Путиндин сүйгөнү делген Алина Кабаева ким?
Том Пул, BBC News

Сүрөттүн булагы, Reuters
Россияга олуттуу санкциялар киргизилип, Евробиримдик эми Алина Кабаевага назарын буруп жаткандай. Алина Кабаева олимпиаданын чемпиону, ири ММКнын чоңу, ал тууралуу айың кептер чын болсо, Владимир Путиндин сүйгөнү жана анын балдарынын апасы болот.
ЕБ жана башка өлкөлөр тарабынан киргизилген санкциялар Путинге эң жакын санаалаш олигархтарды, саясатчыларды жана чиновниктерди жазалоону максат кылат. Алар президентке жакын болгондугу үчүн пайда көргөн делип жатат.
Өткөн айда АКШ жана Британия Путиндин кыздары 36 жаштагы Мария Воронцова жана 35 жаштагы Катерина Тихоновага санкция киргизишти. Бул экөө Путиндин мурунку жубайы Людмиладан төрөлгөн кыздары.
Кабаева айым буга чейин анын макамы тууралуу айтылган сөздөрдү жанына жуутпай келди. Балким, ал алдын ала бирдеке сезгендир. Быйыл марттан тарта аны Швейцариядан чыгаруу тууралуу онлайн-петиция чогултула баштады.
Би-Би-Синин өздүк булактары Евробиримдиктин санкцияларына Кабаева акыркылардан болуп киргизилгенин тастыкташты.
AFPтин маалыматы боюнча Кабаева кремлдик пропаганданын жайылтуучусу жана 69 жаштагы президент Путин менен “тыгыз байланышта” болгондугу үчүн бутага алынып жатат. Санкциялар тууралуу документтин долбоорунда ал Путиндин өнөктөшү катары белгиленген эмес. Евробиримдик бул сунушка кол кое элек.
Орус лидери катары Путин абдан түнт болуп келди. Анын жеке жашоосу тууралуу суроолордон ал, эреже катары, буйтап кетчү.
Бирок ал Кабаева менен байланышын караманча четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2008-жылы «Московский корреспондент» гезити Путин жубайы Людмила менен ажырашып, Кабаевага үйлөнгөнү жатканын жазып чыгат. Бирок экөө тең андай сөздөрдү четке какканга шашышкан. Көп өтпөй бул тууралуу жазып чыккан басылманы бийлик жаап салды. Ал эми Владимир Путин менен Людмила мындай сөздөрдөн кийин дагы беш жыл жашап, бирок акыры ажырашкан.
Орус президенти Алина Кабаева менен байланышын четке кагып, ал чакта гимнастка спорттук карьерасын аяктап, ийгиликтүү саясий карьера жасап жатты.
Кабаева тандаган спорттун түрү бул көркөм гимнастика эле, анда лента жана топ менен көнүгүүлөр жасалат.
Алина Кабаева спорттук карьерасынын туу чокусуна жетип, эң мыкты гимнастка аталууга аракет кылып жатты. Анын урматына көркөм гимнастикадагы атайы ыкма анын ысымы менен аталды.
Кабаева ойногон команда спортто үстөмдүк кылып, Россия 2000-2016-жылдары бардык олимпиада оюндарында алтын медалдарды утуп жатты.
Алина 1983-жылы туулган. Көркөм гимнастикага төрт жашында келген. Анын машыктыруучусу Ирина Винер «Аны биринчи көргөндө көргөн көзүмө ишенбей турдум. Бул кичине кызда көркөм гимнастикада абдан маанилүү эки сапат: ийкемдүүлүк жана шамдагайлык айкалышыптыр» деп айтканы бар.
Кабаева кийин «Россиядагы эң ийкемдүү айым» катары белгилүү болот.
Эл аралык аренада анын дебюту 1996-жылы орун алып, туура эки жылдан кийин Европа чемпиоанатында күтүүсүз жерден жеңүүчү чыгат.
2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында гимнасттар ойногон алкакты (обруч) колунан чыгарып ийип, ал коло медал алып калат.
Бирок туура төрт жылдан кийин Афинадан ал алтын жеңип алат.

