Украина: "ажыдардын тиштери" танкка каршы тура алабы?

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV GLADKOV
- Author, Илья Барабанов, Ольга Шамина
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
Орусиянын курулуш компаниялары жана бетон өндүрүүчүлөрү миңдеген пирамидачаларды же "ажыдаардын тиштерин" – танкка каршы бөгөт болчу темир-бетон жабдууларды жасап жатышат. Бул чулу нерселер кийинчерээк Украинанын чек ара аймактарына жана Орусия тарабынан убактылуу басып алган аймактарына, өзгөчө алганда, Запорожье облусунун басып алынган бөлүктөрүнө өзгөчө жигердүү түрдө ташыла баштады. Коргонууга байланышкан ишкердик кандайча жолго коюлууда?
"Мына, (снаряд) келип, жарылуу болду. Мынакей биздеги абал: айнектер быркырап, дөңгөлөк жарылып, күйүүчү майдын багын ок сыныктары тешип кеткен, тиякта солярка майы агып жатат. Унаанын үстүңкү жүк салчу бөлүгүнө да сыныктар тийген. Тигинде Умардын унаасы турат: ок сыныктары күзгүгө, айнекке тийген, бирок жалпысынан унаа соо калыптыр. Чек арадагы жөн-жайыбыз ушундай”, – деп оор жүк ташыган автоунаанын биринин айдоочусу колун жайды.
Ал айдоочу – Украинанын Донецк жана Луганск облустарына бетон пирамидачаларын ташып жаткан көптөгөн жүк ташуучу унаалардын бирин айдап келе жаткан.
Бул жүк – орусиялык бийликтер өздөрүнүн чек ара аймактарында, ошондой эле Украинанын убактылуу каратылып алынган аймактарында танкка каршы колдонууга мүмкүндүк кылчу коргонуу тилкесин түзүү мүдөөсүндө жасалган чулу нерселер.
Орусиялык үгүтчүлөр бул темир-бетон пирамидачаларды сыймыктануу менен “ажыдаардын тиштери” деп аташса, интернеттеги коомдук тармактарда бул нерселерди швейцариялык Toblerone шоколадынын эстелиги деп азилдешүүдө. Чынында да, ал коргонуу пирамидачасы сырткы шекили жагынан ошол шоколаддын “бир тишине” окшоп кетет.

Адистер жалпысынан алардын натыйжалуулугунан күмөн санашат: чопкуттуу аскер техникасы бул пирамидачаларды оңой эле айланып өтүп кете алышат, ал эми замбиректик (артиллериялык) колдоо болбогон шартта бул чулу нерселердин мааниси жокко эсе. Ооба, сүрөттөргө караганда, орусиялык тарап бул пирамидачаларды таң калардык негизде орнотуп жатышат: бул нерселердин пайдубалы кыртышка көмүлбөйт жана сыртынан эч кандай жаап-жашырылган эмес.
Ошого карабастан, орусиялык айрым ишкер чөйрөлөр жаңы удулдан пайдаланып калууну чечти: курулуш компаниялары жана бетон өндүрүүчүлөр алиги пирамидачаларды өндүрүүгө жана жеткирүүгө ашыгышууда. Айрымдары жөн гана Avito интернет базарында ар кыл жарнамаларды жарыялап, ыктымал кардарларга өз товарларын жигердүү сунуш кылып келишет.
Улантылып жаткан согуш маалында компаниялар журналисттер менен сүйлөшүүдөн чочулашат. Пирамидачаларды жеткирүү чынжырлары кандай иштээрин түшүнүү үчүн Би-Би-Синин журналисттери өздөрүн болжолдуу кардарлар катары көрсөтүшүп, Орусиянын Брянск облусуна караштуу Новозыбков шаарынын акимиятынын аткаминерлери катары тааныштырышкан. Кабарчылар азыркы тапта бул шаар танкка каршы коргонуу системасын түзүү үчүн пирамидачаларга муктаж болуп жатат, деп маектештерин ынандырышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ишкерлер Новозыбков шаарынын “аткаминерине” өз компаниялары канча пирамидачаны өндүрүп, каякка жана кантип жеткирип жатышканын тартынбастан ачыктап айтып беришти.
