“Миңге чукул жай тургун каза болгон”. Бошотулган Изюмда эмне болуп жатат?

Изюм тынымсыз аткылоого кабылган

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изюм тынымсыз аткылоого кабылган

Жакында украин аскерлери тарабынан бошотулган Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынын бийлиги согуш маалында бул аймакта көптөгөн жай тургун набыт болгонун билдирди. Алардын айтымында, согуштук аракеттердин кесепетинен миңге чукул жай тургун өлтүрүлгөн, андан да көбү өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн каза болгон. 

Изюмдун бир далай бөлүгү талкаланган, шаарда жылуулук жок. Ал арада бийлик “фильтрация” жүргүзүүгө, башкача айтканда, орустар менен кызматташкан жергиликтүү коллаборационисттерди издөөгө даярданып жатат.

Согушка чейин Изюмда 46 миң адам жашачу - ал Харьков облусундагы кичинекей, бирок стратегиялык маанилүү шаар. Февраль айында орус аскерлери Изюмду аткылай баштаганда шаардыктар ыкчам түрдө кача баштаган. Алар калаадан мина талаасы аркылуу же суудан сүзүп, айрымдары Орусия чек арасынан жөө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Изюм курчоого алынган алгачкы апталарда көптөгөн жай тургундар каза болгон. Анда украин жана орус аскерлери артиллерия колдонуу менен айыгышкан согуш жүргүзгөн, негизинен тараптар шаарды экиге бөлүп турган Түндүк Донец (Северский Донец) дарыясынын өткөөлү үчүн салгылашкан.

Изюмдун четиндеги айылда калып калган ок-дарылар

Сүрөттүн булагы, JUAN BARRETO/AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изюмдун четиндеги айылда калып калган ок-дарылар

Аткылоо тынымсыз уланып жаткан. Апрель айында жергиликтүү тургундар Би-Би-Сиге шаарда “өлүктөр жок көчөнү табуу кыйын” экенин айтышкан. Алгач жергиликтүү тургундар маркумдардын сөөгүн турак жайлардын короосуна коюуга аракет кылышкан, бирок аз убакытка да сыртка чыгуу кооптуу эле.

Изюм шаардык кеңешинин төрагасы Максим Стрельниковдун айтымында, "согуштук аракеттердин кесепеттеринен кеминде миң жергиликтүү тургун каза болгон". Мындан сырткары, тилекке каршы, “өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн андан да көп адамдар жапа чекти”, - деди Стрельников.

Апрель айында Би-Би-Синин бир нече маектеши орусиялык аскер күчтөрү Изюмдагы жашыруун түрмөнү жасап, ал жерге жергиликтүү активисттерди камаганын айтышкан. Изюм шаарынын тургундары Школьная көчөсүндөгү жер төлөдө жайгашкан делген бул абактан азырынча эч ким чыга электигин белгилешкен. Украин бийлиги бул түрмөнүн табылганы тууралуу маалымат бере элек.

Жергиликтүүлөр орусиячыл аскерлердин тынымсыз мародёрчулугу тууралуу да айтышкан. Жашоочулардын биринин айтымында, өз алдынча жарыяланып алган Луганск (ЛЭР) жана Донецк (ДЭР) элдик республикаларынын куралдуу күчтөрү кампаларды жана дүкөндөрдү тоношкон: “Алар асыл мародёрлор, согушуу үчүн эмес, материалдык абалын жакшыртуу үчүн келишкен”. Орус бийлиги жоокерлер талап тоноого катышты дегенди кескин четке кагып, курулай доомат деп келет.

Эл аралык Amnesty International уюму шаардагы кырдаалды гуманитардык катастрофа деп атады. Укук коргоочулар өз баяндамасында шаар дээрлик толугу менен талкаланганын жазышкан. Шаардыктар жер төлөлөргө жашынууга аргасыз болушкан, ал арада суу жана азык-түлүк тездик менен түгөнүп бараткан. Шаарда электр жарыгы, газ, жылуулук, жадагалса уюлдук байланыш да жок болчу.

Шаарда учурда эмне болуп жатат?

Изюм шаарынын мэри Валерий Марченко Би-Би-Си менен болгон маегинде шаардагы окуялар тууралуу айтып берген: “Март айынан бери баскынчылар учак, артиллерия менен биздин шаарды бомбалап, талкалап, көп кабаттуу үйлөр, инфраструктура бузулган. Дээрлик бардык отканалар бомбаланды, жылытуу мезгили чоң маселе жаратууда. Көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик 70% талкаланган. Абал абдан оор”.

Бузулган үй

Сүрөттүн булагы, JUAN BARRETO/AFP VIA GETTY IMAGES

Изюм шаардык кеңешинин төрагасы Максим Стрельников ушундай эле маалыматтарды келтирет: "Тилекке каршы, шаар инфраструктурасынын 80% ашууну талкаланган. Булар жеке менчик, көп батирлүү турак-жайлар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле өнөр-жай объектилери. Эң жаманы - алдыда кыш. Ал эми көпчүлүк тургундар колдонгон борборлоштурулган жылытуу тутуму кыйрап калган”.

Жылытуу мезгили башталганга чейин инфраструктура калыбына келтирилбесе бийлик Изюмдун тургундарын эвакуациялоого аргасыз болушу мүмкүн. Бирок азырынча андай чечим чыга элек.

Марченко айткандай, калктын үчтөн экиси шаардан чыгып кеткен. Шаардык кеңештен азыр Изюмда 10 миңдей тургун калганын айтышты.

Марченконун айтымында, шаарда абал тынч: "Аскер кызматкерлери шаардын аймагын кайтарып жатышат, жеке үйлөрдө жашынган душмандын жоокерлерин издөө иштери менен алек. Тапса, кууп чыгышат", - деди мэр.

Изюмдун четинде ташталган орус танктын үстүндөгү украин жоокери

Сүрөттүн булагы, JUAN BARRETO/AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изюмдун четинде ташталган орус танктын үстүндөгү украин жоокери

Андан кийин шаарда украин бийлиги “фильтрация” деп атаган процедура башталат. "Алар [орус аскерлери менен кызматташкан] коллаборационисттерди издешет, - деп түшүндүрөт Марченко. - Дагы он күнгө жакын убакыт кетет. Андан кийин тургундар шаарга аман-эсен кайтып келе алышат".

Америкалык согушту изилдөө институтунда (ISW) мурда белгиленгендей, украин аскерлери Изюм шаарын кайтарып алганы чоң стратегиялык мааниге ээ: ал Орусиянын Донецк аймагындагы жүргүзгөн “операциянын” максаттарына, атап айтканда, Бахмут, Славянск жана Краматорск шаарларын алууга олуттуу түрдө тоскоол болушу мүмкүн,.

Чакан шаар экенине карабастан, Изюм маанилүү темир жол түйүнү болуп саналат. Шаар аркылуу Харьковду Донбасс менен байланыштырган жол өтөт. Ошондуктан бул шаар орус армиясынын негизги буталарынын бири болуп калган, деп түшүндүрүштү аскерий талдоочулар Би-Би-Сиге. (ЕВ)