Шайлоодо фальсификациянын кандай түрлөрү бар жана аны токтотууга болобу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Иссария Прайтонгьяем
- Role, BBC World Service
Бул жылы алтымыштан ашык өлкөдө төрт миллиаррдан ашык адам шайлоого барып, добуш берет. Эксперттер соңку убакта дүйнөдө демократия артка кетип жатканын белгилеп, шайлоо процессинде боло турган коррупциялык ар кандай ыкмаларды жана аны аныктоо жолдорун чечмелешүүдө.
Таза шайлоо деген эмне?
«Бул шайлоо процесси шайлоочулардын эркин жана алар кандай добуш бергенин көрсөткөн учуру»,-дейт Европа Биримдигинин шайлоо комиссиясынын өкүлү Риккардо Челлери.
Ал адамдар шайлоо күнү келип добуш бериш үчүн бул процесске ишеним болуш керек дейт.
«Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек, ар бир адамда керектүү маалымат болушу зарыл»,-дейт ЕБдин дипломатиялык кызматында демократия жана шайлоого байкоо салуу бөлүмүндө иштеген Челлери.
«Шайлоолор инклюзивдүү болушу керек. Кеп шайлоочуларга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилгенинде эле эмес. Бул деген бардык саясий партияларга катышууга уруксат берүү, шайлоо өнөктүгүн зордук-зомбулуксуз өткөрүү дегендик».
Улуу Британиядагы Бирмингем университетинин профессору доктор Ник Чизмэндин айтымында, анын изилдөөлөрү дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө шайлоолордун сапаты түшүп жатканын көрсөтүүдө.
Сапатсыз шайлоолор нормага айланып калбайбы деген коркунуч бар дейт.
«Бир дагы шайлоо идеалдуу эмес, бирок сапаттуу шайлоолор шайлоочуларга өзүнүн өкмөтүн тандап алууга жана өздөрүнүн лидерлерин жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк берет»,-дейт д-р Чизмэн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шайлоодогу манипуляция деген эмне?
Шайлоо процесси кезектеги кезектеги шайлоонун алдында башталат. Эксперттер шайлоочуларды манипуляциялоо бул циклдын ар бир баскычында болушу мүмкүн дешет.
«Дилетанттар гана шайлоонун жыйынтыгын шайлоо күнү бурмалашат. Кесипкөйлөр ага бир жыл мурда камынышат»,-дейт Чизмэн.
Анын ар кандай ыкмалары бар, мисалы башкаруучу өкмөт коопсуздук күчтөрүн оппозицияны коркутууга колдонот, жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирет, шайлоодо талапкерлерди каттоодо башкаруучу партиянын пайдасына иштешет.
«Адатта кызматтагы лидерлер көз каранды судьяларды дайындашат, ошондуктан эч кандай апелляциялык арыздар акыйкат каралбайт»,-дейт Челлери.
Мына ушундай кооптонуулар көп болгонуна карабастан, АКШда буга жол берилген жок.
Дональд Трамп Жогорку Соттун үч судьясын дайындаганда бул ага 6-3 эсебинде консервативдүү көпчүлүктү камсыз кылса дагы, алар көпчүлүк добуш менен анын 2020-жылдагы Байденден утулуп калганын талашкан доо арызын четке кагышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Манипуляциянын дагы бир ыкмасы болуп джерримандеринг саналат, мында шайлоо округдары айрым бир топтордун кызыкчылыгына карай түзүлөт.
Башкаруучу партиялар жана өкмөттөр мамлекеттик акчаларды кызматтагы президенттин шайлоо өнөктүгүнө пайдаланып, шайлоо процессин дискредитация кылуу максатына же добуштарды сатып алууга жумшайт.
«АКШда махинациялар, шайлоочуларды басмырлоо жана дезинформация боюнча олуттуу тынчсыздануулар бар»,-дейт доктор Чизмэн.
Ошондой эле дезинформация, шайлоодогу манипуляция жана саясий зомбулук Сальвадордо, Индияда жана Шри-Ланкада болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар дейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шайлоодогу фальсификациядеген эмне?