Айрыкча ишкерлер Украинанын Донецк жана Луганск облустарына пирамидачаларды алып баруу өтө кыйынга туруп жатканын арызданып айтып беришти. Жүк ташуучулар Украинанын убактылуу каратылып алынган аймактарына жүк ташып баруудан караманча баш тартышууда, – деп “Кен эмес, цемент компаниясынын” (Нерудная цементная компания, мындан ары кыскача НЦМ) башкы директору Сергей Сергеев даттанды.
НЦМ компаниясы – бул цемент өндүрүү ишканасы. Анын интернет барагына караганда, ал "Евроцемент" аттуу эң ири холдингдин өнөктөшү болуп саналат.
Унаа айдоочулар, Сергеевдин айтымында, чек арада убакытынын көбүн жоготууга аргасыз болушат, бирок, эң негизгиси, алардын кан майдан тилкесине жакын аймактарда өздөрүнүн жүк ташуучу автоунааларын жоготуп алуу ыктымалдуулугу абдан зор. Сергеев мырза өз сөзүн тастыктоо иретинде Би-Би-Синин кабарчысына айдоочулар жумуш тапшырыгынын ээсине өздөрү тартып алып салып жиберген бир нече видео тасманы WhatsApp аркылуу жүктөп жөнөткөн.
Өзүнүн талкаланган жүк ташуучу автоунаасынын маңдайында турган бир айдоочу видео тасмада:
"Ишенбейсизби? Мына, бул Камаз жүк түшүрүү үчүн жөнөдү. Анан жүк мындайча түшүрүлдү, *** *** (ал өз унаасы жардырылганын сөгүнгөн сөзү аркылуу туюнтту. – Би-Би-Си)!" – деп айласы куруп сүйлөгөн.
"Бул – Барановка конушу. Жүк түшүрүү. Мына ушундайча жүк түшүрүлдү. Кечээ, мурдагы күнү жүк түшүрүшкөн болчу. Акылдуусунган жалгыз-жарым айдоочулар келе калышып, тез эле жүк түшүрүп салууну эңсешкен, бирок *** (“анысы болбой калды” деп орусча сөгүндү. – Би-Би-Си). Бизди бул жакка кысып киришти. Бул жерде да алар күнү-түнү дебестен тынымсыз бомбалап жатышат. Кечээ түнкү саат бирде аркы жактан жооп иретинде (снаряд) түштү. Оболу биз жактагылар аларды *** (“аткылашты” деп орусча сөгүндү), андан соң алардан жооп катары биз жакты *** (“аткылашты” деп орусча сөгүндү). Эми бизди түнү бою сактап-коруган жоокер сөрөйлөрдү карасаңыз” – деп видео тасмада сүйлөгөн үчүнчү бир айдоочу кайсы бир украин кыштагында жерде тоголонуп жаткан жүздөгөн пирамидачаларды колу менен көрсөткөн.
Бул айдоочу конуштун атын бир аз чаташтырып айтып алды. Видеого түшкөн имараттарга караганда, бул жер Украинанын Луганск облусунун Бараниковка кыштагына таандык. Бул кыштак кан майдан тилкесиндеги Сватово жана Кременной кыштактарынын ортосунда жайгашкан.
Ошого карабастан, орусиялык ишкер чөйрөлөр согуштагы удулдву өз кызыкчылыгында пайдаланууну чечкен экен: курулуш компаниялары жана бетон өндүрүүчүлөр танкка каршы бөгөт делген пирамидачаларды өндүрүү жана жеткирүү иш-аракетине салым кошууну чечишкен. Алардын айрымдары Avito интернет барагында жарнамаларды жарыялап, болжолдуу кардарларга пирамидачаларды жигердүү сунуш кылуу менен гана чектелишүүдө.
Жапатырмак өндүрүүгө өтүү
"Азыр биз аларды (пирамидачаларды) көп санда жасайбыз. Алар "ДЭРге", "ЛЭРге", (Орусиянын) Белгород облусундагы Отрадное жергесине жөнөтүлдү", – дейт Сергеев мырза. Ал өз маалыматын Новозыбковдун турак-жай жана жамааттык тиричилик чарба бөлүмүнүн “кызматкерине” айтып жатам деп аңдады.
НЦК компаниясынын Таганрог менен Батайскидеги эки ишканасы азыркы тапка чейин эле танкка каршы пирамидачаларды айына 6000 жана 15000 санда чыгарып жатат, деп башкы директор Сергеев ишендирди. Ал ишканалар өндүрүштү мындан ары да кеңейтүүгө даяр. Баарынан кызыгы, SPARK интернет барагы билдиргендей, НЦК компаниясы беш жылдан бери жашап келет, анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан жана анда эки гана киши иштейт.
НЦК компаниясы “Новозыбков шаардык акимиятына” (б.а. Би-Би-Синин кабарчысына) кат жөнөткөн. Бул катта ал Москва шаарындагы оңдоп-түзөө жаатындагы курулуш программасына катышып жаткандыгы, ири курулуштарды цемент менен жабдып тургандыгы баяндалган.
Бирок, эң негизгиси: НЦК компаниясы “атайын аскердик амалды жүргүзүү маалындагы” (баскынчыл согуш маалындагы) кан майдан тилкесинин коргонуу чектерин танкка каршы тосмолор жана башка керектүү темир-бетон өнүмдөрү, ошондой эле цемент жана кен эмес делген материалдар (майдаланган таш, кум, шагыл жана керамзит) менен жабдууга салым кошууга “кызыкдар экендиги” жөнүндө “Новозыбков шаардык акимиятына” аңдаткан.
Алиги катта, ошондой эле, НЦК компаниясы Орусиянын Ростов облусунда өндүрүлгөн бетон өнүмдөрдү “коргонуу чегин” көздөй ташуунун “логистикалык өңүттөрүн” жүзөгө ашыра тургандыгын белгилеген. Бул “калыптандырылып жаткан коргонуу чегинин” жайгашкан орду катары Каменка деген ири кыштактын аймагы көрсөтүлөт.
Бааарынан кызыгы, Каменка кыштагы Воронеж облусунун түштүгүндөгү райондук борбор болуп саналат жана бул ири кыштак Украинанын Луганск облусунан болжол менен 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
Ошондой эле “Техносфера” аттуу дагы бир компаниянын өкүлдөрү Би-Би-Синин кабарчысына ушундай жабдуу иштерине катышып жаткандыгын тастыктады. Бул компания өзү алиги пирамидлачаларды өндүрбөйт, бирок даяр өнүмдөрдү башка ишканалардан сатып алып, убактылуу каратылып алынган Мелитопол шаарына жеткирип берүүдө.
“Техносфера” компаниясы өзү жол куруу менен алектенип келчү жана анын баш кеңсеси Санкт-Петербургда катталган.
"Негизги көйгөй – өндүрүштө эмес, логистикада (жабдуу өңүттөрүндө). Эң татаал жана өзгөчө кымбат бааланганы – бул өнүмдү жеткирүү өңүтү. Биз Ростов-на-Дону, Мариуполь жана Мелитополь аркылуу ташыйбыз. (Орусиялык) Брянск шаары – мерчемибизге чейинки аралыктын так ортосунда жайгашкан. Ал эми Санкт-Петербургдан Брянск шаарына чейин 1000 чакырым. Ал эми (Питерден) биздин Мелитополго чейин – 2000 чакырымдан ашуун аралык”, – дейт “Техносфера” компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн башчысы Наталья Сергеевна.
Бул айымдын тактоосуна караганда, компанияга берилчү стандарттык тапшырык 6000 – 8000 пирамидачаны түзөт. Мында тиешелүү коргонуу чегинин узундугу чоң мааниге ээ. Өзүн Наталья Сергеевна деп атаган бул айымдын айтымында, жол куруучу “Автодор” мамлекеттик ишканасы алиги тапшырыктарды берүүдө.

Сүрөттүн булагы, Белгород облусунун губернаторлугу
Коргонуу жабдууларын курууга орусиялык ири курулуш фирмалары да тартылышы мүмкүн. Маселен, ФСК аттуу ири курулуш компаниясындагы бир кызматкер өз компаниясы Бердянск шаарынын жанында жана Украинанын Запорожье облусунда коргонуу жабдууларын куруу иштерине катышып жаткандыгын Би-Би-Сиге маалымдады.
Эмне үчүн коргонуу жабдуулары Запорожьеде тургузулуп жатат? Орусиялык баскынчы аскерлер Украинанын Харьков облусунда ири жеңилүүгө дуушар болуп, Днепрдин оң жээгинен чыгышка чегинүүгө аргасыз болду.
Эми, көптөгөн аскер адистеринин жоромолуна караганда, украин аскерлеринин кезектеги чабуулу дал ушул Запорожьеде болушу ыктымал. Ошентип, украиндер орусиялык аскерлердин кургактыктагы ири тобун жиктеп, андан ары Азов (кырым-татарча “Азак”) деңизинин жээгине чейин жетип калышы ажеп эмес.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный (ал 1973-жылы туулган жана эл арасында “темир генерал” атыккан) мырза “The Economist” журналына курган маегинде мындайча айтты:
«Крым жарым аралынын чегине жетүү үчүн азыр биз Мелитополго чейин 84 чакырымдай аралыкты басып өтүшүбүз зарыл. Айтмакчы, бул – биз үчүн жетиштүү болоор эле, анткени Мелитополь кургактыктагы өткөөлдү аткылоо жагынан бизге толук көзөмөлдү камсыз кылмакчы. Себеби Мелитополдо туруп эле биз Крым мойногун аткылоого жөндөмдүү болобуз. Ошол эле "Хаймарс" ракета аткычтары жана башка куралдар аркылуу да аткылай алабыз”.
Залужный мырзанын айтымында, украин аскерлери жакын арада ошондой ири аскердик амалдардын бирин жүзөгө ашырууга беленденишүүдө.
Бул коргонуу пирамидачаларынын наркы канчага турат?
"Бардык кишилер акча таап иштеши керек. Деги мен туура түшүнүп жатамбы? Бул тетраэдралар (б.а. төрт бурчу бар пирамидачалар) жеткирилчү мерчемдин алыстыгына жана татаалдыгына багыныңкы болот. (Наркында) абдан чоң айырмачылык бар. Бизде (товарды) өткөрүүнүн (орточо) баасы барбы?" – НЦК компаниясынын башчысы Сергеев “Новозыбковдон келген аткаминерден” тактоо иретинде сурай кетти.
Компаниялардын жоопторуна караганда, бир пирамидачанын баасы 7–8 миң рублди түзөт жана аны Брянск облусуна алып келүү үчүн дагы 5 миң рублдей төлөш керек болот. Башкача айтканда, бир "ажыдаардын тиши" Новозыбков шаарынын акимиятына болжол менен 12-13 миң рублдей чыгым жаратат.

Сүрөттүн булагы, Белгоро облусунун губернаторлугу
Мында сөз Б-40 түрүндөгү бекем бетондон жасалган пирамидачалар жөнүндө жүрүп жатат. Өндүрүүчүлөр акчаны үнөмдөө аргаларын издей алышат, бирок мындай үнөмдөлгөн материалдан жасалган өнүмдөр ар кандай сыноолорго эч туруштук бере алышпайт.
Деги кээ бир жаңыдан эле курулган коргонуу жабдуулары эмне үчүн тез эле упурай баштагандыгынын сыры дал ушунда: бул пирамидачаларды өндүрүүдө цемент азыраак кошулуп, кымбат зат кыйла үнөмдөлөт.
"Ал жерде, – аткылоо тынымсыз жүрүп жаткан ЛЭРде, – эч ким сапаттын артынан түшпөйт. Эч ким текшерүүгө деле барбайт. Алар талаага (пирамидачаларды) төгүп салышат да, артка кетип калышат. Бул ишти эптеп аткарылды деп ишаара кылыш үчүн эле аткарышат", – деп Сергеев мырза агынан жарылып түшүндүрдү.
Ошол эле учурда, пирамидачалардын наркы аларды Украинанын убактылуу каратылып алынган аймактарына жеткирүүнүн мүшкүл шартына байланыштуу кескин кымбаттайт: мында пирамидачанын ар биринин баасы 15–20 миң рублге чейин өсүп чыгат.
"Жүк ташуу унааларынын айдоочулары мындан ары ал жакка баргылары келбей калышты. Унаа ордунан жылса эле, дрон учуп келет да, анан иш бүтөт: унаа тим эле калбырга айланат. Ал түгүл унааны кайра алып чыгууга да дармансыз болуп, айдоочулар өз автоунааларын таштап кетишет. Ошондуктан (айдоочулар) ал жакка айдап барбоого тырышат; эч ким тобокелге салгысы келбейт”, – деп "НЦК" компаниясынын жетекчиси Сергеев чыныгы акыбалды сыпаттады.
Мындай бааны башка компаниялардын өкүлдөрү да ырасташты.
Мисалы, "Белый раст" компаниясынын Дмитрий аттуу өкүлү:
"Силер жакта абал дүрбөлөңдүүбү, өтө коркунучтуубу? Акыбал кандай? (деп сурашып) көптөгөн айдоочулар (кооптуу жактарга автоунаа) айдоодон баш тартып жатышат", - деп жогорудагы сөздү тастыктады.
Ал эми согуш талаасынан узакта турган Новозыбковдо азыркы акыбал жок дегенде туруктуу экенинен кабардар болгон соң, Дмитрий бул аймакта тапшырыкты аткаруу жаатында эч кандай маселе жаралбашы керек, деп ишендирди.
(Орусиянын Брянск облусуна караштуу Новозыбков шаары ушул облустагы Украина менен чектеш Любечане кыштагынан 45 чакырымдай эле түндүк-батышыраакта жайгашкан. – Ред.)
Ал эми “АльфаЦем” соода үйүнүн жетектөөчү адиси Журавлёв мырза Санкт-Петербургдан Новозыбков шаарына чейинки аралыкты эсептеп чыгып: “Бетон пирамидачасы 1,6 метр, салмагы 1,2 тонна – ар бир даанасы 8 миң рубль болот” деген сунуш камтылган катты жөнөткөн. Дагы 5 миң рубли автоунаа чыгымдарына жумшалат. Ошондо бир каттам менен 24 – 34 даана пирамидача дарекке жеткирилиши мүмкүн.
Бул пирамидачалар эмне үчүн керек?
Деги "Ажыдаардын тиштери" же "Тоблерон шоколадынын эстелиги" деп атыккан танкка каршы пирамидачалар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн алдыга жиреп келишине бөгөт коё алышабы же жокпу? – бул жагдай да чоң суроо жаратат.
Орусиялык тарап жасап жаткан жана сүрөттөрдө көрүнүп турган коргонуу жабдууларынын натыйжалуулугу кыйла күмөн туудурат. Көбүнчө, пирамидачалар жөн эле талаага жайгаштырылып жатат. Деги алар кимден коргоп жатканы деле толук түшүнүксүз, анткени аскердик унаалар бул чулу жабдууларды оңой-олтоң эле айланып өтүп кете алышат.
Ар кандай танкка каршы чыныгы бөгөт өтө мыкты жаап-жашырылууга тийиш. Эгерде 1939-жылдагы Советтер Биримдигинин капысынан уюштурулган баскынчылыгына каршы согушта өзгөчө туруштук берген финляндиялык айтылуу “Маннергейм коргонуу тилкеси” делген коргонуу системасын эске алсак, анда пирамидачалардын пайдубалы бери дегенде жарым-жартылай болсо да кыртышка көмдүрүлүшү керек болчу.
