"Леопард", "Абрамс" жана "Чэлленжер" танктары: Украинага Батыштан жөнөтүлчү танктардын артыкчылыктары менен кемчиликтери

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
Батыштын Украинаны негизги күжүрмөн танктар менен жабдуусу жаатындагы тема акыркы учурга чейин уу-дуу кептин мерчеми болуп келди. Бирок 25-январда Германиянын өкмөтү жана АКШнын президенти Жо Байден бул иш жүзөгө ашырыла тургандыгы тууралуу расмий жарыялашты.
Германия Украинаны "Леопард" ("Кабылан") танктары менен камсыздоо маселесин көпкө дейре чече алган жок. Биринчи кезекте, бул кадамдан чочулоо Германиянын "аскердик кагылыштардын иш жүзүндөгү катышуучусу болуп калабыз го" деген кооптонууларынан улам орун алды, деп эсептелет.
Бул көйгөй Германиядан жабдууларды Украинага жеткирүүгө гана эмес, башка өлкөлөрдөн немис танктарын кайра тышка чыгарууга (реэкспорттоого) расмий уруксат берилбей келгендигине да тиешелүү: расмий Берлиндин уруксатысыз өнөктөш өлкөлөр өздөрүндөгү "Леопард" танктарын Киевге берүүсү мүмкүн эмес болчу.
Бул татаал саясий маселени чечүү үчүн Улуу Британия менен АКШ тарабынан өз танктарын Украинага жеткирүү убадасы маанилүү огожо болуп калды: эми алардын чечимдеринен кийин Германия мындай заманбап танк менен Киевди жабдуу ишинде эч кандай жападан жалгыз өлкө саналбай калды.
Натыйжада, Европа менен АКШ Германияны "Леопард" танктарын өткөрүп берүүгө көндүрүп жатканда, Украина "Леопард 2" танктарынан тышкары "Абрамс" менен "Чэлленжер 2" танктарына да ээ болду. Украинанын тарапкерлери ал түгүл Германиянын канцлери Олаф Шольцтун буга чейин көжөлүп келгендиги үчүн интернеттин коомдук тармактарында азил иретинде ага ыраазычылык билдире башташты.
Украина канча танк ала алат?
Украинага канча танк келээри азырынча белгисиз. Сыягы, учурда жарыяланган танк саны тууралуу маалыматтар болочокто өзгөрө бериши күтүлчүдөй.
Азырынча Киевге 14 даана "Чэлленжер 2" танкы, Германиядан 14 даана "Леопард 2" танкы убада кылынды. Коңшу Польша дагы немистер өндүргөн танктан 14 даананы убада кылышы ажеп эмес.
АКШ Украинага 31 даана "Абрамс" танкын берет. Президент Байдендин айтымында, аны жеткирүү иши убакытты талап кылат, бирок АКШ жакын арада украин жоокерлерин бул танкты башкарууга машыктыра баштайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бул танктарды согуш талаасына жеткирүү убакытты талап кылат. Биз бул убакытты украиндердин "Абрамс" танктарын өз коргонуу тармагына ширелтүүгө толук даяр болушун камсыздоо үчүн пайдаланабыз", – деди Байден.
Америкалык басылмалар "Абрамс" танктары үчүн тапшырык "Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгеси" программасынын алкагында жасалышы керек экендигин, ал жагдай болсо бийликтерден америкалык аскердик кампадагы кордон даяр танктарды албастан, курал өндүрүүчүгө жаңы танк өндүрүү жаатында тапшырык жөнөтүүнү талап кылаарын маалымдашууда. Бул – алиги тапшырыктын аткарылышын өтө кечеңдетет.
Улуу Британияда 2021-жылы "Чэлленжер 2" танктарынын аскерлердин карамагындагы 225 даанасынын 77син курал-жарак тизмесинен чыгаруу тууралуу чечим жасалган. Демек, бул 77 танкты алар Украинага жөнөтүшү ажеп эмес.
Ал эми немистердин "Леопард" танктарына келсек, апта сайын чыгуучу Spiegel ("Шпигел") басылмасынын маалыматына караганда, Бундесверде "Леопард" танктарынын ар кандай түрдөгү жана ишке жарамдуу 212 даанасы бар. 2022-жылдын жай айынын башына карата дагы 100гө жакын сандагы ушундай танктар оңдолуп жаткан.
Украинанын жогорку даражалуу расмий өкүлүнө шилтеме жасаган ABC News сыналгы каналынын маалыматына караганда, "Рамштайн" аскер аба базасында өткөн сүйлөшүүлөрдө 12 мамлекет, – расмий Берлин реэкспортко уруксат берээр замат, – жалпысынан 100гө жакын "Леопард 2" танктарын расмий Киевге жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

"Леопард" танктарын жеткирүү ниети жөнүндө ачык билдирүүлөр Польшада жана Финляндияда да шардана кылынды. Басма сөздө, ошондой эле, Украинаны танк менен камсыздоо программасына Норвегия, Испания жана Нидерланддар дагы кошулушу мүмкүн деген кабарлар жарыяланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный согушта жеңишке жетиш үчүн Украинага 300 [Батыш] танкы керек экенин буга чейин билдирген.
Украина кайсы танктар менен жабдылган жатат?
Бул – маанилүү суроо, анткени сөз болуп жаткан Батыш танкынын үч түрүнүн ар бири замана талабына ылайык жаңыланган. Натыйжада, бир эле моделдин кээ бир варианттары бири-биринен байкаларлык айырмаланат, ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнө алардын кайсы түрлөрү жөнөтүлө тургандыгы жаатында азырынча так маалымат жок.
Демек, "тамчыдан деңиз куралат" деген саясат, балким, ар кандай системаларды ич ара бир калыпка жакындатуу зарылдыгына алып келчүдөй. Антпесе, бул чаржайыттык танк айдоочу жоокерлерди даярдоодо (бардыгын бир эле унаа түрүнө үйрөтүү оңой эмеспи) жана оңдоочу жабдууларды белендөөдө кыйла кыйынчылыктарга алып келиши ажеп эмес.
Spiegel басылмасынын айтымында, Берлин Киевге "Леопард 2A6" танктарынын ротасын (14 даана) өткөрүп бере алат. Бул танк түрү"Леопард" танктарынын заманага ылайык жана көп санда өндүрүлгөн түрүнө жатат. Ал мурдагы моделдерге караганда узунураак болгон L/55 замбиреги менен куралданган. Мындай узун сай – замбиректин огунун каршылаштын чопкутун көзөп өтүү жөндөмүн алда канча жакшыртат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2022-жылы июнь айынын башында испаниялык El Pais гезити макала жарыялап, анда өлкөнүн бийликтери Украинага аскер кампасында турган "Леопард 2A4" танктарынын тобун өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы айтылган. Испания лицензия боюнча "Леопард 2A6" танктарын өндүрүп чыгара баштаганга чейин Германиядан бул танктардын мурдагы түрүнүн 108 даанасын сатып алган.
"Леопард 2A4" танктары жаңыртылышы керектей сыяктанат. 1980-жылдардын аягында 2A4 түрү абдан заманбап танк болгон, бирок 30 жылдын ичинде танкка каршы курал алда канча күчтөнгөн чакта, "Леопард 2A6" танктарындагы өзгөртүүлөр жакшыраак коргоого ээ болгон. Мындан тышкары, кийинки версияларда замбирек ж.б. менен аткылоону башкаруунун, байкоо жүргүзүү, байланыш жана башкалардын өркүндөтүлгөн системалары камтылган.
Ошол эле жагдай америкалык "M1 Абрамс" танктарына да тиешелүү. Бүткүл тарыхында бул танктын 10 миңге жакын даанасы чыгарылган жана алар үч негизги версияда өндүрүлгөн: орто жолдо көптөгөн майда жаңылоолор жүргүзүлгөн. Анын негизинде улам жаңы танк түрлөрү кыйла жакшыртылган сактануу, ок атуу, байкоо жүргүзүү жана байланыш системалары жагынан айырмаланган. Америкалыктар "Абрамстын" кайсы версиясын Украинага жөнөтүшөөрү азырынча белгисиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коңшу Польша буга чейин жаңыртылган "M1А2 Абрамс" танкынын 250 даанасын сатып алган болчу жана 2023-жылдын январынын башында " M1A1 Абрамс" танкынын 116 даанасын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Эгерде Украина танктарды түздөн-түз "өндүрүү ишканасынан" алчу болсо, анда бул "Абрамс" танктар түрлөрүнүн ичинен "M1А2+ Абрамс" деп аталган эң жаңы жана заманбап версиясы болот ко, деп божомолдоого мүмкүн.

