Камерадан корккондор. Мамкызматкерди видеого тартууга тыюу салуу демилгеси

2022-жылы милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо боюнча 82 факты катталса, 2023-жылы 128 факты катталган

Сүрөттүн булагы, Facebook

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Парламентте мамлекеттик кызматкердин укугун коргоого багытталган мыйзам долбоору сунушталып, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Долбоорго ылайык, мамлекеттик кызматкер милдетин аткарып жатканда ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото, видеого тартууга жана бул материалдарды уруксатсыз интернетке жарыялоого тыюу салынат.

Долбоордун авторлорунун бири Ырысбек Атажановдун айтымында, мыйзам долбоору бир гана укук коргоо органдарына тиешелүү эмес.

Бул тез жардам кызматкерлерине, дарыгерлерге, мугалимдерге, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана башка ушул сыяктуу баардык мамлекеттик кызматкерлердин укуктарын коргоого багытталган.

“Активистмин, блогермин деп эле мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамдарды видеого тартып, коркутуп-үркүтүп жагымсыз көрүнүш жараткандар көбөйүүдө. Атүгүл мас болуп жүргөнү деле видеого тарып жатат”,- деди ал.

Айтымында, анын кесепетинен муктаж болгон жарандарга өз убагында тиешелүү жардам көрсөтүлбөй калып жатат.

Бул сыяктуу көрүнүштөр укук коргоо органдарынын дагы беделине шек келтирип, учурда милицияны көптөр тоготпой калды.

“Анын айынан кылмыштуулук дагы көп болууда. Балдар, энелер кандай кордолуп жатканын көрүп жатпайбызбы”,- деди депутат.

Долбоорго ылайык, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото жана видеого тартып, аларды каралоо максатында материалды интернетке тараткан жеке жактарга 5000 сом айып пул салуу же жети суткага чейин камакка алуу жагы каралып жатат.

Бирок учурда долбоор коомдун элегине коюлгандыктан, кошумча-алымчалар болушу мүмкүн.

“Эгер мамлекеттик же ошол эле укук коргоо кызматкери пара алып жаткан болсо же өзү мыйзам бузса, видеого тарта беришсин. Бул жерде сөз жөнү жок каралоо тууралуу болуп жатат”,- деди депутат.

“...Милиция кыйла жакшырды”

Болот Ибрагимов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болот Ибрагимов милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин биринчилерден болуп видеого тартып, социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу коомдун назарына чыгарып келген блогерлердин бири.

Ал аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна каршы. Анын пикиринде, мындай аракет жарандардын конституциялык укугун чектейт.

“Долбоорду сунуштап жаткан беш депутаттын төртү мурун күч органдарында иштеп кеткендер. Демек, алар мурдагы кесиптештерин коргоп жатат же кандайдыр бир деңгээлде кызыкчылыгы бар десек болот. Азыркы милициянын ишинин кемчилигинде алардын түздөн-түз жоопкерчилиги бар. Документти сунуштап жаткандардын арасына убагында министрдин орун басары болуп иштегендери дагы болгон”,- деди Болот.

Ибрагимов күч органдарына коомчулук тарабынан айтылган сындардан, тартылган видеолордон улам алардын иши кыйла жакшырды дейт:

“Биз он жыл мурун ишибизди баштаганбыз. Салыштырып карасак, ошол учур менен алардын азыркы иш-аракети асман менен жердей. Кыйла жакшырды. Бирок бул коомдун эмгенинин натыйжасы. Алардын мыйзамсыз ишин видеого тартып, социалдык тармактарга таратуунун жыйынтыгында укук коргоо органдарынын иши жакшырды. Эгер аталган мыйзам кабыл алына турган болсо, кайра артка кетебиз”.

Анын тажрыйбасында укук коргоо органдары өздөрү мыйзамды одоно бузуп, керек болсо унаалары айып пул төлөөчү коргоого киригизилген учурлар бир топ эле болгон.

"Маселен, 2015-жылы блогерликти жаңы баштаган учурда жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнү жок унаабызды тактотуп, 5000 сом талап кылган. Аны дароо видеого түшүрүп, социалдык трамактарга тартканбыз. Видеого ошол кездеги президент реакция кылган. Эки кызматкер кармалып, камакка алынган",- деди ал.

