"Жаңы оюнчуктар келди". Орусияда аскерге чакырылгандардын жакындары талап коюп чыкты

Белгород облусундагы Валуйкиге Курск облусунан ондогон аял, энелер келди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белгород облусундагы Валуйкиге Курск облусунан ондогон аял, энелер келди

Курсктан аскерге чакырылган эркектердин жакындары орус-украин чек арасына келип, Луганкс облусундагы Сватово аймагындагы согуштук аймактардан аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылып жатышат.

Алар согуштук талаада жүргөн жакындары менен кат алышып, алдыңкы тилкеге салынган аскердик бөлүктөрдө оор жоготуулар болуп жатканы тууралуу маалымат алышкан. Аскерлер команда башчылары аларды окко айдап, артка кайтам дегендерди атам деп коркутуп жатышканын айтып беришкен.

Бул аскерлер Воронеждеги эки машыгуу борборунан Луганскка жөнөтүлгөн аскерлер болушу мүмкүн. Өткөн дем алыштарда Сватово жана Макеевкадагы согуштук талаалаларда аскерлер массалык өлүмгө кабылып, жарадар болуп жатканы тууралуу маалыматтар түшкөн.

Би-Би-Синин орус кызматы Россиянын аскер командачылыгы фронттогу "тешиктерди" аскерге жаңы чакырылгандар менен "жамап-жаскап" жатканын жазып чыккан.

Белгород облусундагы Валуйкага ондогон аялдар, энелер келишти, алар Курск облусунуна аскерге чакырылган эркектердин жубайлары же апалары. Алардын айтымында Курск облусунан миңден кем эмес эркек аскерге чакырылып, эки жума Воронежде машыгуудан өтүп, 1-2-ноябрда согуштагы алдыңкы тилкелерге жеткирилишкен.

Бул аскерлерге Воронеждеги аскердик бөлүктөрүндө алар коргоонуу тилкесинде экинчи, үчүнчү кезектегилер болушары айтылган экен.

"Аларды Харьковдон Макеевскиге чейин чачыратып ийишкен", - деп айтып берген Би-Би-Си кабарчысына аскерге чакырылгандардын бири Екатерина. Анын 30 жаштагы күйөөсү Сергей Р. (аты өзгөртүлдү) аскерге чейин айдоочу болуп иштеп келген.

Екатерина жолдошу менен 1-ноябрда сүйлөшкөндө ал дагы деле "машыгууда" экенин айткан. Андан кийин 7-ноябрда сүйлөшкөндө анын күйөөсүнүн отряды оор аткылоого туш болгондон кийин Маеевке жакын айылдардын бирине келгени белгилүү болгон.

Сергей менен кошо отрядда 150дөй адам жүрөт. Андан ары чегинге да мүмкүн эмес, ал жерлерде орус күчтөрү көзөмөлдөгөн посттор бар.

"Ал мага кечээ чалып, согуштун алдыңы тилкелеринен чыгып кетишкенин, бир айылда жашынып калганын айтып берди. Ал жактан чыгып кетели дешсе, блокпосттор турат, аларды атып салабыз деп коркутуп жатышыптыр", - деп күйөөсү айтканын Екатерина бизге айтып берди.

Мобилизацияга чакырылгандарга эч качан алар алдыңкы тилкеге салынат деп айтышпайт, "үчүнчү линияда" болушарын убадалашат. Сүрөттө Читадагы аскерге чакырылган менен коштошуу, 7-ноябрь

Сүрөттүн булагы, YEVGENY YEPANCHINTSEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мобилизацияга чакырылгандарга эч качан алар алдыңкы тилкеге салынат деп айтышпайт, "үчүнчү линияда" болушарын убадалашат. Сүрөттө Читадагы аскерге чакырылган менен коштошуу, 7-ноябрь
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сергейдин окуясы фронттун ушул тилкесинде жүргөн башка аскерлердин жакындары айтып берген окуяларга үндөшүп кетет.

Жалгыз автомат менен куралданган аскерлер украин артиллериясынын соккусу алдында калып, күрөшкө чамасы жок калды.

