АКШ Украинага алыска cокку урчу ракета берет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ Украинага жапырт сокку ура турган HIMARS деп аталган системаны берет. Ал орус армиясы Украинада колдонуп жаткан жапырт сокку урчу куралдан өтө таамайлыгы менен артыкчылык кылат. Бирок Байдендин админстрациясы Украин куралдуу күчтөрү бул жаңы системаны Орусиянын аймагына каршы колдонбойт деп билдирди.
АКШ президенти Жо Байден вашингтон убактысы боюнча кечинде New York Times басылмасына жарыяланган билдирүүсүндө “АКШ Орусияга чейин жете ала турган ракеталарды бербейт” деген сөзүн чечмеледи. Ошондон тарта байкоочулар кандай курал, кайсы ракеталар тууралуу сөз болуп жатат деп кулак түрүп калды.
Байден өзүнүн чечими боюнча Украинадагы согушта буталарга кыйла таамай тие турган жогорку технологиядагы ракеталардын системасы бериле турганын жазды.
Дүйнөлүк басылманын билдиргенине караганда, Байдендин билдирүүсү жарыялангандан кийин комментарий бере баштаган АКШ өкмөтүндөгү жашыруун булагы орточо алыстыкка сого турган ракеталар менен жабдылган, анча көп эмес аскер техникасы тууралуу айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Washington Post басылмасы таянган булактын айтканына караганда, 70 км аралыктагы бутаны жок кыла турган HIMARS деп аталган мобилдүү жабдуу тууралуу сөз болууда. GMLRS деп аталган ракеталар дагы берилиши мүмкүн деп боолголосо да болот. Франс пресстеги булак 80 км аралыкка уча турган техника тууралуу айткан.
Аты-жөнүн жашыруун калтыруу шарты менен америкалык жогорку даражалуу бир нече чиновник, Украин тарап Орусияны бутага албай тургандыгына ишендиргенин гезитке билдирди. Франс пресс агенттигиндеги булак дагы бул тууралуу айткан.
АКШ өкмөтү HIMARS системасы Украин куралдуу күчтөрүнө орусиялык артиллерияны жок кылууга, шаар ичиндеги салгылашууларда болсо таамай соккуларга уруп душманды жок кылууга көмөктөшөт деп эсептейт.
АКШ Украинага мындай техникадан канчаны жөнөтө турганы азырынча так белгилүү эмес. Бирок Washington Post басылмасы тапкан булак “саналуу” ракета экенин айтууда.
Айрым аскер эксперттери орусиялык күчтөр батышытыкына жетпесе дагы саны жагынан Украинаныкынан алда канча үстөмдүк кыла турган техниканы колдонуп жатат дешет.
АКШнын жапырт сокку ура турган ракеталык системасы аралыкка учуусу боюнча үч топко бөлүнөт.
Биринчиси, М26 ракетасы. Ал 32 км аралыкка жетет. Анын жакшыртылган М26А1 үлгүсү 45 кмге чейин барат.
Экинчиси, 70 кмге жетчү башкарыла тураган GMLRS ракетасы.
Үчүнчүсү, 300 кмге уча турган ATACMS ракетасы. Байкоочулар куралдын бул түрү Украинага берилбейт деп жатат.












