Батыш Украинаны чопкуттуу мыкты унаалар менен камсыздамакчы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Акыркы бир нече күндөн бери Батыш өлкөлөрү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө чабуулга өтүү үчүн зарыл чопкуттуу техниканы өткөрүп берүү ниетин билдирип келишет. Буга чейин украин бийликтери Батыш өлкөлөрүнүн танктарды берүүдөн баш тартып жатканына бир нече жолу өз нааразылыгын билдирип келген, анткени мындай техникасыз байсалдуу чабуул коюуга эч мүмкүн эмес.
Шаршемби күнү (03.1.23) Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден "америкалык Брэдли (Bradley) чопкуттуу автоунааларын (ЧАУ) Украинага өткөрүп берүүнү расмий Вашингтон карап жатабы?" деген суроого "ооба" деп оң маанайда жооп берди.
Ак Үйдөгү аткаминерлер болсо бул ЧАУ түрү жаңы жылдын алгачкы аптасынын жума күнү жарыя кылынган Украинага көмөк катары жөнөтүлчү курал-жабдыктар топтомунда камтылганын тастыкташты.
Рөйтерс агенттигине билдирген булактардын айтымында, жалпы көлөмү 2,8 млрд долларга турган, Украинага багытталган аскердик жардамдын жаңы топтомунун ичинде 50 чакты Bradley ЧАУсу болмокчу.
Ошол эле 3-январда Франция Украинага AMX-10RC жеңил дөңгөлөктүү танктарын жана "Бастион" (Bastion) ЧАУларын бере тургандыгын жарыялады. Президент Макрондун кеңсесинен билдиришкендей, бул жардам – Батышта жасалган заманбап танктар Украинага жөнөтүлгөн алгачкы учур болуп калмакчы.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал эми Германия Украинага "Леопард" (Leopard) танктарын жөнөтүүгө азырынча шашылбай жатат, бирок бул жааттагы сүйлөшүүлөр былтыркы жаздан бери байма-бай жүрүп келет. Расмий Киев бул танктар менен камсыздоону Берлинден кайра-кайра суранып жатты.
Германиянын экономика министри Роберт Хабек мырза оболу башка өнөктөштөр менен Украинага танктарды жабдуу маселесин талкуулап алуу алгылыктуу болот ко, анан бул талкуулардын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынышы керек го, деген оюн айткан.
Бирок Германияда баары тең эле мындай этият мамилеге макул боло берген жок. Германиянын Бундестагынын (федералдык парламентинин) Коргоо иштери комитетинин башчысы Мари-Агнес Штрак-Циммерманн айым бейшемби күнү (05.1.23) өкмөттү Украинага танктарды жеткирүү боюнча турумун тез арада кайра карап чыгууга үндөп, ошол эле учурда Киевге "Мардер" (Marder) ЧАУларын жөнөтүүнү сунуштады. Анын баса белгилешинче, мындай аскер унаалары Бундесвердин (Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн) кампаларында жетишерлик санда топтолгон.
5-январдын кечинде Германиянын канцлери Олаф Шольцтун кеңсеси расмий Берлин чындап эле Украинага Мардер ЧАУларын жөнөтүүгө ниеттенип жатканын ырастады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Батыш өлкөлөрүнүн чабуулчу чопкуттуу унааларынын алгачкы бирдиктеринин Украинага жөнөтүлүшүнүн окуясы Орусиянын режиминин баскынчыл согуш жүргүзүп жаткан аскерлерине каршы айыгыша салгылашып жаткан украин куралдуу күчтөрүн аскер техникасы жана курал-жарактары менен жабдуудагы жаңы кадам болуп калмакчы.
Буга чейин эле Украинанын куралдуу күчтөрү Батыштан узак аралыкка так сокку урууга жөндөмдүү заманбап мыкты курал-жарактарды, анын ичинде оор замбиректик жана ракеталык системаларды (мисалы, HIMARS ракета аткычын) жардам ирээтинде алып келген.
Жакында эле Байдендин өкмөтү да Киевге АКШнын аскер кампасындагы абадан коргонуунун эң өнүккөн куралы болгон Patriot ракеталык батареясын бере тургандыгын жарыялаган (Германия бейшемби күнү, 5-январда, Украинага экинчи батареяны берүүгө макул болду).
Бул система, башка мерчемдик милдеттерден тышкары, орусиялык ракеталардын жана дрондордун чабуулдарынан Украинанын отун-кубат жана жарандык инфратүзүмүнө таандык мерчемдерди натыйжалуу коргоо үчүн зарыл.
(Негизи, бир Patriot батареясы, адатта, ар бири 4 ракетаны камтый ала тургандай сегизге чейинки сандагы учургуч жабдуулардан турат).
