Орусия Украинада канча “элиталык адистерин” жоготту?
Ольга Ившина, Би-Би-Си орус кызматы

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS
Орус армиясы Украинадагы алты айлык согушта миңдеген аскерин жоготту. Өлгөндөрдүн саны боюнча эсептер айырмаланат. Мындайда жоготуулардын жалпы саны гана эмес, ошондой эле кимдер өлгөнү, алар кандай адамдар экени маанилүү. Би-Би-Си Орусия согуштун айынан 900дөн ашуун тандамал адисин жоготконун аныктай алды: аларды даярдоо үчүн көп жылдык аракеттер жана миллиондогон доллар сарпталган.
Батыш жана орус эксперттеринин айтымында, орус армиясынын жалпы аскердик куралдуу бөлүктөрү чабуулга даяр эмес болчу. Мындан улам, адатта жөө аскерлердин алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу милдети атайын багыттагы жоокерлерге (спецназ), деңиз жөө аскерлерге жана десантчыларга жүктөлгөн.
Орус армиясынын элитасы деп эсептелген дал ушул түзүмдөр Украинага басып кирген алты айдын ичинде олуттуу жоготууларга туш болду. Ондогон аскер учкучтары да каза болду. Эксперттердин айтымында, бул адистердин ордуна башкаларды даярдоо Орусия үчүн көйгөй жаратат.

ГРУ спецназы
Би-Би-Си ачык маалыматтарды изилдеп чыгып, 1-сентябрга карата Башкы чалгындоо башкармалыктын (ГРУ) атайын багыттагы 151 жоокери каза болгонун аныктады - алардын дээрлик төрттөн бири офицерлер (22%). Бул сандар жоготуулардын чыныгы санын чагылдырбайт, бирок алар Украинада согушан орус аскерлеринин арасында канча спецназ мерт кеткенин болжоого мүмкүндүк берет.
Жоготуулардын тизмесин Би-Би-Си, “Медиазона” басылмасы жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып түздү.
Жарыяланган некрологдорго караганда, эң чоң жоготууларга 22-гвардиялык спецназдын бригадасы учураган. Бригаданын кеминде 30 аскери, анын ичинде төрт офицер - ротанын командири каза болгон (бригадада болгону төрт рота бар).
Аскер-деңиз күчтөрүн анализдөө борборунун эксперти Майкл Кофмандын айтымында, Украинадагы согушта каза болгон ар бир орусиялык жоокерге 3,5 жарадар туура келет. Бул маалыматтардын негизинде, ГРУнун 22-бригадасынын жок эле дегенде атайын багыттагы 130 аскери каза болгон же жарадар болгон деп божомолдоого болот.
Атайын багыттагы бөлүктөрдүн так саны жашырылган. Бирок 130 аскердин өлүмү же жаракаты спецназдын бир ротасынын жоготуусуна тете болушу мүмкүн. Чеченстандагы согуш учурунда ГРУ спецназынын чалгындоо роталары 45-70 кишиден турган. Мындай бааны негиз катары алсак, бригаданын чалгындоочу роталарынын жарымы катардан чыккан болушу мүмкүн.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ГРУ спецназынын башка түзүмдөрү дагы Украинадагы согушта жоготууларга учурады. 24-гвардиялык бригада кеминде 21 жоокерин, анын ичинде төрт офицерин жоготту. Ошондой эле 3-гвардиялык спецназ бригадасынын каза болгон 26 аскер кызматкери, анын ичинде беш офицери тууралуу да белгилүү. Украинада 16-гвардиялык спецназ бригадасынын командир орун басары, подполковник, ошол эле бригаданын майор наамындагы штаб начальниги жана капитан наамындагы рота командири каза болду.
Би-Би-Си маектешкен эксперттердин айтымында, спецназ офицерлеринин жоготуусу орус армиясы үчүн эң эле талылуу маселе жана алардын ордун толуктай салуу оңой-олтоң иш эмес.
Катардагы адистер (мисалы: гранатометчу, минометчу ж.б.) каза болгондо же жаракат алганда анын ордуна келген башка адистиктеги жоокерди бир нече жуманын (сейрек учурларда бир-эки ай) ичинде кайра даярдоого болот. Эгерде ГРУ спецназ ротасынын командири каза болсо, анын ордун ошол эле аскердик адистиктеги офицер гана толтура алат.
Тиешелүү квалификациядагы лейтенантты даярдоо үчүн кеминде төрт жыл керек. Ал эми ротаны жетектөө үчүн лейтенант тажрыйба топтоп, наамын капитанга чейин жогорулатышы керек - бул дагы төрт жылга жакын убакытты талап кылат. Жалпысынан - кеминде сегиз жылдык тажрыйба, дешет эксперттер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
СССРде ГРУнун атайын күчтөрүнө душмандын оругундагы (тылындагы) эң маанилүү, жашыруун операциялар жана диверсиялар тапшырылган. Аларды мыкты курал-жарак жана форма менен камсыз кылуу үчүн атайын буюртмалар боюнча өзүнчө илимий институттар иштеген.
Ал эми Орусияда ГРУ отряддарына башка, алар үчүн адаттан тыш милдеттер жүктөлө баштады, анткени башка аскер бөлүктөрү согушка катышууга даяр эмес болгон. Чеченстандагы согуштун алгачкы жылдарында ГРУнун спецназы көбүнчө жалпы аскердик чалгындоо катары колдонулган. Ал эми Грозныйга кол салуу учурунда спецназ отряддары жалпы негизде чабуул топторуна киргизилген.
Би-Би-Си менен маектешкен эксперттер Украинанын аймагындагы согуш учурунда ГРУнун отряддары элиталык чалгынчылар үчүн адаттан тыш милдеттерди чечүү үчүн кайрадан колдонулуп, бул кошумча жоготууларга алып келерин белгилешет.
Жарыяланган некрологдордун негизинде да ушундай тыянак чыгарууга болот. Мисалы, ГРУнун майору Андрей Кунаков Мариуполдо “көчөнү тазалоо тапшырмасын аткарууда” каза болгон деп айтылат. Адатта басып алынган калктуу конуштарда тинтүү жана текшерүүлөрдү “экинчи эшелондун” бөлүмдөрү жүргүзөт. Мындай миссияларга элиталык чалгынчыларды колдонуу - жок эле дегенде кызык.
Росгвардия спецназы

Сүрөттүн булагы, SOPA IMAGES/LIGHTROCKET VIA GETTY IMAGES
Адатта, тынчтык мезгилде, Росгвардиянын күчтөрү демонстрацияларды таркатууга, ошондой эле Орусиянын ар кайсы аймактарында белгилүү бир адамды же чакан куралдуу топторду кармоо операцияларына катышат.
Буга карабастан Росгвардия Украинага басып кирген алгачкы күндөн тартып эле жөнөтүлгөн. 1-сентябрга карата Росгвардиянын 245 кызматкери каза болгону белгилүү, алардын көбү атайын багыттагы түзүмдөрдүн кызматкерлери (спецназ, СОБР жана ОМОН) кызматкерлери. Алардын дээрлик ар бир төртүнчүсү офицердик наамга ээ болгон.
Каза болгондордун кеминде 16сы өзгөчө айырмачылык белги - күрөң беретке ээ. Орус гвардиясында мындай берет кийүү укугуна ээ болуу үчүн тандоодон өткөндөр “спецназдын элитасы” деп эсептелет.

Ачык маалыматтар боюнча, 1-сентябрга карата Казандан келген “Барс” спецназынын 25-отрядынын өздүк курамы эң чоң жоготууларга учурады. Украинада анын 10 кызматкери, анын ичинде эки офицер каза болду. Бөлүмдүн аймагындагы эстеликке караганда, отряд Чеченстандагы 10 жыл ичиндеги куралдуу кагылышууда канча адам жоготсо, Украинадагы согуштун алты айынын ичинде ошончо аскер жоготту.
Ушундай эле жоготууларга Смоленск шаарындагы "Меркурий" атайын күчтөрү туш болду. Би-Би-Синин чакан иликтөөсүнүн жыйынтыгында отряддын кеминде 10 кызматкеринин өлүмү тастыкталды.
“Витязь” спецназында да жоготуулар тууралуу маалыматтар бар: кеминде жети киши өлдү, анын ичинде эки офицер бар. Бул отряд ички аскерлердин биринчи атайын бөлүгү болгон, ошондуктан ал жерде кызмат өзгөчө кадыр-барктуу болуп саналат, ал эми жоокерлерди даярдоо стандарттары жогорку.
ФСБ жана ФСО

Сүрөттүн булагы, ROSGVARDIA.RU
Ачык булактардан Украинага басып киргенде каза болгон Федералдык коопсуздук (ФСБ) жана Федералдык күзөт кызматтарынын (ФСО) 20дай офицери тууралуу белгилүү. Бул жоготуулардын көбү ФСБга баш ийген чек арачылар. Бирок каза болгондордун арасында эң жашыруун бөлүмдөрдүн офицерлери да бар.
Орусиянын атайын кызматтары боюнча эксперт Андрей Солдатовдун айтымында, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге ФСБнын атайын багыттагы борбору катышат - ал оккупацияланган аймактарда (мисалы, Херсондо) аскердик операцияларга активдүү аралашат.
ФСБнын Атайын багыттагы борбордун (ЦСН) атайын операциялар башкармалыгынын подполковниги Николай Горбандын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Ал эми камчаткалык маалымат каражаттары ФСБ спецназынын подполковниги Сергей Приваловдун өлүмү тууралуу жазып чыгышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жайында Подмосковьеде жайгашкан Николо-Архангельск көрүстөнүндөгү “баатырлар аллеясында” подполковник Владимир Маргиевдин мүрзөсү пайда болгон. Офицердин так кайда кызмат кылганы белгисиз, бирок сүрөттө ал ФСБ эмблемасы бар кара көк формада. Салтка ылайык, бул аллеяда ФСБнын "Альфа" жана "Вымпел" атайын күчтөрүнүн кызматкерлери коюлган, бирок анда-санда башка аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү да кездешет.
Согуштун алгачкы күндөрүндө каза болгон ФСБнын подполковниги Алексей Крюковдун сөөгү Екатеринбург көрүстөнүнө коюлган. Анын мүрзөсүндө ФСБнын “А” бөлүмүнөн гүлчамбар, ал эми мемориалдык сүрөтүндө - “Альфа” отрядынын логотиби бар. Июнь айында "Альфанын" капитаны Илья Цуприктин өлүмү тууралуу кабарлар жарыяланган, бирок көп өтпөй ал мурда эле Сирияда өлгөн болушу мүмкүн деген версия айтылган.
Эгер бул офицерлердин баары чындап эле Украинада каза болсо, бул ФСБнын атайын күчтөрү үчүн өтө оор сокку. Салыштыруу үчүн: акыркы жолу “Альфа” алты айдын ичинде үчтөн ашуун кызматкерин 1995-1996-жылдары, Будённовск жана Первомайск аймактарында катуу чабуул жасалганда жоготкон.
ВДВнын эң мыкты бөлүктөрү

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Аба-десант аскерлери (ВДВ) Украинадагы согушта биз тастыктаган каза болгон орусиялык жоокерлердин бештен бир бөлүгүн түзөт.
Бир нече бөлүктөрдүн тажрыйбасын эске албаганда, 2008-жылдагы орус-грузин согушунан бери Орусиянын жөө аскерлери согуштук аракеттерге активдүү катышкан эмес.
“РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик бөлүкчөлөрү чабуулга даяр эмес болчу. Аз бөлүгү концептуалдык жактан - штаттагы оор техниканын жетишсиздигинен, ал эми бир топ чоң бөлүгү техникалык жактан - ок атуучу курал менен жакын салгылашууга жөндөмсүз болгон”, - дейт отставкадагы орус офицери Александр Аратюнов.
Согуштун алгачкы жумаларындагы салгылашууларын аба-десанттык бөлүктөрү жүргүзгөн эле.
Ачык маалыматтарга караганда, Костромадагы ВДВнын 331-гвардиялык полку эң чоң жоготууларга учурады: расмий түрдө 80ден ашуун аскер каза болду - анын ичинде полктун командири жана 20 офицер.
331-полктун десантчылары орус армиясынын эң күчтүү бөлүктөрүнүн бири. Алар ар кандай ведомстволор аралык мелдештерде дайыма жеңишке жетишип, 9-майда Кызыл аянтта өткөн парадга бир нече жолу чыккан. Полктун жоокерлери жана офицерлери орус армиясынын Балкандагы операцияларына, Чеченстандагы согушка, ошондой эле 2014-жылы Украинанын Донецк облусунун аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан.