"Дүйшөмбүдө чалып, алар алдынкы тилкеде жүргөнүн, аларды таштап кетишкенин, эмне менен ок атарын билбей жатканын айтышты. Ок жамгырдай жаап, андан качып жатышканын, ротасында каза тапкандар жана жарадар болгондор бар экенин айтып берди. Колунан эмне келсе жардам берүүсүн өтүндү".

150 адамга болгону бир телефон, ар кимиси андан жакындарына бир же бир жарым минутка гана чалып сүйлөшө алат.

"Ал мага чалыптыр, азырынча тирүүмүн деди. Бул анын сөздөрү. Кызы кандай экенин сурады, ошону менен сүйлөшүү бүттү. Кыскасын айтканда аларды таштап кетишти. Суусу жок, тамагы тартыш же аларды ал жактан алып чыгып кетели дешпейт".

Сергей дагы, Екатерина дагы ушундай болуп кетерин билишкен эмес. "Албетте, билген эмеспиз. Аскерге чакырып үчүнчү тилкеде болот дешкен. Биз ошого үмүт кылып, ишендик эле".

Чырым, коркутуу жана кара кагаз

"Бизге жардам бергиле, биз болгон инстанцияларга кайрылып, кат жазып жатабыз, бирок уккан киши жок. Экинчи сутка болду. Балдар жардам сурап, бирок жардам жок болуп жатат", - деди Валуйкада видео билдирүү жасаган бир аял. Анын жакыны Курсктан аскерге чакырылган.

70тен 100го чейин жакыны аскерге чакырылган жарандардын жоокерлерди согуш талаасынан чыгарып кетүү талабына азырынча Валуйкинин убактылуу аскердик прокуратурасынын өкүлү гана жооп берип жатат.

Бирок айрымдары арыз бергенден да коркуп жатышат.

"Кимдин атына арыз жазылса, ал дароо дезертир деп жарыяланып жатыптыр деген кеп кетти", - дейт Виктория Н.,. ал Курск шаарынан Валуйкиге келген. Күйөөсү Олег (аты өзгөртүлдү) 60 аам менен Старобельское айылына келген.

"60 адам бар, үчүнчү рота. Ал жакта жарадарлар бар экен, аларды алып келели деп кетсе, кайра келгенде эч ким калбаптыр. Байкуштар жөө жалаңдап эптеп жетишиптир. Бир командирди таап, ал аларды Старобельсктеги комендатурага алып келиптир. Андан ары эмне болду, белгисиз. Эми аларды дезертир деп жарыялаганы жатышат, 60 кишини".

Мындаш тышкары, алдыңкы тилкеден кайтып келгендерди офицерлер коркутушат экен. Ондогон адамдар алдыңкы тилкеде кызмат өтөгүсү келбегендерди тизелетип, чекесине чырым тартып, андан ары атабыз дешет экен. Викториянын айтымында, алдыңкы тилкеге чыкпайм дегендерге эми алардын жакындарына кара кагаз жиберебиз деп коркутушат. Алдыңкы тилкеге түшсөң, артка жол жок.

Видео билдирүүсүндө Курсктан бир аял күйөөсүнө шилтеме берип, Луганск облусундагы алдыңкы тилкеге салынган биринчи ротадан жети киши аскердик бөлүктөргө кайтып келген.

"Мындан кийин рота үчүн жооптуу ал жети адамдын колун байлап, чекелерине жашыл боек менен чырым тартып, сабап, аларды дезертир деген. Андан соң аларды бир жакка алып кетип, андан кийин дайындары жок. Көп өтпөй согушка башка төртүнчү ротаны жөнөтүп, алардын бары кайтып келип, ал жакта рациядан өзүбүздүкүлөр эле "жаңы оюнчуктар келди, ата бергиле" деп айтканын угушуптур".

Россия Донбасстагы аскерлерине гумжардам жеткирүүгө мажбур экени аскерлер кандай камсыздалганынын көрсөткүчү

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL TERESCHENKO/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия Донбасстагы аскерлерине гумжардам жеткирүүгө мажбур экени аскерлер кандай камсыздалганынын көрсөткүчү

Орусия армияга байланышкан бул сыяктуу бир топ сныдарды, алардын айрым аскерлери Украинада талап-тоноого аралашты деген сыяктуу дооматтарды кескин четке кагып келет. Жоготуулары тууралуу маалымат маал-маалы менен гана жарыяланып турат.