Украина: HIMARS деген кандай ракета жана ал согуштун багытын бура алабы?

A Ukrainian soldier

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, HIMARS Украинанын чыгышында бактардын далдаасында.

Украинанын президенти Владимир Зеленский HIMARS ракетасы Россияга каршы согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатканын билдирди.

Америкалык өндүрүштөн чыккан ракета ондогон орус буталарын, анын ичинде командалык пункттарды, ок-дары сакталган кампаларды талкалады.

Аны менен ошондой эле көпүрөлөрдү аткылашты, мисалы Россия оккупациялап алган Херсонду кайтарып алыш үчүн ага барчу көпүрөнү көздөй Украина ракеталык соккуларды жасоодо.

HIMARSдеген эмне?

HIMARS - М142 жогорку мобилдүү артиллериялык система - беш тонналык оор машинага орнотулган ракеталык курал, бир эле учурда удаасы менен алты ракета менен сокку ура алат.

Specifications of the Himars missile system
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Химарстын техникалык мүнөздөмөсү

Украинага берилген ракеталык комплекстер 80 км чейин алыстыкка сого алат. Бул АКШ Украинага мурда берген гаубицалык куралдардан алыска атуу жагынан эки эсе жогору.

HIMARS ракеталык системасынын 300 км алыска сокку ура турган дагы бир түрү бар. Бирок аны АКШ Украинага берген жок.

80 км чейин жеткен ракета россиялык "Смерчь" ракетасына окшош, бирок HIMARS GPS менен мээлеп, ракета менен таамай согот.

Range of Himars missiles compared with range howitzer shells and Russia's Smerch missiles

Украина HIMARS ракетасын кандай пайдаланууда?

HIMARS ракеталык комплекстери Украинага июндун аягында, июлдун башында келе баштады. Сент-Эндрюс университетинин стратегиялык изилдөөлөр профессору Филиппс О Брайендин сөзүнө караганда, ракеталык комплекстер башында жүрүп келаткан күчтөргө эмес, командалык борборлорго каршы орнотулду.

"Ал Украинын чыгышында фронтту бойлото коюлуп, россиялык позициядан болжолдуу алганда 30 мил аралыктагы курал-жарак кампаларына сокку уруп жатты".

Анын айтымында, Украина азыр HIMARS куралын орустардын казармаларын жана командалык пункттарын көздөй сокку урууга колдоно баштады.

Украина Лисичанск менен Луганскини ракеталык аткылоодон жүзгө жакын аскер өлгөнүн, ал эми Луганскиде жалданма күчтөрдүн штабына сокку урганда дагы жүздөй адам жок кылынганын айтууда.Профессор О'Брайендин айтымында ракеталык чабуулга эки жолу тең HIMARS катышты.

Footage of the attack in Nova Kakhovka was shared on social media

Сүрөттүн булагы, EyePress News/REX/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин күчтөрү июлда Жаңы Каховкадагы орус аскеринин ок-дары кампасын Химарстын ракетасы менен талкалашканын айтууда

АКШ Украинага тогуз миллиард доллар наркындагы жардамынын алкагында 16 HIMARS системасын жиберди.

Улуу Британия дагы М270 деп аталган ракеталык системасын берди, ал "Химарска" окшош жана ошондой эле ракеталар менен сокку урат. Анын үчөө жеткирилди, дагы үчөө жолдо.

Июлдун ортосунда украин күчтөрү HIMARS колдонуп баштап, Россия оккупациялап алган Херсонго алар барган жолду бөгөп салыштын аракетин көрүүдө.

HIMARS ракеталары Россияны ал аннекциялап алган Крым менен байланыштырган Днепр дарыясындагы көпүрөлөргө катуу зыян алып келди.

"Орустар Херсонго кошумча аскер жиберип, аны коргоп калуунун аракетин көрүүдө",-дейт профессор О'Брайен."HIMARS чабуулу алардын аскердик толуктоолоруна тоскоолдук жаратты".

Украина карта

HIMARS Украинага жеңишти алып бере алабы?

Президент Зеленский америкалык ракеталык системалар өлкөнүн күч-кубатын чыңдоо үчүн тагдыр чечер мааниге ээ экенин Фейсбукта белгилеп, "HIMARS жана башка жогорку таамайлык менен сокккон куралдар согуштун жүрүшүн биздин пайдабызга буруп баштады" деп жазды.

Америкалык армиянын эсебинде, августтун ортосунда украин күчтөрү Химарстын жардамы менен Россиянын жүздөн ашык маанилүү буталарын жок кылды.

"HIMARS армиянын камсыздоо жолдорун кесип салууга жардам берүүдө, ал ошонусу менен маанилүү курал болуп жатат",-дейт профессор О'Брайен.

"Бул украин күчтөрүнө жаңы стратегия түзүп берди - россиялык күчтөрдүн запастарын талкалап, айласын кетирип, күчүн алсыратып салган жатат".

Бирок Лондондогу королдук коллеждин аскердик иш боюнча эксперти доктор Марина Мирон ракеталык куралдын таасири ашыкча бааланып жатышы мүмкүн дейт.

"HIMARS кыймылсыз буталарга атканда таамай барып тиет, ал үчүн сизде так координаттар болушу керек",-дейт ал.

"Бирок аны көчүп жүрүп турган буталарга урганда анчалык эффективдүү эмес, ошондуктан ал чабуулду токтото албайт".

"Мен HIMARS орустарды капыстан басты, бирок күчтөрдүн тең салмагын өзгөрткөн жок деп айтар элем."

Two Himars missiles being launched during US army exercises

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Химарс ракеталары душмандын терең тылындагы буталарды талкалайт

Украинанын коргоо министри Алексей Резников орус армиясынын жүрүшүн токтотуу үчүн дагы элүү HIMARS керек, ал эми ийгиликтүү контр чабуул жасаш үчүн 100 HIMARS керек деп билдирди.

Ошол эле убакта профессор О'Брайендин пикиринде, бул жерде системаны ракеталар менен жетиштүү камсыздоо жагы биринчи кезекте маанилүү.

«Болжол менен "Химарстын» 16 аткылоочу механизми болсо — бул жакшы, — дейт ал, — азырынча тонна ок-дары бар. Бирок ракетаны чыгарган өндүрүш баарын өз мөөнөтүндө камсыздоодо кыйынчылык тартып баштады».

Россия кандай каршылык көрсөтүүдө?

«Азыркы убакта Россия аткыч механизмдер менен ракеталарды аларды жеткирүү учурунда жок кылууга аракет кылууда», — дейт доктор Мирон.

Россия күчтөрү бир нече аткыч механизмдерди жана жүзгө жакын ракетаны жок кылганын билдиришти, бирок анын далилин көрсөткөн жок.

«Химарстарды жок кылуу орустардын колунан келбей жатат», — дейт профессор О'Брайен.

«Анткени согуш болуп жаткан райондордо алардын учактары коопсуз уча албай жаткандыктан, химарстарды асмандан көрө албай жатат".

«HIMARS сени карай аткандан кийин ага дароо жооп кайтаруу кыйын, анткени ал көз ачып-жумганча эле согуп салат». (КС)