Сүрөттүн булагы, VISUAL CHINA GROUP
Пенсияга чыгар алдында ал дүйнөлүк чемпионат эсебинен 18, Европа жана башка эл аралык мелдештерден баш-аягы 25 медаль жеңип алганга жетишкен.
Бирок 2001-жылы Кабаева дагы допингге байланыштуу ызы-чуудан четте калбай, тесттин жыйынтыгы боюнча андагы оюндарда жеңип алган медалдарынан кол жууган.
Саясатка өтөрү менен ал 2007-2014-жылдары бийликтеги «Единая Россия» партиясы менен шайлоого барып, орус парламентинин төмөнкү палатасында депутат болду.
2014-жылы Улуттук медиа топтун төрагасы болуп шайланып, Россиядагы ири мамлекеттик ММКлардагы ири үлүштөргө ээ болуп калды.
Мындай ММКлар Украинадагы согуш тууралуу Кремлдин «украиндер өз шаарларын өздөрү бүлүнтүп , бирок аны орустар талкалады деп, боштондук күчтөрүнө шылтап жатат» деген билдирүүлөрүн кабагым-кашым дебей жайылтып келет.
Кабаеванын кызматы ага байлык алып келгени да айтылып жүрөт. Ачыкка чыгып кеткен документтер боюнча Кабаева жылына 12 миллион доллар акча табат.
Путин менен ал биринчи жолу кайдан, кантип жолугуп калган, белгисиз. Бирок олимпиада чемпиону президент менен жолугуп жатышы кадырысе эле нерсе. 2001-жылы Путин аны эң даражалуу мамлекеттик сыйлык - Достук ордени менен сыйлап жаткан сүрөтү.

Сүрөттүн булагы, AFP
Швейцариялык гезит Кабаева 2015-жылы Лугано көлүнүн жанындагы эксклюзивдүү клиникада эркек бала төрөгөнүн, 2019-жылы ошол эле төрөтканадан дагы бир уулду жарык дүйнөгө алып келгенин жазат.
Кремль болсо андай маалыматтарды четке кагат. 2015-жылы Путиндин басма сөз катчысы Владимир Путинден бала төрөлдү деген маалыматтар чындыкка дал келбешин айткан.
Бирок Путиндин натурасы ошондой астейдилдикте. Ал эч качан элдин көзүнчө балдарын атынан атаган эмес. Людмиладан төрөлгөн кыздарын дагы ал четке кагып, «Путиндин кыздары бар деген сөздөр кызылкулактык» экенин айтып келет.
Кабаева анын Путин менен байланышы бар деген сөздөр чыккандан кийин коомчулуктун көңүлүнөн бир жоголуп, кайра пайда болуп калып келет.
2011-жылы Vogue журналына ал француз мода үйү Balmain тиккен кымбат баалуу алтындан тигилген көйнөк менен сүрөткө тартылган. Кабаева 2014-жылы Сочидеги кышкы Олимпиада оюндарында факел көтөргөн.
Жакында апрелде эле Москвадагы балдардын гимнастика боюнча фестивалына келип, ал качып жүрөт деген сөздөргө чекит койгонсуду. Кабаева өз сөзүндө Россиянын аскердик аракеттерин жогору баалады. Айрым басылмалар ал нике шакегин кийип жүргөнүн да жазып чыгышты.
Украинада согуш башталганы санкцияларды киргизүү тууралуу чакырыктар башталды.
The Wall Street Journal Кабаевага карата санкциялардын киргизилбей жатышын АКШ бул Путинге «жеке сокку болуп» оор тийиши мүмкүн, андай шартта кырдаал дагы курчуп кетет го деп карманып жатат деп, жазды.
Балким, ошондой да болушу мүмкүн. Апрелде Ак үйгө эмнеге Кабаева санкция киргизилчү адамдар тизмесинде жок деген суроого туш болуп, ага Ак үйдүн басма сөз кызматчысы «тизмеге кирбей калат деген эч кимде кепилдик жок» деп жооп кайтарган. (EK)












