АКШнын жаңы жардамы: Украина чабуул баштайбы?

Павел Аксенов, Би-Би-Си орус кызматы

Украин аскери жапырт атууга “Град” батареясын даярдап жатат

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин аскери Харьковдун астында жапырт атууга “Град” батареясын даярдап жатат. Артиллерия - Украинадагы жаңжалда жок кылуунун негизги каражаттарынын бири

Американын Украинага аскерий жардамынын жаңы пакети кургактагы согушка багытталган. Жаңы курал-жарак жана техника Украинанын Куралдуу күчтөрү айтып жаткан чабуул коюу үчүн колдонулушу мүмкүн. Пентагондун сайтында жарыяланган тизмеде жеңил гаубицалар, чалгындоочу учкучсуз учактар, минаны зыянсыздандыруучу унаалар жана радиолокацияга каршы ракеталар бар.

Азыркы учурда Украина фронтундагы абал аздыр-көптүр турукташкандай. Орус аскерлери алдыга жылууга аракет жасоодо, бирок соңку айларда алар алгылыктуу аралыыка жыла алган жок.

Украин армиясы Херсон шаарынын аймагында чыңалууну жарата алды. Днепрдин оң жээгинде орусиялыктар өтүүчү көпүрөлөр аткыланып, Ингулец дарыясынын жээгиндеги плацдарм украиндердин көзөмөлүнө өттү. Бул орус армиясынын жүк жеткирүүлөрүн үзгүлтүккө учуроо коркунучуна алып келди.

Соңку убактарда украин саясатчылары жана аскерлери бул багытта чабуул коюу тууралуу көп айта баштады.

Мындан сырткары, Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей Юсов жакын арада бардык фронтто “маанилүү окуялар болуп калышы мүмкүн” экенин билдирди.

Эксперттердин эсептөөлөрү боюнча, азыр Орусияга чоң чабуул жасоо үчүн даярдалган жөө аскерлер жетишпейт, ал эми Украинага курал-жарак.

19-августта Пентагон Украинага бериле турган дээрлик 775 млн долларлык аскердик жардамынын жаңы пакетин жарыялады. Бирок так сан айтылган жок.

Курал-жарактардын жаңы пакети фронттогу кырдаалды өзгөртө алабы?

Аскердик жардамдын жаңы пакетинде эмнелер бар?

АКШ Украинага берчү жаңы жардам пакетине мурдатан таанымал болгон HIMARS жапырт атуу системасынын ракеталары кирет. Украинада HIMARS сыяктуу эле GMLRS ракеталарын колдонгон америкалык M270 MLRS жана германиялык MARS II жапырт атуу реактивдүү системалары (ЖАРС) да бар.

Канча ракета жеткирилери айтыла элек. Орус оругундагы (тыл) маанилүү буталарды аткылоо тактикасы Украинанын коргонуусунун маанилүү компоненти бойдон калууда, ошондуктан Украина мындай ракеталарды көп керектейт.

Ошондой эле пакетке миң Javelin танкка каршы ракеталык комплекстер кирген. Аны менен бирге башка ар кандай танкка каршы орнотмолорго ок-дарылар каралган (алар көчмө комплекстерге ылайык болушу ыктымал, анткени тизмеде мисал катары швециялык танкка каршы башкарылуучу ракеталык комплекс “Карл Густаф” көрсөтүлгөн).

Мындан сырткары, GMLRS жогорку тактыктагы реактивдүү ракеталар (тизмеде HIMARS үчүн ок-дарылардын түрү көрсөтүлгөн эмес, бирок, адатта, бул ЖАРС 70 километр аралыкта уча ала турган ушундай ракеталарды колдонот) жана танкка каршы комплекстер үчүн октор. Алар кандай болгон күндө да керек, анткени салгылашууда ок-дарылар абдан көп сарпталат.

Жеңил жана шайма-шай гаубицалар

Пентагондун тизмесиндеги башка системалардын арасында: 105-мм гаубицанын 16 бирдиги - M119 болушу мүмкүн - жана алар үчүн 36 миң ок-дары. Буга чейин Улуу Британия Украинага окшош L119 гаубицаларын жеткирген. 

Бул куралдар, мисалы, буга чейин жеткирилген M777 калибрлүү 155-мм гаубицаларга салыштырмалуу алда канча күчтүү эмес. L119 кадимки снаряд менен 14 километрге гана атат - бул советтик L-30 гаубицасы аткан алыстык менен тең.