Бул добуш берүүдөн кийин шайлоонун натыйжаларын өзгөртүү аракети.
Бул алдын ала бюллетен толтурулган үкөктөр, добуштарды бурмалоо же оппозициянын добуштарын жокко чыгаруу үчүн добуш салынган үкөктөрдү жок кылуу сыяктуу амалдар болушу мүмкүн.
Россияда 2021-жылы парламенттик шайлоого үч күн калганда шайлоодогу кеңири масштабда фальсификация болуп, бюллетендерди боолап таштоо, байкоочуларды коркутуп-үркүтүүлөр болуп атканы тууралуу кабарлар түшкөн.
Интернетте добуш үкөктөрүнө адамдар кагаздарды ыргытып жатканын көрсөткөн видео тараган.
Бирок Россиянын өкмөтү «эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок» деп билдирген.
«Эгерде сиз процессти толугу менен көзөмөлдөп турган болсоңуз, анда каратып туруп калп айтып кое аласыз», дейт «Шайлоону кантип бурмалайт» деген китептин теңавтору.
Анын айтымында, добуш берүүнүн натыйжаларын бурмалоо кайсы өлкөдө болбосун, анын ичинде мыкты шайлоо системасы бар өлкөдө да болуп кетиши мүмкүн.
Бул өлкөлөрдө ички байкоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү адатта көптөгөн шайлоо участкаларына барышат, добуштарды каттап, өздөрүнчө санак жүргүзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доктор Чизмэн 2016-жылы Ганада болгон президенттик шайлоону мисал тартты. Ал жакта оппозициялык партиялар мобилдүү телефондордун тиркемесин жыйынтык чыгарууга колдонушкан.
Ал эми 2021-жылы Замбияда жергиликтүү байкоочулар жана чиркөө топтору эл аралык коомчулук менен бирге иштеп, добуштарды санаганда параллель тизме түзүшкөн. Бул шайлоо комиссияларын добуш берүүнүн натыйжаларын кандай болсо, ошондой жарыялоого аргасыз кылды.
Бирок соңку он жылда кыйын болуп баратат, дейт Чизмен. Анткени авторитардык бийликтер шайлоо өнөктүгү убагында жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын колун байлаган мыйзамдарды кабыл алууда.
Ал эми байкоочулар болсо шайлоонун жыйынтыгы жарыялоого гана күбө болуп, мурдакы этапта болгон бурмалоолорду токтото алышпайт.
Оппозициялык партиялар шайлоону бурмалап жибере алабы?
Оппозиция дагы "көшөгө артындагы оюндарды" жасап жибериши мүмкүн, ошондо да алар "суудан кургак чыгышы мүмкүн" дейт Чизмэн.
"Дональд Трамп сыяктуу оппозицияда турган бирөө толгон-токой күнөө тагышы мүмкүн, анын кайсы бирөө чын, а көбү жалган болушу мүмкүн. Ошого карабай бул өкмөттү жаман көрсөтүүнүн ыкмасы болуп колдонулат",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Демократия коркунучтабы?
«Биз өзүбүздү алдабай эле коелучу. Бүт дүйнөдө демократиянын жаман учурун баштан өткөрүүдөбүз», - дейт Евробиримдиктин расмий өкүлү Риккардо Челлери.
«Менин оюмча соңку беш жылда демократия артына кетти».
Анын айтымында, буга себеп болгон факторлор - чабал экономика жана социалдык тармактарда кыянаттык теориясынын жайылышы.
Доктор Чизмэн демократиянын келечеги ушул жылдагы шайлоолордон көрүнөт дейт.
«Эгер адамдар шайлоолор фальсификация болгон демократияда жашаса, эртеби-кечпи алар ойлонбой койбойт»,-дейт ал.
«Эгер система реалдуу тандоого мүмкүнчүлүк бербесе, анда добуш берүүнүн, саясий жашоого катышуунун кандай мааниси бар?» (МА)




