Boeing Пентагонго 150 км аралыкка жетчү ракеталарды Украинага берүүнү сунуштады. Бул кандай курал?

GLSDB ракеталары 150 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку ура алат. Бул сүрөт SAAB веб-сайтынан алынды - анда ракета MLRS орнотмосунан чыгарылган

Сүрөттүн булагы, SAAB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, GLSDB ракеталары 150 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку ура алат. Бул сүрөт SAAB веб-сайтынан алынды - анда ракета MLRS орнотмосунан чыгарылган
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Reuters агенттиги "Пентагон Украинага жаңы өтө таамай сокчу ракеталарды берүүнү көздөп жатат" деп билдирди. Маалымат агенттиктин жазганына караганда, Boeing корпорациясы АКШнын Коргоо министрлигине украиндерге 150 километрге чейин уча турган “жерден атылган кичинекей диаметрдеги бомбанын” (GLSDB) ок-дарыларын берүүнү сунуштаган. Бул Украинага Орусия көзөмөлдөгөн аймактардагы терең жайгашкан буталарга сокку урууга мүмкүндүк бермек.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 70 километрден ашык аралыктагы буталарды атууга жөндөмдүү “башкарылуучу реактивдүү жапырт атуучу системаны” (GMLRS) согушта ийгиликтүү колдонууда.

Бирок, америкалык New York Times өткөн күнү жазгандай, Украинаны согушта курал менен камсыздаган Батыш өлкөлөрү ок-дарылардын жетишсиздигине туш боло баштады.

Reuters жазган GLSDB ракеталары GMLRS’тин ордуна ийгиликтүү колдонула алат, анткени алар арзаныраак жана шайкеш тактык менен алыс аралыкка уча алат.

Жаңы “эски” курал

GLSDB ракеталарын Boeing жана Saab Group компаниялары биргелешип иштеп чыккан. Ал жерден учуруу үчүн модификацияланган жогорку тактыктагы GBU-39 бомбасынын негизинде жасалган.

Бул үчүн M26 ок-дарынын ракеталык бөлүгү колдонулат - ал M270 MLRS жана M142 HIMARS артиллериялык системалары үчүн иштелип чыккан. Украин армиясы бул системаларды GMLRS ракеталары менен сокку уруу үчүн колдонот.

GLSDB абдан так жана салыштырмалуу кичинекей бутага каршы колдонулушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, SAAB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, GLSDB абдан так жана салыштырмалуу кичинекей бутага каршы колдонулушу мүмкүн

M26 эски ракета болуп саналат. Ал 1970-жылдардын аягында иштелип чыгып, 1980-жылы өндүрүш башталган. Бул башкарылбаган ракеталар кассеталык ок-дарыларды колдонушат.

1980-жылдан бери М26’нын ар кандай модификациядагы 400 миңден ашык ракеталары жасалган. Бирок кассеталык бомбаларды азайтуу кампаниясынын алкагында АКШ армиясы M26’нын олуттуу бөлүгүн жок кылды.

Ачык булактарда АКШ жана алар жеткирилген өлкөлөрдө канча М26 ракеталары калганы тууралуу так маалымат жок.

Жөө аскерлерге каршы коюлчу миналарга тыюу салуу боюнча эл аралык кыймылдын веб-сайтында, тагыраагы бул жана кассеталык бомбалардын жок кылынышын көзөмөлдөгөн программада, 2004-жылы АКШнын арсеналында 369 576 даана кассеталык дүрмөттөрү бар M26 ракетасы бар болгону айтылат.

Human Rights Watch уюмунун маалыматында, мындай ракеталар Бахрейн, Египет, Франция, Германия, Греция, Израил, Италия, Жапония, Түштүк Корея, Түркия, Улуу Британия жана Нидерландияга жеткирилген.

