“Согушту токтоткула”. Россиялык жоокердин энесинин талабы жана тилеги

Россияда согушка аттанган аскерлердин энелеринин бийликке нааразылыгы күчөп жатат.

Орус жоокери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валянын уулунун сүрөтү таанылбаш үчүн атайын өзгөртүлдү

20-февралда Валя армияда кызмат кылып жүргөн уулуна телефон чалды. Анын аскер бөлүгү Украинанын чек арасында “машыгуу” өткөрүп жаткан эле.

 “Ал ок атуу боюнча машыгып, чатырда жашап жатканын айтты”, -деп Валя мага айтып берип жатты. – Бул биздин эң акыркы сүйлөшүүбүз болуп калды".

Ошондон төрт күндөн кийин орус аскери Украинанын аймагына басып кирди.

Россиянын коңшусуна кол салышы көптөгөн азап-тозокту алып келди. Президент Путин басып кирүүгө буйрук бергенден бери Украинада миңдеген жайкын адамдар өлтүрүлдү.

Бирок Россиянын өзүндө да согушка аттанган аскерлердин үй-бүлөсүнө да кыйын болуп жатат.

Валя - анын чыныгы аты эмес. Бийликтин каарынан коркуп, ал өзүнүн атын жашырып коюну өтүндү.

Ал өзүнүн тагдырын айтып, ой-санаасын бөлүшкүсү келди. Өзүнүн уулу жана Крелдин “атайын операциясы” жөнүндө сүйлөшкүсү келди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Марттын башында мага уулум кызмат кылган базадан сержант телефон чалды. Ал баардык ата-энелерге телефон чалса керек",-деп сөзүн улады эне.

"Ал мага баары жайында, балдар менен күн сайын байланышып атканын айтты. Биз марттын ичинде байланышып жаттык, ал дайыма баары жайында деп айтып турду".

"Кийин менин уулумдун досумун деп бирөө кат жиберди. Мен аны тааныбайм. Көрсө, ал мени социалдык тармактан тааптыр. Ал менин уулумдун буту жулунуп кетип каза болгонун айтты.

Мен расмий адамдар менен жолугушуп, уулумдун тагдырын билгим келди. Бирок эч ким эчтеке айтпады. Акыры мен сүйлөшкөн сержант мага уулум акыркы жолу 23-февралда байланышка чыкканын айтты".

"Анда эмнеге телефон чалып, баары жайында деп жаттың? Бизди сооротуш үчүнбү?"

"Кечириңиз, мен болгону сержантмын", — деди.

Валя уулу тууралуу сурап дагы көп жакка кайрылды. "Мен уулум кызмат кылган аскер бөлүгүнө жаздым, военкоматка жаздым. Коргоо министрлигине жаздым. Баарына кайталап жазып чыктым".

"Мага эч ким маалымат бербеди: менин уулум качан, кайда, кантип жоголгонун биле албадым. Мага анын атайын операцияга катышканын, ошондон ары дайынсыз жок болгонун гана айтышты".

Жоокер

Россияда расмий маалымат алыш кыйын. Россиянын Коргоо министрлиги 25-марттан бери курман болгондордун санын расмий түрдө жаңыртып билдире элек.

Ошол маалда курман болгон орус аскеринин саны 1351 болчу. Кийинки айда Кремль "Украинада орчундуу жоготуулар болгонун" гана кабарлады.

Кол салууну акташ үчүн орус бийликтери менен мамлекеттик ЖМКлар украиндерди орус калкына желмогуз кылып көрсөтүп жатат.

Алар украин аскери менен бийлик адамдарын "ультранационалист" жана "нацист" деп айыпташууда. Алардын жүйөсү боюнча Украина – агрессор, ал эми Россия - куткаруучу.

Бирок Валя Украинадан душманды көргөн жок.

"Эгер биздин өлкөгө кол салышса, биз да коргомокпуз мекенибизди".

Көптөгөн россиялыктар өкмөттүн расмий саясатына ишенип, мамлекеттик телекөрсөтүүдөн берилгендей «атайын согуштук операцияны» колдоого алышууда. Россияда телекөрсөтүүлөрдү Кремль көзөмөлдөп турат. Ошондой эле кат алышууларга да көз салат.

Бирок баарына жетишпейт. Валя бүт Россия боюнча жоокерлердин энелери менен байланышып жатат. Анын айтымында, Украинага согушка балдары кеткен энелердин арасында нааразылык күчөп баратат.

"Алар өкмөттү жек көрөт. Путинди да жек көрүшөт", — деди Валя. "Алар согуштун бүтүшүн каалашат, энелердин тилеги ушул".

"Биз карапайым айылдын жашоочуларыбыз. Согушуп жаткан балдар баары Россиянын булуң-бурчунан баргандар. Москвалыктар эмес. Чоңдордун балдары жок аякта".

"Эгер балдары согушта жүргөн энелер, балдарын согушта жоготкон энелер баары көтөрүлсө, билесизби кандай армия болот? Алар акыры чыгат. Чыдамы түгөнөт".

"Токтоткула, токтоткула муну. Токтоткула да биздин балдарды сактап калгыла".

Биз жолуккандан кийин Валя уулу Украинада өлгөнү жөнүндө расмий кабарды колуна алды. Дагы бир орус жоокери үйүнө кайтпай калды. (КС)