Март айынын башында Киевди басып алуу аракети 331-полктун ондогон аскерлеринин өмүрүн алган. Орустар чегингенден кийин, бөлүк кыска мөөнөткө Беларуска чыгарылып кеткен. Апрель айынын башында костромалык десантчылар Донецк обласунда Изюм үчүн салгылашууларга катышып, май айында Попасная шаарына жакын Луганск облусуна которулган.
Өлүмдөрү тууралуу ачык айтылбаган аскер кызматкерлерин эске алганда, иш жүзүндө 331-полкто өлгөндөрдүн саны 150 кишиге жетиши мүмкүн. Эгерде буга жарадарлардын болжолдуу санын кошсок (ар бир эки өлгөнгө жети жарадар туура келет), полктун катарынан 650-670 киши чыгып кетиши мүмкүн. Бул 331-полктун согуштун башталышындагы болжолдуу аскерлеринин жарымынан ашыгы.
Ставрополдук ВДВ аскерлердин 247-гвардиялык полку да олуттуу жоготууларга учурады. Согуш башталганга бир жыл калганда “өзгөчө ишеним жана сиңирген эмгеги үчүн” Коргоо министрлигинин атайын вымпелине ээ болгон. Украинадагы алты айдагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө десантчылар 63 кишини, анын ичинде полктун командирин жана кеминде 12 офицерди жоготушту.

Сүрөттүн булагы, Ставрополь губернаторунун басма сөз кызматы
Каза болгондордун саны көбөйүп жаткандыктан Ставрополь шаарынын жашоочулары курман болгон десанттардын урматына көп жылдар мурун түзүлгөн Эскерүү аллеясын узартууну сунушташты. Бирок 247-полктун командачылыгы бош орунга унаа токтотуучу жай курууну суранды.
"Аскердик бөлүктүн өтүнүчүн канааттандыруу чечими кабыл алынды - азыр алардын буга укугу бар", - деди Ставрополь шаарынын мэри. Украинада курман болгондордун элесине арналган мемориалды түзүү маселеси “атайын операция аяктагандан кийин” десантчылар менен талкууланат деп убада кылышты.
ВДВнын эң элиталык отрядындагы жоготуулар жөнүндө - подмосковьелик Кубинкада жайгашкан 45-гвардиялык атайын күчтөр бригадасында жоготуулар жөнүндө маалыматтар аз. Би-Би-Си ачык булактар аркылуу бул бөлүмдүн 14 жоокеринин, анын ичинде бир офицердин өлүмүн аныктай алды. Салыштыруу үчүн: Орусиянын Сириядагы аскерий операцияларынын жети жылында бул бригаданын үч гана жоокери өлгөнү кабарланган.
Деңиз жөө аскерлери

Сүрөттүн булагы, mil.ru
Украинага басып кирүүгө Орусиянын дениз жөө аскерлеринин бөлүкчөлөрү да активдүү катышкан. Алар негизинен түштүк фронтто согушат.
Ачык маалыматтарга караганда, аннексияланган Крымда жайгашкан 810-гвардиялык бригада эң көп жоготууга учурады. Кеминде 56 деңиз жөө аскери, анын ичинде эки бригаданын командири каза болду: Алексей Шаров мартта, анын ордуна келген Сергей Кенс июлда каза болгон.
Экинчи командирдин өлүмү тууралуу постко комментарийлерде аны менен тааныштар полковникти "ооруканага алып барууга үлгүрбөй калганын" жазышкан. Эгер чындап эле ошондой болсо, анда бул орус армиясынын жарадарлар үчүн заманбап жеке дакы кутуларынын жетишсиздиги жана эвакуация үчүн ыкчам каналдардын жоктугун көрсөткөн олуттуу көйгөйдүн ачык мисалы.
Деңиз жөө аскерлеринин жана башка орусиялык аскер кызматкерлеринин аптечкаларында 1960-жылдарындагы сызма (жгуттар) бар. Салыштырып көрсөк, НАТО өлкөлөрүнүн медициналык баштыктарына эчактан бери заманбап турникет-жгуттар, кан токтотуучу каражаттар жана окклюзивдик маалам кирет. Мындан улам орус армиясында жарадар болгон жоокерлеринин батыштагы кесиптештерине караганда аман калуу ыктымалдыгы азыраак.

Сүрөттүн булагы, MIL.RU
"Жоокерлердин аптечкалар менен жабдылышы жана согуш талаасында жарадар болгондорго тез жардам көрсөтүү көндүмү согушта чоң ролго ээ. Бул курман болгондордун жана аман калгандардын санына түздөн-түз таасирин тийгизет. Буга чейин Орусия мындай катаны Чеченстанда кетирген - анда жарадарларды эвакуациялоо боюнча эффективдүү системаны түзө албаган эмес. Бул жолу Москва медициналык камсыздоо маселесинде кетирилген каталарды эске алган жоктой”, - дейт Королдук институтунун коргоо боюнча профессору Сара Эшбридж.
Август айына чейин согуштагы көптөгөн орус аскерлери жана офицерлери жаңы жеке аптечкаларды алышты. Аларды ыктыярчылар өлкө боюнча аскер кызматкерлери үчүн чогулткан акчага сатып алышкан.
336-гвардиялык бригада 40 деңиз аскерин, анын ичинде полковник наамындагы бригада штабынын начальниги жана подполковникти жоготту.
Ошондой эле 155-гвардиялык бригаданын 52 аскери каза болгону белгилүү - анын сегизи офицер.
Аскердик учкучтар

