"Жеке амбициядан демократия маанилүү". Байден жаңы муунга жол бошотту

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШда жарым кылымдан ашуун убактан бери эч бир президент мындай кайрылуу жасаган эмес. Жо Байден жарыштан чыгуу чечимин кабыл алганын элге түшүндүрдү.
АКШнын президенти Жо Байден президенттик жарыштан баш тарткандан кийин биринчи жолу Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн элге кайрылды.
Ал акыркы жумаларда өлкөнү жана Демократиялык партияны бириктирүү зарылдыгын түшүнгөнүн жана алдыга жылуунун эң жакшы жолу "кезекти жаңы муунга өткөрүп берүү" экенин айтты.
"Мен бийликти жаңы муунга өткөрүп берүүнү чечтим. Бул өлкөнү бириктирүүнүн мыкты жолу."
Байден ал кабыл алган чечим улуттун тагдырын аныктай турганын айтып, америкалыктарды АКШнын президенттигине расмий талапкер болору күтүлүп жаткан Камала Харристи колдоого чакырды.
"Биз алдыга умтулуунун же чегинүүнүн, үмүт менен жек көрүүнүн, биримдик менен бөлүнүүнүн бирин тандашыбыз керек", – деди Байден.
Республикачылар аны президенттик кызматын тапшырууга чакырып жатканына карабай, Байден бийликтен кетүү ниети жоктугун айтты:
"Алдыдагы алты айда мен президент катары өз жумушума көңүл бурам. Ал дегени, мен эмгекчил үй-бүлөлөрдүн чыгашаларын азайтып, экономиканы өнүктүрүүнү, жеке эркиндигибизди жана жарандык укуктарыбызды коргоону уланта берем."
1968-жылы Ли́ндон Жо́нсон республикачыл атаандашы Ричард Никсонго жол бошотуп жарыштан чыккан соң, аягында демократтар шайлоодо утулган.
Байден дал ошондой көрүнүш Дональд Трамп менен кайталанбайт деп үмүт кылат.
Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп Түндүк Каролинада жүргөн жеринен президент Байденди дагы бир жолу жамандап өттү:
"Өлкөбүздүн тарыхында биз эң начар президент, абийирсиз Жо Байденди расмий түрдө уттук. Ал бардык сурамжылоолор боюнча кыйла артта калгандыктан жарыштан чыгууга аргасыз болду,"-деди Трамп.
Байдендин президенттик карьерасы беш жылга созулду. Скрантон шаарында жарык дүйнөгө келген президент Ак үйгө чейин жете алды.
Бул чечим анын мураскорун аныктайт. Ноябрдагы шайлоо анын чечими кандай иштегенин көрсөтөт.
Катаал чындык: Байдендин сөзүнүн төркүнү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Энтони Зуркер, Би-Би-Си, Түндүк Америка
Жо Байден өзүнүн президенттик иш бөлмөсүнөн сүйлөгөн сөзүндө, бардык учурда Американын калкынын кызыкчылыгында иш кыларын убада кылды.
Бирок анын сөзүнүн мааниси толук жеткен жок. Ал жаңы муунга жол бошотууга убакыт келгенин, партиянын биримдиги менен америкалык демократияны жеке амбициядан жогору коюу керек деп айткан менен ал президенттик шайлоого үч ай убакыт калганда аны мындай чукул чечимге түрткөн себептерге көп токтолгон жок.
Эгер анын сөзүнүн төркүнүн чечмелей турган болсок, анда катаал чындыкты көрө алабыз: ал отставкага кетпегенге аргасы жок эле, анткени шайлоодо утула турганы барган сайын кашкайып көрүнүп бараткан.
Сурамжылоодон артка кеткени, дебаттарда жаңылып уят болгону жана аны жарыштан чыгууга демократтардын жабыла чакырышы, шайлоо ийгиликтүү болоруна көбүнүн көзү жетпей калганын билдирет.
Ал шайлоого катыша албаса, анда президенттик кызматта кала бере албайт деп сындаган республикачылдар оозун баспай турганы да түшүнүктүү.
Ал өзүнүн вице-президенти Камала Харристи "тажрыйбалуу күчтүү, жөндөмдүү" жана "мыкты өнөк" деп мактап да өттү.












