АКШда "Леопард 2" танкын Украинага берүүгө үндөй башташты
Павел Аксенов Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити өз булактарына таянып, АКШнын президентинин кеңсеси немис өкмөтүн «Leopard 2» аттуу негизги күжүрмөн танктарды (НКТ) Украинага берүүгө чакырганын өткөн аптада кабарлады.
Басылманын немис гезитинин жазганына караганда, АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан октябрь айында эле Украинага «Leopard 2» танкы менен камсыздоого Германияны чакырган. Имишке караганда, Салливан мырза канцлердин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Йенс Плетнер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө бул маселе тууралуу айткандай.
Мындай мүмкүнчүлүк талкууланып жатканын Бундестагдын коргоо иштери боюнча комитетинин башчысы Мари-Агнес Штрак-Циммерман айым ырастады. "Менин Вашингтонго болгон иш сапарым маалында Мамлекеттик департаментте, Конгрессте жана Сенатта болгон бардык сүйлөшүүлөрүмдө бул тастыкталды. Биздин өнөктөштөр Германиядан өз милдеттенмелерин аткаруусун күтүп жатышат. Биз танктарга муктаж болгон Украинаны эч таштабашыбыз керек", – деп бул саясатчы айым «Твиттердеги» (Twitter) барагында жазган.
Заманбап батыш танктары украин армиясынын эңсөө тизмесинин эң башындагы сапта турат. Аларсыз, буга чейин аскер адистери айткандай, жигердүү аскердик амалдарды, анын ичинде чабуулдарды жүргүзүү өтө кыйын.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Америка Кошмо Штаттарында советтик эмес танктарды Украинага өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз жүрө баштагандыгы – бир тең, негизги күжүрмөн танктардын (НКТ) өзгөчө жаңы үлгүсү – «Leopard 2» танкын жөнөтүү тууралуу кеп башталгандыгы – бир тең болууда.
Киев үчүн немистердин «Leopard 2» танктарын Украинага тапшырууга Вашингтондун макулдугу жана, ал гана түгүл, үндөөсү – күтүлбөгөн бурулуш окуя болду. Анткени мында кеп чабуул үчүн зарыл курал-жарактар жана жабдуулар жөнүндө жүрүп жатат. Арийне, Украинага жакынкы келечекте «Leopard 2» танктары жөнөтүлөт ко деген деле эч кандай так ишаара жоктугу да чын.
Жасалчу алгачкы кадам
2022-ж. апрелде Германиянын Rheinmetall компаниясы «Leopard-1A5» танк түрүнөн 88 бирдикти, ошондой эле жөө аскерлердин «Marder» аттуу чопкуттуу автоунаасынан 100 чактыны Украинага өткөрүп берүү сунушу менен германдык өкмөткө кайрылган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал маалда «Leopard» танктарынын алгачкы муунунун «Leopard-1A5» аттуу жакшыртылган түрү жөнүндө сөз болду. Бул түр 1980-жылдары модернизацияланган, бирок анын түпкү теги – 1960-жылдары түзүлгөн танктардан.
Бирок, Rheinmetall компаниясы бул аскер унаасын кампадагы сактоодон чыгарып берүүгө дилгирлик көрсөткөндүгүнө карабастан, Германиянын өкмөтү ал сунушка каршы туруп алган. Германия Украинанын дипломатиялык кысымына карабастан, «Leopard-1A5» танктарын Украинага берүүдөн баш тартып келди.
Жазында Украинанын Берлиндеги элчиси болуп иштеп жаткан жана кийинчерээк кызматынан кетирилген дипомат Андрей Мельник жаз айларындагы билдирүүлөрү аркылуу Берлиндин бул турумун сындап чыккан жана болгону бир патрон гана көтөрүп алган үлүлдүн сүрөтүн тепчип келекелеп (анда «Украина үчүн германдык курал-жарак эмитеден эле жолдо келе жатат» деген сөздөр коштолгон), өзүнүн «Твиттердеги» барагында жарыялаган болчу.
Арийне, «Украинага жетиштүү жардам бербей жатат» деп Германияны жемелеш да кыйын эмеспи.
