Жок эле дегенде 100 млн сом короду: кайра шайлоолор казынаны кагабы?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев алдыдагы шайлоолорго, керек болсо кийинки парламенттик шайлоого "Ата-Журт" партиясы катышпайт деп жарыялаган соң шайлоо темасы кызыды. Айрымдар эми чындап таза шайлоо болот деп камына баштайт деген көз караш да бар.

Шайлоо - негизги саясий кампаниялардын бири. Ал оңой эмес чыгымды талап кылат. Ошончо каражат сарпталып жаткан соң шайлоочулар да олуттуу мамиле кылып жатабы деген суроо кабыргасынан турган чак.

Жакында эле Сузак районунда бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, шайлоочулардын саны аз болду. Расмий эсеп боюнча болгону 16,92 пайызы гана катышты. Жөнөкөй айтканда жүз шайлоочунун он жетиси гана добуш берди деген сөз. Бир мандатуу округдарда шайлоолор кайталанган учурларда добуш берүү солгун өтүп жатканы маалым.

Бул эмнеден кабар берет?

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо

Президенттин жарлыгы менен 17-ноябрга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо белгиленди. БШК болсо шайлоого даярдык көрүү иштерин баштаганын айтты.

“Учурда шайлоо округун, участокторун тактоо иштери жүрүп жатат. Жалпы 2400гө жакын шайлоо тилкеси ачылат. 470 млн сомдон ашуун каражат кетет деп болжоп турабыз”,- деди Би-Би-Сиге БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо шаарларда пропорцианалдык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо можаритардык система менен өтөт.

Ошондо 33 шаардык кеңешке, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат.

Мажоритардык – бир мандаттуу шайлоо округу. Ал шайлоо округунан кайсыл талапкер көп добуш топтой алса, ошол мандатка ээ болот.

Кийин кайсыл бир себептен улам мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берсе, анын ордуна шайлоодо экинчи орунга чыккан талапкер депутат болуп келет.

Бирок аял киши кеткен болсо, алган добушуна карабастан анын ордуна аял келет.

Пропорционалдык шайлоо системасында – талапкер партиялар аркылуу ат салышат. Шайлоочу каалаган партиясын, анын ичинен өзүнө жаккан талапкерин тандайт.

Эгер кайсы бир депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган болсо тизме боюнча андан кийинки турган киши депутат болуп калат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

Ошондо 33 шаардык кеңешке, 231 айылдык кеңешке депутаттар шайланат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир аз айрыма бар. Алар деле пропорционалдык жана бир мандаттуу система менен шайланат. Бирок бир мандаттуу округдан келген депутат кайсыл бир себептерден улам мандатын тапшырып бере турган болсо, анын ордуна кайра жаңы шайлоо дайындалат.

Бул Кыргызстандын шайлоо системасына канчалык ылайыктуу ыкма?

Алыс кетпей Бишкек шаарын ала турган болсок №26 Ленин райондук шайлоо округунан депутат болуп келген Жаныбек Абиров мушташа кетип, мандатын тапшыргандан кийин ордуна кайра шайлоо дайындалган эле.

Экинчи ирет өткөрүлгөн шайлоодо талапкерлердин ичинен Дамира Ниязалиева жеңип чыгып, бирок добуштарды сатып алган деген жүйөө менен БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Ошол кезде БШК маалымат таратып кайра шайлоого кеткен чыгымдардын суммасы 18 миллион сомдон ашканын маалымдаган.

Мындан улам коомдук сайттарда кайрадан шайлоо өткөрбөй эле, Жаныбек Абировдон кийин маарага келген талапкерди депутат кылып коюу сунуштары айтылган. Ал тургай жөн эле мандатын тапшырдым деп басып кетпей, мамлекет кайра шайлоого сарптай турган каржатты кошо төлөсүн дегендер да болгон.

Бирок шайлоо мыйзамдары буга жол бербегендиктен ошол эле округда үчүнчү ирет шайлоо өткөрүлүп жыйынтыгында Кубанычбек Самаков жеңип чыккан.

