Украинадагы согуш: Орусиянын он айдагы жоготуулары

Ольга Ившина, Би-Би-Си

Орусиялык жоокерди көмүү жөрөлгөсү маалында.

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык жоокерди көмүү жөрөлгөсү маалында.

Би-Би-Си, ачык булактарга таянуу менен, Украинадагы согушта каза болгон 10 500дөн ашуун орус жоокеринин өздүгүн тактоого жетишти. Алардын ичинен 492 киши – жакында аскерге чакырылгандардан болчу.

Согуштун алгачкы күнүнөн тартып Би-Би-Си Орус кызматы (Орусияда “чет элдик агент” катары таанылган) "Медиазона" онлайн медиа каражаты жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте Украинадагы орусиялык аскер кызматкерлеринин жоготууларынын тизмесин ар маркумдун аты-жөнүн тактоо жолу менен түзүп келет. 2022-жылдын 23-декабрына карата биз набыт болгон орусиялык 10 505 жоокер жана офицер тууралуу маалыматты тастыктай алдык.

Биз набыт болгондор тууралуу тастыкталган билдирүүлөргө гана таянабыз, андыктан чогултулган маалыматтар курмандыктардын чыныгы деңгээлин эч чагылдырбайт. Биздин тизмебизде өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда көмүлгөндөрдүн жалпы санынан кеминде 40-60% азыраак болушу ыктымал деп санайбыз. Орусиянын 60тан ашык конуштарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдеген соң, биз дал ушундай жыйынтыкка келдик.

Демек, эң азайтылып бериле турган баа боюнча, Орусия армиясы менен Орусия гвардиясынын Украинадагы жоготуулары 21 миңден ашык киши болушу мүмкүн.

Орусиянын жалпы жоготуулары (башкача айтканда, жаракат алган, набыт болгон же дайынсыз жоголгондордун саны) бери дегенде 95 500 кишиден кем эмес болушу ажеп эмес.

Бул сандык көрсөткүч АКШнын деңиз аскер талдоо борборунун байкоосуна негизделген. Бул чордондун маалыматына ылайык, Украинадагы согушта набыт болгон ар бир орусиялык жоокерге орточо эсеп менен үч жарымдай жарадар жоокер туура келген. Бул санга Донецк менен Лугансктын “элдик кошуундарынын” курамында Орусия тарапта согушкан кишилер киргизилген эмес.

График

Аскерге жаңы чакырылгандардын өлүм-житими

Ачык булактардан маалым болгондой, аскерге чакырылган орусиялыктардын 492 кишиси набыт кетти. Бул сан эки апта мурдагыга караганда 62 кишиге көп.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул набыт кеткендердин ичинен Украинанын аймагындагы кан майданда курман болгон 456 кишинин аты-жөнүн тактоого жетиштик. Дагы 36 киши Орусияда набыт болгон. Имишке караганда, алар көбүнчө жүрөк оорусунан, кырсыктан же ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн улам өлгөн.

[Аскерге чакырылган орусиялыктардын арасынан Украинадагы кан майданга жиберилгенге чейин эле курман болгон 22 кишинин аты-жөнү даана белгилүү. Расмий бийликтер дагы 14 орусиялыктын өлгөнүн алардын атын атабастан туруп ырасташты.]

Аскерге чакырылган орусиялыктардын арасындагы чыныгы жоготуулар мындан алда канча көп болушу мүмкүн, анткени 2022-жылдын октябрынан бери Украинада набыт болгон орусиялык жоокерлер тууралуу көптөгөн маалыматтарда өлгөн жоокердин чоо-жайы жана макамы көрсөтүлбөй келет. Ушундан улам, кээде набыт болгон киши келишим боюнча аскер кызматын өтөп жаткан беле, ыктыярчы катары майданга жөнөгөн беле же аскерге чакырылгандардан беле, – бул жагдайды чукул арада даана тастыктоого эч мүмкүн эмес.