Ал эми кеңири жүрүп жаткан согуштун башталыш учурунда Украинанын Батыш ынтымакташтары украин аскерлеринин чакан бөлүктөрүн гана айрым бир курал-жарак системаларын башкарууга үйрөтүп келишсе, эми болсо миңдеген украин жоокерлери Батыш өлкөлөрүнүн аскердик өргүү жайларында талаа машыгууларынан өтүүдө.
ЧАУларды жабдуу жааты – кыйла татаал иш. Кээ бир Батыш саясатчылары чабуулда бурулуш окуяга алып келе алчу жабдуу болуп саналган танктар менен Украинаны камсыздоо – согуштун ого бетер күчөшүнө алып келиши ыктымал, башкача айтканда, расмий Кремлдегилер муну Батыш менен Орусиянын аскерлеринин ортосундагы тикелей тирешүүнүн далили катары кабыл алат ко, деп чочулашкан.
Ал түгүл HIMARS сыяктуу системаларды Киевге жөнөтүү чечими согуш талаасындагы кырдаал Украинанын пайдасына кескин өзгөргөндөн кийин гана кабыл алынган.
Эгерде Abrams берилбесе, анда Bradley жоктон көрө жогору
Чынында, АКШ Украинага Abrams аттуу негизги күжүрмөн танктарын бергиси келбей, кыйылып турат. Америкалыктардын айтымында, бул танктарды тейлөө өтө кыйын жана аны айдоо жана колдонуу атайын көндүмдөрдү талап кылат. Анын үстүнө, экипажды машыктырып-окутуу үчүн дагы көп убакыт коротулууга тийиш.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок, Bradley – жөн гана танк эмес. Ал – жөө аскерлерди, чалгын тобун ташууга жана колдоого, ошондой эле, башка да максаттарды жүзөгө ашырууга арналган бирдиктүү казтаман пайдубал (БКП). Ага танкты кыйратуучу башкарылуучу ракета менен абадан коргоочу зениттик ракеталык комплекске чейинки ар кыл жабдууларды да орнотуп алууга болот.
Bradley’нин салмагы 30 тоннадан азыраак келет. Ал абдан ылдам (модификациясына жараша болжол менен 55 км/саат) жүрөт, жакшы чопкуту бар, кубаттуу замбирек менен жабдылган жана анын ичине 3төн 9 кишиге чейин сыят.
Казтаман Bradley унаасы Экинчи дүйнөлүк согуштагы генерал Омар Брэдлинин (Omar Nelson Bradley, 1893–1981) ысымы менен аталган.
Айтмакчы, америкалык генерал Омар Брэдли Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1944–1945-жылдары, курамына 1,3 миллион жоокер кирген 12-армиялык топту башкарган жана ошол жылдары советтик I даражадагы Кутузов, I даражадагы Суворов ордендери менен сыйланган.
Бул казтаман унаа – душмандын жеңил чопкуттуу унааларын жок кылуу аргасы катары түзүлгөн салыштырмалуу жаңы аскердик унаа. Ал Abrams танктарындагыдай ок атуучу кубаттуулукка ээ эмес, бирок анын 25 мм автоматтык замбиреги жана ичке сүмбөдөн атылчу чопкутту тешип өтүүчү жарылчу огу бар M791 патрону мурдагы советтик ЧАУлардын маңдайкы чопкутун жана Т-72 танктарынын капталдагы жана арткы чопкут кабырчыктарын ойрондоого эсептелген.
Перс булуңундагы согуш маалында Ирактын чопкуттуу унааларынын көпчүлүк бөлүгүн, башкача айтканда, Иракка берилген мурдагы советтик чопкуттуу техниканы жок кылган – дал ушул Bradley унаасынын замбиректери болгон. Эми, эгерде согуш эрте аяктап калбаса, аларга Перс булуңундагы мурдагы ийгилигин Украина жергесинде кайталоого туура келиши мүмкүн.
Бул аскер унаасы өзүн ушунчалык дурус далилдегендиктен, америкалык жоокерлер дагы эле аны жакшыртып пайдаланууну биротоло колдонуудан чыгарууга караганда алда канча артык көрүшөт.
Анын үстүнө, миңдеген Bradley унаалары АКШдагы куралдар сары майдай сакталган кошумча кампаларда дагы эле сакталып турат жана америкалыктарда кордогу бул унаалардан куру жалак калабыз го дегендей эч бир санааркоо жок.
Француз ишаарасы
Шаршемби күнү (04.1.23) украин элине кечки кайрылуусунда президент Владимир Зеленский Франциянын дөңгөлөктүү танктарды Украинага берүү чечимин “башка өнөктөштөрүбүзгө карата айдан ачык белги” болду, деп жогору баалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Эммануэл Макрон Украинага AMX-10RC жеңил танктары жана «Бастион» (Bastion) аттуу ЧАУ менен жабдуу тууралуу убада кылды, бирок бул унаалар качан жана канча санда жибериле тургандыгын так айткан жок.
