Генералдан баштап "ыктыярчыга" чейин. Орусиянын Украинадагы жоготуулары

Ольга Ившина, Ольга Просвирова Би-Би-Си

Би-Би-Сиге Украинадагы согушта каза тапкан орусиялык 3052 аскер кызматкердин аты-жөнү белгилүү. Күнүнө "ыктыярчы" деп аталган аскерлердин, офицерлердин сөөгү жерге берилүүдө.

Күнүнө "ыктыярчы" деп аталган аскерлердин, офицерлердин сөөгү жерге берилүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күнүнө "ыктыярчы" деп аталган аскерлердин, офицерлердин сөөгү жерге берилүүдө.

Анткен менен Орусиянын коргоо министрлиги марттын соңунан бери көз жумгандар тууралуу маалыматты жаңырта элек. Жергиликтүү бийликтер каза тапкандар тууралуу толук маалымат бербегени менен көптөгөн көрүстөндөрдө орус армиясынын Украинадагы жоготуулары боюнча жаңы "издер" байкалат. 

Мүрзөлөр жана аза күтүүлөр эмнеден кабар берет?

Көмүлгөндөрдүн баарынын эле ысымдары ачык аталган эмес
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көмүлгөндөрдүн баарынын эле ысымдары ачык аталган эмес

Би-Би-Синин орус кызматынын жана ыктыярчылардын анализи Орусиянын аймактык жетекчилеринин билдирүүлөрүнө жана жергиликтүү маалымат каражаттарына таянат. Ар биринде жок эле дегенде каза тапкан аскер кызматкеринин аты-жөнү мааалым. Учурда 3052 аскер жана офицердин көз жумганын тастыктоого мүмкүн болду.

Бул эсеп так болбошу мүмкүн. Анткени маалымат каражаттары дагы, аймактык жетекчилер дагы туш-тарапка "жүк 200" жеткирилип, сөөгү жерге берилгенине карабай ар бирин эле атаган жери жок. Аймактагы көрүстөндөр каза тапкандардын канчасы статистикага кирбей калганын боолголоого өбөлгө түзөт.

 Айрым шаарларда Украинада каза болгондорду көмүүгө аллеялар толугу менен бөлүнгөн. Би-Би-Си Ставрополь, Казань, Краснодар, Екатеринбург, Новосибирск жана Балишихтеги 11 көрүстөндүн кырдаалы менен таанышты.

 Ар бир көрүстөндөн 2022-жылдын 24-февралынан кийин каза тапкан аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү табылды. Көмүлгөндөрдүн баарынын эле ысымдары ачык аталган эмес. Аларды көрүп каза тапкандардын жаш курагы 18ден 45 жашка чейин экенин түшүнүү татаал эмес. Орнотулган чырымда аскер кийимчен сүрөтү, жерде коргоо министрлиги койгон гүл чамбар жатат.

Каза тапкан ыктыярчылардын 30 пайызы 40 жаштан өткөндөр

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каза тапкан ыктыярчылардын 30 пайызы 40 жаштан өткөндөр

Уляновскиге жакын Архангельсктеги көрүстөндө 24-февралдан кийин аскерлердин жаңы коюлган 42 бейити пайда болгон. Алардын 21нин ысымдары ачык айтылбай, керек болсо коомдук сайттарга дагы чыккан эмес. Ушул эле бир көрүстөндөгү абалга карап, эсептеги так эместик 50 пайызга жеткени түшүнүктүү.

Казандагы “Курган” көрүстөнүндө ысымдары мурда белгилүү болгондор 30 пайызды түзөт. Ставрополго жакын Михайлов көрүстөнүндө деле ушул сыяктуу көрүнүш. Краснодардан алыс эмес Копан көрүстөнүндөгү аскердик аллеяда 100 пайыз.

Алардын 29нун фамилиясы гана ачык жарыяланган. Орусиянын жоготууларынын эсеп-кысабын тактап жаткан "Медиазона" (орус бийлиги "иноагент" деп тааныган) басылмасынын журналисттеринин жыйынтыктарында кошумча булактардын көмөгү менен 55 фамиляны тактоого мүмкүн болду. Мурда каза тапкан десанттардын 52 пайызынын гана аты-жөнү белгилүү эле.

