“Бул менин оокатым!” Украиналык качкын орус танкына жүктөлгөн буюмдун ээси экенин айтууда

Украиналык качкын аял ушул сүрөтту көрүп, өзүнүн буюм-тайымдарын тааныганын айтып жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украиналык качкын аял ушул сүрөттү көрүп, өзүнүн буюм-тайымдарын тааныганын айтып жатат

Украинанын Попасно шаарынан качып чыккан аял кутулар менен баштыктар жүктөлгөн орус танкынын сүрөтүн көрүп, өз буюмдарын тааныганын айтып чыкты.

 Учурда Британияда баш калкалап жүргөн Алина Коренюк, буюм-тайымдарын тааныганын билдирүүдө. Анын божомолуна караганда, бул оокаттар алардын кароосуз калган үйүнөн орусиялык аскерлер тарабынан уурдалышы ыктымал.

Орусиянын аскерлеринин дарегине карата мындай шек саноо, сындар биринчи ирет айтылып жаткан жок. Менчиктин ээсимин дегендер түрдүү жүйөлөрдү айтып, сүрөт, видеолорго таянып келишет.

Бирок Орусия алардын жоокерлери талап-тоноого барбай туранын айтып, дооматтарды четке кагып, украиналык күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарда мародёрлордун тобун түзүп, чындыкка коошпогон видеотасмаларды тартышы мүмкүн деп айыптап келет.

Украиналык качкын аял, сүрөттөгү катуу кагаз кутусунда анын согушка чейин эле сатып алып, орнотууга үлгүрбөй калган суу ысыткычы экенин айтууда. Алина бала-бакырасы менен 8-апрелде Украинадан качып чыккан. Алар учурда Британиянын Нотгемшир аймагындагы бүлөнүкүндө баш калакалап жатат.

Алинанын жанындагы апасы Украинада калган

Сүрөттүн булагы, ALINA KORENIUK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алинанын жанындагы апасы Украинада калган

Май айынын соңунда тартылды деген сүрөттөн, 8-майдан бери орусиялык күчтөр көзөмөлдөп жаткан Луганск областынын Попосна шаарындагы бомбаланган турак-жайлардын жанынан өтүп бара жаткан танкты көрүүгө болот.

Коренюктун сөзүнө караганда, сөз болуп жаткан сүрөт алардын үйүнөн жөө басса беш эле мүнөтө жете турчу жолдо тартылган. Сүрөткө анын күйөсү үңүлүп, "Сүрөттөн таң калыштуу эч нерсе көргөн жоксуңбу?"- деп сураган. Аялдын айтуусу боюнча, суу ысыткычтан сырткары алардын жайкы үйүндөгү үстөл жабуусу, диснейдин мульфильминдеги сүрөттөр түшүрүлгөн балдардын жаңы шейшептери жана кызыл одеялону таанышкан.

 Алина Каренюк шейшеп менен бир нерсе оролуп турганын айтууда. Ал үйдө калган телевизор же дагы башка бир тиричилик техникасы болушу мүмкүн. Ал таң калбаганын да кошумчалады.

 "Биз алар талкалап, кыйраткандан калгандарын уурдай турганын билгенбиз. Попаснадагы үйлөр тонолот деп далай укканбыз," - дейт качкын аял.

Аял учурда 12 жаштагы Кристина, 8 жаштагы Ольга аттуу кыздары менен Британиянын Ноттингемшир графтыгындагы Саутуэлл деген чакан шаарчада күн кечирүүдө.

Алар азрыкы жашап жаткан жерине Британ өкмөтүнүн "Украина үчүн үй" программасынын алкагында келген. Аларды кабыл алган бүлө биринчилерден болуп бул программаны колдогондордон.

Милициянын кызматкери, мурунку балдар психологу Каренюк жана анын үй-бүлөсү Попасна шаарынан 24-февралда чыгып кеткен. Ал күнү Орусиянын кол салуусу башталган эле. Сөз болгон райондо атышуулар угулуп турган.

Орусиялык аскерлер Украинада талап-тоноп жататдеген сын айтылып эле келе жатат. Орусия муну кескин четке кагат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык аскерлер Украинада талап-тоноп жатат деген сын айтылып эле келе жатат. Орусия муну кескин четке кагат

Алар эч нерсесин алганга үлгүргөн эмес. Алинанын апасы итин калтырууга аргасыз болгон. Алинанын апасы менен күйөсү азыр да Украинада. Алар салыштырмалуу коопсузураак аймакка чыгарылган.

Окуппацияланган аймактын бир топ тургундары буга чейин эле марадерлук болду деп даттанып келишкен.

Орусиялык көз карандысыз "Медиазона" (Орусияда "иноагент" деп таанылган) басылмасы, Украинада согуш башталгандан бери орусиялык аскерлер Украина менен Орусиянын жана Белорусиянын чек арасына жакын аймактардан үйлөрүнө 58 тонна буюм-тайым жөнөткөнүн билдирген.