L119 гаубица

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, L119 - аба аркылуу ташыла ала турган жеңил гаубица

Бирок L119 чоң артыкчылыкка ээ - анын болгону 1,8 тонна салмагы бар. Мисалы, советтик Д-30 эки эсе оор: 3,2 тонна. Бул абдан маанилүү артыкчылык болуп саналат, анткени жеңил талаа куралы позициясын тез өзгөртө алат жана аны аскердик HUMVEE жолтандабасы (жаңы пакетте мындай 50 унаа бар) менен сүйрөп же вертолет менен аба аркылуу ташууга болот.

Башкача айтканда, M777ден (Аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан жана салмагы төрт тоннадан ашса да жеңил жана аэромобиль болуп саналат) айырмаланып, L119 позициясын бат өзгөртө алат. Бул гаубицага контрбатареялык күрөштөн качууга жана жөө аскерлерди коштоп жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Минаны зыянсыздандыруучу унаалар

Тизмеде Украинанын куралдуу күчтөрүнө чабуул жасоодо абдан пайдалуу боло турган дагы бир пункт - бул “миналарды зыянсыздандыруучу системасы, анын ичине минадан коргоочу 40 даана MaxxPro сооттолгон унаасы жана каток тралдары кирет”.

MaxxPro

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, MaxxPro Ооганстанда. Бул унаада минага каршы трал жок
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тизмеде алар "Украинага түштүк жана чыгышта орус аскерлери болушунча минага "толтурган" талааларды зыянсыздандырууга мүмкүндүк берет" деп ачык жазылган.

Израилдик аскердик эксперт Давид Гендельман Би-Би-Сиге берген маегинде билдиргендей, мындай техника мурдагы аскердик жардамдын тизмесине кирген эмес.

“Бизге белгилүү болгондой, эки тарап тең масштабдуу мина коюу иштерин жүргүзүп жатат, ошондуктан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулу үчүн минаны зыянсыздандыруучу техниканы чыңдоо зарыл. Ошондуктан, мындай техниканын жеткирилиши кеминде жалпы сүйлөшүүлөрдүн алкагында бул маселе [чабуул] Пентагон менен талкууланганын жана керектүү каражат бөлүнө баштаганын билдирет”, - деди эксперт.

Гендельман белгилегендей, "миналарды зыянсыздандыруу системасы" деген сөз бир топ бүдөмүк угулат жана ал канча, эмнени билдирерин так түшүнүү кыйын. Бирок MaxxPro боюнча маалымат кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет.

"Каток тралдары бар 40 даана MaxxPro бул белгилүү сан. Мындай машиналар аныкталган операциялык багыт боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн жетиштүү болушу мүмкүн. Бирок, албетте, миналарды зыянсыздандыруу системалары масштабдуу чабуул үчүн зарыл болгон нерселердин бир гана компоненти болуп саналат", - деп айтты ал.

Радарларга каршы ракеталар

Бул тизмеде дагы бир кызык пункт бар - AGM-88 HARM радиолокацияга каршы ракеталары.

Биринчиден, бул ракеталар Украинада буга чейин колдонулган. Экинчиден, Пентагон украиндер аларды өз учактарынан колдонууга үйрөнүшкөн деген эксперттердин божомолун расмий тастыктады.

Мындай ракетанын сыныктары Украинанын учурда Орусия көзөмөлдөгөн аймактарында август айында табылган. Бул табылга таң калыштуу болду, анткени буга чейин ракеталардын жеткирилиши тууралуу айтылган эмес.

AGM-88 HARM

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, AGM-88 HARM - батыш учактары колдонгон авиациялык ракета

Ошол эле учурда соцтармакта украиндер AGM-88 HARM ракетасын кантип учурганы тууралуу көптөгөн божомолдор пайда болду, анткени бул куралды колдонуу үчүн атайын башкаруу системасы талап кылат. Ал украиналык МиГ-29 жана жана Су-27 орнотулган эмес болчу.

Азырынча божомолдордун бири: Украинага кандайдыр бир жол менен Словакия же Румыниядан МиГ-29 учактары берилген (бул учактарды жеткирүү тууралуу маалымдалган эмес), алар мындай ракеталарды колдонуу үчүн модернизацияланган.

Экинчи версия: украиндер өздөрүнүн МиГ учактарын жаңылап, чындап бүтүрдү. Бирок бул версия эч кандай техникалык маалыматтар менен ырасталган эмес. МиГдерге мындай учууларда Украинанын чек арасынын айланасында абада жүргөн НАТОнун чалгындоочу учактары көмөк көрсөткөн болушу ыктымал.

DefenseNews АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу кызматкерине таянып, украиндер ракеталарды МиГдерден учура алганын тастыктады.

