" деп атышат. "Согуш чыгып калса биз өлдүк, кичине мамлекетпиз" деген коркутуп атышат. Аны коркутуу манипуляциясы дейт. Басып киргенди Рахмон менен эле Путин билет. Ал эми дүйнө жүзү дипломатияга өтүп атат", -дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Ошентип Садыр Жапаров "Кемпир-Абад" суу сактагычын коргоочулар менен тынчтыкты талап кылгандардын ортосунда оор кырдаалга туш болду. Мындай оор учурларда ашыкча күч колдонуу Кыргызстандын шартында максатына жетпей, кайра бийликтин өзүнө айгак болуп келгенин ал өзү да жакшы билет.

Соңку камоолор боюнча УКМКнын мурдакы төрагасы Феликс Кулов өзүнүн пикирин Фейсбуктагы баракчасынан билдирди:

"Кандай болгон күндө да ушул адамдар массалык тополоң чыгаруу кылмышын жасаганга барат деп ишенбейм. Эң катуу кеткенде алар тилине ээ боло албай, ашыкча сүйлөп алышы мүмкүн". (КС)