Кемпир-Абад иши: Лингивистикалык экспертизанын кортундусу таразадай так чыгабы?

Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандар

Сүрөттүн булагы, social

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын көбүнүн абак мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Жапырт кармалгандар жалпы 26 адам болсо анын төртөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Эки-үч адамды кошпогондо, баарынын кармалышына Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Бишкектеги кафелердин биринде жыйынга чогулганы себеп болгон.

Ички иштер министрлиги жыйынга катышкандарды 23-28-октябрда жапырт кармап, аудио сүйлөшүүлөргө таянып аларга “массалык тополоң уюштурууга даярдык көргөн” деген айып таккан.

Бул ишке январь айында жашыруун деген гриф коюлган соң анын ийне-жибине чейин маалымат алуу татаалдашты.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов менен жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев “эч бир далил жок болгондуктан төрт айдан бери тергөө жөн эле создугуп жатат” деп эсептейт.

“Тергөөчүлөр лингивистикалык экспертизалар бүтө элек, беттештирүү өткөрөбүз деп дагы эки айга узартууну суранып, тергөө-соттору колдоп берди. Бирок мен коргоп жаткан адамдар төрт айдан бери ашып кетсе эки гана жолу сурак берген. Булар ишти жашыруун кылып алып, бизге эч нерсе көрсөтпөй жатышат. Мунун баары мыйзамсыз”.

Деген менен Башкы прокуратура иш мыйзам чегинде жүрөт жана анын мыйзамдуулугуна такай көз салабыз деген жайы бар.

Экспертиза эмне болуп жатат?

илюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, lingex.ru

Эң негизги далил делген жыйындагы аудио жазууларга соттук-лингвистикалык экспертиза 10-ноябрда дайындалган. Турдалиевдин айтымында, экспертизанын корутундусу феварль айынын башында айыпталуучулардын пайдасына чыккан.

“Соттук-экспертиза массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга эч кандай чакырык жок деген кортунду чыгарган. Бирок тергөөчүлөр буга макул болбой, кайрадан комиссиялык экспертиза дайындап, өздөрүнө ылайыктуу кортунду алууга аракет кылып жаткансыйт”, - деди Турдалиев.

Ошентип экинчи жолу дайындалган лингивистикалык эспетизанын кортундусу качан чыгары азырынча белгисиз. Камакта жаткан жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин тергелип жаткан кылмыш иштери үчүн лингивистикалык экспертизанын кортундусунун мааниси чоң.

Лингвистикалык экспертизаны кимдер жүргүзөт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандагы бардык соттук экспертизалар сот жана укук коргоо органдарынын токтому менен Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматты тарабынан жүргүзүлөт.

Мекеменин алдында 2019-жылы экстремизмге же кандайдыр бир чакырыктарга лингивистикалык экспертиза жүргүзгөн атайын башкармалык түзүлгөн. Анын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семёнова лингивистикалык экспертиза кандай жүргүзүлөрүнө учкай токтолду:

“Соттордун аныктамасы же тергөө органдарынын токтомдорунун негизинде экспертиза дайындалып, материалдар бизге келет. Биз изилдеп, кастыкты козутуунун белгилерин же чакырык бар-жогун аныктаган кортунду чыгарабыз. Эгер лингивистикалык экспертиза дайындалса бир эле адис карайт. Эгер коммиссиялык лингивистикалык экспертиза дайындалса анын курмына эки-үч лингивист кирет”.

Соттук-экспертиза кызматтынын өкүлү Кемпир-Абад боюнча бул иштин жашыруун грифинен улам маалымат берүүдөн караманча баш тартты. Бирок лингивистикалык эспертизаны талап кылган бардык иштерге алар гана кортунду чыгарарын жашырган жок.

“Соттук-эксперттик иш жөнүндө” мыйзамда лингивистикалык экспертизаны атайын билимге ээ, компетенттүүлүк сертификаткаты бар ар бир жаран жүргүзө алары жазылган. Жийдегүл Семёнованын айтымында, Кыргызстанда мындай сертификат ал иштеген башкармалыктын эксперттеринде гана бар.

Кемпир-Абад суу сактагычы

Сүрөттүн булагы, akchabar.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келишимге ылайык, Кемпир-Абад Өзбекстанга өттү

Эксперттик топ бейтарап боло алабы?

«Соттук-эксперттик иш жөнүндө» мыйзамда эксперттердин көз карандысыз болору так жазылган. Айрым талдоочулар Кыргызстанда лингвистикалык экспертиза көп учурда укук коргоо органдарынын пайдасына чечишет деп келишет.

Эксперттик топтун кайсы бир мекемеге баш ийери дагы кортундунун калыс, бейтарап болушунан күмөн жаратат дегендер да бар. Буга мисал, 2017-жылы мамлекеттик экспертиза Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоо учурунда Ош шаарында сүйлөгөн сөзүндө “кастыкты козутуу” чакырыгы бар деп кортунду чыгарган.

Бир жылдан кийин Бабановдун тарапкерлеринин өтүнүчү менен көз каранды эмес адистер тобу түзүлгөн. Анын башында турган филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева Кыргызстанда бул багытта атайын методика жок болгондуктан орустардын практикасына таянганын айтты.

“Биз Бабановдун Он-Адырдагы сөзүнө лингивистикалык кортунду жасаганда илимий адабияттарды, Москвадагы лингивистикалык институттун материалдарын колдонгонбуз. Анда кыркка жакын сүлөмдү бир ай боюу баш көтөрбөй талдап, Бабановдун айткандарында улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес деген тыянак чыгарганбыз. Бизге чейинки “чакырык бар” деп кортунду чыгарган топ каршы пикир айта алган жок. Мен аларды беттешүүгө да чакыргам. Учурда лингивистикалык экспертизаларды ким жүргүзөрүн, анын деңгээли кандай экенинен кабарым жок”, - деди Култаева.

Кыргызстанда лингвистикалык экспертизанын кортундусу талаш жараткан учурда айыпталуучулардын адвокаттары көз карандысыз адистерге кайрылган учурлар арбын. Жыйынтыгында эки тараптын кортундусу эки башка чыгат.

Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн