"Украина Британ куралы менен Россияга сокку ура алат"

Британиянын коргоо министри Жейм Хиппи, Украина британ куралдарын Россиянын аскер объекттерине каршы колдонууга мыйзамдуу укугу бар экенин жар салды. Орусиянын коргоо министри, эгер бул ишке ашса, Москва жооп берерин эскертти.
BBC Radio 4 радиосунун Today программасынын суроосуна Жеймс Хиппи мындайча жооп берди:
“Биринчиден, чечимди куралды чыгарган жана экспорттогон кишилер эмес, украин аскерлери кабыл алышат.”
“Экинчиден, душмандын логистикасын жана камсыздоосун талкалоо максатында анын оругундагы буталарга сокку уруу – толук мыйзамдуу”, - деп кошумчалады жана ал аскерий инфраструктура жөнүндө гана кеп кылып жатканын баса белгиледи.
Андан кийинки Би-Би-Синин дипломатиялык корреспонденти Жеймс Ландейл менен маегинде, коргоо министрлигиндеги булактар министрдин сөзүн кошумча тактап, Британия куралды бутага багыттоого эч кандай катышпайт турганын белгилешти:
“Мээлөө – Украинанын иши. Бирок Британия бул конфликттин тараптары бутаны тандоодо куралдуу конфликт мыйзамдарына толук ылайык чечимдерди кабыл алышарын күтөт”, - деди булак.
Дүйшөмбүдө Британия Укрианага Starstreak ракеталарын атуучу түзмөктөр менен жабдылган бир нече Stormer машинесин берерин жарыялады.
Россиянын коргоо министри: “Лондондун киев режимин мындай кадамдарга шыкактоосу, аны ишке ашыруу аракетине алып келсе, ал ошол замат биздин пропроционалдуу жообубузга кабылат”, - деди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусия Украина анын территориясындагы буталарга, анын ичинде, Белгороддогу нефтебазага сокку урду деп айыптады. Украина буга катышы бар экенин четке кагууда.
Батыш өлкөлөрү Орусия басып киргенден бери Украинага жүз миллиондогон доллар аскердик жардам беришти. Украин бийликтери бул орус баскынын токтотуу үчүн жетишсиз экенин айтып, батыш лидерлери менен болгон жолугушууларда жардамды көбөйтүүнү суранып келишет.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров, НАТОну кыйыр согушка айыптап, батыш Украинага берген куралдар орус аскеринин бутасы болуп каларын билдирди.
Дүйшөмбүдө Лавров батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берүү менен аны шыкактап жатат деди жана дагы бир жолу мындай аракеттер “үчүнчү Дүйнөлүк согушка” алып келерин эскертти.
Жеймс Хиппи, НАТО мүчөлөрү Украинага курал берүүдө, Россия аларды ачык каршылашууга күнөөлөсүнө негиз бербеш үчүн бардык эрежелерди өтө кылдат сакташат деп эсептейт.
Британиянын коргоо министри, Россия НАТО менен конфликт тууралуу бул согушка чейин эле айтып келгенин эске салып, аны сандырак кеп деп атады.
Анын пикиринде, Лавровдун коркутууларына карабастан, толук масштабдуу согуштун башталуу мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Синин дипломатия боюнча корреспонденти Джеймс Ландейлдин анализи

Украина Орусия менен өзүнүн жок болуп кетпөөсү үчүн согушуп жатат, ошондуктан анын аскерлери Орусиядагы инфраструктураны бутага алып жатканы таң калыштуу эмес.
Батыш өлкөлөрү алардын куралы мындай чабуулда колдонула турганына көп деле сарсанаа эмес.
Хиппинин комментарийлериндеги ачыктык кызык болууда.
Башка конфликттерде, мисалы, Йеменде, британ министрлери британ куралын колдонулушуна этият мамиле кылышкан.
Бир жагынан, министрдин орун басары адаттагы ачыктыгын көрсөтүүдө. Ал көп учур саясатчы эмес, мурдагы аскер кишиси катары сүйлөп коет.
Экинчи жагынан, НАТОнун бул согушка улам көбүрөөк аралашып баратканын көрсөтүүдө:
Батыш өлкөлөрү Украинага улам көбүрөөк, улам күчтүрөөк курал берүүдө.
Украинага танкка каршы комплексттерди берген – бир иш, өлкөнүн сыртына сокку ура алуучу учкучсуз учактарды жана артиллерияны берген – башка иш.
Украинаны коргоо менен Орусияга чабуул коюнун айырмасы улам бүдөмүк болуп баратат. (CS)












