Украина согушу: Чыгыш майдандагы украиндер Путиндин аннексиясы майнапсыз аяктайт дешет

- Author, Орлан Герин
- Role, Би-Би-Синин Жаңылыктар бөлүмү, Бахмут шаары, Украина
Орусиянын президенти Владимир Путин эгемен Украинанын айрым аймактарынын аннексияланганын жарыялап, өзөктүк коркунуч тууралуу коркутуп-үркүтүп, жүз миңдеген кишилерди аскерге чакырып жаткан чакта, чыгыштагы кан майданда жүргөн украин күчтөрүнүн жообу өзгөрүүсүз калды: алар ата журт топурагынын ар бир сөөм бөлүгү үчүн күрөшмөкчү.
Биз Донецк аймагынын Бахмут шаарындагы кан майдандын алдыңкы тилкесине сапарга чыктык. Донецк - орусиялык президент Путин азыр мыйзамсыз түрдө өзүнө таандык деп айтып жаткан төрт аймактын бири. Биздин саякатыбыз көп баскычтан турду.
Биз Бахмутовка дарыясынан өтүү үчүн ылдамдыкты азайтып, ал эми ачык көрүнгөн жерден тез өтүү үчүн ылдамдыкты жогорулаттык. Ал эми кулаган электр чубалгысынын зымдарынын коркунучтуу көшөгөсүнөн айланып өттүк. Акыркы бир нече метр аралыкка жөө-жалаңдап чуркоого туура келди. Ошол эле учурда замбиректен аткылоо тынымсыз улантылып жатты: бул - согуштун тааныш үн пейзажынын бир бөлүгү эмеспи.
Бирок биз кан майдан тилкесиндеги жоокерлерге жеткенибизде, согуштун изи калган имараттын ичинде дагы бир доошту угабыз: бул — автомат сыяктуу чакан куралдардын үнү болчу. Эки тарап өз ара ушунчалык жакын жайгашкандыктан, бири-бирин мылтык милтеси менен бутага алып атышууда.
Орусиялык жоокерлер бизден 400 метрдей (437 ярд) эле алыстыкта маңдайыбызда турат жана бизге жакындоого бар далаалатын жасашты. Бизге алардын арт жагында орус снайпери бар деп эскертишти.
Казылган башпаана жайында чакан аскер бөлүгүнүн командири капалуу жана орой турду. Анын жанында таргыл мышыгы жүрөт.

"Азыр бул жерде абдан кыйын болуп турат", - дейт 31 жаштагы Александр. "Мээге күч келип, бардыгы психологиялык кысым алдында турушат. Душмандар өтө жакындап келди, бирок биз туруштук кылып, алардын чабуулунун мизин майтарып жатабыз".
Ал президент Путиндин жакында өткөргөн референдумдарын "алдамчылык" деп четке кагып, украиндер эч качан орусиялык мылтыктын кундагы алдында бүжүрөп күнкор болуп калышпайт, деп баса айтты.
"Менин оюмча, бул референдумдар эч нерсени өзгөртпөйт. Биз Путиндин аскерлери менен согуша беребиз жана аларды өз жерибизден чыгып кетүүгө мажбурлайбыз", - дейт ал.
Александр балакеттүү согуштун баасын дурус билет. Бул бааны ал өзүнүн салгылашууларынан гана аңдап чектелбейт.
«Менин бир тууган агам набыт кетти, - деп ал мага айтты, - бирок бул окуя кайда жана качан болгонун билбейм, анткени ал башка аймактан аскерге чакырылган болчу. Ал дагы менин бир нече жолдошторум сыяктуу эле набыт кетти. Мени менен бирге машыккан офицерлер окко учканынан да кабардар болдум. Ошентип, мен үй-бүлөмдүн мүчөлөрүнөн жана досторумдан айрылдым».
Александр урушка карата эркин эч жоготподу. 25 жаштагы Роман да ушундай эле маанайда. Ал дал ушул согуштагы негизги курал түрүн - дронду башкарат.

Роман бомбаланган үйдүн үстүңкү кабатындагы таштандылар менен айнектин сыныктарына толгон бөлмөдө жайгашкан. Анын жанында дагы эки мышык жүрөт. Анын уюкфонундагы экран сактагычта согуш башталгандан кийин төрөлгөн беш айлык уулу Кирилдин сүрөтү турат. Роман жалгыз чүрпөсүн бир гана жолу көргөн.
"Мен аны азыр нукура жашоомдо эмес, сүрөттөрдөн жана видеодон гана көрүп турам, - дейт Роман. - Бул - өтө азап, бирок орустар менин үй-бүлөмө жетип калса, аларга кандай мамиле кылышы мүмкүндүгүн элестетүү да азап.
"Мен алардын Бучада кылгандагыдай ырайымсыздыгын эч каалабайм. Мен Киевде жашачумун, аялдардын сезимдерин таасын түшүнөм. Эгерде биз алсыз болчу болсок, анда алар биздин үй-бүлөлөрүбүзгө басып келишет", - дейт Роман.
Бул жерде Орусиядагы аскерге мобилизацияга байланыштуу тынчсыздануу байкалат. Жакынкы айларда Кремль дагы көптөгөн жоокерлерин согушка жөнөтмөкчү.
Бул жаңыдан аскерге чакырылгандар канчалык деңгээлде даярдалгандыгы жана жакшы же начар жабдылаары белгисиз, бирок украиналыктарды жоонун аскеринин сапаты эмес, саны тынчсыздандырууда.
Алардын саны ансыз да көп. Бахмут үчүн салгылашуу маалында алар орус жоокерлеринин сан жеткистей тобуна туш болушкан. Украин аскерлеринин басма сөз катчысы Иринанын айтымында, август айында жоолор тарабынан катары менен беш ирет жапырык аракети болгон.
"Алар жөн эле келе беришет, эч токтобойт. Атышууларга да, замбиректен аткылоолорго да маани беришпейт. Биз колго түшүргөн согуш туткундарынын айрымдары Вагнердин тобунан (орусиялык жалданмалар тобунан) болчу. Алардын курал-жарагы калгандарыныкына караганда саал жакшыраак болчу", - дейт Ирина.
Бул жердеги аскерлер орусиялык баскынчылар Бахмутта жеңишти камсыздоо үчүн жан алакетке түшүп далаалаттанып жатышат деп эсептешет, анткени соңку учурларда орусиялык аскерлер Украинанын түндүк-чыгышы менен түштүгүндө украин аскерлерине 6000 чарчы чакырым (2317 чарчы миль) жерди кайра алдырып жиберип, чегинүү ызасын тартып калышпадыбы.
Бир кездери калкы 70 миңдей тургундан турган Бахмут шаары ушул тапта канга боёлсо да, президент Путиндин кекиртегине тыгылган кылкандай болуп турат. Бул шаар Путиндин Донецк менен Луганск да камтылган Донбасс деп аталган кен байлыктарга бай аймакты бүтүндөй каратып алуу далалатына тоскоол болууда. Донбассты толук карата албай калса да, Кремль Донецк менен Луганск облустарын өзүнө бир тараптуу кошуп алды.

Шаардын борборунда биз үч ай мурун абадан сокку урулганда олуттуу бүлгүнгө учураган ири көп кабаттуу үйгө туш болдук. Терезелердин көбү тактайланган. Бул турак үй кароосуз калган кебетеленет, бирок капысынан менин кесиптешим имараттын ичинен аялдын ыйын угуп калды.
Биз "ким бар!" деп чакырсак, экинчи кабатта батир терезесин жаап турган желим жайманын артынан Людмила аттуу чоң эне пайда болду. Аткыланып жаткан ракеталардын доошунан улам, адегенде анын сөздөрүн угуу кыйынга турду.
"Бул - абдан азап болду, - деп Людмила кыйкырып айтты. - Алар бизди бомбалап жатышат. Кечээ короодо бир киши [снаряд аткылоодон улам] набыт болду. Имаратта дээрлик эч ким деле калган жок.
Бардык жерден суу таамп жатат. Ар бөлмөнү суу жайпаган. Дубалдардын баарынан жарака кеткен. Абдан кыйын абал. Бирок биз жок дегенде гуманитардык жардам алып турабыз. Үч күндө бир жолу алар нан алып келишет".
Чачы куудай агарган ардагер айым өз абышкасы жана башка бир ууч киши менен ушул талкаланган имаратта байырлоодо.
"Биз эч жакка кетип кала албайбыз, - дейт бул чоң эне. - Акчабыз жок, мен кол арабачада отурам".
Чоң эненин кошунасы бул имаратка беш жолу замбиректик сокку урулганын бизге айтты.
1-июлда ракета келип тийгенде, Людмила эне өз ашканасында болгон. "Бул күтүлбөгөн жерден сокку болду, - дейт ал. - Мени Кудай өзү сактап калды".

Бирок деги бул шаарды сактап калууга болобу?
Азырынча мындагы майдан тилкеси өзгөрүүсүз турат. Украин күчтөрү Орусиянын аскеринин алдыга жылуусуна бөгөт коюуда. Бирок бул майдан тилкесинде өлгөндөр да коопсуз эмес.
Шаардын жашыл чет жакасында жайгашкан эски көрүстөн улам күчөгөн замбиректик аткылоонун бутасына айланды. Кара топурак дөбөлөрү көрүстөндөгү жаңы мүрзөлөрдү айгинелейт. Акыркы айларда шаар согуш талаасына айлангандан бери курман болгондор бул бейиттерде түбөлүк жатат.
Жаңы табыт мүрзөгө жайгаштырылууда. Аны аза күтүп жаткан бир нече киши кайгырып карап турушту. Дал ошол учурда жымжырттык аткылоо менен бузулду. Биринчи ракеталык аткылоо артта калды. Бирок бир аздан кийин көрүстөндүн каршысындагы дөңсөөлөргө жаңы снаряддар келип жарылды. Кийинки сокку бизге удам жакыныраак жерге мерчемделди. Ошентип, бул жайдан тез арада чыгып кетүү маалы келди.
Бахмуттун чет жакасын карай жарыша качып бара жатканыбызда, биздин алдыбыздагы жолдо 100-200 метрдей эле аралыкта жарылуу орун алды. Биз чукулунан солго бурулууга жетиштик да, башка жолду тандадык.
Украинада көптөгөн салгылашуулар дагы эле улантылып жатат. Президент Путин өз мөрөйү үчүн далаалатын эки эсе жогорулатты. Кыш ызгаары да босогого жакындап келе жатат.
Бул - Европадагы эң соңку согуштагы дагы бир коркунучтуу баскыч.
"Ушул согуш жаңжалы дагы канчага созулат деп ойлойсуз?" деген сурообузга украин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Ирина айым: "Дагы далайга чейин созулат", - деп жооп узатты.(TT)