Ал эми "FV4034 Чэлленжер 2" танкы Украинага убада кылынган берки эки танктан кыйла айырмаланат. Биринчиден, ал жогорудагы америкалык жана германдык танктардан кийин жаратылган. Америкалык жана немис танктары "кансыз согуштун" туу чокусундагы маалдагы инженерлердин эмгегинин натыйжасы болуп саналат. Алардын өндүрүшү 1979-жылы (Германияда) жана 1980-жылы (АКШда) башталган. Британ танкы 1990-жылдары түзүлгөн жана өткөн кылымдын соңку жылдары аскерлерге берилген.
Британдык бул танкты Оман өлкөсү гана сатып алган. Анын "Чэлленжер 3" деп аталган жаңыртылган түрү да бар.
Батыш танктарынын кемчиликтери эмнеде?
Танктарды такикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча өз ара салыштыруу кыйын. Биринчиден, танктар сейрек учурларда гана эрөөлгө чыгышат. Танктар көбүнчө коргонуу жайларына, баш калкалоочу жайларга, кыйла жеңил жана кеңири таралган чопкуттуу аскер унааларына жана жөө аскерлерге каршы урушта колдонулат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Экинчиден, заманбап танк – башкаруу үчүн абдан татаал аскердик унаа. Аны байсалдуу же майнапсыз колдонуу көп учурларда жөн гана анын мүмкүнчүлүктөрүн 100%га колдоно албай калууга көз каранды. Бирок, бул танктардын деле адистерге белгилүү болгон артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.
Батыш танктарынын кемчиликтери жөнүндө айта турган болсок, анда бул үч түрдүн тең жок дегенде бир жалпы өксүгү бар: ал – салмагы.
"M1 Абрамс" танктарынын "M1А1 Абрамс" деген версиясынын күжүрмөн тулкусунун салмагы (массасы) 66 тоннадан ашат. Ал эми "Леопард 2A7" танкы деле ошол салмакка караандап барат. "Чэлленжер 2" танкынын күжүрмөн тулкусунун салмагы болсо кошумча коргоо жабдуулары менен бирге 75 тоннага жетет.
Бул танктардын баары, анын ичинде салыштырмалуу жаш "Чэлленжер" танкы да соңку эволюциянын жүрүшүндө кыйла "семирип" кеткени чын.
Танктарды өнүктүрүү танкка каршы куралды өнүктүрүү менен мезгилдеш жүрөт жана аларды заманага шайкештөөгө, атап айтканда, алардын корголушун чыңдоого багытталган. Жаңы жабдууларды кошумча орнотуу дагы алардын күжүрмөн тулкусунун салмагын көбөйтүүгө түрттү.
Салыштыруу үчүн белгилесек, орусиялык Т-80У танкынын күжүрмөн салмагы 46 тонна, Т-72В3 жана Т-90 танктарыныкы – 46,5 тонна чыгат.
Салмак – бул өтө маанилүү жагдай. Ал логистикага таасир этиши мүмкүн, анткени муну, мисалы, көпүрөлөрдөн өткөндө, чиркегичтери бар оор жүк сүйрөө унааларын табууну эске алуу керек, анткени танктар узак аралыкка өз алдынча жылып жүрө алышпайт.
Чопкуттуу аскер техникасы жаатындагы украин адиси Андрей Тарасенконун Би-Би-Сиге айтымында, танк үчүн тулкусунун салмагы эмес, кыртышка карата басымынын үлүшү өзгөчө маанилүү.
Ал Батыштын танктарынын өлкөдө узак аралыктан өтүү жөндөмдүүлүгүнө эч кандай кыйынчылык болбойт деп түшүндүрдү:
“Чындыгында, бул танктардын салмагы оорураак, бирок алар Т-90, Т-72 жана Т-80 танктарындагы алты чыгырыктуу [мында “чыгырык” деп каз таман чынжырларга таянган “дөңгөлөктөр” айтылууда] жүрүү бөлүгүнөн айырмаланып, жети чыгырыктуу жүрүү бөлүгүнө ээ. Демек, алардын шассиси көлөмү алда канча чоңураак сырткы таяныч тегиздигине негизделген. Мындан улам Батыш танктарындагы кыртыштын бир чарчы сантиметрине карата басым советтик түрдөгү танктардыкындагы басымга дээрлик барабар”.
Арийне, "Чэлленжер 2" танкында дагы алты чыгырыктуу жүрүү бөлүгү бар. Анын кыртышка карата басымы "M1 Абрамс" жана Т-72 танктарыныкы менен бирдей, бирок "Леопард 2", T-90 жана T-80 танктарыныкына караганда бир аз көбүрөөк.
Батыш танктарынын экинчи кемчилиги – экипажды атайын машыктырып даярдоонун зарылдыгы. Заманбап танктарды башкаруу өтө кыйын, алар ок атууну санариптик башкаруу, байкоо жүргүзүү жана байланыш системалары менен жабдылган.
Ошол эле учурда, ар бир экипаж мүчөсү техниканы өз иш-аракеттери автоматташтырылганга тете болгондой өзгөчө өрнөктүү өздөштүрүүгө тийиш, себеби уруш маалында, көп учурларда, бир көз ирмем ичинде туура аракетке баруу чечүүчү ролду ойнойт.
Танк экипаждары атайын аскердик машыгуу талааларында окутулат, алар мында чыныгы аскердик унаада да, тренажёрлордо да машыгышат. Ошондуктан ал тургай тажрыйбалуу танкчылар үчүн дагы жаңы технологияны өздөштүрүү машакаты узак убакытты талап кылат.
Акыр-аягында айтсак, жаңы танктарды кан майдан тарапка жеткирүү үчүн жабдууларды уюштуруу системасы керек болот. Украина үч түрдүү танк алмакчы, алардын ар бирине өзүнүн алмаштырчу тетиктери жана салгылашуу сайын чыгымдалуучу ок-дары ж.б. заттардын топтому керек болот.
Эгерде "Леопард" жана "Абрамс" танктары орток түрдөгү ок-дарыларды колдонушса (анткени алар бирдей жылмакай сайлуу замбирек менен жабдылышкан), ал эми "Чэлленжер" танкы беркилердикинен айырмалуу замбирек огуна муктаж. Бул танктын замбирегине НАТОдогу башка танктардын огу дал келбейт.
Мындан тышкары, "Абрамс" танкына келсек, ал ошондой эле күйүүчү майды көбүрөөк короткон "опкок" келет. Анын кыймылдаткычы катары дизелдик кыймылдаткыч эмес, турбина (б.а. күйүүчү кошулманы күйүү бөлмөчөсүнө олуттуу кысым менен топтоого негизделген кыймылдаткыч) колдонулат, анын үстүнө ага күйүүчү отун түрлөрү да өзүнчө ташылышы керек.
Турбинанын күйүүчү кошулма затка карата опкоктугу жөнөкөй ыкма менен толтурулат: "Абрамс" танкынын кыймылдаткычын авиакеросин, бензин, солярка жана, ал тургай, деңиз кемесинин дизелдик отунун куюп иштетүүгө болот, бирок, адистер түшүндүргөндөй, отундун бул түрлөрүн сарптоо көлөмү дагы чоңураак болот.
Заттык-техникалык жактан камсыз кылуунун көйгөйлөрү "Абрамс" жана "Леопард" танктарынын буга чейин эле Польшада колдонулуп келгендиги аркылуу белгилүү бир өлчөмдө чечилет. Украинага коңшу болгон бул өлкөдө аларды тейлөө үчүн база бар; бул танктарды кошумча тетиктер жана башка керектүү материалдар менен камсыз кылуу системасы да Польшада калыптанып калган.
Батыштын танктарынын артыкчылыктары
Салттуу түрдө сын көз менен бааланып келгендей, советтик танктардын бир маанилүү кемчилиги бар – алгачкы учурда атылчу замбирек огунун кампачасы "карусель" деп аталган чыгырык көздүү жабдууга жайгаштырылган. Бул жабдуу жоокерлер жайгашкан бөлмөнүн асты жагында орнотулган. Бул жагдай салгылашуу маалында танктын экипажынын аман калышына кедерги тийгизет, анткени сырттан замбирек огу тийчү болсо, бул чыгырык жабдуудагы ок ичтен жарылып кетиши ыктымал.
Батыштан Украинага жеткириле турган үч танк түрүнүн ичинен америкалык танкта гана бул кемчилик таптакыр жок: анын бүткүл ок-дары сактагычы замбирек мунарасынын сыртында, атайын арткы уячада жайгашкан. Ал мунарадан отко чыдамдуу чопкуттуу эшикчелер менен бөлүнүп коюлган. Капыстан танктагы ок кампачасына ок тийген учурда жарылуунун кубатынын эпкини асманды карай бүрктүлөт. Ок сакталган кампача атайын тактачалар менен калкаланып коюлган жана жарылуу басымынын эпкини менен бул тактачалар сыртка оңой эле ыргытылып ташталат.
Ар кандай (модификацияга жараша) аралашмалык материалдардан жасалган көп катмарлуу дурус чопкуту менен бирге "Абрамс" танкы дүйнөдөгү эң жакшы коргоого алынган танктардын сабына кирген.
Анын британдык жана германдык өнөктөштөрү болгон берки танктар деле көп катмарлуу чопкут менен жабдылган, бирок, адистердин айтымында, алардын сырттан корголушу "Абрамс" танкыныкына караганда төмөнүрөөк. Мындан тышкары, алардын ок-дарыларынын бир бөлүгү жоокерлер отурчу бөлүмдө жайгашкан. Бул ок-дарылар сырткы замбирек же ракета огунун сыныгынан кошумча коргоого алынган, бирок ага карабастан танктын экипажы ок-дарылар менен чогуу бир бөлмөдө болгондугу кооптонууну пайда кылат.
"Абрамс" танкынын кемчилиги — опкок турбинасы — анын артыкчылыгы да болуп саналат. Мындай кыймылдаткыч танкты турган ордунан бир топ ылдамыраак жүргүзүп кетүүгө жана жүрүп бараткан чагында ылдамдыкты тездик менен жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул оор танк чоң кара жолдо 60 км/саатка чейин, ал эми одур-бодур жер кыртышында 40 км/саатка чейин ылдам жүрө алат. Бул көрсөткүч турбинаны колдонгон Т-80У танкыныкынан начарыраак: орусиялык танк чоң кара жолдо 70 км/саатка чейин, ал эми одур-бодур жер кыртышында 60 км/саатка чейин ылдам жүрө алат.
Ал эми "Леопард 42A4" танкынын ылдамдыгы кара жолдо 70 км/саатка чейин жана одур-бодур жерде 60 км/саатка чейин тездик менен жүрөт, башкача айтканда, анын дизелдик кыймылдаткычы турбинадан кем калышпай иштейт. Немис танкында көптөгөн адистер айтып жаткан дагы бир артыкчылык бар: ал артка жылып жатканда бир кыйла жогорку ылдамдыкка ээ.
Бул – маанилүү көрсөткүч, анткени согуштук шарттарда танктар кээде буталарга ок чыгаруу үчүн сыртка чыгып, анан артка тез жылып жашынышат жана муну канчалык тез жасашса, душмандын ага жооп кайтарып, сокку уруу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот.
"Чэлленжер 2" – жайыраак жүргөн танк. Ал кара жолдо 56 км/саат жана одур-бодур жерде 40 км/саат ылдамдыкта жүрө алат. Бирок, бул көрсөткүч Орусиянын дизелдик T-72 жана Т-90 танктарынын ылдамдыгына дээрлик туура келет: орусиялык бул танктар кара жолдо 65 км/саат жана одур-бодур жерде 35 км/саат ылдамдыкта жүрө алышат.
