Путин Украинанын Херсон жана Запорожье областтарын көз каранды эмес деп тааныды. Бул аларды аннексиялоо үчүн керектүү формалдуулук

Сүрөттүн булагы, Reuters
Россиянын президенти Владимир Путин Запорожье менен Херсон областтарынын көз каранды эместигин тааныган жарлыкка кол койду. Бул аталган областтарды жана 2014-жылы "элдик республика" болуп жарыяланган Донецк, Луганск областтарын кошуп алуунун прелюдиясы.
Документтин текстеринде "жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктук нормаларга ылайык, БУУнун уставында каралган элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын аныктоо принцибине таянуу менен чечим кабыл алынып" жатканы айтылат.
Бейшембиде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш өзүнүн "Твиттер" баракчасына "бир мамлекеттин аймагын экинчи мамлекет коркутуп же күчкө салып аннексиялап алганы БУУнун Хартиясы менен эл аралык укукту бузуу болуп саналат" деп жазды.
Россиянын бийликтери Украинага 24-февралда басып кирердин алдында Донецк жана Луганск "элдик республикаларынын" көз каранды эместигин тааныган. Орус аскеринин аракеттери бул түзүлүштөргө аскердик жардам көрсөтүү деп айтылган, бирок орус армиясы Донбассты эле эмес, Украинанын башка аймактарын, Киев, Чернигов, Житомир, Сумск, Харьков, Запорожье, Николаев жана Херсон областтарын басып алууга аракет кылды.
Азыркы убакта орус аскери Херсон областын дээрлик, ал эми Запорожье, Донецк жана Луганск областтарынын айрым бөлүктөрүн көзөмөлдөп турат. Алар бул региондордун бирөөн дагы бүтүндөй ээлеп ала алышкан жок.

27-сентябрда Украинанын жарым-жартылай оккупацияланган төрт регионунда Россияга кошулуу жөнүндө беш күндүк "референдумдар" аяктады. Анын жыйынтыгын дүйнөнүн бир да өлкөсү тааныган жок. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул процесс аскердик оккупациянын шартында өткөндүктөн эч кандай мыйзамдык юридикалык күчү болбойт деп айтышты. Украинанын президенти аларды жыйынтыгы эчак эле белгилүү болгон фарс деп атады.
Эми эмне болот?
Шаршембиде кечинде оккупацияланган областтардагы Россия дайындаган жетекчилер Москвага учуп келишти. Анын алдында алардын ар бири өзүнүн регионун Россиянын курамына кабыл алуу жөнүндө Владимир Путинге кайрылуу жасашты.

Сүрөттүн булагы, EPA
Запорожье жана Херсон областтарынын көз каранды эместиги жарыяланган кандайдыр бир процедура жөнүндө кабарланган жок.
Жума күнү, 30-сентябрда, Путин басып алынган аймактарды Россиянын курамына кошуу жөнүндө "келишимдерге" кол коет. Бул жөрөлгө Москва убактысы боюнча Георгиев залына саат 15.00 кө белгиленди. Путиндин басма сөз катчысы Песков президент "көлөмдүү" сөз сүйлөйт деп билдирди.
Ушул эле жума күнү, ТАСС кабарлагандай, "ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон областтарынын Россиянын курамына кирүү жөнүндө референдумдарынын жыйынтыгын колдоо үчүн" бийлик Кызыл аянтта чоң митинг концерт өткөргөн жатат.
Эми, "Коммерсант" жазгандай, ар бир төрт регион менен эл аралык келишимдер түзүлөт, президент аларды Федералдык жыйындын кароосуна ратификацияга алып кирет.
Украинанын аннексияланган аймактары боюнча добуш берүү Россиянын парламентинин эки палатасында тең эмки жумада болгон жатат. Андан кийин бул процесс Россиянын Конституциясында бекитилет.
"Ошондон кийин [аннексиянын расмий жол жоболору бүткөндө] биз билген Россия Федерациясы өзүнүн жашоосунун жаңы фазасына өтөт, чек арасы делегитимизация болгон, эч бир мамлекет же эл аралык уюм де юре тааныбаган, ошол эле убакта борбордук администрация де факто көзөмөлдөбөгөн фрагменттер кирген мамлекет болуп калат",-деп жазды политолог Екатерина Шульман.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кезегинде 30-сентябрда Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин чукул жыйынын чакырды. (КС)