Аскерге чакырылган орусиялыктардын өздөрүнүн баяндарына караганда, алардын аскер бөлүктөрү бир катар себептерден улам олуттуу жоготууларга учурап келет. Алардын арасында Украинадан улам күчөгөн жана таамай замбиректик аткылоолор, орусиялык аскерлеринин ар кандай кошуундарынын ич ара начар багытталышы, майдан тилкесиндеги байланыш жана карта жаатындагы көйгөйлөр, ошондой эле, жоокерлердин жетишсиз даярдыгы сыяктуу себептер бар.

Аскерге чакырылган орусиялыктардын арасындагы олуттуу жоготуулардын себептери тууралуу кененирээк бул шилтемеден орусча окуй аласыз.

Чөлкөмдөр боюнча кырдаал

Кыш мезгилине чейинки убакытта Орусиянын Краснодар крайы (мында 454 киши набыт болгон) тастыкталган жоготуулардын саны боюнча өлкө аймактарынын ичинен биринчи орунду ээледи. Ошол эле учурда бул аймактан Украинадагы согушка жөнөтүлүп, набыт болгондордун 40%ынын өлүмү тууралуу ЖМКларда жана интернеттин коомдук тармактарда таптакыр айтылган эмес: бул маркумдардын дайыны жергиликтүү көрүстөндөрдөгү бейиттердин маалыматын кылдат изилдөө аркылуу гана такталды.

Согушта набыт кеткендердин саны боюнча экинчи орунда Дагестан турат (373 маркум), үчүнчү орунда – Бурятия турат (362 маркум). Орусияда аскерге чакырык башталгандан кийинки мезгилде Свердлов облусунан жөнөтүлүп, набыт болгондордун саны бир кыйла көбөйүп кеткен жана учурда бул облус боюнча жалпы набыт болгондордун саны 346 кишини түзөт.

Салыштыра кетсек, Москва шаарынан аскерге чакырылгандардын тчтнен 58 гана киши набыт болгондугу маалым. Ошол эле учурда, өлкөнүн ордо шаарынын тургундары жалпы Орусиянын калкынын дээрлик 9%ын түзөт.

Мүрзө

Бул сандарды үстүрт гана карасаңыз, Орусия кан майданга негизинен чакан сандагы этностордун өкүлдөрүн жөнөтүп жатат, деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок, Би-Би-Си, "Медиазона" жана ыктыярчылар чогулткан маалыматтарды кылдат изилдеген соң, социологдор бул жоромолго карама-каршы жыйынтыкка келишкен.

Бир жагынан алсак, Орусиядагы улуттук республикалардын жана автономиялуу аймактардын өкүлдөрү чындап эле кан майданга жөнөтүлүп жатышат жана алар майданда "орус тектүүлөрдүн" чөлкөмдөрүнөн келгендерге салыштырмалуу көбүрөөк набыт болуп келишет. Экинчи жагынан алганда, набыт болгон орусиялык жоокерлердин көпчүлүгүн ошол эле орус тектүүлөр түзүп жаткандыгы жалпы сандык көрсөткүчтөн айгинеленди.

Жалпылап ой калчаганда, этностук азчылыктар үчүн согуштагы өлүм-житимдин жогорку тобокелчилиги Орусиядагы атайылап саясий жектөө саясатынын негизинде эмес, чөлкөмдөрдүн ортосундагы экономикалык теңсиздиктин айынан келип чыгып жатышы ыктымал.

Орусиянын көптөгөн элеттик булуң-бурчтарында киши өзүнүн коомдук макамын өзгөртө алчу коомдук мекемелер дээрлик жармач бойдон калууда. Мындай элеттик аймактарда туруктуу маянага оңой жетүүнүн саналуу аргаларынын бири – келишим аркылуу аскер кызматын өтөө болуп саналат.

Жоготуулар жаатындагы кеңири социологиялык серепти бул шилтемеден орус тилинде окуй аласыз.