Мариуполду коргоо учурунда украин аскерлери ири автожолдорго өтө салмактуу келген төрт мүйүздөнгөн чулу жабдууларды (“тетрапод”) орнотушкан жана орусиялык танктарды миналанган талаалар аркылуу айланып өтүүгө мажбурлашкан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ар кандай коргонуу аргалары жапатырмак замбиректик аткылоолор аркылуу коштоп турууга муктаж экендиги да анык.
Орусиянын Белгород облусунун Украина менен чек арасынын узундугу – 540 чакырым, Курск облусунуку – 245 чакырым. Би-Би-Си жазгандай, мындай узун чек араны коргоо үчүн кан майдандын алдыңкы тилкесинде жансыз пирамидачалар эле эмес, эң аз дегенде 80–95 миңдей жоокер кармалып турушу талап кылынат.
Ошол эле учурда украиналык аскер жетекчилиги Орусиянын чектеш аймактарынын эч бир бөлүгүнө кандайдыр бир сук артып жаткандыгы тууралуу эч айткан эмес. Расмий Киевдегилер тек гана 2014-жылдан бери Кремль тарабынан убактылуу каратылып алынган аймактарды, – анын ичинде ЛЭР, ДЭР жана Крым жарым аралын, – кайрадан Украинага мыйзам ченемдүү кайтарып алуу жөнүндөгү талаптарын гана билдирип келишет.
Орусиялык аскерлер Крым жарым аралынын Херсон облусу менен чектеш бөлүгүндө коргонуу каражаттарын кура баштаганда, албетте, Кремль Крым багытында эмнеге даярданып жаткандыгы өзүнөн өзү айкын көрүнүп тургансыйт.
Ал эми Орусиянын ичиндеги Белгород же Курск облустарындагы көп чакырымдык коргонуу жайларынын камылгасы кайсы маңызга ылайык көрүлүп жаткандыгын дароо аңдоо кыйын.
Путиндин аскерлери тарабынан убактылуу каратылган украин аймактарында жана Орусиянын чек ара аймактарында курулуп жаткан коргонуу тилкелери болжолдуу замбиректик чабуулга каршы өтө чабалдык кылышат.
Германия Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курал-жарак кампасына автоунаа бөгөттөрүнөн жолду тазалоочу Pionierpanzer 2A1 Dachs маркасындагы аскердик унаанын 5 даанасын өткөрүп берүүгө убада кылды. Бул аскердик унаа танктарга каршы курулган атайын тосмолорду кыйратып, автожолду тазалоо үчүн атайын иштелип чыккан болчу.
Айтмакчы, жада калса Украина тарап дагы Орусия жөн гана коргонуу жумуштарын аткарып жаткандай көрүнүш үчүн алиги аракеттерди жүзөгө ашырууда, деп билдирүү жасай баштады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн “Түштүк” ыкчам башкаруу аскер жетекчилигинин басма сөз өкүлү Наталья Гуменюк айым Мелитополдун чет жакасындагы коргонуу өңүтүндөгү орусиялык иш-аракетти жана Херсондун айланасында болуп жаткан окуяларды өз ара салыштырды.
“Алар оболу Херсондун айланасында аскер топтоп, (коргонуу жайларын) куруп киришти. Андан соң алар айрым конуштарды таштап чыгып кетип жаткандыктарын маалымдашты. Андан соң көчөмө-көчө салгылашууга беленденишти. Андан кийин алар азырынча көп нерсе колдон чыга элек, деп ишендирип чыгышты. Анан эле алар банктардан жана башка мекемелерден өздөрү баалуу санаган нерселерди (тоноп) чыгарып кетишти. Булардын (б.а. коргонууну чыңдоо далаалаттарынын) бардыгы эмне менен аяктай тургандыгын биз, – бери дегенде, – билип турабыз,” – деп Наталья Гуменюк айым орусиялык далаалаттар баары бир майнапсыз аяктайт деген ишеничин билдирди. (TT)







