Украинада өздөрүн "Туран" атаган батальон. Андагы кыргыз ким?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Украинада чач тарач болуп иштеп жүргөн кыргыз жараны орустарга каршы өздөрүн "Туран" деп атаган аскердик топ түзүлгөнүн жарыялады. Кыргызстанда коопсуздук кызматы ага каршы кылмыш ишин козгоду.
Украинада биринчи түрк тилдүү батальон түзүлгөнүн, аны кыргыз жараны Алмаз Кудабек уулу баштап чыкканы коомдук сайттарда кеңири кабарланды. Бул батальондун он чакты мүчөсү күжүрмөн катарга тизилип туруп, видео кайрылуу жасашты.
Видеодо алар Россиянын президенти Владимир Путинге, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго кайрылып, "Украинадагы атайын операцияга жамынып өлкөнүн түрк элдерине геноцид" болуп жатканын билдиришти. Кадыровго болсо Украинадагы кылмыштарды жаап жашыруу үчүн ыйык динге тийишпе дегендей мазмундагы эскертүү айтылды.
Алмаз Кудабек уулу жөнүндө маалымат көп эмес. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги сөз болуп жаткан адам тууралуу мурунтан кабары бар экен. Ал тургай буга чейин эле аны менен байланышып, мекенине кайтууну сунуш кылышкан. Бирок Алмаз бул сунуштан баш тартып, аймактык коргонуу бөлүмдөрүнө барып кошулганы маалым болду.
"Айрым маалымат каражаттарында аскер кагылышуусуна катышы бар делген "КуА" аттуу жараныбыз тууралуу май айларында социалдык баракчаларымда маалымат берген элем. Кагылышуунун биринчи күндөрүндө эле "КуА" элчилике чалып, Киевдин борборунда адамдарды баш калкалоочу жайга жайгаштырып, аймактык коргонууга жардам берип жүргөнүн билдирген. Ошону менен Киевдеги кыргызстандыктарга дагы ушул маалыматты жеткирүүнү сунуштаган. "КуА" Элчиликте консулдук учетто турган эмес, анткени 2021-жылдын декабрнда эле Украинага келген. Ал аталган шаарда чачтарачта иштечү экен. Ага Элчилик тараптан бир нече жолу Украинадан чыгарылып, өлкөбүзгө бекер жетип алуусуна да жардам берээрибизди сунуштаганбыз. Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Кийин, май айында КуА фронтто аскердик санитарларга жардам берип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн",- деди Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов.
Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Алмазга каршы кылмыш ишти жазында эле козгогонун айтууда. Кыргызстандын мыйзамдарында башка өлкөдөгү куралдуу конфликттерге же аскердик операцияларга катышууга тыюу салынган.
«УКМК расмий түрдө билдирет, бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келет. Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтарап болуп жатат», — деп айтылат расмий маалыматта.
Кыргызстандын мыйзамдарында чет өлкөдөгү куралдуу конфликттерге же согуштук операцияларга катышып, террордук же экстремисттик кылмыш жасоо үчүн атайын машыгуулардан өткөндөр беш жылдан сегиз жылга чейин, ал эми кылмыштуу топко бириккендер сегиз жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.
УКМК социалдык тармакты изилдеп текшерип жатып, Украинадагы согушту чагылдырып жаткан аккаунт Алмаз Кудабек уулуна таандык экенин аныкташкан.
Ошол эле убакта Украинадагы согушка Россиянын аскерлеринин катарында катышкан кыргыз жарандары тууралуу дагы такталбаган, түрдүү маалыматтар бар. Эгер андай фактылар болгон болсо тиешеси барларга кылмыш иши козголуп же козголбогону азырынча белгисиз. Украинада орус аскеринин катарында согушуп окко учкан кыргыз жарандарынын сөөгү Кыргызстанга келген мисалдар да болду. Маалымат каражаттары жазгандай, каза тапкан эки кыргыз жараны кайдан, кантип, кандай шартта ал согушка аралашышканы тууралуу толук маалымат жок.
Мындан бир нече ай мурун Кыргызстандыктарды интернетте ар кандай жарнамалар аркылуу Украинадагы согушта Орусия тарабында согушууга үгүттөп, азгырып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Анын мазмунуна караганда, орусиялык жеке менчик аскердик компания коопсуздук кызматына жумушчулар алынат деп жарнама берип, азгырып жатканы тууралуу айтылган. Бул тууралуу чакан журналисттик иликтөөлөр да чыккан. Би-Би-Си атайын кызматтын ардагери, Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Токон Мамытов менен бул темада атайын маек курган. Аны төмөнкү шилтемеден көрүңүз:
Жаңылыктарга караганда, "Туран" жаңы эле түзүлгөн батальон. Өздөрүнүн эн тамгасын да коюп алганын көрүүгө болот. Анын катарында жалданган 350 жоокер бар экени, арасында казак, кыргыз, уйгур, азербайжан улутундагы адамдар бар экени кабарланууда. Дагы бир кабарда казак жараны, өзүн казак "Рембосу" атаган Жасулан Дуйсембин да Туранга кошулганы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Алмаз Кудабек уулу эки апта мурда казак тилдүү "БАСЕ" сайтынан кайрылуу жасап, эмне үчүн Украинада орус армиясына каршы согушка аттанганы тууралуу жүйөлөрүн айтып, түрк элдеринен колдоо сураган экен.
"Биз кыргыздын, казактын келечегин ойлоп жүрөбүз. Украинадан токтоп калбайт булар. Казакстанга, Кыргызстанга келет",- дейт ал.
Интернет платформалардын бириндеги кайрылуунун астындагы комментарийлерде Алмазга жардам бергиси келгендер үчүн акча которо турган банктык эсеп көрсөтүлгөн. Эрежеге ылайык, Би-Би-Си ал маалыматтарды ачыктабайт.
Алмаздын Ютубдагы кайрылуусуна пикир жазгандардын көбү аны колдой турганын билдиришкен, анын ичинде радикалдуу пикирлер да жок эмес.
Ошол эле убакта башка коомдук сайттарда аны мактагандар менен катар айыптап пикир жазгандар болууда. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча башка мамлекеттердеги согушка, согуштук аракеттерге аралашуу мыйзамсыз. (КС)