AMX-10RC – бул 1980-жылы ишке киргизилген, 4 кишилик экипажы бар дөңгөлөктүү чопкуттуу унаа болуп саналат (айрым түрдөштүрүүлөр боюнча, ал жеңил танктарга кирет). Бул ийкемдүү унаа чалгындоо жана жөө аскерлердин чабуулун колдоого алып, душманды аткылоо амалдары үчүн өндүрүлгөн. Жер кыртышы автоунаанын жүрүүсүнө кыйынчылык түзгөн (тоо-таштуу, токойлуу, ж.б.) жайларда бул ийкемдүү унаа, дөңгөлөктөрдүн басымын жөнгө салуу жөндөмүнүн аркасында, башка казтаман аскер унаалары сыяктуу эле жеңил-желпи өтүп кете алат.
Француз аскерлери AMX-10RC жеңил танктарын Перс булуңундагы согушта жана дүйнөдөгү бир нече тынчтык орнотуу окуяларында колдонгон. Бул танктар Марокко менен Катарга экспорттолгон. AMX-10RC унаасы, ошондой эле, танкка каршы курал катары да мүнөздөлөт.
2010-жылы AMX-10 RC унаасынын 256сы жаңыртылып коюлду да, компьютерлештирилген байланыш жана согуш талаасын көзөмөлдөө системасы, ошондой эле күчөтүлгөн курал-жарактар менен жабдылды. Эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колуна бул жеңил танктын кайсы түрү тийе тургандыгы азырынча так эмес. Жалпысынан бул түрдөгү чопкуттуу автоунаадан 457 бирдик өндүрүлгөн болчу. 2016-жылга карата француз аскерлери AMX-10RC унаасынын 248 бирдиги менен куралданган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындан тышкары, Франция Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Bastion деп аты уйкаш аталган ЧАУ да бере тургандыгын убада кылган. Бул чопкуттуу, жол тандабас, бардык дөңгөлөктөрү башкарылчу аскердик автоунааны Acmat компаниясы өндүргөн.
Bastion ЧАУсу, негизинен, Африкада аракет кылып жаткан француздук атайын аскер топтору үчүн ылайыкталып түзүлгөн. Анын негизги варианты тандалма аскерлердин 5 жоокери үчүн эсептелген. Анын ичине 8 жоокер сыя тургандай кылып кайра түзүлгөн түрү да бар.
Бул автоунаанын чопкуту экипажды автоматтык октон жана жарылма октун сыныктарынан коргоого мүмкүндүк берет.
Адистер эмне дешет?
Даниядагы Аскердик изилдөөлөр борборунун профессору Оливье Шмидт «Твиттердеги» өзүнүн барагында мындайча мүнөздөмөнү жазды: «[Бул унаалар] – бир аз таң калычтуу нерсе. Алар 1980-жылдары чалгындоо жана жөө аскерлерге ок атып көмөктөшүү үчүн өндүрүлгөн. «Тез аракеттенүүчү күчтөргө» ыйгарылчу жабдуулардын ичинен эң оор салмактагы унаасы – дал ушулар болчу».
(Мында «тез аракеттенүүчү күчтөр» деп СССРдин Батыш Европага карай ыктымал чабуулу жүзөгө ашырылчу болсо, Германияны ыкчам аралап өтүп, советтик аскерлердин алдыга жиреп келген алгачкы тобу менен салгылашууга даяр болгон, беш дивизиядан турган, учактар жана чопкуттуу автоунаалар менен жабдылган атайын аскер бөлүгү эскерилип жатат).
Ошентип, Франциянын "Бастион" (Bastion) ЧАУсу сыяктуу эле, бул аскердик унаалар 2023-жылы «орустарга каршы күрөшүү" боюнча эң алгач түзүлгөндөгү максатын жүзөгө ашырмакчы", – деп Шмидт кошумчалады.
Британдык Economist журналынын коргоо маселелери боюнча редактору Шашанк Жоши мырза расмий Париждин чечимин кубаттоого алды: "Бул жеңил, дөңгөлөктүү, чопкуттуу унаа – абдан ийкемдүү жүрөт. Ал кубаттуу замбирек менен жабдылган жана ок атуу аркылуу (жөө аскерлерге) ыкчам көмөк кыла алат".
Жоши мырзанын ишениминде, америкалыктар менен француздар чопкуттуу аскер унаалары менен Украинанын Куралдуу күчтөрүн жабдый тургандыгы расмий Киевдин Батыштагы ынтымакташтарынын Украинадагы согушка карата тактикасы өзгөргөндүгүн айгинелейт: мурдараак бул үзөңгүлөштөр Киевге танктар да ичине кирген чабуул жасоого керектүү чопкуттуу техниканы берүүдөн чочулап келишкен болчу.
Шашанк Жошинин айтымында, эми Украина Батыштан олуттуу сандагы чопкуттуу аскер техникасын алуу менен бирге өз аскерлеринин ири өлчөмдөгү чабуулга өтүү жөндөмүн кыйла жогорулата алмакчы. (TT)