Графика

Эң кубаттуу аскер бөлүктөрүнүн олуттуу жоготуулары

Согуштун 10 айынын ичинде Орусия армиясынын жана Орусиялык гвардиянын тандалма бөлүктөрү өтө олуттуу жоготууларга дуушар болушту.

Маселен, биз Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) Новосибирсктен келген 24-гвардиялык бригадасынын набыт болгон бери дегенде 74 жоокери менен офицеринин аты-жөнүн ачык булактардын негизинде тастыктай алдык. Алардын арасында лейтенанттан подполковник чинине чейинки деңгээлдеги тогуз офицер катталды.

Бул согушта жарадар болгондордун жана набыт кеткендердин санынын катышын эске алуу менен бирге, Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) Новосибирсктен келген кошуунунун катары, – набыт болгондордун жана жаракат алгандардын эсебинен, – 330дан кем эмес жоокерге (бери дегенде убактылуу) суюлган, деп тыянак кылууга мүмкүн, деп жоромолдойбуз. Бул көрсөткүч – алиги 24-бригаданын жоокерлеринин согуштун башталышындагы болжолдуу санынын жарымынан ашуунун түзөт.

Салыштыруу үчүн айтсак: Чеченстандагы 10 жылдык согушта алиги бригаданын 10 гана жоокери мерт тапкан.

Орусиянын эң кубаттуу аскер бөлүктөрүндө дагы олуттуу жоготуулар бар экени айтылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын эң кубаттуу аскер бөлүктөрүндө дагы олуттуу жоготуулар бар экени айтылууда

Ошол эле учурда, Башкы чалгын башкармалыгынын кошуундарынын сабындагы жоготууну тез арада кайра толтуруу кыйынга турат.

Катардагы аскер адистери (мисалы, граната аткыч менен мина аткыч жабдууну тейлөөчүлөр) керектен чыккан учурда, алардын ордуна келчү жоокерлерди башка адистиктен кошумча машыктырып, даярдоо иши бир нече аптаны, айрым бир сейрек учурларда, бир–эки айды деле талап кылат.

Башкы чалгын башкармалыгынын атайын кошуундарынын жоокерлери менен офицерлерин машыктыруу иши беркилерден алда канча узак убакытты талап кылат.

Орусия гвардиясынын атайын күчтөрү менен деңиз жөө аскерлеринин бөлүктөрүнүн кошуундары да өтө олуттуу жоготууларга учурады. Бул согушта орусиялык аскерлердин ушул жана башка тандалма бөлүктөрүнүн өкүлдөрү көп учурларда өзгөчө олуттуу милдеттерди аркалашты. Адатта, мындай милдеттер жалпы аскердик уруш жүргүзүү маалында жөө аскерлердин чабуулга өтүүчү кошуундарына жана чопкуттуу автоунаалуу аткычтарга жүктөлчү.

Анын үстүнө, Украинадагы кан майданда алиги тандалма кошуундар мындай уруш үчүн талап кылынчу танк бирикмелеринин зарыл болгон колдоосуна ээ боло албай калган учурлар арбын болду.

Өздөрү үчүн адаттан тыш болгон кошумча милдеттерди системалуу түрдө чечүүгө далбаса кылуу менен бирге, деңизчи жоокерлер, десантчылар жана атайын кошуун жоокерлери чоң жоготууларга учурап келишет.

Графика

ЧВК, абактагылар жана жөө аскерлер

Согуш башталгандан 10 ай өткөндөн кийинки мезгилдеги эң көп жоготуулар – 17%ы – жөө аскерлерге туура келет. Адистердин айтымында, орусиялык аскер күчтөрү Украинага басып киргенде, алардын чопкуттуу автоунаалуу аткычтар бөлүктөрү өздөрүнө коюлган милдеттерге өзгөчө мажирөө даярдалган аскер кошууну болуп чыкты.