Ибрагимов мындай окуялар өтө эле көп болгонун, бирок бир гана жолу кайгуул кызматынын эмес милициянын, ошол кездеги каржы полициясынын кызматкерлери дагы мыйзамсыз иштери үчүн ашкереленгенин айтты.

"2020-жылы коронавирус илдети күч алып турганда эки милициянын мас абалындагы видеосу дагы катуу талкуу жараткан. Чынын айтканда аларды бизге жарандар видеого тартып жиберген. Экөөнө карата дароо чара көрүлүп, кызматтан алынган".

Блогер жарандардын милициянын же башка мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз ишин ачыктаган видео же фото материалдары эч кандай мыйзам бузуу болуп эсептелбей турганын айтат.

Ал эми атайлап кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирип, каралоо иретинде жалган маалымат тараткандар үчүн ансыз да мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын кошумчалады. Ал болгону колдонуудагы мыйзамдарды иштете билүү керек дейт.

“Колдо бар мыйзамдарды иштете албай, өзгөртүү киргизүү керек деп жатышат. Башкача айтканда кайрадан велосипед ойлоп табуунун кереги барбы?”.

Ошондой эле ал укук коргоо органдарынын материалдык базасынын начарлыгын жана маянасынын төмөндүгүн айтып өттү.

Алардын ишин жакшыртуунун бирден бир ыкмасы бул багытта иш алып баруу деди.

Күңгөй-тескей жагын бирдей кароо керек

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова аталган мыйзам долбоору керектүү дейт.

Кызматын аткарып жаткан мамлекеттик кызматкерге орой мамиле кылып, ашкерелеп интернетке жайылтуу менен алардын дагы укугу бузулуп жатканын айтат.

Бирок аталган маселеде күңгөй-тескей жагын бирдей кароо керек дейт:

“Журналистиканын этикасын билбей, өзүн блогермин дегендер көбөйдү. Алар барып алып ар нерсени айтып видеого тарткан учурлар көп эле болуп жатпайбы. Эгер ал видео же фото мыйзам бузган, коррупциялык элементтерди ачыктаган, кесиптик милдетин так аткарбаган укук коргоо органдары тууралуу болсо анда сөз жок. Бирок баардык эле учурда андай боло бербейт да”,- деди депутат.

Айтымында, болгерлерди тартипке салган мыйзам жок болгондуктан аша чаап кеткен учурлар дагы болууда.

“Кайсыл видеону же фотону социалдык тармакка чыгарса болот. Кайсы бир материалды чагылдыруу менен тигил же бул кызматкердин абийирине шек келтирип албайбы деп анализдеп анан иш кылуу керек да”,- деп кошумчалады ал.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков алар аталган мыйзам долбоорун колдобой турганын жөнүндө видео кайрылуу таратты.

Майнаптуу иш үчүн мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу негизги ролду ойной турганын айткан саясатчы, аталган долбоор эл кызыкчылыгына каршы иштейт деди. Ал Грузия баш болгон бир катар чет мамлекеттерди мисалга тартты.

“Ошол эле Грузияда милиция бөлүмдөрүн атайын айнектен жасашат. Алар укук коргоо органдары адам менен кантип иштеп жатат? Аларга кандай мамиле кылууда? Ачык көрүнүп турсун деп ушундай кадамга барган. Башка өнүккөн өлкөлөрдө видео камералар орнотулуп, байкоо жүргүзүлүп турат. Башкача айтканда милиционердин ишин көзөмөлдөө үчүн мамлекет акча төлөп берет. Биз бекер тартып жаткан жарандарга тыюу салганы жатабыз”,- деди Султанбеков.

Ал тескерисинче кимдир бирөө укук коргоо органдарындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелей турган болсо аларга сый акы берилиши керек деди.

Бул багытта жарандарга дем берүүчү мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын айтты.

“Милициянын баары тең эле камерадан корко бербейт. Бизде күч органдарынын мыкты кызматкерлери абдан көп. Камерадан кимдер коркот? Адам укугун бузгандар, пара алгандар, элди азапка салгандар коркот. Биз алардан коркпошубуз керек”,- деди ал.

Мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Алишер Эрбаев, Винера Раимбачаева, Ырысбек Атажанов жана Кундузбек Сулайманов деген депутаттар.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо боюнча 82 факты катталса, 2023-жылы 128 факты катталып, 46 фактыга көбөйгөн.