Райондогу 127 миң 239 шайлоочунун ичинен экинчи жолку шайлоого араң эле 13,95 пайыз киши катышса, үчүнчү жолку шайлоого 15,85 шайлоочу келген.

“Бул саясий кризис”

Ишенбай Кадырбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков шайлоодогу азыркы көрүнүштү саясий кризис деп атады.

Айтымында, жылдан-жылга элдин саясатчыларга, шайлоонун ачык-айкындуулугуна болгон ишеними кетип, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөөдө.

“Эл кайра-кайра шайлоодон тажап бүттү. Шайлоонун пайдасы жок экен деп калды. Соңку эле парламенттик шайлоону алсак шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы добуш берген жок. Бул ишеним жок дегенден кабар берет. Муну саясий кризис деп атаса болот”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү.

Ал бир мандаттуу шайлоо округунан келген депутат мандатын тапшырган учурда, анын ордуна кайра шайлоо өкөрүү өлкөнү ашыкча чыгымга дуушар кылып жатканын айтты.

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону можаритардык система менен жакшынакай эле өткөрүп келе жатышат. Парламенттин депутаттарын эмнеге андай ыкма менен шайлоого болбойт, мен түшүнбөйм. Орто эсеп менен алганда ар бир шайлоого он млн сомдун тегерегинде каражат кетип жатат. Бул оңой акча эмес. Кайсы бир депутат мандатын тапшырдыбы, кайра шайлоо өткөрүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган талапкерге мандат тапшырылсын да. Азыркы мыйзамга “кезектегиси келет” деген эки сөздү киргизип койсо эмнеге болбосун”,- деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал пропорционалдык шайлоо системасынын Кыргызстан тандап алган ыкмасынан өнүккөн өлкөлөрдүн көбү баш тартканын айтты.

“Маселен, Германиянын аймагы 299 округга бөлүнгөн. Бизде дагы округдардын санын көбөйтүп, талапкердин тизмесин беш же он кишиден ашырбашы керек эле. Бюллетенди карасаң ар бир партияда ондогон адамдардын тизмеси турат, аларды кошсоң канча болуп кетип жатат. Шайлоочунун башы айланып калып жатпайбы. Антпей шайлоочулардын санына жараша мандатты округдарга бөлүүсү керек болчу. Биздин ыкма шайлоо эмес эле добуш берүү болуп калды. Шайлоо – бул тандоо. Сен өз өкүлүңдү тандап, менин атымдан парламентке барып, үнүмдү жеткирет деп жибересиң. Бирок Кыргызстанда кандай болуп калды? Сен жөн гана добуш бересиң. Ал эми добушту эмне кылат? Тууган-туушкандын кадырына карап берет же сатат. Кыскасы Кыргызстанда шайлоону жок кылдык”,- деди ал.

Кыргызстан эгемендикти алган жылдардан кийин өлкөдө болгон саясий революциялардын дээрлик бардыгы шайлоолордон улам чыккан нааразылыктан тутанган.

Алыс кетпей соңку эле окуяларга кайрыла турган болсок 2020-жылдын октябрында болгон шайлоонун жыйынтыгы массалык нааразылык акцияларын жаратып, ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши жана шайлоонун жокко чыгарылышы менен аяктаган.

Андан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров баш мыйзамды өзгөртүп, аны менен кошо шайлоо системасы дагы жаңыланган.

Ага ылайык Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын саны 90 кыскарган. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система, тагыраагы саясий партиялардын ачык тизмеси аркылуу шайланса, калган 36 депутат мажоритардык система же бир мандаттуу округдан келе турган болгон.

Кайра шайлоого кеткен каражат

 Үч жыл аралыгында 110 млн сомдун тегерегинде каражат кайра шайлоого кеткен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, үч жыл аралыгында 110 млн сомдун тегерегинде каражат бир мандаттуу округдарда кайра шайлоо өткөрүүгө кеткен.

Маалыматка караганда бир округда кайра шайлоо өткөрүүгө орто эсеп менен 15 млн сомдун тегерегинде каражат сарпталат.