Маалыматы терең булактардын айтымында, азыркы тапта кан майдандагы орусиялык аскерлердин негизги чабуул жасоо жүгү ыктыярчылардын жана аларга өктөмдүк кылган вагнерчилердин (ЧВК) мойнуна тагылууда.

Учурда тастыкталган жоготуулардын жалпы көрсөткүчүнүн 12 пайыздайы ыктыярчыларын үлүшүнө туура келет.

Көпчүлүк учурларда, булар – согуш башталгандан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги жана Орусиянын гвардиясы менен ыктыярдуу түрдө кыска мөөнөттүү келишим түзгөн кишилер. Анын үстүнө, бул ыктыярчылардын көптөгөн өкүлдөрү кан майданга аткарылаардан мурда болгону 3–10 күндүк гана машыгуудан өтүшкөн.

орус аскери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жеке аскердик компаниялардын кызматкерлеринин согуштагы жоготуулары тууралуу өп-чап гана маалымат бар. Биз салгылашууларда курман болгон 301 вагнерчинин аты-жөнүн тактоого жетиштик. Алардын ичинен 160тан ашуун жоочу – Орусиянын абактарында мөөнөт өтөп жүрүп согушка келгендер. Алардын айрымдары оор жана өзгөчө оор кылмыш беренелери боюнча соттолгондор эле.

Ал эми (Орусияда чет элдик агент катары таанылган) "Русь сидящая" ("Абактагы Орусия") корунун маалыматына караганда, Украинадагы баскынчыл согушка тартылган орусиялык абактагылардын саны 20 миң кишиден ашты.

Графика

Офицердик курам

Украинада мерт тапкан орусиялык 10 505 жоокердин 1 529ун, башкача айтканда, дээрлик 15%ын – офицерлер түздү. Набыт болгондордун арасында төрт генерал жана 50 полковник дагы бар.

Атайын машыктырылган кошуундардын офицерлеринин арасындагы жоготуулардын үлүшү өзгөчө жогору болду (бул – Башкы чалгын башкармалыгынын да, Орусия гвардиясынын да тандалмаларына таандык көрсөткүч). Тандалма кошуундардын набыт болгон ар бир бешинчи аскер кызматчысы командирлик жылдыз тагынып жүрүшкөнү аныкталды.

Орусиялык аскерлердин кенже офицерлери айрыкча олуттуу жоготууларга дуушар болушту. Дал ушул аскер кызматчыларына салгылашуу жүргүзүү маалындагы негизги тактикалык чечимдерди кабыл алуу иши жүктөлгөн эмеспи.

Анын үстүнө алардын басымдуу көпчүлүгү али жаш жигиттер болчу (аскер кызматчылары көбүнчө 21–22 жашта лейтенант наамына ээ болушат эмеспи). Алар тажрыйбасы өтө аз болгонуна карабастан, аскердик жетекчилик тапшырган мүдөөлөрдү жүзөгө кантип ашыруу керектигин чечүүгө аргасыз эле.

Адистердин баамында, Орусия өз куралдуу күчтөрүндөгү аскердик техниканын ашыкча болушунун жана машыктырылган аскердик кадрлардын кескин таңкыстыгынын шартында урушка кирген.

Натыйжада, салгылашуулардын жүрүшүндө командирлер, – өз кол астындагы сержант сыяктуу төмөнкү чиндеги башчылар аркылуу күжүрмөн иш-аракетти башкаруунун ордуна, – тескерисинче, жеке өздөрү сержанттын милдетин аткаруу менен катардагы жоокерлерди чабуулга алып чыгууга же алар менен кошо коргонуу чараларын жүзөгө ашырууга аргасыз болуп жатышкан.

“ДЭР” менен ЛЭР” туш болгон жоготуулар жөнүндө кандай маалымат бар?