Германдык өкмөттүн интернет барагында жарыяланган Украинага жөнөтүлгөн аскердик жабдыктар тизмесинде ондогон ар кандай чопкуттуу унаалар (БТРлар), «Panzerhaubitze 2000» аттуу өзү жүрүүчү артиллериялык куралдардын (аны ушул курал түрү боюнча дүйнөдөгү эң мыкты өрнөк деп жоромол кылышат) 14 бирдиги, «Gepard» аттуу зениттик өзү жүрүүчү куралдын 30 бирдиги да бар. Дал ушул заманбап замбирек түрү Украинанын Куралдуу Күчтөрү үчүн ирандыктар Кремлди жабдыган «Shahed» дрондорун атып жок кылууда өзгөчө баалуу аргалардан болуп калды.
Алиги тизмеде башка да өтө маанилүү аскердик жабдуулар, ок-дарылар, жүк ташуучу автоунаалар, чатырлар, тез жардамдык кутучалар ж.б. камтылган.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Германия «Алмашуу шакеги» (Ringtausch) программасын ишке киргизди. Анын алкагында Украинаны танктар менен камсыз кылган өлкөлөр алда канча заманбабыраак болгон немис танктарын алууга үмүт кыла алышат. Чехия менен Словения ушул программанын алкагында Украинага эски советтик Т-72 танктарын же алардын жергиликтүү версияларын жөнөтүшкөн. Словакия менен Грекия болсо дал ошол эле программага ылайык Украинага жөө аскерлердин чопкуттуу күжүрмөн унааларын жөнөткөн.
«Алмашуу шакеги» (Ringtausch) программасынын маалымдашынча, жалпысынан Германия ушул программанын алкагында Украинага демөөрчү болгон өлкөлөргө 109 аскердик унаа өткөрүп берген. Алар болсо, өз кезегинде, Украинага 138 танк жана жөө аскерлердин чопкуттуу күжүрмөн унааларын жөнөтүшкөн болчу.
Бул программа, бирок, өтө солгун иштеп жатат жана Германия өз өнөктөштөрүн сараңдык менен жабдууда, деп айрым адистер тарабынан сынга алынып келет. Маселен, «Т-72» танкынын Украинага жөнөтүлгөн 40 бирдигинин ордуна Чехия «Leopard 2A4» танкынын бар болгону 14 бирдигин жана бузулган техниканы оңдоп, коопсуз жайга ташуучу «Büffel” аттуу унаанын 1 бирдигин гана Германиядан алган. Бирок, кандай болсо да, Украина өзгөчө муктаж болуп жаткан чопкуттуу аскердик унааларды алууга Германиянын данакерлиги менен жетишти.
Украинага танктарды тикелей жабдуу жаатына келгенде, Германия, башка айрым Батыш өлкөлөрү сыяктуу, кетенчиктеп турууну эп көрөт. Эмне үчүн? Октябрдын аягында америкалык The Atlantic басылмасы макала жарыялады. Ал макалада мындай жүктөрдү жөнөтүүгө каршы жалпы жүйөөлүү ойлор талкууланган.
Адатта, чабуул коюучу оор куралдарды Украинага жеткирүүгө тоскоол болгон кемчиликтердин арасында техникалык тейлөө көйгөйлөрү жана Орусия менен мамилени татаалдантуудан коркуу саналып өтөт. Чынында эле, (мисалы, «Panzerhaubitze 2000» аттуу өзү жүрүүчү замбиректин ж.б.) тейлөө түйүндөрү Польшада жайгашкан. Эми бул жабдуулардын бузулуп калгандарын оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн украиндер аларды Польшага ташууга аргасыз болууда.
Кан майдандын алдыңкы тилкесинде иштей турган танктар берки тынч жайлардагылардан алда канча көбүрөөк оңдоону талап кылат, ал эми талаада жасала турган оңдоп-тейлөө иши запастык бөлүктөр, тетиктер менен камсыз кылууну талап кылат. Мындай кырдаалда логистика – абдан кымбат жана татаал болоору шексиз.
