Москва облусунда өспүрүм мектепте бычак менен кол салып, бир бала каза болду. Эмнелер белгилүү?

Окуя мектепте болгон

Сүрөттүн булагы, Vitaly Smolnikov/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуя мектепте болгон

Шейшемби күнү эртең менен Москва алдындагы Горки-2 конушунда өспүрүм мектепке кол салды. Ал имараттын ичинде калемпир баллонун чачып, андан соң күзөтчүнү жана төртүнчү класстын окуучусуна бычак шилтеген. Тажикстандын жараны болгон жеткинчек алган жаракатынан улам каза тапты. "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кол салган өспүрүм ошол эле мектептин окуучусу экени аныкталып, кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алды.

"Бүгүн саат 9.00дө полицияга мектеп окуучусу күзөтчүнү бычак менен уруп, газ баллон чачып, андан соң он жашар балага бычак сайгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өспүрүм алган жаракатынан улам каза болду", — деп билдирди Москва облусунун полициясы.

"Биз оор кайгыга туш болдук, мектепте төртүнчү класстын окуучусу каза болду", — деп жазды Москва областынын балдар акыйкатчысы Ксения Мишонова Telegram-каналында.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, бул окуя Москва областынын батышындагы Одинцово районуна караштуу Горки-2 конушундагы Успен орто мектебинде болгон. Мектепте миңден ашуун бала окуйт, алардын арасында кошуна айыл-кыштактардан келгендер да бар.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кол салган бала ошол эле мектептин 15 жаштагы окуучусу. Орусиянын Тергөө комитети "киши өлтүрүү" жана "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козгоду. Тергөө комитетинин өкүлү Ольга Врадий: "Сурак жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал күнөөсүн мойнуна алууда", — деп билдирди.

Каза болгон баланын аты-жөнү — Кобилджон Алиев, ал Тажикстандын жараны болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин шаршемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүдө кол салуу улуттук кастыктын негизинде жасалганы белгиленген. Буга байланыштуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси министрликке чакыртылып, ага кылмышты токтоосуз жана калыс иликтөө, күнөөлүүлөрдү мыйзамдын бүткүл катаалдыгы менен жазалоо талабы жазылган нота тапшырылды.

Тергөө комитети каза болгон окуучунун аты-жөнүн расмий жарыялай элек жана кол салуунун себептери тууралуу билдирүү жасай элек.

Окуя болгон мектепке келген күч кызматкерлери

Сүрөттүн булагы, Соцтармактан алынды

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окуя болгон мектепке келген күч кызматкерлери

Кол салган адам тууралуу эмнелер белгилүү?

Кол салган адамдын аты-жөнү расмий түрдө жарыялана элек. Укук коргоо органдары "Интерфакска" анын акыл-эсинин жайында экени текшерилерин билдиришти. Тергөө комитети кол салуунун себептерин иликтеп жатат. ТАСС агенттиги башында ал "деструктивдүү жаштар агымынын мүчөсү" болгонун жазып, бирок кийин бул маалыматты колдонгон жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Күч түзүмдөрүнө жакын SHOT Telegram-каналы өспүрүмдүн жашыруун жайынан колго жасалган жардыргыч затка окшош буюм табылганын жана мектеп имараты текшерилип жатканын кабарлады. Кийинчерээк бул маалыматты Тергөө комитети да тастыктап, мектепте жардыргыч заттарды изилдөөчү адистер иштеп жатканын билдирди.

Кол салган өспүрүм окуяны видеого тартып алган окшойт. Бул видеолордо (Би-би-си алардын аныктыгын тастыктай элек) тартып жаткан адам болжол менен 9-12 жаштардагы окуучулардын жанына бычак менен келип, алардын улутун сурайт. Ошол учурда күзөтчү жакындап келгенде, өспүрүм анын бетине газ чачып, андан соң төртүнчү класстын окуучусун кууп жетип, бычак менен сайган.

Башка бир видеодо ал конкреттүү бир мугалимди жана классты издеп жатканы угулат. Мектеп кызматкери аны токтотууга аракет кылганда, өспүрүм: "Мага баары бир, өмүр бою түрмөдө отурам", — деп жооп берген.

Класташтарынын айтымында, ал кол салууга чейин бир нече жума мектепке келбей жүргөн. Алар өспүрүмдүн курал-жаракка жана аскердик темага кызыкканын, «нацисттер тууралуу көп тамашалап жүргөнүн» айтышкан. Кармалган учурда анын үстүндө медициналык маска жана "No lives matter" (Эч кимдин жашоосу маанилүү эмес) деген жазуусу бар ак футболка болгон. Бул ураан нигилизмди жана неонацисттик идеяларды жайылткан онлайн-субкультурага таандык.

Москва облусунун балдар акыйкатчысы Ксения Мишонова кылмыш болгон жерден тартылган сүрөт жана видеолорду жарыялоону этикага жатпаган иш деп атап, аларга тыюу салууга чакырды.