Сүрөттүн булагы, РФ Коргоо министрлиги
1-сентябрга карата Би-Би-Си Украинаны басып алуу маалында каза болгон 67 орусиялык аскер учкучу (анын ичинде штурмандар жана борт механиктери) тууралуу маалыматты ырастай алды.
Бул жоготуулардын өзгөчө категориясы, анткени согуштук учактар менен тик учактардын экипаждары дүйнөдөгү бардык армиялардын саналган адистери жана элитасы. Бир учкуч-снайперди даярдоо 15-17 жылга созулуп, ага 12-14 миллион доллар керектелет.
Эксперттердин айтымында, жүздөгөн заманбап жана согушка жөндөмдүү көп функциялуу кыйраткыч учактар жана бомбалоочу-истребителдер болгонуна карабастан, Орусиянын аэрокосмостук күчтөрү (ВКС) ири масштабдагы аба чабуулдун кампаниясын жүргүзө алган жок. Бул согуштун алгачкы айларында мыкты аскердик учкучтарынын жоготуусунан болушу мумкун.
"Иш жүзүндө көп кыйраткыч учактарды потенциалын толук пайдалануу үчүн керектүү көндүмдөрү жана тажрыйбасы бар орусиялык учкучтардын саны өтө чектелүү", - деди Королдук институтунун коргоо боюнча профессору улук талдоочусу Жастин Бронк.
“Көптөгөн орусиялык учкучтар жылына 80 саат учат. Бул алардын негизги милдеттерин аткаруу үчүн жетишсиз, - деп улантат ал.

Сүрөттүн булагы, KREMLIN.RU
Учкучтар арасындагы жоготуулар боюнча маалыматтар эксперттин сөздөрүн кыйыр түрдө ырасташы мүмкүн. Каза болгон учкучтардын кеминде бешөө 50 жаштан ашкан адамдар болгон. Белгилүү болгондой, алардын айрымдары мындан бир нече жыл мурун пенсияга чыгышы керек болчу. Алардын согушка катышуусу кесипкөй жана умтулган жаш учкучтардын жетишсиздигинин далили болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда ондогон тажрыйбалуу учкучтар согуштун алгачкы жумаларында атып түшүрүлгөн. Мисалы, Забайкальеден келген авиациялык полктун командири согуштук аракеттердин биринчи күнү эле каза болгон. Грузия менен Сириядагы согушта тажрыйбасы бар авиациялык топтун командири 8-марттагы учуудан кайтып келген эмес.
Британ чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, көп жылдар бою Орусияда аскердик учкучтарды даярдоо программасы катуу жана алдын ала бекитилген план боюнча жүргүзүлгөн жана анын максаты “жогорку даражалуу чиновниктерди канааттандыруу” болгон.
Бул орус аскер авиациясынын жаш экипаждарынын күжүрмөн көндүмдөрүн өнүктүрүүгө тоскоол жараткандай
“Ачык булактарда мындай маалымат жок болгондуктан орусиялык учкучтар көпчүлүк учууларда эмне кылып жатканын түшүнүү кыйын. Бирок биз көрүп тургандай, орус учактары Украинанын жерден-абага каршы коргонуу системасынын [ракеталарынын] эффективдүүлүгүнөн улам Украинанын көзөмөлүндөгү аймакка сейрек гана тереңдеп кирүүдө”, - деди Бронк.
"Ошентип, жүздөгөн заманбап (жана кагаз жүзүндө согушууга даяр) көп функциялуу кыйраткыч учактар жана бомбалоочу-истребителдер болгонуна карабастан, ВКС ири масштабдагы аба чабуул кампаниясын жүргүзө алган жок", - деп жыйынтыктады эксперт. (ЕВ)
Биз каза болгон орус аскерлери тууралуу маалыматтарды чогултууну улантып жатабыз. Бул маселе боюнча маалымат бергиңиз келсе бул шилтеме аркылуу биз менен байланышыңыз.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:








