Пентагон АКШнын Украинага берген курал-жарактарынын толук тизмесин жарыялады

АКШ президенти Жо Байден Украинага согуштук 40 миллиард доллар жардам берүүнү караган документке кол койду. Ал документте бериле турган каражаттардын 23,4 миллиарды аскердик жардам, калганы гуманитардык жана экономикалык жардам экени айтылган.

Төмөндө бериле турган курал-жарактардын тизмесин таба аласыз.

Украиналык жоокер заманбап танкка каршы куралды сыноодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украиналык жоокер эң заманбап танкка каршы куралды сыноодо

1400+ Stinger зениттик системалары;

5500+ Javelin танкка каршы курал системи;

14000+ башка сооттолгон техникага каршы системдери;

700+ Switchblade учкучсуз учак системдери;

90 155 мм гаубицасы жана 200 000+ 155 мм артиллериялык огу менен;

155 мм гаубицаларды сүйрөөчү 72 тактикалык транспорт;

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

16 Ми-17 тик учагы;

Жүздөгөн чыңдалган жогорку мобилдүү жол тандабас транспорт 200 М113 БТР;

7000+ майда ок атуучу курал;

50 000 000 ок;

75 000 сооттолгон комлпект жана туулга;

121 Phoenix Ghost тактикалык учкучсуз учак системалары;

Лазер менен башкарылуучу ракеталык системдер;

Puma учкучсуз учак системдери;Кишисиз жээкти коргоо кемелери;

17 контрартиллериялык радар; Асманды байкоочу эки радар;

M18A1 Claymore жөө аскерлерге каршы ок-дарылар;

Тоскоолдуктарды тазалоо үчүн С-4 жардыргыч жана бузуучу жабдуулар;

Тактикалык коопсуз байланыш системалары;

Түнкүсүн көрүү аппараттары, жылуулук көргүчтөрү, оптика жана лазердик диапазон өлчөгүчтөр;

Коммерциялык спутниктен сүрөт тартуу кызматтары;

Жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу үчүн коргоочу шаймандар;

Химиялык, биологиялык, радиологиялык, өзөктүк куралдан коргоо жабдуулары;

Тез жардам көрсөтүү кутучаларын камтыган медициналык буюмдар;

Электрондук бөгөт коюучу жабдуулар;

Талаа жабдуулары жана запастык бөлүктөр.

Зеленский

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамкатчысы Энтони Бликен менен коргоо министри Ллойд Остин, орус баскыны башталгандан бери Украинага келген алгачкы АКШынын жогорку даражалуу ырасмийлери

АКШнын Коргоо министрлиги буга чейин Украинага $332 миллинго эле чукул жаңы аскердик жардам бөлүнөрүн жарыя кылган.

Зеленский согуш башталгандан бери армиясына учактар жана башка транспорт каражаттары берилсе, орус аскерин жеңе аларын айтып, батыш лидерлеринен аскерий жардамдын агымын көбөйтүүнү суранып келет.

Aпрелде АКШ Украин армиясына аритиллериялык гаубицаларды жана анти-артиллериялык радарларды бергенин алгачкы жолу тастыктаган.

Россиянын Вашингтондогу элчиси Москва АКШдан Украинага курал камсыздоону талап кылган дипломатиялык нота жөнөткөнүн айткан. (CS EK)