Ейскидеги көп кабаттуу үйдүн жанына кулаган учактан 13 киши каза болду

Экипаж учактан качып чыгууга үлгүргөн.

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экипаж учактан качып чыгууга үлгүргөн.

17-октябрь кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарында Су-34 бомбалоочу-кыйраткыч учак көп кабаттуу үйдүн жанына кулап түштү. Анын кесепетинен кеминде 13 киши каза болуп, 19 тургун жабыркаганы кабарланды.

Кырсык болгон жерде өрт чыгып, учактагы ок-дарылар жарыла баштаган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо жардыруулардын үнү угулуп, үйдүн кеминде төрт кабатын жалын каптаганын көрүүгө болот.

Орусиянын Коргоо министрлигинен Су-34 учагынын кыймылдаткычы күйүп кеткенин маалымдады. Учак кулап түшкөн жерге күйүүчү майы күйө баштаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, учак Түштүк аскер округунун аскерий аэродромунан машыгууга чыгып, абага көтөрүлүп баратканда кулаган. Экипаж учактан качып чыгууга үлгүргөн.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

"Ейск районуна жөнөдүм. Жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматы иштеп жатат - өрттү өчүрүү үчүн бардык аймактык жана облустук өрт-куткаруу гарнизондор тартылды", - деди Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев.

ӨКМдин Кубань боюнча башкы башкармалыгы өрттүн аянты болжол менен эки миң чарчы метрди түзгөн. Учак кулаган көп кабаттуу үйдө 600 чукул тургун жашайт, жалпысынан 72 батир жабыркаган.

Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматынан “Интерфакс” басылмасына өрт тогуз кабаттуу үйдүн бир подъездин толугу менен каптаганын билдиришти.

карта

Орусиянын саламаттык сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов кырсыктын кесепетинен 13 киши мерт кеткенин кабарлады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"ӨКМдин маалыматы боюнча, Ейскидеги урандылар тазалагандан кийин каза болгондордун сөөгү табылды. 18-октябрь саат 06:00гө карата кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болду, алардын үчөө жаш балдар. 19 адам жараат алды, алардын төртөө Краснодар аймактык ооруканасына жеткирилди, калгандары Ейск ооруканасында дарылануусун улантууда”, - деди Кузнецов шейшембиде.

Би-Би-Синин кабарчысы Павел Аксенов Су-34 жөнүндө:

"Су-34 - Орусиянын негизги фронттук бомбалоочуларынын бири. Учак 2014-жылы куралданууга алынган - ал Су-27 кыйраткычынын “терең” модернизациясы болуп эсептелет. Су-34 алгачкы жолу Сирияда байкалган, азыр Украинага каршы согушта колдонулуп жатат. Аталган учактардын бир нечеси атып түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда Су-34 Аскер-деңиз флотунда (ВМС) кызмат кылбайт, ачык булактарда анын деңиз авиациясынын учкучтарын даярдоо үчүн колдонулушу тууралуу айтылган эмес. Бул маанилүү жагдай, анткени Ейскидеги аэродром (Крымдагы Сакидеги авиабазасы сыяктуу) биринчи кезекте деңиз флотунун учкучтарын даярдоо борбору болуп саналат. Анын базасында Аскер-деңиз флотунун учуу курамын күжүрмөн колдонуу жана кайра даярдоо боюнча 859-борбору түзүлгөн.

карта

Ейскиде орусиялык Аскер-деңиз флотунун согуштук учактарынын учуп-конуусун машыктырган тренажеру бар. Анын учуп-конуу тилкесине атайын трамплин орнотулган - ал мындай схеманы колдонгон авиаташуучулардын учуу палубасын имитациялайт. Бирок ал башка аскердик учкучтарды даярдоо үчүн да колдонулган: согушка чейинки аэродромдо тартылган сүрөттөрдө машыгуучу Ту-134УБЛ учактарында учкучтарды даярдап жатышканын көрүүгө болот.

Трамплин менен окуу комплекс аэродромдун негизги учуу тилкесинен бөлөк жайгашкан. Ал кадимки, машыгуудан тышкаркы тапшырмалар үчүн тоскоолдук кылбайт.

Ошентсе да, аэродром Украина менен согушка катышкан аскердик учактарды жайгаштырууга ыңгайлуу жерде турат. Ал Мариуполдон 60 кмалыстыкта ​​жайгашкан - Таганрог булуңунун аркы өйүзүндө. Ал эми азыр согуш жүрүп жаткан Бахмутка чейин болгону 200 км.

Соңку айларда ачык булактарда Ейск авиабазасынан бомбалоочу учактардын кыймылы тууралуу эч кандай маалымат жок. Google Maps кызматынын 2022-жылы (так датасы көрсөтүлгөн эмес) тартылган спутник сүрөттөрүндө аэродромдо Ил-38, Бе-200, машыгуучу Ту-134УБЛ жана Л-39 турганын көрүүгө болот. Ошондой эле ал жерде эски Ил-62, Ил-18 жана Ту-154 бар. Бул сүрөттөрдө кыйраткычтар же бомбалоочу учактар ​​көрүнбөйт.

2021-жылы бул аэродромго Ту-142 алыс аралыкка учуучу суу астындагы кемелерге каршы учагы которулганы кабарланган, бирок алар да сүрөттөрдө көрүнбөйт”. (ЕВ)