Орус дипломаты Украинадагы согуштун айыптап отставкага кетти

Флора Друри, BBC

BORIS BONDAREV

Сүрөттүн булагы, BORIS BONDAREV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Бондарев согушка каршылык билдирүү ирээтинде отставкага кетип жатып атайын билдирүү жасады

Орус дипломаты «Путин Украинага каршы баштаган» бул согушту «кандуу жана башы жок» деп сыпаттады.

Кесипкөйлөр үчүн LinkedIn коомдук сайтындагы маалыматка ылайык. Борис Бондарев Женевада БУУнун орус өкүлчүлүгүндө иш алып барчу.

Мурунку дипломат анын бул билдирүүсү эми Кремль тарабынан чыккынчылык катары бааланарын Би-Би-Сиге билдирди.

Бирок ал өзүнүн турумунда калып, согушту «украин жана орус элине каршы» кылмыш деп мүнөздөп жатат.

Расмий Москва азырынча элчинин айткандарына комментарий бере элек.

Бирок Россия согуштун сындагандарды же анын расмий түшүндүрмөсүнөн башкача чечмелегендерди жок кылып келет. Россия азыр деле бул согушту «атайын аскердик операция» деп атайт.

Бондарев катын коомдук сайттарга алып чыгып, кесиптештерине да жөнөткөн. Анда дипломат 20 жылдык карьерасын бул кызматта токтотуп жатканын, себеби ал «кандуу, мааниси жок, керексиз уят ишке мындан аркы катыша албасын» айткан.

«Бул согушту баштагандар бир эле нерсени көздөшөт. Алар бийликте тубөлүк калгысы келет», -деп жазды ал.

«Бул үчүн алар канча адамдын да болсо курсаныгын садага чаба алат», - дейт ал. «Миңдеген россиялыктар жана украиндер ушул үчүн жан беришти».

Борис Бондарев Россиянын ТИМине да токтолуп, аны «жалган менен жек көрүү» көбүрөк кызыктырарын да жазган.

Орус кызматынын редактору Стив Розенбергдин анализи

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Отставка тууралуу кат заардуу жазылган.

Дипломат Борис Бондарев Путинге, ТИМ министри Лавровго сын айтып, Украинага карата орус баскынчылыгын айыптаган.

«Агрессивдүү согуш … оор кылмыш… согуш, жалаа жана жек корүүчүлүктү козутуу…».

Орус аткаминеринен мындай сөздөрдү угуу өтө сейрек нерсе. Согуш башталганына үч айга таяп, Владимир Путин Украинадагы согушту эмдигиче «атайын аскердик операция» деп атап жатат. Бирок дүйнөнүн көп өлкөлөрү аны кадимки согуш дешет. Россиянын мамлекеттик мекемелеринде согушту «атайын аскердик операция» деп атаганга ачык каршылыктын бир нече белгилери да байкалып турду.

Алар орус бийлиги үчүн уялышабы? Абсолюттук түрдө. Аларга мамлекеттик машина бул жерде толугу менен Путиндин Украинага кирип баруу чечиминин артында турат деген жагат.

Бирок бир эле отставка, мындан кийин дагы кызматтык чегинүүлөр болот дегенди түшүндүрбөйт. Бондарев мырза, ал азчылыкта экенин айтты. Ал орус ТИМинде Кремлдин саясатын колдоп «спецоперацияны» колдогон чиновниктер көп экенин билдирди.

Би-Би-Сиге маек берип жатып Бондарев кетүүдөн башка жолду көрбөгөнүн айтты:

 «Чынын айтсам, менин бул чечимим көп нерсени өзгөртөт деп ойлобойм. Бирок бул чоң дубалга кичинекей кыштай болуп, ал дубал акыры барып курулат деп ойлойм. Ошого үмүттөнөм» деп айтты.

Бондарев Украинага Россия бастырып киргенде анын коллегалары аны «бактылуу болуп, жанданып, эйфория» менен тосуп алганын айтты.

«Бирок азыр алар согушка мурункудай кубанышпай турат, себеби жаңы көйгөйлөр чыгып жатат, биринчи кезекте алар экономикага байланыштуу болуп жатат», - деди ал Би-Би-Сиге. «Бирок мен көп адамдар кейип, көз караштарын өзгөрткөнүн да көрүп жатам. Алар анчалык радикалдуу, агрессивдүү болбой калышы мүмкүн, бирок бейпилчил болушпайт», - деди ал.

Бондарев ачык катында ал үчүн эч качан өз өлкөсү үчүн 24-февралдагыдай эле уялбаганын жазат. Бул күнү Россия Украинага кол салган эле.

Бондарев миссиясын таштап кетип жаткан биринчи дипломатпы же жокпу айтуу кыйын. Бирок буга чейин антип билдирүү жазап кеткен элчилер эсте жок.

Бондарев Москва эми аны чыккынчы дебейт деген иллюзиялык ойго берилбей эле турат, бирок ал өзүн мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокмун деп эсептейт.

«Мен отставкага кеттим жана өз оюмду гана айттым», - деди ал. «Бирок мен копсуздугум тууралуу ойлонушум керек». (EK)