Германиянын Орусия менен болгон мамилесине келсек, The Atlantic журналындагы макаланын автору Энн Эпплбаумдун айтымында, Украинага жаңыдан жөнөтүлчү танктардын Кремлге эми таасир этиши күмөн, анткени Украинага буга чейин эле аскердик жабдуулар жеткирилип жатты го. Ал эми жаңыдан жөнөтүлчү танктардын бооорунда немис чырымдары эмес, украин энтамгалары боёк менен жаздырылаары – күтүлгөн нерсе.
Бирок, Эпплбаум айымдын айтымында, мындай жеткирүүлөргө каршы чечүүчү жүйөө – саясий жүйөө болуп саналат.
Немис саясатчылары үчүн Украинага Батышта өндүрүлгөн танктарды эч ким бербөөсү маанилүү – француздар да, италиялыктар да, америкалыктар да мындай кадамга барбоого тийиш. Демек, Эпплбаум айымдын пикири боюнча, немистер биринчи кадамды башка кимдир бирөө күтөт эмеспи.
Деги танк азыр керекпи?
19-сентябрда Пентагондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү танктар украиндер менен сүйлөшүүлөрдүн бутасы болгонун, бирок андан бери Украинанын Куралдуу күчтөрү Батышта өндүрүлгөн оор жана чопкуттуу техникаларды ала электигин билдирген.
Украинага «Leopard 2» танктарын жабдууну Америка Кошмо Штаттарынын учурдагы жактыруусу сөз жүзүндө гана кала берип жатат. Бирок бул ирет АКШ Киевге оор куралдарды жөнөтүү жаатында Берлинге карата чакырыкты үнүн кыйла бекем чыгарып айта баштагансыды, деп Frankfurter Allgemeine Zeitung басылмасы маалымдайт.
Акыркы жарым кылымдын ичинде танктар дээрлик ар бир согуштук кагылышуулардан кийин ойрон болду деп тизмеден чыгарылып келди.
Американын «FGM-148 Javelin» граната аткычы же британиялык «NLAW» граната аткычы сыяктуу жаңы жана жогорку натыйжалуу куралдар жөө аскерлердин танкка каршы куралдарынын катарын толуктаган чакта, ошондой эле артиллериялык ок аткылоолор дрондордун так багыттоосунун негизинде алда канча натыйжалуу боло баштаган кезеңде (анын үстүнө өзү эле таамай атчу замбирек түрлөрү келип чыкты), баягы танктар сүрдүү курал катары элестетилбестен, ордунан жылып жүрө алчу мажүрөө бутага айланышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Танктын баасы, – граната аткычка жана эң татаал жогорку тактыктагы снаряддарга салыштырмалуу, – теңдешсиз жогору, бирок кээде танкты атылган бир ок менен гана жок кылууга болот.
Украина согушу маалында интернеттеги коомдук тармактарга эки тарап тең танктарды жок кылган видеолорду жарыялашты. Бул тасмалар танкка каршы граната аткычтардын жарнамасына айланып, танктардын аброюна кыйла доо кетирди.
Бирок курал өндүрүүчүлөр танктарга болгон кызыгуусун жоготушпады. Украинада согуш башталгандан бир нече ай өткөндөн кийин алгач Германиянын Rheinmetall компаниясы, андан кийин америкалык General Dynamics компаниясы танктардын жаңы түрлөрүнүн үлгүлөрүн шардана кылышты.
Чындыгында, согуш талаасында дагы эле танкка атаандаш болчу техника азыркыга чейин жокко эсе. Танк ар кандай аскер амалдары жүрчү майданда, – талаада, шаарларда, тоолуу жайда, – күжүрмөн жөө аскерлердин чабуул тобунун чордонун түзүп турат.
Маселен, учурдагы Украинадагы согуш маалында чопкуттуу оор техникасынын далайынан кол жууп, чоң жоготууларга учураган орус аскерлери азыр деле согуш талаасындагы танктардан баш тартууга даяр эмес.
Албетте, эгерде "Леопард" танктарын Украинага өткөрүп берүү маселеси оң жагына чечилчү болсо, анда бул танктарды колдонуу үчүн узак мөөнөттүк машыгуу талап кылынат – буга кеминде алты ай кетиши ыктымал, дешет адистер. Бул машыгуу жүрүмү чет өлкөдө жүргүзүлүшү керек: танктарды даярдоо борборлору машыктыргыч жабдууларды (тренажерлорду) колдонушат, аларды колдонуу аркылуу танк айдоочуда унааны башкаруу көндүмдөрү да, тактикалык ыкмалар да иштелип чыгат.
