Спикер шайланды. Нурланбек Тургунбек уулу ким?

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
Жогорку Кеңештин спикери шайланды. Жаңы жүз эмес. Ал Жетинчи чакырылыштын мурдагы төрагасы, бийликке лоялдуу деп эсептелген Нурланбек Тургунбек уулу. Ал мурдагы журналист, экс-министр катары жана убагында өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп иштегени менен белгилүү.
Жаңы түзүлгөн депутаттык топтордун баары - "Ата-Журт", "Ала-Тоо", "Элдик", "Мекенчил", "Адилет-Кыргызстан" бир ооздон спикер катары Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин сунушташканын жарыялашты. Жыйын учурунда депутат Эрулан Көкүлов "көрүнүш үчүн башкаларды деле сунуштап койсоңор болмок" деген пикирин билдирди.
Жашыруун добуштун жыйынтыгында 84 добуш менен Тургунбек уулу Нурланбек Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын спикери болуп шайланды.
Ал өзүнүн буга чейинки билим, тажырыйбасын парламенттин ролун өстүрүүгө жумшай турганын айтты. Спикер Жогорку Кеңеш президенттин саясатын колдоо үчүн бардык мыйзамдык ченемдердин алкагында иш алып барышы зарыл экенин белгиледи.
Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз парламенти Борбор Азия эле эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн арасында ачык, демократиялык парламент болуп эсептелет деген пикирин да билдирди.
"Биздин парламенттин бардык ишмердиги ачык жана демократиялык мүнөздө болот. Сөз эркиндиги бул жерде бир гана жоопкерчилик менен бекемделиши керек. Ар бир айтылган сөздүн, сын-пикирдин артында жоопкерчилик бар экенин унутпашыбыз керек. Ошол эле учурда президент да айтты, өлкөдөгү бардык бийлик бутактарында кемчилик болсо, конструктивдүү сын айтканга өбөлгө түзүп беришибиз керек. Бийик трибунадан элдин үнү айтылып турушу керек", – деди жаңы шайланган төрага.
"Эң биринчи бийлик менен иштешип кете турган адам керек"
Жогорку Кеңештин алтынчы жана жетинчи чакырылыштын депутаты Тазабек Икрамов шайланып келген депутаттардын арасынан спикер болууга дарамети бар башка адамды азырынча көрбөй жатканын, арасында тың, калыс пикирин тайманбай айткандар төрагалыкка талапкерлигин койсо да колдоо табышы күмөн экенин айтат. Ал спикерликке талапкерлигин койгон адам алдын ала депутаттар менен сүйлөшүү өткөргөн болушу мүмкүн экенин, бул мурдадан берки тажрыйба экенин кошумчалады.
"Сөзсүз түрдө, спикер болом деген адам шайланып келген депутаттар менен сүйлөшөт. Мени колдоп койгула деген таризде ар бир депутаттан сураныч катары өтүнөт. Ал эми ким кимге добуш берери депутаттардын жеке өзүнүн маселеси. Эми Нурланбек Тургунбек уулу кандай болгон күндө да тажырыйба топтоду, бийлик тарап ишеним көрсөтсө төрага болот да. Жакшыбы-жаманбы, буга чейин спикер болду. Ал мурда кандай спикер болгонун (күлөт – ред.) эл жакшы билет. Иш болгон жерде кемчилик да, жетишкендик да болот. Эл баасын берет. Чындыгында андан башка ким болушу мүмкүн? Спикер болсо, ишти тартып кетет деген башка адамды мен деле байкабай турам. Албетте, чындыкты айтып тургандар бар, бирок алар бийлик жактан деле, шайланып келген депутаттардан деле колдоо таппайт го дейм. Эң биринчи бийлик менен иштешип кете турган адам керек. Азыркы келген депутаттар деле кимди шайла десе ошону шайлайт го дейм".
Туу, гимн, тил. 7-чакырылышта Нурланбек Тургунбек уулу эмнеси менен эсте калган?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Нурланбек Тургунбек уулу үч жылдай жетинчи чакырылыштын төрагасы да болгон. Бул аралыкта ал мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, демилге кызуу талкууга алынып, бир топ сын пикирлер айтылган. Кийин президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясы өзүнө таандык экенин айткан.
Ал гимнди өзгөртүү демилгесин да көтөргөн. Ал мамлекеттик гимн баары оңой ырдагандай, жеңил болушу керектигин айткан:
"Биз тууну өзгөрттүк, эми гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде гимн кабыл алынганда Советтер Союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдарында жазганбыз. Ырдаганга дагы оор. Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт. Бул марш түрүндө жазылган. Жарандар ырдай алышпайт. Учурунда биздин бир президентибиз, атын айтпай эле коёюн, бир чет өлкөгө барды дейт. Биздин гимнди ырдаганда, "таа-та-та-таң" дегенде даракта турган куштар учуп кетти дейт. Анан ошол тосуп алган өлкөнүн гимни ырдалганда куштар сонун болуп кайра конуп калды дейт", – Шакиев.
Кийинчерээк гимнди өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров колдогон. Гимн үчүн тандалган текст талкуу жаратып, көпчүлүктүн купулуна толо элек.
Ал ортодо спикер тил маселесин көтөрүп келет. 2022-жылы өткөн Элдик Курултай учурунда Бишкектин төрт районунун –Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердловдун атын кыргызчалоону сунуштаган. Кийин буга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын бир нече депутаты теригип, орус тили "өгөйлөнүп" жатат деген пикирин билдиришкен.
Мындан тышкары ал башталгыч класстын окуучуларын кыргыз тилинде гана окутууну, балдарга жалаң кыргызча ысым ыйгарууну, чет элдик мультфильмдерди көрсөтүүгө тыюу салууну сунуштаган.
Кийин Шакиев деген фамилиясын Тургунбек уулу кылып өзгөткөн жана социалдык тармактардагы баракчасына бул көптөн берки кыялы болгонун жазган.
Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган, 48 жашта. Экономика жана агробизнес багытында адистикке ээ болгону менен эмгек жолун журналистикадан баштаган. 1996-жылдан тарта "Обон", "Учкун", "Эркин-Тоо" гезиттеринде редактордун орун басары, редактор кызматтарын аркалаган.
2004-жылы Нурланбек Тургунбек уулу (ал кезде Шакиев) мамлекеттик кызматка өтүп, Транспорт жана коммуникация министрлигинде басма сөз катчысы болуп иштеген.
2005–2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору болуп кайрадан медиа тармагына кайтып келген.
Тургунбек уулунун карьерасындагы секирик ушул жылдарга туура келет. Тактап айтканда, 2006–2009-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгон.
Кийин "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясын жетектеген.
Ал 2010–2011-жылдары маданият жана маалымат министри да болгон.
Айрым маалыматтар боюнча, 2017-жылы түптөлгөн "New TV" телеканалынын негиздөөчүсү. Ал бул каналда башкы директор болуп да иштеген. 2019-жылы аталган каналда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлгөндөн кийин бул коомчулукта нааразылык жаралган.
Канал жетекчилери УКМКга "маектешүүгө" чакыртылган.
2021-жылы ал Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2022-жылдын 29-мартында "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланып, ушул эле жылы 5-октябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон. Ал бул кызматка Талант Мамытовдун ордуна келген.