"Украина бул ракеталарды ийгиликтүү колдонду. Алар украин учактарынын системасына ийгиликтүү интеграцияланды. Бул эми Украинага орусиялык радарларды издеп, жок кылууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Кандай болбосун, Пентагон украиндер кандайдыр бир жол менен AGM-88 HARM ракеталарын абадан колдоно аларын мойнуна алды.

Бул узак аралыкка учуучу учак ракеталары (150 километрге чейин) пассивдүү жетектөөчү алдыңкы бөлүк менен жабдылган. Башкача айтканда, алар соккуга тийиш болгон радардын нурун бутага алат.

Радар - аба чабуулунан коргонуу (ПВО) батареясынын негизги элементи. Ошондуктан авиациялык ракеталар чабуулду абдан эффективдүү колдошу мүмкүн: алар ПВО системаларын басууга жөндөмдүү болгондуктан, аба операциялары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Жаңы учкучсуз учактар

ScanEagle дрону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ScanEagle дрондорунун сыноосу. 2009-жыл

Тизмеге буга чейин чет өлкөдөн жеткирилбеген ScanEagle чалгындоочу учкучсуз учактар да кирди. Бул Boeing компаниясына туундуу Insitu ишканасынын жаңы табылгасы. Пентагон мындай аскердик дрондон 15ти жибермей болду.

ScanEagle - чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана бутаны белгилөө үчүн чакан, орто бийиктикте учуучу дрон. Ал 18 саатка чейин абада жүрө алат, ал убакытта учкучсуз учак өтө деталдуу сүрөттөрдү коопсуз канал аркылуу жерге жөнөтө алат.

Бул машакатты жокко эсе учкучсуз учак, аны атайын катапульта менен түз эле талаага учурууга болот. Ошондой эле атайын мамыдагы кабелге жабышып, каалаган жерге конот.

Украинадагы жаңжалда чалгындоо системаларынын ролуна артыкча баа берүүгө кыйын - алар бириккен куралдуу салгылашуулардын башкаруу чөйрөсүнө киргендиктен, душман жөнүндө маалыматты онлайн режиминде берип артиллериялык ок ​​атууну таамайлоого жардам берет.

Алар чабуул коюуга да, коргонууга да пайдалуу.

Пентагондун тизмесинде танкка каршы Tow системалары да бар. Бул, бир жагынан, абдан эски система, бирок, экинчи жагынан, ар кандай уюлдук платформаларда колдонсо болот.

Ошондой эле, “кызматы жөнүндөгү маалымат тизмеси” бар куралдарга ок-дарыларды табуу оңой. Учурда Tow комплекстери 20дан ашык өлкөдө колдонулат. Жалпысынан Пентагон Украинага 1500 ракета берүүнү көздөп жатат (бирок алардын учуруучу орнотмолордун саны көрсөтүлгөн эмес).

Мындан тышкары, Пентагондун тизмесинде коопсуз каналдары бар тактикалык байланыш каражаттары, жардыргыч заттар, түнкү көрүүчү аппараттар, жылуулук көрсөтүүчү визор, оптикалык жана лазердик алыстыкты ченегичтер бар.

Жашыруун жеткирүүлөр болушу мүмкүнбү?

Орусия көзөмөлдөгөн аймакта буга чейин жарыяланбаган HARM ракетасынын сыныктары табылгандан кийин, бул суроо риторикалык болуп калды.

Албетте, азыркы заманда башка мамлекетке, айталы, бир эшелон танктарды тымызын жеткирүү кыйын. Ал эми кымбат, жогорку технологиялык учак ракеталары менен муну жасоо оңой.

Эксперт Давид Гендельман, биринчиден, чет мамлекеттер Украинага курал-жарактын же ок-дарылардын кандайдыр бир бөлүгүн тымызын жеткириши мүмкүн деп эсептейт. Экинчиден, ал белгилегендей, Украинага берилчү аскерий жардамдын көлөмү тууралуу маалыматтар так эмес.

"Биз буга чейин эле жардам катары берилет деп жарыяланган куралдардын көлөмү көп учурда бүдөмүк санда берилерин бир нече жолу көрдүк: мисалы, бул пакетте биз "36 миң 105-мм артиллериялык снаряддарды", бирок ошол эле учурда "HIMARS үчүн кошумча ок-дарыларды" жана "кошумча HARM ракеталарын" [так эмес санын] көрүп жатабыз. Бул жерде "биз такталбаган көлөмдө берип жатабыз" деп ачык айтылып жатат. Ошондуктан, көлөмдөрдү эсептөө үчүн эч кандай база жок", - деп белгиледи ал. (ЕВ)