"Чэлленжер 2" танкынын бургу сайлуу замбиреги көбүрөөк сынга алынууда. Бул замбирек орусиялык жана батыштык танктардын көбү жабдылган жылмакай сайлуу замбиректерге салыштырмалуу адаттан тыш эскидей сезилет. Жылмакай сайлуу замбирек сай ичиндеги газ басымынын жогору болушунун аркасында өзү аткан окту алда канча жогорку ылдамдыкка жеткирет. Ушундан улам, алар аткан октор калыңыраак чопкуттарды тешип кире алат.
Бирок бургу сайлуу куралдын тактыгы алда канча жогору болот. Эгерде негизги күжүрмөн танктын (НКТ; Main battle tank; MBT) башкы милдети каршылаштын танкы менен салгылашуу эмес экендигин эске алсак, анда бул кемчилик деле артыкчылык катары каралышы мүмкүн.
Акыр-аягында, Андрей Тарасенко айткандай, бул танктар көзгө дароо урунбай турган, бирок өтө маанилүү артыкчылыктарга ээ. Маселен, Батыштын үч танк түрү тең орусиялыктардыкына караганда замбиректин мунарасын ийкемдүү түрдө ылдый бура алышат. Бул сапат өтө чоң көлөмдөгү унааларга анын төбөсүн гана ачык калтырып, калган бөлүгүн адырлардын артына жашырууга мүмкүндүк берет.
Төгөрөгү төп келишкен курал-жарак
Танк – кургактыктагы заманбап салгылашуунун негизи. Ал милдеттердин кеңири өңүтүн аткарат. Ал – эч нерсе менен алмаштырылбай турган универсалдуу курал. Ошондуктан Валерий Залужный жана украин жетекчилиги Батыш өлкөлөрүнөн негизги күжүрмөн танктарды (НКТ) алууга өзгөчө дилгир болуп келишти.
Бирок заманбап танктардын мүнөздөмөлөрү канчалык бийик болгонуна карабастан, аларды жакшы машыккан экипаждар башкарып согушкан учурда гана алар күтүлгөн натыйжага ээ кыла алышат.
"Ал түгүл колдо болгон танктарга келсек, – эгерде тиешелүү машыгуулар өткөрүлбөсө, тренажёрлук сынактар болбосо, окуу техникалык парктары жана усулдук окуу материалдары колдонулбаса, – андай учурда бул танктардын өз мүмкүнчүлүктөрүнүн 60–70 пайыздайы деле жүзөгө ашырылбай кала бериши ажеп эмес", – дейт адис Тарасенко.
"Тээ 1989-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда, экипажды даярдоо деңгээлин 25%га жогорулатуу – бул аскердик унаалар менен танктар паркын 60%га көбөйтүүгө барабар", – деп Андрей Тарасенко мырза мурдараак айткан эле.
Бирок жада калса жакшы даярдалган экипаждар деле жалпы аскердик иш-аракетке катышып жаткан башка бөлүктөр – жөө аскерлер, инженердик бөлүктөр, чалгындоо топтору – менен ич ара күжүрмөн багытташууга көз каранды. Украин аскер күчтөрүнүн өкүлдөрү азыркы тапта чет өлкөлөрдөгү аскердик машыктыруу борборлорунда жигердүү машыгууда.
Заманбап курал-жарактар үчүн байланыш да маанилүү, ал эми жөө аскерлер менен тыгыз кызматташтыкта аракеттенген танктар менен байланыш – айрыкча мааниге ээ. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө, ошол эле орусиялык "аскердик кабарчылардын" берген бааларына караганда, ич ара байланыш абдан жакшы жолго коюлган. Бул байланыш деңгээли – азыркы украин аскер күчтөрүнүн өзгөчө күчтүү сапаттарынын бири.
Бирок танктардын өздөрү, алар канчалык жогорку натыйжалуу курал болгонуна карабастан, ар кандай согуш үчүн сыйкырдуу таякча болуп бербейт. Танктар – салгылашуу жүргүзүү үчүн керектүү курал гана болуп саналышат, аларды башкаруу үчүн оболу жакшылап үйрөнүп-өздөштүрүү зарыл. (TT)












