"Кечээ диктатура, бүгүн демократиябы?": Сурабалдиеванын сыны, төраганын жообу

Депутаттар

Сүрөттүн булагы, Official

Парламенттин экинчи күнүндө тармактык комитеттердин орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүүнүн алдында кайым-айтыш орун алды. Төрага күн тартибин жарыялап, сөзүн жыйынтыктоого жетише электе депутат Элвира Сурабалдиева сөз алып, шайлоо тартибин сындады. Ал 17-декабрдагы алгачкы жыйында төрага, анын орун басарлары жана комитет төрагалары атаандашсыз шайланганын айтты.

"Урматтуу төрага, кечээ төраганы, орун басарларын, комитет төрагаларынын баарын альтернативасыз шайлап бердик. Бүгүн комитет төрагаларынын орун басарларын шайлоого коюптурсуздар. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Талапкерлердин, депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, кечээки жолуңар менен эле альтернативасыз талапкерлерди белгилеп коюңуздар деп мен суранат элем. Сиз тигил жакта сүйлөшкөнчө, бул жакта ызы-чуу болуп жатат. Парламентте диктатура жолун тандадыңыздарбы, анда аягына чейин барыңыздар", – деди ал.

Депутат мындай жагдай Жогорку Кеңештин ичинде өз ара бөлүнүп-жарылууга жол ачып жатканын белгиледи.

"Комитет төрагаларын шайлап жатканда сураган жоксунар. Вицелерди шайлап жатканда сураган жоксунар. Төраганы сунуштап жатканда бир да альтернативдик талапкерди чыгарткан жоксунар. Же кайра шайлоо кылгына, баарыңарды кайра шайлайлы. Же кечээкини улантып, бүгүн ызы-чуу чыгарбай, нормалдуу, маданияттуу бүтүргүлө. Туура эмес болуп жатат. Сиз баарын байкап жатасыз. Танып андай эмес деп айтпаңыздыр. Мүмкүн сиз наркы жакта жыйын куруп, палатада эмне болуп жатканын көрбөй калып жатасыз. Мен биринчи жолу депутат болуп шайланган жокмун. Атмосфераны көрүп жатам, түшүнүп жатам", – деди ал.

Элвира Сурабалдиеванын сын-пикирине жооп кылган төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутат маселеден толук кандуу маалыматы жок туруп баа берип жатканын айтты. Анын билдиришинче, Сурабалдиева депутаттык топко же фракцияга кирбегени үчүн соңку чечимдер менен таанышпай калган.

"Бул боюнча маалыматыңыз жок. Себеби сиз бир да депутаттык топтун же фракциянын мүчөсү эмессиз. Сиз алгачкы чечимдерди айтып жатасыз. Биз эч кандай атаандашуусу жок эле, шайлоо өткөрбөстөн, ар бир комитетке үчтөн орун басардын фамилиясын чектеп койдук. Бул жерде эч кандай маселе болбойт", – деди төрага.

Ошол эле учурда ал парламент трибунасынан айтылган сөздөргө этият мамиле кылууга чакырды. Айрыкча аймактык бөлүнүү тууралуу дооматтарга токтолуп, мындай сөздүн өзү жоопкерчиликти талап кыларын эскертти.

"Бир нече жолу шайланган депутат катары сизге айтып коеюн. Тигил же бул аймак деген маселе бул жерде болбошу керек. Мындай теманы көтөрүүнүн өзү жоопкерчилик жаратат. Андай сөздөр эч качан бул бийик трибунадан, парламенттин жыйындар залынан айтылбашы керек. Сиз буга жол бербеңиз, мунун жоопкерчилигин өзүңүз жакшы билесиз. Бул жерде эч кандай бөлүнүү жок", – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Төрагалыкка жана анын орун басарлыгына талапкер болууну каалагандар үчүн мүмкүнчүлүктөр бирдей болгонун айткан "Ала - Тоо" депутаттык тобунун лидери Жанарбек Акаев, шайлоо учурунда эч кимдин укугу чектелбегенин ишендирди:

"Эгерде кимде ким, мисалы, кечээ мен вице-спикер болом деп талапкерлигин койгондо, аларга эч кандай тоскоолдук болмок эмес. Ошондой эле кимдир бирөөгө бирөө жакпаса, каршы добуш берип, бюллетенден аны кулатып, башканы шайласа болот. Ар депутат добушту өзү берет, аны эч ким мажбурлай албайт."

17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын шайланган депутаттары парламентте биринчи сессияга чогулуп, спикерликке Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кайра шайланган. Жаңы түзүлгөн депутаттык топтордун баары - "Ата-Журт", "Ала-Тоо", "Элдик", "Мекенчил", "Адилет-Кыргызстан" бир ооздон спикер катары Нурланбек Тургунбек уулун сунуштап, альтернативдүү талапкер чыккан эмес. Жыйын учурунда депутат Эрулан Көкүлов "көрүнүш үчүн башкаларды деле сунуштап койсоңор болмок" деген пикирин билдирген.

Биринчи жыйында, ошондой эле, спикердин орун басарлары да тандалган. Парламенттин биринчи вице-спикерлигине "Элдик" депутаттык тобу тарабынан сунушталган Чыңгыз Ажибаев шайланды. Ал эми катардагы вице-спикерлик кызматтарга Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханжеза келишти. Жылдыз Таалайбек кызы "Адилет Кыргызстан" тобунан көрсөтүлгөн, ал эми Карим Ханджеза "Мекенчил" тобунан сунушталган.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи жумуш күнүндө комитеттерди да түзүп, алардын башчыларын да шайлашты. Парламентте сегиз комитет түзүлгөн.