Жарыя боюнча...

STANISLAV KRASILNIKOV/TASS

Сүрөттүн булагы, STANISLAV KRASILNIKOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, STANISLAV KRASILNIKOV/TASS

Акыркы айлары ММК жана расмийлер каза тапкан «ыктыярчыларды» атоодо. Мурун алар тууралуу такыр жазылган эмес. Бул адамдардын чыныгы макамы дайыма эле анык эмес.

Май айынын этегинде Би-Би-Си кабарларда ыктыярчы деп аталган 81 кишинин өлүмү тууралуу билдирүүлөрдү тапкан. Алардын айрымдары Украинада кайсы бир казак отряддарында согушса, башкалары Чечнянын спецназдарды даярдаган университетинде апталык даярдыктан өткөн. Алар коргоо министрлиги менен кыска мөөнөткө келишим түзгөн болушу мүмкүн.

Каза тапкан ыктыярчылардын 30 пайызы 40 жаштан өткөндөр. Согушууга 50 жаштан ашкан он киши кеткен. Балким ыктыярчы статусу Орусияда май айына чейин күчүндө турган аскердик кызматка алууга чектөөнү айланып өтүү үчүн керек болгон. Коргоо министрлиги менен биринчи келишмди түзүүгө 40 жашка чейинки куракта болуш керек эле. Эми ал чектөө алынды. 

Украинада каза тапкан Орусиянын 3052 аскер кызматкеринин 152си жогорку даражалуу офицерлер

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада каза тапкан Орусиянын 3052 аскер кызматкеринин 152си жогорку даражалуу офицерлер
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Марттан тарта келишим менен кызмат боюнча популярдуу сайттарда "HeadHunter" өңдүү миңдеген жарыялар чыга баштаган. Орусиянын бийлиги жана президент Путин жеке өзү дагы Украинага дасыккан аскер кызматкерлер жана келишимдегилер гана тартылат деген эле.

Аскерге алуу салттуу ыкмалар менен да уланууда. Учурда коргоо министрлигинин сайтында эле бош орундар боюнча 500 жарыя турат. Аскер кызматына тандоо бөлүмдөрүнүн 30 пайызга жакыны Дагестандын Махачкала, Хасавюрте, Каспийск, Дербент жана Буйнаск шаарларында жайгашкан.

Махачкалада кеминде 176 жергиликтүү тургун Украинадагы согушта каза болгону белгилүү. Республика бул согушта каза тапкандардын саны боюнча сап башында. Бирок көрсөтүлгөн эсеп жергиликтүу медиалардын аза күтүүдөн даярдаган "жүк 200" боюнча репортаждарын жана расмий билдирүүлөрдү гана эсептегендиктен дагестандыктар арасындагы жоготуулардын чыныгы санын көрсөтөрү күмөндүү.

Жоготуулар боюнча экинчи орунда Бурятия турат. Ал жакта 136 аскер кызматкеринин каза тапканы жарыяланган. Үчүнчү орунда Волгоград областы. Ал жакта 109 деп көрсөтүлгөн. Май айын ортолоп областтын борборундагы подьезддерде жана коомдук транспорттордо волгограддыктарды "атайын операцияга" катышууга чакырган баракчалар пайда болгон.

Расмий документтерде мурда аскер кызматын өтөгөндөр тууралуу гана айтылат. Убада кылынган төлөм 300 миң рубль. Бул шаардагы орточо айлык мындан болжолдуу сегиз эсеге аз.

Орусиянын кээ бир аймактарында армияда кызмат кылуу акча табуунун жалгыз эле жолундай болуп калган. Андай жумуштарга аскердик аракеттерде чыныгы тажрыйбасы жоктор макулдугун берүүдө. Салыштыра келгенде Орусия калкынын 9 пайызын түзгөн Москвада каза тапкан 6 учур гана белгилүү.

Генералдар...

Генерал Канамат Боташев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал Канамат Боташев

Учурда Украинадагы согушта 3 генералдын өлүмү Би-Би-Сиге белгилүү. Орусия эки генералдын өлүмүн ырастаган, бирок, 24-майда аскер аба күчтөрүнүн оставкадагы генералы Канамат Боташевдин өлүмү маалым болду.