Украина болсо өз аскерлерин машыктыруу үчүн көп күч жумшап, көп каражат сарптап, көптөгөн жоокерлерин чет өлкөлөрдөгү окуу борборлоруна жөнөтүп жүрөт.
Деги «Leopard 2» деген эмне?
«Leopard 2» танкы – экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилдеги танк куруу өнөр жайынын тарыхындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири.
Анын башкы куралы болгон «Rheinmetall Rh-120» аттуу жылмакай сүмбөлүү замбирек америкалык «M1 Abrams», жапондук «Type 90» жана Түштүк Кореянын «K1A1» танктарында да колдонулуп келет.
Бул танк 1979-жылдан бери чыгарылып келет жана бир нече жолу жакшыртылып-жаңыртылган. Анын «Leopard 2A7» деген акыркы жакшыртылган түрү 2014-жылы Бундесвердин карамагына келе баштаган.
«Leopard 2» танкынын замбирек октору күжүрмөн жоокерлер жайгашкан бөлмөдөн айрыкча бөлүнүп турган атайын уяча жайда сакталат. Кокустук болуп, ок-дарылар жарылып кеткен учурда, анын жарылуу толкуну сыртка түртүлүп салынчу кабырчык аркылуу тышкарыга багытталат да, танктын экипажына жарылуунун зыяны дээрлик тийбейт.
«Leopard 2» танкынын акыркы жакшыртылган түрлөрү ок атууну багыттоочу жоокерге бир нече бутанын ичинен тийещелүү мерчемди тандоого көмөк берген заманбап ок атууну башкаруу системасы менен жабдылган. Бул танктар алыскы аралыкты өлчөй турган заманбап лазердик жана стереоскопиялык дүрбүлөр, түнкү көзгө сайса көрүнгүс караңгы шартта көрүү мүмкүнчүлүгү бар аспаптар менен да жабдылган.
Тээ июнь айынын башында эле испаниялык «El Pais» гезити өлкөнүн бийликтери Украинага аскердик кампада турган «Leopard 2A4» танктарынын бир тобун өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы тууралуу макала жарыялаган. 1995-жылы Испания Германиядан бардыгы болуп «Leopard 2A4» танкынын 108 бирдигин алган, андан кийин ал өз аймагында алда канча жаңыртылган «Leopard 2A6E» танкынын лицензиялык өндүрүшүн баштаган.
Бул испандык сунуш – азырынча Украинага берилиши мүмкүн болгон танктын белгилүү бир модели аздыр-көптүр так көрсөтүлгөн жалгыз сунуш.
Эгерде чындап эле «Leopard 2A4» танкы жөнүндө сөз кылынып жатса, анда бул сунуш маңызга ээ. Дал ушул танк түрү «Leopard 2» танктар үй-бүлөсүндө эң кеңири таралган жана 1985-жылдан бери чыгарылып келе жаткан байсалдуу түргө жатат.
Танктын бул түрүндө эчак эле өрт өчүрүүнү башкаруу системасы киргизилип, бул унааны коргоо шарттары кыйла жакшыртылган. Мындан тышкары, «Leopard 2A4» танктары ар кайсы өлкөлөргө жабдылган соң, аларды жаңыртуу жаатында бир нече жергиликтүү жана атаандаш программалар жүзөгө ашырылып келген. Бул танк, чындыгында эле, заманбап танк болуп саналат.
Бирок, чопкуттуу аскердик техника жаатындагы украин адиси Андрей Тарасенко Би-Би-Си үчүн курган маегинде баса белгилегендей, кандай болгон күндө да мындай «Leopard 2A4» танктары Украинага, "10-20 бирдик түрүндө» – өп-чап гана санда эмес, «бир нече жүзгө жетчү санда" жеткирилгенде гана күтүлгөн жыйынтыкты бере алат. (TT)