Украинадагы танк

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эгерде жалпы жоготуулар тизмесине өздөрүн “Донецк Эл Республикасы” (ДЭР) жана “Луганск Эл Республикасы” (ЛЭР) деп атап алган жикчилердин “элдик милиция” деп аталган жоочуларынын курамында эгемен Украинага каршы урушуп жатып, мерт тапкандарды кошчу болсок, анда бул тизме олуттуу түрдө өсүп чыгат.

(Айтмакчы, быйыл Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, орусиялык президент Владимир Путиндин жанында отуруп эле, ушул ДЭР менен ЛЭРди эч качан эгемен мамлекеттер катары тааныбай тургандыгын ЖМКларга таасын билдирген).

Өзүн бир тараптуу эгемен жарыялаган ДЭРдин бийлиги 2022-жылдын 2-декабрына карата өз жоочуларынын 4133ү набыт болгондугун мойнуна алган. Ал эми өзүн бир тараптуу эгемен жарыялаган ЛЭРдин бийлиги болсо өз тарабынын жоготуулары жөнүндө эч кандай билдирүү жасаган жок. Арийне, ачык булактардын маалыматына караганда, алардын мерт кеткен жоочуларынын саны эчак 1000 кишиден ашкандыгы болжолдонууда.

Мындан тышкары, Би-Би-Си “элдик милиция” делген жоочулардын катарында жүрүп, узак убакыттан бери дайынсыз кала берип жаткан эркек жакындарын издеген кишилердин 4200дөн ашуун жарыялары менен кабарларын интернеттин коомдук түйүндөрү аркылуу тапты. Согуш башталгандан бери кабарсыз кала берип жаткан бул кишилердин айрымдарынын сөөгү “200-жүк” аркылуу үйлөрүнө кайтарылган.

Донецктин жикчил бөлүгүнүн өзүн-өзү эгемен жарыялаган бийликтери берген маалыматтарды гана эске алганда, Орусия тарабында согушуп жаткандардын жалпы өлүм-житими 26 миң кишиден ашат.

Жаракат алган жоокерлерди да эсепке алганда, согуштун 10 айында орусиячыл күчтөрдүн жалпы жоготуулары 117 миң кишиден ашуусу ыктымал.

Америка Кошмо Штаттарынын эсебинде, эгерде набыт кеткендер менен жарадарлар чогуу саналчу болсо, анда Орусиянын Украинадагы жалпы жоготуулары 100 миң кишиден ашты.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы расмий Москванын мерт тапкан жоокерлеринин санын 100 миң киши деп эсептейт. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги өз жоготуулары боюнча акыркы жолу 21-сентябрда гана маалымат берип, 5937 киши набыт болгондугун мойнуна алган.

Биз набыт болгон аскер кызматкерлери боюнча маалыматтарды чогултууну улантып жатабыз. Эгерде бул тема жаатында маалыматыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, анда [email protected] электрондук дарегине кат жазыңыз же бул шилтеме аркылуу биз менен байланышыңыз.

Биз кандай ыкма менен эсептеп жатабыз?

Украинадагы баскынчыл согушта набыт болгондордун жаңы ысымдары жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү маалындагы сүрөттөр ар күн сайын Орусияда жарыяланып жатат. Көп учурларда Орусиянын облустарынын жетекчилери, же райондук акимияттын башчылары, жергиликтүү ЖМКлардын жана маркум окуган мурдагы окуу жайлардын жамаатынын өкүлдөрү, ошондой эле маркумдун өз үй-бүлөсү жана жакындары бул мерт тапкан жоокердин аты-жөнүн ачыкташат.

Би-Би-Си, “Медиазона” аттуу көз карандысыз онлайн медиа каражаты жана ыктыярчылар тобу согушта набыт болгон орусиялыктар ж.б. жөнүндөгү бул маалыматтарды кылдат изилдеп, Орусия Украинага басып киргенден бери түзүлүп жана кошумчаланып келе жаткан орток тизмеге кошууда. (TT)