22-мартта Украинанын аскер күчтөрү Луганск облусунда орусиянын Су-25 чабуулчу учагын атып түшүргөн. Учкуч кутулуп кетүүгө үлгүрбөй калган. Мурун чогуу кызмат кылгандар генерал Боташев Су-25 менен тапшырма аткарып келгенин ырастады. Боташев – каза болгон жогорку даражалуу учкучтардын эң белгилүүсү.

Ал Украинага кандайча барып калганы тууралуу так маалымат жок. Боташевдин аба чабууладарына катышуусу Орус армиясында дасыккан учкучтар жетишпей жатканынан кабар бериши мүмкүн. Украин бийлиги дагы 7 генералдын жок кылынганын билдирген. Бирок алардын кеминде экөө (Магомед Тушаев жана Андрей Мордвичев) тирүү экени белгилүү болду. Алар маал-маалы менен видеотасмаларда көрүнүп, Украинадагы согуштук аракеттерге катышып жатат. 

Украинада ушул сыяктуу Су-25 учкучу атып түшүрүлгөн

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада ушул сыяктуу Су-25 учкучу атып түшүрүлгөн

Офицерлер арасындагы чоң жоготуу

Украинада каза тапкан Орусиянын 3052 аскер кызматкеринин 152си жогорку даражалуу офицерлер (генералдар, полковниктер, подполковник жана майорлор). Дагы 405и кенже офицерлер. Жыйынтыктап келгенде 18 пайызга жакыны офицерлер.

Мурда Би-Би-Синин орус кызматы мындай жогорку пайыздык көрсөткүч каза тапкан офицерлердин сөөгүн көз жаздымда калтырбай жеткирип жатканы менен байланыштуу экенин тактаган.

Согуш боюнча көп жүктү офицерлер тартууда. Британиянын коргоо министрлиги Орусия офицерлер арасында чоң жоготууларга учурап жатканын билдирүүдө.

Мотоаткычтардын жоготуусу десанттардыкынан ашып түштү

Каза болгону такталгандардын 20 пайызга жакыны мотоаткычтардын арасынан болду. Бул Орусиянын согушуу мүнөзүнөн улам экенидигин экспертер айтууда. Согуштун алгачкы апталарында Москва бир нече десанттык операция өткөргөн. Азыр алар Луганск жана Донецкте узакка созулган согушту жүргүзүүдө. Мындай учурда чабуулчуларга эле эмес, жөө аскерлерге да көп күч келет. Десанттар менен мотоаткычтардын арасындагы мындай көп жоготуу аскерлерге биринчи тез жардам, заманбап дары-дармек менен камсыздоо жана жарадарларды согуш тилкесинен эвакуациялап кетүү жакшы жолго коюлбаганы менен дагы байланыштуу болушу мүмкүн.

Аскер учукучтарынын каза тапканы тууралуу дагы сөз айтылууда. Июндун башында 37 аскер учкучунун жерге берилгени маалым болгон. Бул армиянын бирден бир жана элиталык бөлүгү. Бир учкучту даярдоо үчүн 10 жылдай убакыт, 3 миллиондон 7 миллионго чейинки каражат сарпталат.

Тизмеде Росгвардиянын тандамал деген бөлүктөрүн камтыган 119 кызматкери каза болгонун тастыктоого мүмкүн болду.

Эсеп кандай жүрүүдө?

Орусияда күнүнө жаңы каза тапкандардын ысымы жана сүрөттөрү күн асйын чыгууда. Алардын аты-жөнүн аймак башчылары, ММК, каза тапкандар аяктаган окуу жайлар жана тууган-уругу атап, жарыя кылууда. Би-Би-Си жана ыктыярчылар командасы бул маалыматтарды иликтеп, тизмеге каттап жатат. Ошол эле учурда так далил болбогон соң ондоп, жүздөп каза болгондор тууралуу ММК жарыялаган маалыматтар камтылбайт. Андыктан бул тизме баарын камтыбаганы түшүнүктүү.(АК)