АКШ армиясынын веб-сайтында бул ок-дарыларды жок кылуу тууралуу 2013-жылы жарыяланган маалыматка таянсак, технология “согуштук дүрмөткө гана тиешелүү” экени айтылган, ал эми ракеталык бөлүгүн утилизациялоо тууралуу сөз болгон эмес. GLSDB’ны өндүрүүнүн максаттарынын биринде M26’нын ракеталык бөлүктөрүн иштетүү болгон.

Алыс жана так

Boeing жана Lockheed Martin 2000-жылдардын башында GBU-39 жогорку тактыктагы кичинекей диаметрдеги авивбомбаны жасай баштаган.

Идея бомбанын салыштырмалуу кичинекей согуштук дүрмөтүнүн ордун жогорку тактык менен толтуруу болгон.

Ок-дарынын негизги бөлүгү бекемделген буталарды жок кылууга багытталган жана бир метрге чейинки темир-бетонду тешип өтө алат.

2006-жылы куралданууга алынган бомба бутага таамай тийиши үчүн спутниктик навигация системасын колдонот.

Учактан ташталгандан кийин ок-дарылар учуу аралыгын жогорулаткан бүктөлүүчү канатын ачат. GLSDB иш жүзүндө бул бомбанын жерден атылчу версиясы.

GMLRS ракеталарынын ордун жаңы бомбалар менен толтуруу реалдуубу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

New York Times гезити АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү Украинага жаңы курал-жарак жеткирүү үчүн запастарды табууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын жазган. Биринчиден, бул замбирек артиллериясы үчүн снаряддарга тиешелүү, бирок, Boeing корпорациясынын демилге көтөргөнүнө караганда, АКШ HIMARS жана MLRS орнотмолору үчүн жогорку тактыктагы ракеталарга альтернатива издеп жатат.

Украина бир нече айдан бери АКШдан HIMARS жана MLRS үчүн кубаттуураак MGM-140 ATACMS ракеталарын сурап жатат. Алардын ыраактыгы 300 километрди түзөт. Бирок бул ракеталар украиндерге бериле элек жана аларды берүү пландары ачык булактарда айтыла элек.

GLSDB’дин 150 чакырым ыраактыгы ATACMS ракеталарына караганда азыраак. Ошол эле учурда GMLRS ракеталарынын алыстыгынан алда канча ашат - алар фронттон алынган маалыматтарга караганда 90 километрге чейин уча алат.

Ачык булактарда GLSDB баасы тууралуу так маалымат жок, бирок, АКШнын аба күчтөрүнүн сайтында жарыяланган маалыматтардын негизинде, алар 40 миң доллардан ашык турат.

GBU-39 авиабомбасы GLSDB ракетасынын негизги компоненти болуп саналат. M26’нын ракеталык бөлүгү сактоочу жайдан алынышы мүмкүн. Ошого жараша буюмду кураштырууга керек болгон агрегаттардын наркын да бул баага кошуу керек. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, GMLRS ракетасынын баасы 100-160 миң долларды түзөт.

GMLRS’тин “башынын” салмагы 90 килограммды түзөт - бул болжол менен GLSDB’ге (жалпы салмагы - 93 килограмм) барабар. Бирок, ошол эле учурда, көптөгөн эксперттер GMLRS ракетасы көпүрөлөр сыяктуу өзгөчө күчтүү объектилерди жок кылуу үчүн жетиштүү күчкө ээ эмес экенин белгилешкен.

Подкаст:

GLSDB’нин баасынын ыңгайлуулугу, ыраакка учушу жана жогорку тактыгы сыяктуу артыкчылыктары бул ракетаны Украинага жеткирүү сунушун жараткандай.

Бирок, канча башкарылуучу бомба жасалганы жана АКШ мындай ракеталарды чыгарууга канча каражат жумшай ала турганы белгисиз. Жеткирүүлөрдү америкалык арсеналдардан эмес, жаңы ракеталарды өндүрүүгө буйрутмаларды аткарган заводдордон жүргүзүү мүмкүн.

Ошол эле учурда, Reuters’тин маалыматы боюнча, GLSDB’ни жеткирүү 2023-жылдын жазында башталышы мүмкүн. (ЕВ)