Эрика Марат: Россия империялык ойломдун чеңгелинен чыга албай жатат

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себеби, башкы көйгөйү анын саясий элитасы мурунку империялык, советтик колонизаторлук саясатты улантып, андан кете албай жатканында дейт Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат.

Erica Marat

Сүрөттүн булагы, Official

Би-Би-Си: Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себептерин сиз эң алды тарыхый контексттен карап түшүнүп, аны ошол жагынан чечмелеп жаткандайсыз?

Эрика Марат: Империялык ойлом менен иденттүүлүк анын тышкы саясатын аныктап көзөмөлдөп жатканын Россиянын өкмөтү жана калкы жеткире түшүнө албай жатат.

Бул империялык иденттүүлүк, аң-сезим, Россия кандай болсо дагы коңшу өлкөлөрдү, алардын аймагын көзөмөлдөп, алардын тагдырын чечүүгө акысы бар деп, Казакстан, Украина, Грузия, Молдова, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн тагдырын чечип, алардын башкаруучулары менен калкы эмнени ойлонуп, эмнени коюп жатканын көзөмөлгө алып жатканында болууда.

Россия Кыргызстан, Грузия сыяктуу эле өлкө. Эмне керек экенин алар азыркы убакта көз каранды эмес өлкө болгондон кийин өздөрү чечиш керек.

Би-Би-Си: Россияны Кыргызстан менен салыштыруу, өзгөчө геосаясатта кыйын го. Кайсыл эле өлкө болбосун, экономикалык жана аскердик күчүнө таянып геосаясатта активдүү болот эмеспи. Россия өзүнүн азыркы жүрүшүн улуттук жана геосаясий кызыкчылыкты коргоо деп түшүндүрүп жатпайбы?

Эрика Марат: Империялык амбициянын себеби бул эле эмес. Биз Россиянын армиясы Украинада кандай кулаганын көрүп жатабыз. Канчалык чоң өлкө болсо да, Украинада өзүнүн аскердик максаттарына жетпей койду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул жерде аскердик же экономикалык кызыкчылык эмес. Бул Россиянын мурдагы СССРдин республикаларындагы саясаты, өзүнүн айланасындагы артта калган элдерге маданиятын, тилин тартуу кылып, аларды орнотуу менен Украина, Беларус, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө цивилизация алып келдим деп ишенип алганында болуп жатат.

Жалаң гана орус тилин билүү, орус элин, маданиятын сыйлоо аркылуу гана биз цивилизациялуу эл болуп жатабыз деген ишеним. Эгер биз андай таңууланган саясаттан баш тарта турган болсок, бизди жакшылыкты билбеген, караңгы, артта калган эл деп жатат.

Россия өзүнүн айланасындагы элдерге, өлкөлөргө карата цивилизациялык миссияны аткаргам деген ишенимден анын тышкы саясаты курулуп жатат. Ал эми анын экономикалык жана аскердик саясаты таптакыр рационалдуу эмес, эгерде Россия өзүнүн коңшулары менен, Украина, Казакстан сыяктуу татыктуу өлкөлөр менен тең укукта сүйлөшө билгенде, бул өлкөлөр менен экономикалык алака-катышы азыркыдан да алда канча жакшы болмок.

Би-Би-Си: Россиянын азыркы жүрүшүн мурдагы империянын колониалдык саясатынын, андан кийинки СССРдин саясатынын эле уландысы катары карап жатасызбы?

Эрика Марат: Ооба, бул падышалык Россиядан, андан кийин советтик Россиядан мураска калган, азыркы путиндик Россиянын саясаты. Эмнеге ушундай болуп жатат. Анткени, Россияда же тоталитардык, же авторитардык режим болуп келди. Россия өзүнүн аймагында жана коңшулаш аймактарда тарыхый ролу жөнүндө, падышалык Россиябы же большевиктерби, бардык жерде жаңы аймактарды империялык басып алуу саясаты канчалык ырайымсыз болгону жөнүндө эч качан эркин ой калчап көрүшкөн эмес.

Канчалаган кан төгүлдү, канчалаган эл кырылды. Мурдагы союздун аймагында канчалаган маданият түп орду менен жок болду. Бирок Россия коомунда бул жөнүндө ой калчап, талкуулап көрүшкөн эмес. Империялык дух Россия коомчулугунда же орус коомунда норма бойдон калууда. 90-жылдары Ельциндин тушунда айрым бир деңгээлде талкуулар болсо болгондур, бирок абдан кыска убакыт болгон. Путин ошондуктан тарыхый архивди ачтырбай, “Мемориал” сыяктуу уюмдарды жаап, Советтер союзу жөнүндө жаман сүйлөгөнгө тыюу салууда.

Би-Би-Си: Постколониалдык синдром деген түшүнүк бар эмеспи. Мурда колонияда болуп келген өлкөлөрдүн өзү көп жылдар бою өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча чечим кабыл алууга кудуретсиз болуп, дагы эле кылчактап, мурдагы метрополияны карай берет эмеспи. Ошондой көрүнүш мурдагы союздун республикаларында дагы эле үстөмдүк болуп жаткандай?

Эрика Марат: Сиз туура айтып жатасыз. Бул постколониалдык өлкөлөрдүн баарында болуп жатат. Түштүк Азияда, Африкада, Латын Америкасында. Мени кубандырган нерсе, Казакстанда жана Кыргызстанда Советтер союзунун ролу жөнүндө активдүү талкуу башталганы кубандырат. “Эсимде” деген жакшы долбоор иштеп жатат. Биз эмне болгонубузду түшүнүү аркылуу гана, эмне жоготуп, эмне тапканыбызды билгенде гана, Россиядан сырткары биз ким экенибизди, бизге эмне керек экенин түшүнөбүз.

Мындай ойлор, түшүнүк азыр окумуштуулардын чөйрөсүндө, коомчулук арасына келип жатат. Бул кайсы бир убакта саясий денгээлге жетет деп үмүт кылам, ошондо гана мурдакы колонизаторлордун таасиринен көз каранды эмес саясат, чыныгы көз каранды эмес өлкөнүн саясаты башталат. Украинадагы согуш бул процессти тездетти. Менимче, көп адамдар түшүнүп жатат, Путиндик Россиянын азыркы кылып жатканын, Советтер союзу ушундай жол менен курулганын, жүз жыл мурда большевиктер так ушундай кан төгүү жана ырайымсыздык менен Борбордук Азиянын аймагына каратып алышканын, жергиликтүү элди багындырганын.

Би-Би-Си: Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун даярдап алышып, талкуу башталганда эле Россиянын элчиси аны орус калкын дискриминация кылган долбоор деп каршы чыкты. Ошону менен талкуу дымып калды.

Эрика Марат: Тилекке каршы, Россиянын элчилиги Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө алардын ички ишине кийлигишүүнү өзүнүн милдети катары санап, эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү билгендей таңуулап келатат, анын ичинде маданий чөйрөдө дагы.

Украинада эмне болуп жатканын көрүп туруп көп саясатчылар орус бийлигин жана алардын элчилигин таарынтып алабыз деп мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алуудан коркуп жатат.

Көрүп жатабыз, мисалы, Өзбекстанда тышкы иштер министри Камилов анын өлкөсү Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, Донбасс, Луганск жана Крымды кошуп тааный турганын билдиргенден кийин башка позицияга которулду.

Саясатчылар коркуп жатат, мен аны түшүнүп турам, бирок алар бара-бара көз каранды эмес ойломду өнүктүрүп, биргелешип ички кызыкчылыктагы саясатты жүргүзүүгө күчтөрүн бириктирет деп үмүт кылам.