Пентагондон Украинага дагы миллиард долларга аскердик жардам
Барбара Плет Ашер, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пентагон Украинага миллиард долларга аскердик жардамды жарыя кылды. АКШ ошондой эле Дүйнөлүк банк аркылуу Киевке дагы төрт жарым миллиард доллар бюджеттик жардам көрсөтүлөрүн билдирүүдө. Бул АКШ Украинага көрсөтүп жаткан аскердик жана экономикалык жардамдын соңкулары. Конгресс Украинага 54 миллиард доллар көлөмүндө жардамды бекиткен болчу.
Бул курал-жрактын соңку пакети ракета, реактивдүү снаряддар жана ок-дарылардын ири партиясы болуп калмакчы. Анын ичинде жогорку таамайлык менен соккон ракеталар бар, анын жардамы менен украин армиясы орус аскерин фронттун линиясынан ары жагына чейин аткылап жаткан чагы.
Курал-жарактар түздөн түз Коргоо министрлигинин кампаларына келип түшөт, ошондуктан аларды ыкчам жеткирилет. Пентагондун чоң кызматтагы өкүлү Колин Каль бул куралдар украин армиясына орустардын позициясына кысымды күчөтүүгө жардам берет деди:
"Мунун баары украин армиясына чыгыштагы орус чабуулунун мизин майтарууга, ошондой эле түштүктөгү жана башка жактардагы окуялардын өнүгүшүнө реакция кылганга жардам берет. Биз администрациянын бардык деңгээлинде айтып келаткандай, Украинанын коопсуздугун камсыз кылууга мындан ары дагы кам көрөбүз, анткени ал негизсиз жана чагымчылык менен кол салган Россияга каршы турууда".
Каль мырзанын эсебинде согуш башталгандан бери орус армиясында каза тапкандар жана жарадар болгондор баары 70 миңден ашты. Бирок ал Украинанын да жоготуулары көп болуп жатканын айткан жок.
АКШнын Киевке экономикалык жардамы Киевке оорукана, мектеп жана башка маанилүү инфраструктураларга негизги мамлекеттик кызматтарды төлөп бергенге мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле биринчи кезекте зарыл болгон гуманитардык жардамды жеткирүүгө, пенсияларды төлөп бергенге өбөлгө түзөт.
Украинанын бийликтеринин айтымында, өлкөнүн бюджетиндеги тартыштык ар бир айда болжол менен беш миллиард долларга өсүүдө.
Дүйнөлүк банктын болжолунда ушул жылдын акырына чейин өлкөдөгү калктын жарымынан көбүн катуу жакырчылык басат. (КС)












