"Россияны жеңсе болот". Украиндердин Харьковдогу контр чабуулу
Украинанын аскер күчтөрү алты күнгө созулган контр чабуулда Россия басып алган чоң аймакты, анын ичинде отуздан ашык шаар-кыштактарды бошотту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украина соңку күндөрү бошотуп алган чоң аймакты эми россиялык күчтөрдүн контр чабуулунан коргоп калышы керек, деди өлкөнүн коргоо министри Алексей Резников Financial Times гезитине берген интервьюсунда.
Анын айтымында, украиндердин контр чабуулу күтүлгөндөн да жакшы болуп, натыйжада 3 миң чарчы км аймак бошотулду.
"Контр чабуулдун натыйжасында бир топ аймак бошотулду, эми мындан кийин аны көзөмөлгө алып, аны коргоого даяр болуу керек",-деди Резников.
Украиндердин контр чабуулу Россиянын армиясы үчүн 24-февралда басып киргенден кийинки ири жеңилүү болуп калды деп жазды FT.
Резников украин аскерлери алты күндүк чабуулдан чарчады, бирок алардын моралдык духу жогору дейт.
"Бул Россияны жеңсе боло тургандыгынын белгиси",-деди ал.
Ал Россиянын армиясы күч жыйнап, толуктап алып, украин армиясынын камсыздоо линиясын көздөй контр чабуул башташы мүмкүн деп эскертти.
Анын үстүнө, украин аскерлери бир топ алдыга кетип калса, орус аскеринин курчоосунда калышы мүмкүн.

Бул украин аскерлеринин орус армиясын апрелде Киевдин алдынан сүрүп чыккандан кийинки эң орчундуу жүрүшү болуп калды.
Анткен менен орус аскерлери дагы деле өлкөнүн аймагынын бештен бирин көзөмөлдөп турат жана согуштун аякташына дагы көп бар.
Аналитик: "согуш - бул ок жана бомбалар менен математикалык теңешүү эмес"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Лондондогу Сэм Грин атындагы королдук коллеждин Россия институтунун директорунун талдоосу:
"Украинанын түндүк чыгышындагы контр чабуул жана Россия бир айда араң ээлеген аймактын бир күндө бошотулганы - духту көтөрүп, шыктандырып жатат. Бирок бул жаңылыктар ошол эле убакта эске келтире тургандай угулуш керек.
Башкасын айтпаганда да, булар согушту анализдөө абдан кыйын экенин көрсөтүүдө. Батыштын саясий чөйрөсүндөгү консенсус - анын ичинде эксперттер менен расмий адамдардын арасында дагы - Россия бул согушту жеңе албай баратат, ошол эле убакта аны Украина да жеңген жок деген мааниде болуп жаткан эле.
Украина басып алынган аймагын кайтарып алууда орчундуу ийгиликке жетет деп ким ишенди эле? Эки айдын же андан көп убакытта бул согуш алсыроого алпарат деп жатышпады беле.
(Украинанын) контр чабуулу татаал болду, көп жоготуулар жөнүндө кабарлар келип жатты. Ошол маалда Батышта согуштун чарчагандыктын белгилери күчөп жатты. Керек болсо, Украинаны башынан бери колдоп келаткандар дагы согушту токтотуунун ар кандай варианттарын издеп баштады. Ыкчам жеңишке жетүү үчүн бардык күчтү бириктирүү жөнүндө сунуштарга кулак салышкан жок.
Азыркы убакта сөз, кыязы, башка өңүттө жүрүүдө: азыр украин күчтөрү канчалык алдыга жыла алат, бул кандай импульс берет, согуштун мүнөзү кандай өзгөрөт деген суроолор берилүүдө, бирок азыр аны эч ким билбейт.
Бирок ит уруш болуп тура берет, алсырап бүтөт деген сөздөр капыстан эле жөө тумандай болуп тарай баштады. Менин кесиптешим Лоуренс Фридман [профессор Лондондогу Королдук колледждин директору] көп жолу жазгандай, согушту алдын ала болжоп айтууга болбойт. Бул октор менен бомбалардын арифметикалык манипуляциясынын натыйжасы эмес.
Бул эмоцияга аралашкан көрүнүш, согуш негизинен кырдаалга жараша болот. Согушта саясаттагыдай эле эртеңки күнгө ишеним баарынан маанилүү. Пикирлер бат-бат өзгөрө берет. (КС)