Ушундан улам бул каражатка кандай курулуштарды курса болмок, канча мектеп же канча бала бакчага жетмек деп эсеп-кысабын чыгаргандар жда жок эмес.

Жылкыбаев мыйзамда кандай көрсөтүлгөн болсо БШК аны аткарууга милдеттүү экенин айтты. Эгер саясатчылар же парламент депутаттары тарабынан мыйзамды жакшыртууга багытталган сунуш бериле турган болсо өзгөртсө болот деди. Учурда бул багытта сунуштар сөз менен гана айтылып жатканын кошумчалады.

Бирок андай өзгөрүүлөр өнөктүккө кеминде бир жыл калганда киргизилиши керек. Башкача айтканда коом, саясатчылар оюндун шарты менен эрте таанышуусу зарыл деди:

“2021-жылы шайлоо мыйзамдарын парламент июнда кабыл алды. Августта президент кол койду дагы, шайлоону бекитти. Шайлоочулар эмес, талапкерлер өз укугун билбей калган учурлар болду. Шайлоо – бул олуттуу саясий өнөктүк. Андыктан анын шарттары алдын-ала маалым болушу керек”.

2021-жылдын күзүндө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо учурунда Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорунун шайлоочуларынын көбү “баарына каршы” добуш бергендиктен аталган райондордо кайра шайлоо өткөн.

Жалпылап алганда Свердлов жана Ленин районунда үч жолу, Баткен, Ош, Кара-Суу, Ысык-Көл, Ноокат округдарында экиден жолу шайлоо болгон.

Жылкыбаев шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн төмөндөп жаткан тууралуу маселеге токтолду. Муну бир топ фактор менен байланыштырды.

Ал негизги эле себептердин бир катары ички жана тышкы миграцияны белгиледи. Андан тышкары бир мандаттуу шайлоо округдарында маалыматтын жакшы жетпей жатканы жана коомдун ошол талапкерге берген баасынан дагы көп нерсе көз каранды экенин айтты.

“Бирок шаарларда мурунтан бери эле шайлоого келгендердин саны 30 пайыздын тегерегинде болчу. Бирок мурун форма -2 деген сыяктуу документтерди колдончу. Азыр андай ыкма жок. Ар ким өзү үчүн добуш берет”,- деди ал.

Айрым активисттер бул багытта чет мамлекеттин тажрыйбасын колдонуп, добуш берүүгө барбагандар үчүн айып пул салууну сунуштап чыккан эле.

Бирок мындай ыкма Кыргызстан үчүн туура келбей турганын айтып, терскерисинче шыктандыруучу жолдорду карап чыгыш керек дегендер дагы бар.

Ошол эле учурда БШК өкүлдөрү КМШ мамлекттеринде эле эмес, башка өлкөлөр менен салыштырып караганда Кыргызстандын шайлоо системасы алдынкы деп эсептеле турганын кошумчалады.

Жалпылай келгенде VII чакырылыштагы парламент депутаттарын шайлоодо дагы добуш бергендердин саны 34 пайыздан бир аз гана ашкан.

Шайлоо эмес эле концерт

Мындан бир нече жыл мурун парламенттик, президенттик шайлоолор кызылдай эле концерттер менен коштолуп келди. Ким талапкер, программасы кандай деген эң маанилүү маселелер унутта калып эле, кайсы ырчы кайсы партияга ырдайт экен, канча долларга жалдашыптыр, жолугушуусуна канча киши келди деген суроолор менен өлчөнүп калган. Ошондон улам тигил же бул ырчы бир айлык үгүтү үчүн бир үйдүн акчасын алды деп жакасын кармашкан. Ырчылардын гонорары паритялардын капчыгын кагып салдыбы же чындап эле концерт эмес шайлоо болсун дедиби кийин ырчы-чоорчу жалдамайга тыюу салынды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахман шайлоолордо ыр-бий, той дегенди токтотуп, телеэфирлер аркылуу бир эмес, бир нече жолу теледебаттар өтсө шайлоочулардын көзү ачылып, тандоосу дагы жакшырмак деп келет.