Украинага жардамдын жаңы пакети: "Гарпун" менен "Экскалибурдан" эмне ылаажы?

DEFENSE.GOV

Сүрөттүн булагы, DEFENSE.GOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШда машыгуу убагында М777 гаубицадан түн ичинде бүркүлгөн ок жалын

Донбасста чабуулга өткөн Россия аскери абдан эле жай жылып жатат, бирок украин аскери аларды токтото алган жок. Анын үстүнө соңку күндөрү Северодонецкиде орус аскери украин бөлүктөрүн курчоого алышы мүмкүн болууда. Украина чет элдик курал-жаракка муктаж болуп турганда тышкы күчтөр жиберген курал-жарактардын агымы күч алууда.

Өткөн аптада АКШ Украинага 40 миллиард доллар жардам пакетин бекитти, анын бир бөлүгү курал-жарак жиберүүгө жумшалат. Ал эми дагы бир бөлүгү украиндерге курал-жарак берген өлкөлөргө компенсация катарында бөлүштүрүлөт.

Пакеттин аскердик-техникалык жагында курал-жарак жиберүү эле эмес, адистерди даярдоо, окутуу, курал-жарактар менен аскердик техниканы материалдык-техникалык тейлөө сыяктуу иштер да каралган.

23-майда Украинанын коргоо министри Алексей Резников америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен сүйлөшүп, Киевге эң керектүү куралдар тууралуу айта кеткен эле. Киев сураган куралдардын кээ бир түрү Украинага келе баштады.

Одессага - "Гарпундар"

Гарпундар

Сүрөттүн булагы, AFP

Украинага келип жаткан курал-жарактар жөнүндө эң чоң жаңылыктардын бири Даниянын Украинанын аскер-деңиз күчтөрүнө америкалык өндүрүштөгү Harpoon ракеталарын берүү ниети болду. Бул туурасында Ллойд Остин Алексей Резник менен сүйлөшүүлөрдөн кийин болгон брифингде билдирди.

Министр Украинага кайсы модификациясы бериле турганын так айткан жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Harpoon ракеталары көп жолу модернизация болгон. Jane's Defense басылмасынын кабарында Украина ала турган ракета - RGM 84L Block II.

«Гарпундун» бул модификациясынын артыкчылыгы, аны менен ачык деңизде эле эмес, жээктеги кемелерди, керек болсо кургактагы объектилерге да сокку урса болот.

Бирок «Гарпундун» алыска атылышы украиналык «Нептунга» караганда азыраак - 140 км, ал эми «Нептундуку» - 280. Анткен менен согуштук бөлүгү кубаттуу - 221 кг.

NavalNews жазгандай, адистерди бул куралдарды колдонууга окутуу иштери эле болжол менен он төрт күн алат.

Harpoon ракетасын Одессага жайгаштырган жатышат, бул порт шаарды орус күчтөрүнүн камалоосун алып, десант түшүрүү аракеттеринен коргоо керек болууда.

“Москва” крейсеринен ажырагандан кийин орус деңиз аскери Крым жээгине жакын болууга аракет кылууда, деп жазат NavalNews. Анткени ал жакта асмандан коргоо комплекстери калкалап турат, экинчиден, канаттуу ракеталардын чабуулунан жээктин өзүн да коргоп жатат.

M777 - "акылдуусубу" же жөнөкөйүбү?

АКШ мурдараак Украинага М777 гаубицаларынан токсонду жиберерин кабарлаган. Австралия менен Канада онду бермей болгон.

М777 гаубицалары Украинага жөнөтүлөрдүн алдында

Сүрөттүн булагы, DEFENSE.GOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М777 гаубицалары Украинага жөнөтүлөрдүн алдында

Жогорку таамайлыктагы снаряддар

Жардам пакетинин ичинде Канада жиберип жаткан 20 миң снаряд бар. Алардын арасында жогорку таамайлыктагы түрлөрү барбы, айтылган жок.

M982 Excalibur снаярддары GPS навигациясынын эки бирдей системасын колдонот, анын жардамы менен учуунун траекториясы бутага тийгенге чейин эсептелет.

Ошол эле убакта бул снаряддын бүктөлмө канаттары бар, ал маневр жасап, атуунун алыстыгын 40 кмге чейин көбөйткөнгө жардам берет. (КС)